Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сиздейлер көп болсо кана...
Чынара Баяманова,
А. Алсеитов атындагы Оруктам орто мектебинин директору:
"Мектепте жада калса коңгуроо жок, кантип иштеп жүрүшкөндөрүн билбейм…"

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу облустан 100-120 чакырым алыс жайгашкан Оруктам деген айыл бар. Аталган айылда бүгүнкү күнү кыркка жетип, жетпеген түтүн эл жашайт. Элдин саны аз, алакандай айыл болгону менен башка чоң айылдар сыяктуу эле Оруктамда дагы мектеп, оорукана, китепкана, клуб өңдүү социалдык, маданий жайлар жок эмес. Бирок, тилекке каршы эл аз жашагандыктан, мектепте учурда болгону 31 гана окуучу окуп, 14 мугалим эмгектенет. Ачыгын айтканда мектептин абалы буга чейин анча көңүл жылытаарлык эмес болчу. Былтыркы жаңы окуу жалынан баштап, тагыраак айтканда сентябрь айында Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Белековдун буйругу менен Чынара Баяманова аттуу жаңы директор дайындалып, Чынара айым аз убакыттын аралыгында өзүнүн иш билги, тажрыйбалуулугу менен мектептин ишин өзгөртүүгө жетишти. Эске сала кетсек, Ч. Баяманова директор болгонго чейин Бишкектеги №39 мектепте мугалим, директордун орун басары болуп иштеп келген. Билим берүүгө сиңирген эмгеги үчүн "Эл агартуунун отличниги" ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.

- Чынара Орозакуновна, шаардагы мугалимдик ишиңизди таштап, алыскы Оруктамга барып директор болуп калышыңыздын себеби эмнеде?
- Себеби баягы эле акча маселесине барып такалат. Азыр жашоону акчасыз элестетүү мүмкүн эмес. Өзгөчө шаар жеринде. Акчаң жок болсо шаарда эч жакка жыла албайсың. Мугалимдердин айлыгы жогорулаганы менен шаардагы мектептерде иштеген мугалимдердики жогорулаганы деле байкалбайт. Анткени шаардын тегерегине жаңы конуштар пайда болуп, мектептер көп салынгандыгына байланыштуу болуп жатабы шаардын ичиндеги мектептерде окуган балдардын саны барган сайын азайып бара жатат. Бала азайса мугалимдердин сааты кыскарат, саат кыскарса айлык азаят, кыскасы шаарда мугалим болуп иштеш кыйын эле. Ошол себептен Нарын өзүмдүн туулуп өскөн жерим болгондуктан, акыркы кездерде алыскы райондорго барып иштеп келсем, бир чети алыскы райондордо иштеген мугалимдердин айлыгы жогору, экинчиден кечке эле шаарда иштей бербей, айылдын мектебинде да иштеп, шаардын мектеби менен айылдын мектебин айкалыштырып, айылдын мугалимдери менен тажрыйба алмашсам деп ойлоп жүрчүмүн. Ойлогон оюм орундалып, былтыр февраль айында Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Белеков агай "Нарындын Оруктам деген айылы бар, ошол айылга директор болуп иштеп бер" деп сунуштады. Мен айтылган сунушту четке какпай, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап директор болуп иштеп баштадым. Чындыгын айтканда мен ага чейин Оруктамды укканым эле болбосо көргөн эмесмин. Жаратылышы кооз, абдан жакшы айыл экен, элинин адамга кылган мамилеси дагы жогору экен десем жаңылышпайм.
- Мектептин учурдагы абалы боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Мектеп 1976-жылы курулуп ишке берилиптир. Мектептин мектеп деген аты эле болбосо, эч кандай талапка жооп бербейт экен. Жөнөкөй эле бир мисал, ток менен иштеген коңгуроосу жок, жылкынын мойнуна таккан коңгуроодой болгон темир коңгуроо менен мугалимдер окуучуларды "переменага" киргизип чыгарышат экен. Парталары болсо эски, тээ 1980-жылдагы парталар. Ал парталарды көрүп алып, өзүмдүн окуучулук күндөрүм эсиме түштү. Мага чейинки директор, завучтар эмне иш кылып келишкенин билбейм. Жасаган көрүнүктүү эч нерсесин көрө алган жокмун. Баардыгын бир сыйра карап чыгып, иштин баарын нөлдөн баштоого туура келди. Эмне себептен мектеп ушундай абалга келген мен такыр түшүнө албадым. Айыл өкмөт, райондук билим берүү борбору деле мектепке көңүл бурган эмеспи деген ой келет.
- Сиз райондук жетекчилерге кайрылып, маселени чечүүгө аракет кылдыңызбы?
- Албетте мен мектепти карап отура алган жокмун. Мугалимдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп айыл өкмөткө, райондук билим берүү бөлүмүнө, акимге чейин кат жазып, кайрылып жатып буга чейин чечилбей келген маселелердин анча-мынчасын чечтим. Мисалы, айрым класстарга парталарды алдык, люстра, карниздерди алып, аз да болсо мектептин ички жасалгасын жаңырттык десем жаңылышпайм. Анын үстүнө ошол учурда айылдык кеңештерге шайлоо да болуп калып, депутат болобуз деген эр азаматтарга дагы кайрылуу жолдоп, алар дагы колдорунан келишинче жардамдарын беришти. Айрымдары дагы жардам беребиз дешкен, буюрса беришет болуш керек.
- Мугалимдердин деңгээлине кандай баа бердиңиз?
- Мугалимдердин деңгээли орто. Шаардын мугалимдерине салыштырып болбойт. Башында аябагандай кыйналдым. Себеби алардын баардыгын системага салыш керек болду. Анткени жоопкерчилик жок болуп, ар ким өз билгенин жасап көнүп калышыптыр. Кээ бирөө ишин таштап салып эле эки жакка кете беришет экен. Мактанбайын азыр ата-энелер "сиз келип, мектебибизге тартип орноду" деп мага ыраазы болуп жатышат. Болбосо мугалимдер эки жакка кетип, окуу болбой, балдар саат 9 да мектепке барса, 11 де үйлөрүнө кайтып келишчү экен. Ошондой эле кезеги менен мугалимдердин сабактарына катышып жатам. Кээ бир мугалимдер талабымды көтөрө албай ишин таштап кетишти. Мисалы, Мамбеткулова Нургүл деген мугалим кыргыз-тилинен берчү экен, сабагына катышып койсом, "мен кыргыз тилин окуган эмесмин"- деп, азыр башталгыч класстын мугалими болуп иштеп жатат. Андан тышкары пенсиядагы мугалимдер дагы иштеп келген экен. Аларды дагы кыскартып, ордуна жаштарды алууга аракет кылып жатам.
- Окуучулардын арасында келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуулары да болбой койбосо керек…
- Таланттуулар абдан көп. Болгону 31 окуучу окуса, бир тобу таланттуу улан-кыздар. Шаарда мисалы, андай таланттуулар аз. Эгер ал таланттууларга жакшылап билим берип, тарбиялап чыгарсак, арасынан кыргыздын бычакка сап улан-кыздары чыгаары ажеп эмес.
- Мектептин ишин мындан ары да алга жылдыруу үчүн дагы кандай аракеттерди көрүп жатасыз?
- Беш жыл мурун Билим берүү академиясынан атайын курс окуп, билимимди жогорулаткан элем. Азыр дагы ошондой курсту улантып окуп жатам. Эң негизгиси базаны бекемдеп, окуучуларга сапаттуу билим беришибиз керек. Ошондой эле, материалдык базаны да чыңдабасак болбойт. Азыр мектепте болгону 8 компьютер бар. Компьютердин санын көбөйтүү керек. Бирок, 8 компьютер азырынча окуучуларга жетиштүү деп ойлойм. Эң өкүнүчтүүсү компьютер болгону менен, учурда информатика мугалими жок болуп жатат. Информатика эле эмес химия, биология, география, эмгек мугалимдери да жок болууда. Быйыл буюрса вакансиялык негизде болсо дагы аталган сабактар боюнча мугалимдерди алып, иштетүүгө аракет кылышыбыз керек. Дагы кошумчалап айта кетүүчү нерсе, жаздан баштап, мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоор жазсамбы деп жатам. Мектептин алдында бала бакча ачсамбы деген дагы оюм бар, кыскасы пландарым абдан көп.
- Үй-бүлөңүз айылга иштеп кеткениңизге каршы болгон жокпу?
- Үй-бүлөм албетте иштеткиси келген жок. Бирок жашаш керек да. Айла жок, иштөөгө туура келип жатат. Чет мамлекетке деле иштеп кетип жатышпайбы, ага караганда мен Кыргызстанда эле иштеп жатам го деп үй бүлөмдү жоошутудамын. Балдарым чоңойгон, өз жашоолору менен өздөрү болуп жашап жатышат. Кудайга шүгүр, Бишкекте иштеп жүргөндө 6 миң сом айлык алсам, айылдан азыр 17 миң сом алып иштеп жатам.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев