presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Өнөр талаасында…
Элзар Өскөнбаева,
ырчы, "Маржан" тобунун солисткасы:
"Студенттерге кошулуп ыйлагым келчү..."
- Элзар айым, жаңы жылга кандай аруу тилектер менен кадам таштадыңыз. Деги эле учурда чыгармачыл жаатта кандай иштерди жасап жатасыз?
- Эл катары эле баары жакшы болсо экен деген тилек менен жаңы жылга кирдик. Жеке жашоодо да, чыгармачыл жаатта да ийгиликтер коштоп, жакшы нерселерге жетишсек деген аруу тилек ар бир адамдын оюнда болсо керек. Өткөн жылы жетпей калган ийгиликтерге быйыл жетсем экен деп турам. Кудай буюрса, ушул жылы чыгармачыл жаатта жакшы иштерди жасасам деген тилектерим бар. Замир Арыкбаевдин жакшы обонун алгам. Учурда ал обонго текст жаздыруунун үстүндө иштеп жатам.
- Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алектенесиз. Дегеним, өз кесибиңиз менен да иштейсизби?
- Ооба, иштейм. Бирок кесибим деле чыгармачылыгыма байланыштуу. Учурда Кыргыз -Түрк Манас университетинин консерваториясынын оркестринде солистмин. Мындан сырткары Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр искусство институтунда мугалим болуп иштеп жатам.
- Мугалим болуу абдан оор болсо керек…
- Албетте, аябай оор. Себеп дегенде, азыр биз жашпыз. Буга чейин бул ардактуу кесипти аркалаганга тажрыйбабыз да аз. Ошол себептен, бир топ эле кыйынчылыктар болду. Үйрөтүп жатып көп нерсени үйрөнөсүң дегендей, балдарга сабак берип жатып көп нерсени үйрөнүп азыр бир аз болсо да көнүп калдым. Башындагы кыйынчылыктар азыр жок. Тажрыйба да топтоп алдым окшойт. Эмнегедир сабакты жеңил өтө баштадым. Жаңы мугалим болуп барганда, студенттер ырдай албай жатышса, аларга кошулуп ыйлагым келчү.
- Мугалимдик кесип сабырды талап кылган кесип эмеспи. Ачуулуусузбу же сабырдуусузбу. Деги эле ачууңузду кантип басасыз?
- Өзүмдү сабырдуу адамдардын катарына кошпойм. Мүнөзүм токтоо эмес. Дайыма ачык-айрым, шайыр жүргөн адаммын. Бирок окуучуларым сөзүмдү укпай, же ырдай алышпай калганда кыйкырып, жаман сөздөрдү айтып урушпайм. Жөн гана түшүндүрүп айтам. Биздин устатыбыз Роза эже бизге кантип сабак берсе, кандай сөздөрдү айтып тарбияласа мен дагы окуучуларыма ошол сөздөрдү айтам. Кыргызда "Устатынан шакирти өтүптүр"- деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары мен дагы Роза эжедей жөнөкөй, таасирдүү сөздөр менен студенттеримди ынандыра алам.
- Өз студенттериңиздин арасында кадыр- баркыңызды кантип сактайсыз?
- Студент менен мугалимдин ортосунда сый мамиле болушу керек. Мен азыр жашмын. Заман дагы башкача. Бирок жашмын деп эле студенттер менен теңтуш болуп албай, башынан эле катуу кармап, ашыкча сөздөрдү сүйлөбөй, өз кадырымды сактоого аракет кылып келем. Чынында искусство тармагына көбүнчө жүрөгү таза, жакшы адамдар келишет. Менин студенттерим андай деле чектен чыккан тентек эмес. Дайыма бири- бирибизди сыйлап, колдоп турабыз.
- Эмне себептен устат кылып Роза эжени тандап алдыңыз?
- Роза эжени устатым болсун деп өзүм тандап алган эмесмин. Биз окуу жайга келгенде бизди ар кайсыл мугалимдерге бөлгөн. Кудайдын буйругу менен мен Роза эжеге туш болдум. Чынында кичине чагымда Роза эженин сулуулугуна, үнүнө, талантына суктанып, ушул эжени жанынан бир көрсөм деп, ырларын жаттап, угуп жүрчүмүн. Тагдыр экен, эженин колунан сабак алдым. Устатым болду. Ушундай таланттуу адамдын колунан сабак алганыма, окуучусу болгонума аябай кубанам жана сыймыктанам. Менин талантыма, фольклор багытына кадам ташташыма шык кошкон Роза эже десем жаңылышпайм.
- Устатыңызга кандай баа бересиз. Адамдын жаман -жакшысын жанында жүргөндөр жакшы билет эмеспи?
- Адамды жакындай билбей туруп сыртынан ар кандай тон быча берсе болот. Бирок бул туура эмес. Мен Роза эже туурасында жаман пикир айтпайм. "Ичкен кудугуңа түкүрбө" деген жакшы сөз бар элибизде. Роза эже болгон акылын айтып, колунан келген жардамын берип, мени эл алдына алып чыкты. Ал чынында таланттуу, бийик адам. Устатымды дайыма сыйлайм, баалайм жана сыймыктанам.
- "Маржан" тобуна кантип келип калдыңыз?
- "Маржан" тобун биз өзүбүз түзгөнбүз. Башында Нуржан, Элиза жана мен болуп түзгөнбүз. Адегенде Роза эжеге келип, "Эже биз сиздин окуучуларыңыз болуп, 10дон ашык кыздар топ түзсөкпү деп жатабыз. Сиз кандай карайсыз. Фольклор жаатында кыздардан түзүлгөн топ жок эмеспи" десек, Роза эже дароо макул болду. Ат тандагыла деди эле, биз үч ат коюп, үч аттын ичинен Маржан деген атты жактырып, тандап алдык.
- Учурда "Маржан" тобунда кандай иштер жүрүүдө?
- Кыздардан түзүлгөн топтун ишин алга алып кетүү бир топ кыйынчылыктарды жаратат экен. Кыз болгондон кийин анын ар кандай түйшүгү көп да. Бири үй шартына жараша келе албай калса, бири турмушка чыгат, бала төрөп эне болуп үйдө отуруп каласың дегендей. Кыскасы, ойлонуп ишке ашырам деген көп ойлор кырдаалга, шартка жараша ишке ашпай калат. Бирок биз мындай нерселерге карабай, колубуздан келишинче эл алдына чыгып, өз талантыбызды көрсөтүп жатабыз. Учурда унутта калып бара жаткан чоң- чоң чыгармаларды жаңы обонго же эски обону боюнча эле бөлүп алып ырдап даярданып жатабыз. Азыр дастанды бир эле киши ырдай берсе, эл тажап кетиши мүмкүн да. Ошону эске алып, биз бөлүп алып ырдап жатабыз. Менимче, бир дастанды бир нечебиз аткарганда эл жакшы кабыл алат го. Жакында "Олжобай менен Кишимжандын" жаңы варианттын алып чыгабыз. Азыр мунун үстүндө иштеп жатабыз.
- Кыздар көп жерде атаандашуу, интрига да көп болот эмеспи. Сиздердин топто да ушундай көрүнүштөр орун алабы?
- Жок. Биздин топтогу кыздар атаандашууну билбейбиз. Баарыбыз жөнөкөй, жакшы кыздарбыз. Бири-бирибизди колдоп турабыз. Мамилебиз жакшы. Интриганы жандүйнөсү жарды адамдар гана жасашат. Биз улуу чыгармаларды окуп, ырдап жүргөнгө жандүйнөбүз бир аз болсо да башкачараак.
- Сулуу, жаш кыздар элге батыраак таанылыш үчүн эстрада жаатына кадам таштап жатышпайбы. Эмнеге сиз фольклорду тандап алдыңыз?
- Абдан жакшы суроо бердиңиз. Эстрада жаатын деле тандап алсам, ал багытта эле өз ордумду тапмакмын. Үч кыл комуз менин жүрөгүмө абдан жакын. Жүрөгүм фольклор деп согуп турат. Кээде тойлорго ылайыктуу кылып эстрада багытындагы ыр жаздырып көрсөмбү деп ойлойм, бирок оюмдун аягы барып эле фольклорго такалат. Кыргыздын аспаптарын коштурмайын ырдын көркү чыкпай калгандай сезиле берет. Ошондуктан эстрада жаатындагы ыр жаздыра албай келем. Себеби кыргыздын салттуу музыкасына аябай жакынмын.
- Комузду кимден үйрөндүңүз эле?
- Мектепте окуп жүргөндө комузга аябай кызыкчумун. Бирок жаныма отуруп үйрөткөн деле эч ким болгон эмес. 7- класста окуп жатканда айылдагылардын комузун сурап, ар кимге күүлөтүп алып, чертип отуруп эле үйрөнүп алгам. Бирок окуу жайга келгенде өзүмдүн сабатсыз экенимди билдим. Чынында билим алып, комуз черткен менен өзүң үйрөнгөндүн айрымасы ат менен төөдөй экен. Анан окуу жайдан таза, сабаттуу черткенди өздөштүрдүм.
- Чыгармачылыктын жүгү оор дешет. Сиз дагы ал кыйынчылыктарды башыңыздан өткөрдүңүзбү?
- Кыз кишинин чыгармачыл адам болушу аябай эле оор. Үй- бүлө, турмуш шарт дегендей. Албетте, кыйынчылыктар биздин баштан да өттү. Өзгөчө үй- бүлө кургандан кийин экөөбүн бирдей алып кетүү жүгүн көтөрүү оор болот экен. Кудай буюрса, кыйынчылыктарды акырындык менен жеңип келе жатабыз. Көрө- көрө көсөм болосуң дегендей, эми аз болсо да тажрыйбалуу болуп калдык.
- Эстрада жаатында жүргөн кыздардын артынан ушак-айың көп ээрчирин баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Фольклор жаатындагы кыздардын артынан ушак- айыңдын айтылбаганынын сыры эмнеде?
- Биз бир жолу кыздар болуп "Комуз көтөргөн кыздар да күлүшөбү?" деп тамашалап калдык эле. Менимче, комуз көтөрүп, кыргыз көйнөгүн кийип жүргөндүктөн бизге карата сый мамиле болсо керек дейм.
- Сахнада мыкты ырчы экениңизди жакшы билебиз. А үйдө кандай аялзатысыз?
- Укмушмун деп айтпайм. Бирок аялзатына тиешелүү жумуштардын баарын жасаш колумдан келет.
- Көңүлүңүз чөгүп кайгыга батканда кантип көңүлүңүздү көтөрөсүз?
- Жолдошум менен сүйлөшөм. Жолдошума баарын айтып, анын жакшы кеңештерин угам. Комуз чертип, ырдайм. Анан бат эле жаман нерселерди унутуп калам.
- Сиздер кечинде тойлорго, концерттерге көп барасыздар. Той- топурга барып кеч келгенде жолдошуңуз кандай кабыл алат?
- Жолдошум чыгармачылыкты абдан түшүнгөн, баалаган, сыйлаган адам. Кеч келдиң деп экөөбүз уруша элекпиз. Эгер кечинде тойго, концертке барсам, дайыма жанымда коштоп, колдоп жүрөт.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??