Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Нарынбек Молдобаев,
Жогорку Кеңештин депутаты:
"Байлардан салык
алыш керек дегендерге
түшүнбөйм"
- Нарынбек мырза, учурда байлардан салык алуу боюнча мыйзам иштеп чыгуу тууралуу маселе көтөрүлүп жатат. Мындай демилге туурабы?
- Мурдагы Каржы министри Акылбек Жапаров менен Салык кызматынын жетекчиси Исхак Масалиев байлардан салык алуу боюнча сунуш кылып жатышат. мындай салык Франция өлкөсүндө бар экенин мисалга тартышып, биз деле ошондой кылсак болот дешүүдө. Франция менен Кыргызстанды салыштырууга мүмкүн эмес да. Франция байлыгы боюнча дүйнө жүзүндө үчүнчү орунда турат. Эки-үч жүз жыл бою бир топ мамлекеттерди колонияга кылып басып алып, алардын байлыгын ошончо жыл ташып кеткен. Каучуктан тартып, алтын, каухар, алмазга чейин. Экономикасы дүркүрөп өсүп, маданий-саясий жактан туруктуу калыптанган. Байлары чындыгында көп. Биздин өлкөнү Франция менен бирдей деңгээлге коюп, кароого болбойт. Бизде ашып баратса чыныгы бай деген онго жетпеген киши бар.
- Демек, сиз байлардан салык алганга каршысыз?
- Ооба, каршы экенимди билдирип келе жатам. Ошол себептен, алар мени "сиз бай болгон үчүн, салык төлөгөндөн качып жатасызбы" дешет. Бул жерде кептин баары, байлардан салык алабыз деп аларды качыргандан көрө, аларга мамлекет элди жумушчу орун менен камсыз кылып жатканы үчүн шарт түзүп бериши керек. Байлардан салык алыш керек дегендер, "1200 үй-бүлөнүн ар кимисинин машинасы бар экен" деп жатпайбы. Эми алар ансыз деле машинасына салык төлөшөт. Эми бир дөңгөлөгүн чечип бериши керекпи? Анан бир кафеси, машинасы бар кишини деле бай деп, салык алган туура болбой калат.
- Ошондо сиз байлардан салык алгандан көрө, аларга мамлекет шарт түзүп берсе эл үчүн, өлкө үчүн пайдалуу болот дегенди айткыңыз келип жатабы?
- Албетте, мына бир кафеси болсо эле бай салык алыш керек деп жатышат. Бир кафеси бар киши бай эмес да. Бирок ал кафесине, жумушчуларына, жашаган үйүнө ансыз деле салык төлөп жатышат. Эми байсың деп салык алса, ал тойдум дейт да кафесин жаап, Алматыга же башка өлкөгө барып бизнес кылат. Акчасын ошол жакка салат. Андан биздин өлкө эмне пайда табат? Бир нече жумушчу орун жоюлат. Орто чакан бизнеси барлардын баары ишкерлигин токтотуп, чет өлкөлөргө чыгып кетишет. Анан байлардан салык алмак түгүл, алар түзгөн жумушчу орундан жок, алар төгүп жаткан салыктан жок отуруп калабыз. Экономикабыз артка кетет. Өсүш болбойт. Жумушсуздардын саны көбөйөт. Ошондуктан, мамлекет алардын иштешине шарт түзүп берип, элибиздин турмушунун оңолушуна көмөк көрсөтүүсү зарыл.
Мына вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жакшы саамалык баштап жатат. Айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү жеңил өнөр жай ишканалары курулса үч жылга салыктан бошотулат деп. Мына ушундай нерселерди жасаш керек. Путин завод-фабрика куруп, жумушчу орундары түзгөндөрдү 20 жыл салыктан бошотуп жатат. Өзбекстанда да ушул сыяктуу иштер жүрүп жатат. Бизде болсо тескерисинче. Андыктан байлардан салык алыш керек дегендерге түшүнбөйм. Мен буга каршымын.
- Эми муну бюджетти толтуруунун айласы десек болобу?
- Эми кандай айла болсо дагы менимче туура эмес. Менин билишимче ушундай эле нерсени убагында Максим Бакиев көтөргөн. Бардык адамдар декларация толтурсун, баары ачык-айкын болсун деген шылтоо менен ГРСти уюштуруп, кимдин эмнеси бар экенин көзөмөлдөп тургулары келишкен болчу. Эми элестет ар бир айылга чейин барып, ар бир кишиге 20 барактан турган декларация толтуртуштун өзү эмне деген түйшүк. Ага бир канча штат ачыш керек, миллиондогон каражат сарпталат. Бир жагынан декларацияны азыр жөнөкөй карапайым жарандар түгүл, депутаттар толтура алышпайт. Атайын адистер, бухгалтерлер араң толтурат. Ушул сыяктуу нерсени Масалиевдер киргизип жатышат. Байлардан салык алабыз деп аларды качыргандан көрө, байлардын санын көбөйткөн жакшы эмеспи.
Ушул мыйзамды киргизиш керек дегендердин өздөрүн жакшылап текшерип чыккан киши болсо, сыртта канча бизнеси бар, канча салык жашырышкан бүт баары чыгат эле.
- Байлар декларациясында байлыктарын жашырып жатышпайбы, ушул жагдайды кантип чечиш керек?
- Бул боюнча мыйзам иштелип жатат. Чындыгында бизде бир топ адамдар байлыгын туугандарына, досторуна, жакындарына каттатып коюшат. Муну элдин баары билет. Бирок бул опурталдуу. Анткени азыр бирөөгө ишенич кыйын. Байлыгын жашырып, тааныштарына каттатып койгондор, өкмөттүк кызматта иштеп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып коррупциялык жол менен байыган, кылган иши таза эмес чиновниктер. Ал эми ак эмгек, маңдай тери менен байыган ишкерлер байлыгын жашырышпайт.
- Маегибиздин өңүтүн башка нукка бурсак, "Кыргыз чоролору" деген коом түзүлүп жатат. Алар жер-жерлерде Кырк чоро уюмун түзүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Сиз бул нерсеге да каршы чыгып жатасыз. Себептерине токтолуп кетсеңиз...
- Туура, "Кыргыз чоролору" деген коом түзүлүп жатыптыр. Өткөндө талкуусуна барып катыштым. Алар мурун бир ажыдаар болсо, азыр 120 депутат ажыдаар бар дешип, системаны алмаштырыш керектигин белгилешип, айла кеткенде ушул Кырк чоро уюмун түзүү зарылдыгы туулуп жатканын айтышты. Муну менен алар чоролор башкарыш керек дегендей сунуш-пикирлерин билдиришти. Мен буга каршы болдум.
Биринчиден, чоро дегендин өзү - бул жоокерди, хандын тегерегинде жүргөн мыкты жигиттерди туюнтат. Андай болгон соң министрлерди чоро деп аташыбыз керек. Бирок чоро деген Конституцияда жок да. Баардык өлкөдө министр дешет. Бирок кептин баары булардын эң негизги идеясы айылдардан бери кырк чоро түзүлүп башкарыш керек дегенде болуп жатат. Андай болсо айыл өкмөтү, райондун акими, облус жетекчиси эмне иш кылат?
- Бир сөз менен айтканда бийликке жетүүнүн ыкмасы десек жарашабы?
- Ошондой десек болот. Мен айттым, "силердин максатыңар бийликти алуу болуп жатат" дедим. Алар "жок, биз бийликке умтулбайбыз" дешет. Анан айттым, "кантип бийликке умтулбайсыңар, мына адегенде эле Мамлекеттик Геология жана минералдык ресурстар агенттиги менен келишим түзүптүрсүңөр. Бирдеме чыкчу жерге барып жатасыңар. Соодага барасыңар да алтын иштетчү жерге лицензия берүүдө" - десем. Алар "Мамлекет Кумтөрдү эмне кылды, биз андайга жол бербешибиз керек" дегенди айтышты, мен айттым " туура мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштер жасалыптыр, бирок алардын бети ачылып иштер жүрүп жатпайбы" деп түшүндүрдүм.
Экинчи жөнөкөй маселе, бир айылга колоктоп бош жүргөн балдардан кырк чоро түзүлсүн дейли. Алар келип айыл өкмөтүнүн ишин сынга ала башташат. Эмнеге бул жерге муну айдатпай, тигини айдатасың, тигил жерди эмнеге баланчага берип койдуң деп. Бара-бара айыл өкмөтү аларга баш ийип берет. Анан бийликтин даамын татып алышкандан кийин, айылдагы аксакал, көксакал, айыл өкмөтү эч кимди укпай, биз билебиз, биз чечебиз болушуп, өздөрүнүн бийлигин орнотуп башташат. Мыйзамдуу бийлик укугунан ажырап калат. Аны көргөн башка айылдарда да ар ким чогулуп кырк чоро тобун түзүшүп, бийликти алууга умтулушат. Болуптур, Кырк чоро башкарып калсын дейли, анда аялдар кызматта иштебеши керек болобу. Экинчиден, Кырк чорону эртең сексен чоро чыгып, тепкилеп, бийликти алабыз дебейт деп ким кепилдик берет. Айтор, бир сөз менен айтканда, бул деген башаламандыкка алып барат да.
Ар ким өзүнчө бөлүнүп-жарылып коом түзгөндө өспөйбүз. Мына молдолордун өзүнүн коому бар, ардагерлердин коому бар, укук коргоо органдарынын коому бар, айыл-айылдын, район-райондун, облус-облустун, уруу-уруунун коому бар. Булардан сырткары криминалдык топтор бар. Ушинтип бөлүнүп жатсак кантип өнүгүп-өсмөк элек. Тескерисинче артка кетип жатпайбызбы.
- Мамлекеттик Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчилиги Кыргыз чоролору менен кандай келишим түзүптүр. Бул мыйзам ченемдерине жатабы?
- Мен ушул нерсеге аябай таң калдым. Коомдук уюм менен мамлекеттик кызматтын жетекчиси минтип келишим түзгөнү туура эмес. Ал келишимде биз силерге жардам беребиз, силер бизге жардам бергиле деген сыяктуу нерселер жазылыптыр. Аталган агенттиктин жетекчиси Чунуев айласы кеткенден улам түзгөн окшойт.

Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу