presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жолочу Рысбаев:
Көрүн төрүнөн казгандарга
Окуучум!
Темасынан коркуп,
Тетири баспагын.
Ич күптүм бар үчүн,
Илгеркиден баштадым.
Ырас,
Унчукпай койсок болбос,
Уруяттын
Улуттарга бергенин
Төңкөрүштүн аркасында
Төбөсү көккө жеткенин
Эркиндик
Теңдикте
Эл катары эмгек эткенин
Жетине албай айтып калчу карылар
Желбегей жамынып отуруп чепкенин
Ал кезде
Ала-Тоолук кыргыз эли тайманбай
Сок билегин кармап
Сокусун жанчып аркандай
Улуу-кичүү менен бирдикте
Алгалай бериптир,
Аталаш балдардай
Башкалардан кем эмес экени
Бат эле байкалып
Жулунган азаматтар чыгып,
Жумурткадан чайкалып
Кара кыргыз автономдон
Караан үзүптүр
Кадимки республика деген даңк алып
Токсонунчу жылдары,
Тоголонуп
Партиянын башындагы бөркү
Жалындады
Суверендүүлүк
Эгемендүүлүктүн өртү
Тарууну аралагандай каман
Талкаланып
Талоонго түштү заман.
Чакчелекей чыгарып,
Чачырап жаткан малды.
Кыргызстан
Кырганстан болуп жатып калды.
Ошондон бери
Омкорулуп белибиз
Оңолбой турат элибиз
Эсиреп жүрөт дале
Этин мүлжүгөндөр
Элге сөөгүн карматып
Эми аларга
Берели деген эчким жок.
Уу коргошун кайнатып
Журт ичинде мантаят
Жутканын кулгуп чайнашып
Акылы курсагында болгону менен
Арсарыбай түшүнөөр
Айткан сөздү жандатып
Тытып ыргытып
Тыюу салган мамлекеттин чечимин.
Уурдап куруп жатат
Улуу кытай сепилин
Антон Павловичтин
Аңгемеси бар
Кутудагы адам
Анын мисалындагыларды
Айтайын дедим саган
Карап, көрүп жүрөбүз күндө
Кайран калаабыз
Караманча болуп баратат түрмө.
Заңгыраган кооздук
Замбирек атсаң угулбайт
Талкалап түрттүр
Дарбазасы бузулбайт
Элдер тиктейт
Эки көзү тешилип
Соо эмес экенин
Сокурга да турат сезилип
Тирүү жан барбы
Түк билинбейт
Алоокенин сарайындай,
Ары жагынан
Арстан арылдап.
Жолборс күрүлдөйт
Чытырманыңда жүргөнсүп Американын
Чындап денең дүрүлдөйт.
Ташбакадай корунуп
Таанылбайт өңүнөн
Көңүлүңдө ойлойсуң
Көрүн да каздырып алганбы төрүнөн
Карасаң чатырын
Карегиң карыгып
Калпагың башыңан түшөт
Кайгырасың
Капыстан чыгып алса
Кармайт го түтөк
Катуу угуп
Кайкый албай бурулуп
Канаттуулар өлүп жатат урунуп
Туттукпагын
Туура кепке
Душмандыгым жок
Тууган айтат бетке
Жашырынып
Жарыкка жолобой
Ийнинин оозун бекитип,
Мактанат экен,
Күндү жаап салдым деп момолой
Сезилип турат,
Сенде деле ошол ой
Тобо кылып
Токтотоюн ырымды
Көр дүйнөгө манчыркап
Көккө үйлөөрсүң чылымды
Байкадың беле
Балга түшкөн чымынды?






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??