Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Барыктабасов кайрадан баш көтөрөбү?
Ак үйдөгү "кабарчыларыбыздын" айтымында, ал жактагыларга айтылуу төңкөрүшчү, балыкчылык Урмат Барыктабасов тууралуу кабар келиптир. Быйылкы "жазгы сезонду" Урмат мырза өзү баштап бермекчи болуп, бийликке таарынгандардын, бийликтен жашынгандардын башын бириктирип жаткан экен. "Каражат жагын мен камсыздайм, лидерлик эки тизгин, бир чылбырды эч кимиң талашпайсың" - деген талабына алапайын таппай жаткан берки оппозициядагылардын көбү макул болгон имиш. Бирок оппозициябыз канчалык оолукпасын бийликти аңтарып-коңторуп ийүүгө азыр шарт да, элдин каалоосу да жок. Азырынча! Ошондуктан бийлик өз билгенин кылып, элдин кыжырын кайнаткан кадрларын иштен айдап, эртелеп элдин жашоосун оңдоп, курсагын тойгузушу керек. Курсагы ток, санаасы жок эл митинг-пикетиң, Барыктабасовуң, Ташиевиң менен да иши болбойт эмеспи…


Мыйзам бузсаң пенсияң көп болот
Так-даанасын ким билди, бирок, фракциясы жок депутат Өмүрбек Абдрахманов: "Чолпон Баекова 65 миң сом пенсия алат экен" деди. Муну угуп алып оңкодон сайыла жаздадык. Э айланайын, Акаевди кайра-кайра мыйзамсыз шайлаганга жол түзүп берген "ак эмгеги" ошончо көп бааланабы? Бул өңүттөн алганда мыйзам бузуп келген чиновниктердин пенсиясы көп болот экен да. Андай болсо, урматтуу бүгүн-эртең пенсияга кетчү чиновниктер, мыйзамды бузууну дагы да күчөткүлө, келечегиңерге кам көргүлө! Өмүр бою бел түзөбөй тер төгүп келгендердин пенсиясы 4 миңге жете бербесе… боздоп ийгиң келет да!


"Жалган губернатор" кармалды
Башында ашпозчу болуп жүрүп, Бакиевдердин көңүлүн таап, бир топ май-талкан мансаптарда иштеп, апрель окуясынан кийин "кожоюндары" менен кошо качкан Пайзулла Рахманов Казакстандан алынып келинди. 2012-жылдын 15-июнунда Жамбыл облусунда Пазыл Ташбаев деген жалган паспорт менен жүргөн жеринен кылтакка илинген. Жаныштын жан -жөкөрү Пайзулла Рахмановго "массалык башаламандык уюштурган", "бийликти басып алууга аракет кылган", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган"-деген бир топ беренелер менен кылмыш иши козголгон. Убагында Пайзулла Рахманов Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер мамлекеттик агенттигин башкарып, байлыкка көмүлгөнү да айтылып жүрөт. 2010-жылы май айында Бакиевдер айдалганда Жалал-Абад облустук администрацияны басып алып, өзүн губернатор атаган жайы бар.


Камчыны Камчы "камчылап" дейби?

"Ата-Журт" партиясы парламенттик шайлоонун алдында Токмоктун айтылуу бир ресторандарынын биринде кримдүйнө өкүлдөрүн сый тамакка чакырып, шерттешкени тууралуу кеп кеткен. Ал кептердин аягы алигиче тыйыла элек. "Ата-Журт" алдыга чыгып, бийликке келип калса, кримдүйнө аталыктарын абактан арачалап калабыз дегендей убадалары болгондугу да айтылып жүрдү. Эми тагдырдын тамашасы менен "Ата-Журттун" ошондогу адыраңдаган атамандары менен кримдүйнөнүн "аталыгы" Камчы Көлбаевдер УКМКнын абагында чогуу күн көрүп атышат. Күч түзүмдөрүндөгү биздин "күйөрмандарыбыздын" айтымында Дубайдан келген жигит "убадасын аткара албай калгандардын" айласын кетирип жаткан экен. Биздин саясатчылардан айырмаланып, "ал дүйнөдөгүлөр" убаданы оңду-солду учурта айтышпайт да. Нариманы баш болуп, беркилери төш болуп үй камагына чыгат элек деп өзгөчө чамынып жаткандарынын жөнү бар окшобойбу?


Өзүн өрттөдү
Жогорку Кеңештин имаратынын жанына бир аял өзүн өзү өрттөп жибергенде, ага күбө болгон адамдар куткарып калышты. Өрттөнгөн аял Нарындан келиптир. Анын бул кылыкка барышына уулунун көп жылга кесилип кетиши себепкер болгон. Анын уулу бирөөлөрдү сабаганга катышып, 13 жылга кесилген Ал эми анын жанындагы балдар аз эле кесилип калган экен… Өзүн өрттөө митинг сыяктуу эле "модага" айланып баратабы?

Беш киши каза болду
Кемин районунда катталган жол кырсыгында беш машина кагышып, беш киши каза болгон. Жол кырсыгы Бишкек - Торугарт жолунун 80-чакырымында катталган. "Хонда" үлгүсүндөгү эки машина жол талашкан. Алардын артынан келе жаткан айдоочу кагылышуудан качуу үчүн дароо токтогонго мажбур болгондо артында келе жаткан 3 машина тең аны сүзгөн. Жол кырсыгы болгон жерден 5 адам дароо каза болгон. Жол кырсыгына ким күнөөлүү экени аныкталып жатат.



Эсирген "эсдектерди" ким эсине келтирет?

Эл "эсдектер" деп эркелетип жүргөн айтылуу КСДПнын кашыктап жыйнаган кадыр-баркы акыркы убактарда чакалап чачылууда. Кечээ жакында эле "Түндүкэлектр" ААКсы КСДП партиясынын өкүлү Олег Домшенко хан сарайларындагы электр жарыгы үчүн олчойгон карызын төлөбөй, текшерүүчүлөрдү кишиге теңебей эсирип жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан. Карапайым калк катып койгон акыркы акчасын аянбай төгүп жатса, ушулардыкы өттү? Баарынан күйгүзгөнү Олег Домшенкону Чыныбай Турсунбеков жата калып жактап, "Домшенко карызы үйүлүп калганын билбей калыптыр, анын эч күнөөсү жок. Коммуналдык төлөмдөрдү төлөөчү атайын кызматкери бар экен. Ошол убагында төлөбөй коюптур"-деп жаш баланын сөзүн сүйлөп жатат. Бул окуяга чейин да дагы бир Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДПчы депутаттын бир тууганы электр жарыгына болгон карызды доолап келген текшерүүчүлөргө тил тийгизип, өкүм зордугун көргөзгөн. Бийликтин кишисибиз деп билгенин кылып көнүп алган немелер атактуу партияны чатактуу партияга айландыруунун үстүндө…


Бизден өтө берет
"Кыргызстан аркылуу каалаган мигранттардын баары наркы-терки өтө берүүчү короо болуп калды, аны токтотуу үчүн парламенттик иликтөө жүргүзүшүбүз керек"- деди депутат Ташполот Балтабаев. Мигранттар эмес, шпиондун баары эле жойлоп жүрбөйбү, биздин "аңырайган" өлкөдө…


Эң эле бечарасы Бекешов экен
Азыркы парламентте өңчөй капчыктуулар, акчасы ашып-ташыган миллионерлер отурат дегенибиз менен арасында бизге окшогон карапайымдары да бар. Мисалы, "Ар-Намыс" фракциясынын аракетчил депутаты Дастан Бекешов. Депутат десе эле чириген бай экен деп ойлогондор Дастан Бекешовдун айласын кетирген окшойт. Социалдык түйүндөрдөгү баракчаларынын бирине "Туугандар, мен акча бербейм, менин ашыкча акчам жок. Ошондой эле акча төлөнө турчу журнал, телеберүүлөргө да чыгууга акчам жок. Мени андай долбоорлор кызыктырбайт" -деп агынан жарылыптыр.
"ФАБУЛА" - ПРЕСС