presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кадам ушул…
Өлбөгөн жанга жаз келет, митингдерди ээрчите…
"Заман бузулуп барат, акыр заман жолундабыз" деп кийинки мезгилде көп айтчу болдук. Андай болбосун, антип айткандарыбыздын оозубузга таш дечи, бирок, кийинки турмуш практикабызда ошол бузулган замандын сүрөтү кайра-кайра тартылып, ошол бузулган замандын маңызын дааналап берип жаткан ар кандай окуялар, көрүнүштөр, адам кылыктары ж.б. болуп жатпайбы.
Андайлардын бири- ак тилек үчүн, чындыкты жетиш үчүн ж.б. деп жакшылык жагына качырган "митинг" дегендин "ит абийирин" кетирип бүткөнүбүз болуп жатат.
Илгери, жазды күтчү элек да, "кудай буюрса жаркыраган жаз келатат, көк чыгат, малыбыз көккө тоет, бала-чакабыз акка тоет… жер иштетебиз, былтыркы иштетилбей калган жерди быйыл сөзсүз иштетиш керек, буюрса, түшүмү жакшы болсо, балдардын ыраскотуна жетип берет, кудага да далайдан бери каттабай калдык, ага барабыз, тиги бала үйгө кези менен түнөбөй калчу болду… катын алып бериш керек…" сыяктуу миң сан ырысы куюлган тилектер айтылчу да. Кандай гана жаз болбосун жакшылык күтүлөт го. Ал гана турсун, бүтүндөй аалам кан жыттанып, күнү-дүңгүрөп, түнү дүңгүрөп алаамат согуш болуп жаткан убакта да жазды күткөн эмеспи жакшылык келет деп!
Азыр, биздин элдин бир бөлүгү, кыргыз элинин бир бөлүгү жазды күткөнү ошол болду: "жаз келсе, митингдер башталат, бирин калтырбай катышыш керек, жакшы төлөсө, тигини алам, муну алам, катынды да, балдарды да калтырбайын… тигине, энеңдурайын, Акмат былтыр бир ат араба сатып албадыбы, бүлөсү менен митингден калбай…". Мына ушундай план. Митингди эңсеген адам ал эмне болгон митинг, ким уюштуруп жатыптыр, эмне үчүн" сыяктуу суроого жооп издебейт, "канчадан төлөйт экен" деген гана суроо жүрөгүн өйүп турат. Кийинки жылдары жалаң митингдерге катышып, кадимкидей оокатын өткөзгөн адамдар тобу пайда болду. Аларда намыс дегени деле жок, тутунган идеясы деле жок, мамлекетинин жаман-жакшысы менен деле иши жок, "бири өлүп, бири калсын" деген ташка тийген тилеги бар, акча самаган тилеги бар, бүттү!
Бишкек шаарынын милийса башкармалыгынын билдирүүсүндө былтыр 726 митинг болуп, анын 316сы саясий, 410у социалдык-экономикалык маанайда, калганы ар кандай майда-барат иштер жөнүндө өттү. Ал эми жолду тосуу 24 жолу болгон. Кызык, жолду тосуу деген кимге зыян? Биринчи иретте, карапайым элдин өзүнө зыян. Жол тоскондорго бир кеңеш, жолду деген президент, премьер-министр, спикер ж.б. жогорку чиндер кетип баратканда тосуш керек. Ошондо жол тосуунун мааниси арта түшмөк, жыйынтыгын да бериши мүмкүн…
Туура, митинг өтө керек. Бийликтин туура эмес кеткен саясатын, жана башка калың элге жакпаган иштерине каршы ниетин билдирүүнүн негизги куралы. Керек болсо, митинг аябагандай күчтүү курал, митинг болуп жатып эле бийликти кантип басып алгандарын ошол митингчилердин өздөрү да байкабай калат! Мындай мисалдар аябай эле көп: Улуу Октябрь социалисттик революциясы, Кубадагы революция, өзүбүздүн эле Акаев, Бакиев куулгандагы митингдер ж.б.
Кыргызстанда митинг өткөзүү көбүнчө коррупцияны, коррупционерди коргоочу курал болуп турат. Кайсы бир наадан элдин байлыгынан жарылганча алып, анан ал сурак берсе, же камалса, бүттү, ошол акчасынан чачат да митингдин артынан митинг уюштурат, митинчилер болсо күнү да, түнү да даяр, бакыргандарын айт, денесинин бүт жеринен үн чыгып! Мамлекетке коркунуч түшкөндө ошентип даяр турушса кана! Андай патриоттор күндөн күнгө азайып баратканы уюткулуу элдин кийинки тагдырынын туура эмес жолго түшүп турганынан кабар берип жатпайбы.
Былтыркы митингдердин "темасынан, авторлорунан" бир азды санап коелу да. Былтыр СИЗО-1де жаткан кайсы бир авторитетти уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн балдары "мекендеген" жерге которолу десе, ал чечимге каршы бунт чыккан. Ошондо камакта жаткандардын жакындары, санаалаштары, жолдоштору ж.б. СИЗО-1дин алдында митинг өткөрүп турушту. Адам өлтүргөн, сабаган, тоногон ж.б. дароо эле атып салчу немелерди коргогон да митинг болот экен; казинолор жабылганда анда иштеп акчага тунгандар митингге чыгышты, "балдарыбыз казиного барып баарын уттуруп жатат, кээси өзүн өзү өлтүрүп жатат" деп чыркыраган ата-энелердин кебин угушкан жок; жөн адамдын түшүнө да кирбечү байлыгы бар деген Нариман Түлеев камалганда митинг уюштурулду, Бишкекте. Нарында. Нарын тараптагы митингчилер "баланча деген мөөнөттө Түлеевди чыгарбасаңар, балээни баштайбыз, Бишкекке чейин жүрүш жасайбыз, антебиз анан минтебиз" деп жүрөктү катуу түшүрүп турушту. Оңдой берди болуп аман калдык; Андан кийин Замир Молдошевди камаганда митинг болду, ак жеринен эле камашты, "саясий заказ" дешти; "Кумтөр" маселесин көтөрүп митинг өтүп жатса эле, "бийликти басып ала коем" деп Камчыбек Ташиев камалды, Садыр Жапаров менен Талант Мамытовду ээрчите кетти. Жалад-Абадда, Ошто тигилерди коргогон митингдер болду… дагы жогоруда айтылгандай жүздөгөн митингдер болду. Ал митингдерде миллиондогон акча таратылды… Ал эми кээ бир митингдер бийиликке, сотторго каршы уюштурулду, алардын кээ бир талаптары туура коюлуп жатты… Ошентип, митинг биздин турмуштан кайткыс болуп орун алды, быйылкысы март айында картошка айдоо менен кошо башталат.

АЗЫРКЫ МИЛИЙСАЛАР ТАРБИЯЛАНБАЙТ
Небак тапталып калган аныктама менен баштабаганга арга жок болуп турат: "Менин милийсам мени" коргойт деп илгери революциянын рупору делген Владимир Маяковский айтып койгон тура. Ошол маани бир топ жыл басыгынан жазбай турмушубуздан орун алып келди. Анан мезгил өтүп, ал маани "менин милийсам мени кордойт" деген маанинин жаратып тынды. Ал маанини кайсы бир шүмшүк ойлоп тапкан жок, аны кээ бир шүмшүк милийсалардын кылыктары жаратты. Унутта калтырбай айта кеткеним дурустур, аз күн мурун Нурсултан Назарбаев бир килейген залга бүтүндөй күч структураларын жыйнап алып, докладдарын укту. Доклад угуп жатып мактана кеткен жерлеринен жерге түшүрүп, кууруп турду. Ошондо айтып жатпайбы: "Кээ бир жаш жигит милийсанын күбөлүгүн алары менен эле өзүн асманга чыгарып салат, эми ага баарын жасаганга боло бере тургандай сезет" деп. Туура айтылды. Эми андай абал небактан эле жашап келет дечи, антсе да кайра-кайра кайталап турушубуз керек. Муну да кайталап койгонубуз дурус: бир ирет Расул Гамзатовдун жазганы бар: "Илгери баланча деген айылда бирөө арак ичет экен десе, туш-туштан эл келип ошол адамды көрүп кетчү экен, азыр болсо, балача айылда ичпеген адам бар экен деп барып көрүп жатышат"деп. Мунун сыңары мурун мыйзам бузган милийсалар аз эле да. Эми болсо, бөтөнчө эгемендик алдык дегенден баштап мыйзам бузган милийсанын санын айтуудан айбыгып калдык. Ар экинчиси десек деле, туура саны чыкпас… Жаңылсам жакшы.
Милийсанын ишин оңдоо эми оңойго турбас, тигил жерин жамаса, башка жери тытылган күрмө сымал болуп турат. Антсе да милийса ишин оңдоо аракети токтобош керек. Ал үчүн эң биринчи иретте ИИМ министри эр жүрөк, чынчыл, аны менен кошо айкөл, милийса ишин ийне-жибине чейин билген профессионал… болушу кажет. Эми азыркы министрди алалы. Анын адамдыгына кенедей да шек келтире албайбыз, бирок, ишин жөндөй албай жатпайбы. Өзү отставкада экен, мурунку кызматтарында ийгилик жаратканы деле жок экен. Келди да министрликте чалмакейди чалды, мен деген профессионалдарды кетирип жатат. Аны президент менен премьер эмнеге көрбөй жатат? А балким көргүсү келбей жаткандыр. Андай болсо, аябагандай жаман!
Мамлекетибизде болуп жаткан окуялар маалымат каражаттарында тынымсыз айтылып, баяндалып турат. Бирок, болуп жаткан окуяларды толугу менен чагылдырууга дегеле мүмкүн эмес. Ошол маалымат каражаттарында "баланча деген милийса наркотик менен шугулданат экен, түкүнчө милийса пара алыптыр, үчүнчүсү күнөөсүз немени сабаптыр, кыйнаптыр…" сыяктуу кабарлар толтура. А бирок, андай окуялар гезитте жазылгандарга, радиодо айтылгандарга айтылгандарга караганда аябай эле көп экендигин эч ким тана албайт. Андай окуялар эл оозунда айтылып келет, ошол эле милийсанын өздөрү да кеп кылып турушат. Маселен, момундай кеп айтылат: "Шоноевдин атасы сүйлөдү, анын үйүнүн жанында, ошол үйдү көрдүңөрбү, андай үйдү миллионерлер эле салбаса…милийса кантип салган…" деген "куйту" сөздөр да айтылып жатпайбы…Азыр толгон генралдардын, полковниктердин кабат-кабат үйлөрү, сарай толо малы, кайсы бир банкта миллиондору, кымбат машиналары, ресторандары, сауналары бар. Айлыгыбыз аябай аз дейт, анда жогоруда айтылгандар кайдан келди?! Жообун баарыбыз эле билип турабыз, ээ, окурманым?!
Милийсанын ишин оңдош үчүн, азыркыларды тарбиялап алыш небак кеч болуп калган, эми аларды оңдош "бүкүрдү көр гана түздөйт" демекчидей эле кеп. Андыктан милийсага кийинки келип жаткандарды аябай текшерүүдөн өткөзүп, жети эмес, жетимиш жолу текшерип туруп алыш керек. Ал эми милийсаларды окутуп жаткан жер… Кепти улантышты кийинкиге калтыралы, анткени, оголе көп сөз болгудай…

Баратбай Аракеев






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??