Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Билбесең, билип ал…
Абдыбек Дүйшөалиев,
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспортту жана
айдоочулук курамды каттоо департаментинин жетекчиси:
"Өкмөттүн ал чечиминен кийин, кылмыштуулуктун бетин ачуу азайып кетти..."

- Абдыбек байке, алгач окурмандарга сиз жетектеп жаткан департаменттин аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берсеңиз? Кандай өзгөрүү, кандай өнүгүү бар?
- Биз өзүбүзгө жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, колдон келишинче жакшы жагына өзгөрүү иштерине көбүрөөк басым жасап жатабыз. Өзгөрүү демекчи, бул боюнча биринчи кадамдар тууралуу кыскача айтып берейин. Жакынкы убакыттан бери өзүбүзгө караштуу мекемелерге, тактап айтканда автоунааларды каттоого алуу, өзүнө каттоо мекемелерине видео көзөмөл коюу иштери менен алек болуп жатабыз. Бул долбоорубуз биринчи жолу Бишкектеги борбордук мекемебизде (Шаардык РЭО) ишке ашты. Тактап айтканда, ал жерде иштеп жаткан кызматкерлерди, кардарларды көзөмөлгө алып туруу үчүн ичинен имараттын тиешелүү жерлеринин баарына видеокамера койдук. Жабдыктар кымбат болот экен. Жалпысынан 200 миң сом кетти. Видеодон көрүп тургандай биздин кызматкерлер акча менен иштешпейт, РСК банктын кассасы аркылуу төлөнөт. Буйруса, акча маселесин чечип алсак, видеокамераны: Ош облусуна, Ош шаарына, Чүй облустук МАИсине жана Военно-Антоновкадагы РИОМ авто базарына коюну аракет кылып жатабыз. Азыр адистер модулун иштеп чыгып жатышат. Буйруса, келечекте ар бир адам интернеттен Мамлекеттик Каттоо кызматынын сайтына кирип жогоруда аталган мекемелердеги кызматкерлер кандай иштеп, деги эле ал жактан кандай иш болуп жатканын түз көрө алышат.
- Чынын айтканда, жогоруда айтып кеткен мекемелерде жең ичинен сүйлөшүү сыяктуу коррупциялык иштер болуп келген да. Видеокамера койгондон кийин кандай өзгөрүү болуп жатат? Коррупциялык иштер бир аз болсо да кыскарып жатабы?
- Муну ошол мекемелерде иштеп жаткан кызматкерлерден жана кардарлардан сурап көрсөңүздөр. Алар кандай өзгөрүү болуп жатканын айтып беришет. Негизи иштин баары көзөмөлдө болуп турса, эч кандай мыйзам бузуу, өзүм билемдик болбойт деп ишенем.
- Айтсаңыз, республика боюнча автоунаалардын саны канча? Бул тууралуу ар кандай такталбаган сандар айтылып келет го...
- Так санын айтуу кыйын. Себеби, бул сан күндө өзгөрүп турат да. Бүгүнкү күндө биздин эсеп боюнча республика боюнча жалпысынан 800 миңден ашуун автоунаа (жеңил автоунаа, оор жүк ташуучу автоунаа, эл ташуучу жана прицептер) бар. Бир нече жылдан бери Япониядан автоунаа көп санда келип жатат.
- Азыр айдоочулук күбөлүк өтө көп жерден берилип жатат. Көпчүлүгү окубай, сатып алышат. Анын кесепети жол кырсыгынын көбөйүшүнө келип такалып жатат да. Себеби эч кандай тажрыйба жок. Бул боюнча эмне айтасыз?
- Учурда Кыргызстан боюнча айдоочулук күбөлүк берүүгө укуктуу 204 автомектеп бар. Биздин департамент жыл сайын Мамлекеттик автоинспекциясы, Транспорт министрлиги, Билим берүү министрлиги менен бирге автоучкомбинаттарды текшерет. Талапка жооп бербегендердин комиссия лицензиясын жокко чыгарат. Былтыркы текшерүүнү жыйынтыгында 15тей автомектептин лицензиясы жокко чыгарылды. Кыскасы, бул боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Мындай аракеттерди мындан ары да күчөтмөкчүбүз. Жол кырсыгынын көбөйүшү тууралуу айтып кеттиңиз. Мен ага төмөнкүчө жооп берейин. Буга чейин МАИнин жетекчилери жол кырсыгынын көбүн тажрыйбасы бир жылга жетпеген айдоочулар, өзүн-өзү даярдагандар түзүп жатат деген маалыматтарды айтышкан. Ал маалымат туура эмес. Биздин департамент жана ИИМдин (МАИге караштуу ) Каттоо жана аналитикалык, профилактикалык борбор бөлүмү менен бирге бул маселени анализ кылып чыкты. Жыйынтыгы мындай: мурунку жылы тажрыйбасы бир жылга жетпеген 380 айдоочу кырсыкка кабылса, былтыр 175 айдоочу катталган. Мурунку жылы 112 адам кайтыш болсо, былтыр 36 кайтыш болгон. Айтор, 50 пайызга чейин азайганын айтсак болот.
- Мурунку өкмөт айдоочунун ишеним катын жокко чыгарып койбодубу. Азыр айдоочулук күбөлүгү бар адамдар каалаган машинаны, ал машинанын техпаспорту менен каалаган жакка айдоо мүмкүнчүлүгүн алышты? Бул боюнча кандай өзгөрүү бар?
- Бул маселе мурунку өкмөттүн чечими болду. Бирок мен жакшы жагына өзгөрүү болду деп айта албайм. Себеби, мурун кандай машина болсо да биз ал жөнүндө ыкчамдык менен толук маалымат берчүбүз. Азыркы учурда машинанын ишеним каты жокко чыгарылгандан кийин, биз каттоого албай калдык. Ушунун кесепетинен менин байкашымча кылмыштуулуктун бетинин ачылышы да азайып кетти.
- Бул боюнча тиешелүү жерлерге айтылганбы? Себеби, бул жакшы көрүнүш эмес да...
- Биз тиешелүү жерлерге айтылган болчу. Кыязы, жеткиликтүү айтылбаса керек, же алар көңүл бурбай жатышабы, аны билбейм. Бирок МАИ кызматкерлери "бул бизге керек " деп аягына чейин талап койсо болмок.
- Сиз көп жылдан бери МАИ тармагында эмгектенип келесиз. Сиз бүгүнкү күндө башкарып жаткан департамент, паспорт берүү багыттары ИИМге караштуу эле да. Эски бийлик Мамлекеттик каттоо кызматына каратып койду. Бирок кайра ИИМге кошуш керек деген пикирлер көп айтылып келет. Сиздин пикирди уксак...
- Биздин байкообузга караганда мурунку бийлик бул тармактагы коррупциялык системаны жоюу максатында ИИМден бөлүп, Мамлекеттик каттоо кызматына кошуп койгон. Менимче бул туура болгон. Ар кандай жылыштар, бир топ өзгөрүүлөр бар. Мурун мен ээлеген бул кызматты бир майор же полковник олтурган. Ал кишиге кирүү өзүнчө эле кыйынчылыкты жаратып келишкенин көптөр айтып жүрүшөт. Азыр андай жок. Мына өзүңүз көрдүңүз, мага каалаган адам кирет да, маселесин дароо чечип кетип жатат.
- Соңку суроо болсун. Сиз жетектеген департаменттеги ички көйгөйлөр тууралуу айта кетсеңиз?
- Көйгөйү жок мекеме болбосо керек. Бизде да бир катар көйгөйлөр бар. Мисалы, материалдык-техникалык базабыз начарыраак. Жакшы транспортторубуз жок. Бул боюнча биз жетекчиликке кайрылганбыз. Калганы жакшы эле. Күндө эл менен иштешебиз. Бизге келгендердин маселелерин дароо чечип бергенге аракет кылып жатабыз.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев