presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Тажикан келсе таң калбайбыз
Курманбек Бакиев бийликте турганда шумдуктуудай саясий карьера жасап, Каржы министри, Соцфонддун башчысы, вице-премьер-министр сыяктуу жалаң май-талкан мансаптарда манчыркап келген Тажикан Калимбетова деген айым эсиңиздерде болсо керек. Ошол айым "Ак Жолдун" жолун түптөшкөн Эльмира Ибраимова жетектеп кеткен АРИСке көзүн кызартып, ар кимди ортого салып жатканын "Ар-Намыстын" депутаты Эсенгул Исаков айтып чыкты. "Азыр АРИСтин башчылыгы бош экен. Мага жакында эле Бакиевдин колдоочусу Тажикан Калимбетова ошол кызматка аракет кылып атканын айтып келишти. Бул эмне деген мамиле? Биз мындайга жол бербешибиз керек"- деп катуу ачууланды.


Канаттын туура кадамы
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков өтө туура кадам жасады. Мындан кийин бүтүрүүчүлөрдүн Жалпы республикалык тестирлөөсү өзбек тилинде жүргүзүлбөй турган болду. "Бул жылы мамлекеттик тестирлөө 2 гана тилде, кыргыз жана орус тилинде болмокчу. Бизде ЖОЖдордо билим берүү эки тилде эле жүргүзүлөт. Өзбек тилдүү студенттер үчүн билим алуу кыйын болуп калат экен. Ошондой эле 55 миң бүтүрүүчүнүн ичинен 2 миңи гана өзбек тилинде экзамен тапшырышат. Бул ашыкча чыгаша болууда" - дейт министрликтин басма сөз катчысы Керез Жукеева. 2000-жылдардын башында эле, тестирлөө аркылуу бүтүрүүчүлөрдүн билимин аныктоо башталганда айрым аңкоо чиновниктердин айынан мамлекеттик жана расмий тил менен катар өзбек тили да ЖРТге кирип калган. Дээрлик 10 жылдан кийин улуу акын Жалил Садыковдун министр уулу Канат Садыков саясий эркин көрсөтүп, эң туура чечим кабыл алды.


Акундан өткөн амалдууң барбы?
Экинчи ирет "Акыйкатчылыктын" арабасын тартмакчы болуп жаткан Турсунбек Акун чынында кыйын саясатчы. Бакир уулунан башка кыргыз саясатында эч кимиси менен "сен, мен" деп кайым айтышкан эмес. Бакиев бийликте турганда анын да көңүлүн таап, берки жактагы Атамбаевдерге барып, аларга да аралашып, эки жээкте желип-жортуп жүрчү. Тукебиздин мындай эпчилдиги кечээ жакында да пайдасын тийгизип, экинчи ирет Акыйкатчы болуп шайланышына шарт түзүп берди көрүнөт. Артын ойлой жүргөн Акун ак батасын аябаган ЖК депутаттарына ыраазычылыгын билдирип, 2-февралда "Баласаруу" кафесинде чоң сый тамак уюштуруп, эл өкүлдөрүн казы-карта, чучукка тайгалантты. "Куру аякка бата жүрбөөрүн" Тукең билбей калмак беле? Баса, "Турсунбай Бакир уулу жаңы Акыйкатчынын сый тамагына барды бекен" - деген суроо бизди да катуу кызыктырып атат.


МАИчилердин "разборкасы"
1-февраль күнү кечке маал МАИге караштуу MVD 238 В номурлуу мерседес авто-унаасынан чыккан эки жигит менен "Айчүрөк" дүкөнүнүн тушунда жол күзөтүндө турган МАИ кызматынын дагы эки жигити катуу мушташып кеткендиги тууралуу кеп тарады. Талашканы эмне? Же айдоочулардан чогулган акчаны бөлүшө албай, чырдашып кеттиби? Жол көзөмөлдөп, элге үлгү көрсөтө турган МАИчилердин мындай "разборкасын" иликтеген жан барбы? Же МАИчилерге борбордук көчөлөрдө элди көзгө илбей мушташа берсе боло береби, урматтуу Талант Исаев?


ЖККУдан жылуу кеп
Жамааттык коопсуздук уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Сохтогу жаңжал боюнча кыргыз бийлигинин карманган позициясына терең ыраазы экенин айтты. 1-февралдагы маалымат жыйынында ЖККУ башчысы "Анклавдарга байланышкан кырдаал өтө татаал. Кыргызстан бийлигинин кырдаалды жөнгө салуудагы аракеттерин зор канааттануу менен кабыл алдым. Президент дагы, парламент дагы кырдаалды курчутпай, маселени өтө кылдат, туура жол менен чечүүгө багыт алды. Мен бул аракеттерди эң туура жана акылдуу кадам деп эсептейм. Өзүңөр көрүп тургандай чыңалган кырдаал акырындап өз нугуна түшүп келе жатат. Эки тараптын конструктивдүү маанайдагы ушундай сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыгат деп ишенем" - деди.


Бекешовдун мыйзамына ак жол!
Акыркы убактарда секелек кыздарга кол салган зөөкүрлөр көбөйүп, төбө чачты тик тургузган жийиркеничтүү окуялар көп кездеше баштады. Эки буттуу ошондой айбандарга аесуз мамиле керек экендигин белгилеген ЖК депутаты Дастан Бекешов Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү киргизип, жанагыдай айбандарды химиялык жол менен бычып салуу демилгесин көтөрүп чыккан. Бул мыйзам долбоору кечээ күнү ЖК депутаттарынын элегинен өтүп, биринчи окууда кабыл алынды. Кийинки окууларда да эл өкүлдөрүбүз эрктүүлүгүн көрсөтүп, Бекешовдун мыйзамын толук колдоп беришет деп ишенип турабыз.


Пайзуллада пайдалуу маалымат көп
Беларус жарандыгын алып, аты - жөнүн өзгөртүп, Пазыл Ташбаевге кубулуп, кутулуп кетем деп ойлогон Пайзулла Рахманов бир айга УКМКнын абагына камалды. Пайзулла Рахманов Бакиевдердин эң ишенимдүү жан-жөкөрү болгон. Пайзулланын атасы менен бакиевдердин атасы жакын жолдоштордон болушкан экен. Март революциясын ишке ашыруунун пландары ойлонулуп атканда Курманбек Бакиев жетекчилик кылган Кыргызстан элдик кыймылынын бир топ жыйындары дал ушул Пайзулланын Бишкектин чок ортосундагы "Кегети" кафесинде өтчү. Акаев айдалгандан кийин мурда-кийин чоң кызматта иштебеген Рахманов түз эле "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасын жетектеп калган. Катардагы жетекчи Пайзулла ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловду теңине албай, кайсы бир жыйында сөгүп туруп, эшикти тарс жаап чыгып кеткен жайы бар. Ошондо Рахманов Курманбек менен Жаныштын коргоосунда экенин көпчүлүк жакшы билип калган. Акаларынын аркасы менен кийин Свердлов районун акими, Материалдык резеврдер жана мамлекеттик сатып алуулар агенттигин жетектеген. Жөн эле жетектебей мамлекет байлыгын каалагандай калчаган деген кептер бар. Андыктан УКМК Пайзулланы "саан уйдай саап" өзүнүн да, бакиевдердин далай былыктарын, эл байлыгына кол салган кылыктарын иликтеп чыгышы керек. Баса, Пайзулла 2010-жылдын май айындагы түштүктөгү төңкөрүштүн жол башчысы кадимки Үсөн Сыдыковдун өкүл баласы.


Сүйүнчү, май арзандайт...
Февраль айынан баштап күйүүчү май арзандай турган болду. Айтсак, бензин 1 сомго чейин, солярка 60 тыйынга, унаа газы 50 тыйынга арзандайт. Мындай арзан баа май иштетип чыгарып жаткан өндүрүш-заводдорунда майдын кескин арзандашынан улам келип чыккан. Кудай берип, майдын баасы дагы арзандаса экен деп биз турабыз.


Элдешкенибиз жакшы, бирок эмкисин да ойлой жүрөлү
5-январда чаламандын чак түшүндө кыргыздын Чарбак айылына басып кирген сохтуктардын жосунсуз жоругу чынында кыргызмын дегендин баарынын кыжырын бирдей кайнатты. Өзбек тарап өз жарандарынын жоругуна уялымыш этип, чарбактыктарга келтирилген материалдык чыгымды төлөп берип, кечээ жакында эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчылары ийри отуруп түз кеңешип, чек ара аймагындагы бир топ көйгөйлөрдү чечкендей болушту. Сохтук чалдар менен баткендик аксакалдардын ортосунда жарашуу жараяны өттү. Бирок "элдештик, дос болдук" - деп эле жатып албай, сагызгандай сак болуп, чек арабызды тезинен бекемдешибиз керек. Өзбек коңшуларыбыздын өзгөрүлмө "өңүнө" көнүп деле бүтпөдүкпү? Бул жерде ашыналар менен аз да болсо мамилени оңдой алган Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытовдун ат көтөргүс эмгегин айтпай кетпесек болбойт. Токон мырза өз ишинин майын чыгарган профессионал гана эмес, кимиси менен болсо дагы тил табышып кете алган дипломаттык таланты да мыкты экенин баса белгилеп кеткибиз келет.


Жүзүңдү ашчы, Гүлчөтай!
"Ата-Мекен" партиясынын айрым мүчөлөрүнүн 2010-жылдагы талап-тоноочулук иштерге тиешесин бары-жогун иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов ИИМдегилер ата мекенчилерди ачыктан ачык эле коргоп аткандыгын айтып чыкты. "ИИМ иликтеп чыгыптыр. Тергөөнүн жыйынтыгы бурмаланган. Парламенттик комиссиянын жыйынтыгы боюнча Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер талап-тоноочулукка кыйыр түрүндө катышкан. Ал эми Турат Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновду мародерчулукка тиешеси бар деп эсептеп атабыз" - дейт Курманбек Осмонов.






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??