presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Аялзат ажары...
Кундуз ТАШТАНАЛИЕВА,
Кыргыз Улуттук Консерваториянын элдик музыка
бөлүмүнүн окутуучусу, Камбаркан ансаблинин солисткасы:
"Сүйүү үчүн көз жаш төктүм, анча-мынча
кайрыктар жаралды"
Кыргыздын көөнөрбөс таланттары комуз менен кыргыздын жүрөгүн багындырып келишкен. Кыргыз-десе үч кыл комуз көз алдыңа тушугат эмеспи, ал эми комуздун коштоосунда шаңдуу үн менен кыргыздын кайрыктарын жаңырткан, айдай сулуу кызыбыз Кундуз Таштаналиева элдик музыканын өзөгүн сактап калууну максат кылат. Ошол максатта жаштарга билим берип, калкына кайталангыс кайрыктарды тартуулап келүүдөн талбай эмгектенүүдө, бирок кесиби менен гана чектелбестен бир баланы тарбиялап, мээримдүү энелердин да катарын толуктоодо.

Баркың ай, асыл балалык!
- Балалыгым Талас областынын, Манас районунун Чоң-Капка айылында өттү. Беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. Бала кезимде аябай кыялкеч, дайым ойлуу, ар бир ишке токтоо мамиле кылчумун. Анча-мынча шоктугум да бар эле, кичине кезде "тез эле чоңойсок" деп, эжелерибизди туурайт эмеспизби. Апамдын урушканына карабай бет майларын бекинип сүйкөнчүмүн. Апам жумушка кеткенде бекинип тамак жасоо адатым эле, отту жагып, ысыган майга пиязды салгандагы үн мен үчүн кызык болчу. Көрсө ал да искусство экен да. Бир жолу апам келатканда шашып ысык казанды шкафтын астына ката калдым, жыгач күйүп, уурум кармалып апам катуу урушту. Уруш жегениме карабай кайра эле баягы көрүнүш, жумуртканы май куйбай кууруп, жумурткам күйүп, үйдүн ичи түтүн. Ал шоктугумдан жакшы жаза алдым. Ойлосом тамак жасаганга абдан эле кичине экемин. Кандай нерсе болбосун кыялдануу менен кооздукка, көркөмдүккө курчалып, сүрөт тартсам да кооздоп боеп салчумун. Бирок, жан-дүйнөмдү кытыгылаган талантым кийин ачылып, комуздун керемет кылдары өзүнө тартты. Мектепте "комуз кружогуна" көбүбүз жазылдык, бирок комузду таштабай, улантып кеткен жалгыз мен болдум.


Өжөр талант ийгиликке жетет
Кесибиңди туура танда бир жолу демекчи, кесибиме каршы чыккандар болду. Өзүмө айтышпаса да туугандар бири-бирине айтышты. Өнөр-деген олуттуу нерсе экенин түшүнүп, терең баамдап, мени колдогон атам болду. Бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм, мүмкүн башка кесипти тандаганымда өзүмдү күчкө салып иштеп кетмекмин. Бирок, жумушумда эркин сезип, өз үйүмдөй элестетем. Кыргыздын чыгаан таланттарынын баскан изи менен эмгектенип, эл кадырлаган таланттуу эже-агайлардан үлгү алдым. Комуздун шаңдуу үнү менен таанылган Роза Аманованын таасири менен Консерваторияга тапшырып, музыка дүйнөсүнүн тереңдигин түшүндүм. Кыргыздын көөнөрбөс залкарларынын таланттары менен таанышып, бир жыл залкарлардын кең дүйнөсүнө таңыркап жүрдүм. Мектепти эрте аяктап, 16 жашымда бул чөйрөгө аралашып калдым. Мен жаңы келгенде Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев аталардын насаатын угуп, сабак алдым. Ал эми Улукмырза Полотов агайдан тааалим-тарбия алып чыктым.


Кыргызды "кыргыз" кылган үч кыл комуз
Ырчылыктан тышкары фантазиям менен түрдүү тамак жасаганга жана кийим токуганга абдан кызыгам. Бирок, убакыттын тардыгы кендирди кесет. Ал эми китептерди жана ырлар жыйнагын чогултууну максат кылам. Улуттук Консеваториянын элдик музыка бөлүмүндө салттык музыканы сактоо негизги максатыбыз. Элдик музыканын өзөгүн жоготпой сактап калуу. Күн өткөн сайын жаңы аткаруучу өз нугун кошуу менен биздин көрөңгө бузулуп бараткандай. Эски музыкаларды колдон келишинче өз нугун жоготпой сактап калууга күрөшүү абзел. Ошондой нерселерди көрүп отуруп, элдик кайрыктарды чогултууну көздөп калдым. Көкүрөгүмдөгү көптөн берки оюм мектеп окуучуларына кыргыздын комузун үйрөтүүнү кеңири жайылтсак, музыка сабагы менен катар комуз сабагын да киргизип койсок жакшы болмок. Анткени, казактар улуттук аспабын жайылтуу максатында добра сабагын киргизишкен, биздин кичинекей бөбөктөр да комуз чертип, билим алышса сонун болмок да. Консерваторияга музыкалык окуу жайды бүтүп келишет, айрымдары айылдагы мектептерден келишет. Нота тааныбайт, бирок таланты бар, көздөрү жайнап ырдагысы келип турат, аспапты ойногонду билишпейт. Таланттарды четке кагып кое албайбыз, үйрөтөбүз. Ошондуктан, мектептен музыкалык билимди кеңири алып келишсе бизге да жакшы болот, кыргыздын маданият чөйрөсүнө да чоң утуш алып келишет.


Көңүлдү сүйүү сулуу кылат
Жаштык сүйүү менен күчтүү демекчи, сүйүүгө кезикпеген эч ким болбосо керек. Сүйүүнүн даамын таттым, сүйүүмдү бассам-турсам көз алдыма кармап турган уулум бар. Чыгармачыл адамдар сүйүүгө өзгөчө тушугат эмеспи, албетте, сүйүү үчүн көз жаш төктүм, анчам-мынча кайрыктар жаралды. Аруу махабатты аздектеп баалайм. Сүйгөн оңой, сүйдүрүш кыйын да, ошондуктан сен сүйгөн адамдын жанында сүйүктүүсү болсо өзүн ыңгайлуу, сулуу эсептейт. Эркек-десе кең далылуу, сен үчүн баарына туруп бере турган мырзаларды ойлойбуз. Мындай мырзалардын сүйүктүүсү болуу сонун да.


Уулум урматым
Жашоонун дагы бир бактысын балалуу болгондо билет экенсиң, Канатбек аттуу эки жарым жаштагы уулум бар. Кандай эне экениме жанымдагылар күбө. Өтө жумшак, мээримдүү эне болуп жаткан окшойм. Жакындарым айтып калышат "балаңды өтө эркелетесиң" деп. Оюмда баланы жөнү жок кагып салгым келбейт, чектен ашып баратканда баркыңды салып, сөзүң өтүмдүү болсо деп ойлойм.

Ийгилик досторду азайтат
Досчулукта чоң жоопкерчиликти сезишибиз керек. Ата-энең, бир туугандарыңдын арасындагы жакындык кан аркылуу, боор аркылуу өтөт, ал нерседен качып кутула албайсың. Ал эми досуңа андан жакын болуп, жакшылык-жамандыгын тең көтөрүп, керексиз жерден сатып кетүүдөн алыс болуп, достукка болгон милдетти сезе билүү зарыл. Ошол нерселерди тубаса табиятыман сездимби, айтор шагыратып дос күткөн жокмун. Бул нерсе менен жалпы миң дос күткөнчө, жандаш бир дос күт дейт элем.


Аялзаттын ажары бетинде
Мода куугандардын катарын толуктабайм. Кандай кийимдер, түстөр мода экенин баамдап турганга убактым жок. Өзүмө ыңгайлуу, таза, жарашыктуу элге жаман таасир калтырбаган кийимдерди кийгенге аракеттенем. Тыкан кийингенде жан дүйнөм тынч жүрөт. Бирок, модалуу кийинген да сонун, ал да бир искуссто. Ал эми мода кууп, батыштын таасири менен сахнага жарым жылаңач чыккан кыздар көп. Кыргыздын кыздары биздин менталитетибизге ылайыктуу кийинсе деп ойлойм. Сулуулугума сахнага чыгаарда гана кам көрүп, боенуп калбасам. Жөнөкөй күндөрү эч боексуз эле өзүмдүн өң-келбетим менен жүрүүнү жактырам.
Венера НАРКЕЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??