presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Оңтойсуз суроолор
Ким менен күрөшүп жатасыз?
Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновго
- Урматтуу Курманбек Эргешович, Сиз 2001-жылы да парламент депутаты болуп туруп, Үзөңгү-Кууштун Кытайга өтүшү боюнча келишимди Жогорку Кеңеште ратификациялоо үчүн жан аябай чуркаган элеңиз. Анан анын сүтакысына А.Акаевден 1-вице-премьерлик кызматты алгансыз. Мына ошол кызматта туруп, ошондогу өкмөт башчысы Николай Танаев менен биргеликте Кумтөр алтын кени боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимди кабыл алууга үлүш кошкондугуңуз элдин баарына белгилүү. А бүгүн болсо, саясий упай топтоо үчүн Кумтөр маселесин көтөрүп чыгып, ал боюнча келишимдерди жокко чыгарууну талап кылган депутат Садыр Жапаровго адвокаттык кылып жатасыз. Бул эмнени түшүндүрөт: өзүңүзгө өзүңүз каршы чыгып, өз напсиңиз менен күрөшүп жаткандыгыңыздыбы, же?..

Садыркулов сатылдыбы?
Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Искендер Гаипкуловго
- Урматтуу Искендер мырза, сиздин саясатка аралашып, майлуу кызматка жетишиңиз маркум саясатчы, президенттик администрациянын эки жолку (Акаевдин бийлигинде да, Бакиевде да) Медет Садыркуловдун эмгеги экендигин көпчүлүк жакшы билет. Ал сизди райондук салыкчы деңгээлинен сүрөп, көтөрмөлөп отуруп, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы кызматына чейин жеткирген болчу. "Искен" деп, эмнегедир а киши сизди өзгөчө жакшы көрүп, ишенгендигин айтышат билгендер. Ошондуктан, Алматыдан кайтып келатканда ажал тооруп, чегарада кармалган өмүрүнүн акыркы сааттарында дагы ал үмүт менен сизге телефон чалган экен. Албетте, ал буйрутма аркылуу мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийинки алгачкы күндөрү бир ооз акыйкат сөз айтып чыкпаганыңызды түшүнөбүз. Бакиев режиминин тушунда өз өмүрүңүздөн корккондурсуз. А бирок, кийинки териштирүү иштеринде деле тиешелүү көрсөтмө берип, өзүңүз көргөн-билген акыйкатты айтып коюудан жаа бою качкандыгыңыз кандай? Бу дүйнөдө чындыкты танып кутулган менен, тиги дүйнөдө Кудай алдында, арбак алдында кандай жооп бересиз?

Неге "Таатан" аталган?
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго
- Урматтуу Мелис мырза, бүгүкү күндө сизге таандык делген Ош шаарындагы "Таатан" соода комплекси Түштүк регионундагы көзгө басар соода борбору болуп калды. Азыр иши жүрүшүп, ити чөп жеп жаткан кез. Бирок, ага байланыштуу элде эки суроо бар. Биринчиси, соода борбору эмне үчүн "Таатан" аталган? Суралган себеби, бул сөз кытай тилинде "менин жерим, меники" дегенди түшүндүрөт дешет. Антип кыргызча ат койсо деле болбойт беле? Экинчиси, мурда Ош жибек комбинатынын имараты болгон ал жерди кийин орус улутундагы бир ишкер менчиктеп алган экен. Бийликке келип, демине аш бышып турган маалда Жаныш Бакиев андан күч менен арзан баада сатып алып, анан экөөңүздөр шериктешип базарга айландыргансыздар. Түшкөн кирешенин бир бөлүгү Ж.Бакиевдин чөнтөгүнө түшүп турган. Азыр эми Ж.Бакиев мамлекеттик кылмышкер катары алыста качып жүрөт. Ошондон улам эл ичинде мындай суроо пайда болду: "Таатандан" түшкөн киреше жеке өзүңүздүн эле чөнтөгүңүзгө түшүп жатабы, же мурдагы өнөктөшүңүз менен бөлүшүп жатасызбы? Эгер аны менен бөлүшсөңүз, кайсы канал менен берип жатасыз? Ачык иш кылып, элден эч нерсе жашырбаган жетекчи катары ушул суроолорго жооп берип койсоңуз.

Даярдаган
Адилет АКЕРОВ




Камчы Көлбаев СИЗОдо 8 мартка чейин, бирок...
УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан Камчы Көлбаевди камоо чечими 8 - мартка чейин узартылганы маалым болду. Ал ортодо коомчулук жана аттуу-баштуу инсандар Камчы Көлбаев тууралуу кызык кептерди айта баштады. Мисалы, Ө. Субаналиев "Көлбаев 100 пайызга акталат"- деп айтты. Анын мындай пикирин колдогондор да арбыды. Эске салсак, Көлбаевге бир эмес, 7-8 кылмыш беренелери боюнча айып тагылган. Анан ушунча кылмыш кылган Камчыны камактан чыгарып жиберишсе, ит эле болушту го. Бирок ишенич жок, биздин заманда баары башкача боло берет да. Демек, эртең "каралардын" атасы Камчы эркиндикке чыгып кетсе таң калуунун кажети жоктур.


Эми сойку болсоң, айып төлөйсүң...
Мындай дурус кепти Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков "Баракелдеге" билдирди. Анын айтымында 2012-жылы Ош шаардык ИИБнин кабыл алуу жана бөлүштүрүү бөлүмүнө байыркы кесип менен жан багышкан 465 аял, кыз-келиндер жеткирилген, алардын ичинен жыныстык оорууларды аныктоо үчүн 233 сойку текшерүүгө жөнөтүлгөн экен. Сүйүн мырза: "Сойкулукка тыюу салуу үчүн мыйзамдын кээ бир жоболоруна өзгөртүү киргизүү зарыл. Сойкулук менен биринчи жол алектенип кармалса, 1000 сомдон 2000 сомго чейин административдик жазаны (айып пул) салууну, экинчи жолу кармалса 2 500 сомдон 5 000 сомго чейин айып пул, ал эми үчүнчү жолу сойкулук менен алектенгени аныкталса, анда кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштайбыз"- деди. Негизи сойкулар Бишкекке караганда Ошто көп экени айтылып эле келатат. - Өмүрзаковдун да бул маселе боюнча күйүп-бышып жатканын себеби да ушул. Чынында сойкуларга мындай согуш ачуу демилгесин колдоого алуу зарыл. Бирок 1000 сом, анан 5000 сом деген болбогон кеп, себеп дегенде сойкуларың бир түндө тапкан акчасы менен оңой эле кутулуп кетет. Демек, айып пулдун суммасын эки, үч эсе жогорулатыш керек.




Атаджанов Артыковду эмне мынча бөпөлөйт?..
Өлкө башчысы коррупцияны канчалык ооздуктоо тууралуу тиешелүү органдарга тапшырма берип, мамлекеттин казынасына кол салгандарга аёсуз чара көрүү керектигине басым койгон менен, "ичип-жегенди" адатка айлантып, өзүн-өзү билип өтүгүн төргө илгендердин саны азайбай койду. УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жаңы түзүлгөндө ичип-жегендерге каршы жакшы чабуулга өткөндөй болду эле, арадан көп өтпөй басыгы басаңдап, учурда такыр эле дымы чыкпай калды. Коррупционерлер болсо дагы деле күүсүндө. Буга ондоп мисал келтирүүгө болот.
Анын бири катары Өзгөн токой чарбасынын директорунун орун басары Мырзабаев Алмаз менен аталган районго тиешелүү Зергер токой чарба участкасынын жетекчиси Артыков Разабай экөөнүн көз будаламай иштерин айтсак жарашат. Маселен, Артыков Разабай 2012-жылы апрелде эки километр жерди сүрдүрүп түзөттүк деп, иштебеген кишилерди иштеди кылып табель толтуруп, алардын эсебинен 12 миң сомдон акчаны жымырып калганын, ал аз келгенсип токой чарбасында иштегендерге берилген мамлекеттик жардамдан дагы өөнөп, 24 миң сомдон "жеп" алганын жакындан билгендер түтөп кеп кылышууда. Ал аз келгенсип, 49 жылга арендага алган Мамытов Рысбайга тиешелүү 7 гектар жердин жаңгагын, 2 гектар ит мурутту жеке өзү билип, терип алып, кызылдай акчага маарыптыр. Чөбүн да чаап алып, сатып жиберген.
Ушундай "өнөрү" айынан 2009-жылы жаңгак уюлун соодалап жиберем деп, жумушунан алынган экен. Бирок 2012-жылдын февралында кандайдыр бир себептер менен Кызы-Тоо токой чарба участкасын Зергер токой чарба участкасы деп экиге бөлдүрүп, Зергер участкасынын жетекчиси болуп бакыйып отуруп калган. Буга Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигин жетекчиси Сабыр Атаджановдун эмгеги чоң дешет. Сыягы, кызматынан куулуп кеткен Артыковду бир участканы экиге бөлүп кызматка койгонуна караганда "кол кесер" жакшы болгон окшойт. Анан таянганы Атаджанов болсо Разабай Артыков өз билгенин жасайт да. Атаджанов болсо билмексен. Же чындап эле билбейби, айтыш кыйын. Эгер билген болсо, Артыковду тайраңдатпай тизгинин тартып койбойбу десең...




кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??