Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Укук талаасына карай...
Эркин Алымбеков,
"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты, ЖКнын "Адам укуктары,
Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш" боюнча комитетинин төрагасы:
"Соттошсо соттошобуз, сүйлөшсө сүйлөшөбүз..."

- Эркин мырза, алгач сиз жетектеп жаткан комитеттин аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берсеңиз?
- Биздин комитет парламенттеги эң көйгөйлүү маселелерди караган комитет болуп эсептелет. Анткени бардык маселелердин баары келип эле адам укуктарына такалат эмеспи. Бизге кайрылган адамдардын баары тең адам укуктары, мыйзамдардын бузулушу тууралуу маселелер менен кайрылышат. Буга бирден-бир себеп - соттордун, тиешелүү органдардын таза иштебегендиги болуп жатат. Ушуга байланыштуу комитет көптөн бери Сот тармагын реформалоо боюнча иштерди жүргүзүп келет. Бул процесс абдан кыйынчылык, карама-каршылык менен ишке ашып жаткандыгын айта кетели. Бирок биз ага карабастан сот тармагын реформалоого тийишпиз. Көпчүлүк эл жүрүп жаткан соттук реформа судьяларды гана алмаштыруу менен чектелип жатат деп ойлошу мүмкүн. Чынында андай эмес. Бул иштин бир багыты. Жарандык процессуалдык кодекске, Кылмыш кодексине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү сыяктуу татаал иш менен да алектенип жатабыз. Антпесек, сот тармагы эски механизм менен адилетсиз чечимдерди чыгара берет. Айтор, сот реформасын айтып олтурсак, абдан узак сөз.
Биздин комитеттеги экинчи маселе - Ички иштер министрлигин реформалоо маселеси. Анын дагы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизишибиз абзел. Бул иш негизинен башталган, бирок абдан көп пикирлер болуп, талаш-тартыштарды жаратып, азырынча токтоп турат. Андан кийин биз прокуратуранын реформасын башташыбыз керек. Жаңы мыйзамдар боюнча прокуратура жарандарды куугунтуктоого укугу жок, тескерисинче өкмөт жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан аларга жарандардын укугун коргоо боюнча жоболор тапшырылган. Ушуга ж.б. маселелерге ылайык прокуратурага тиешелүү мыйзамдарды да өзгөртүп, жаңысы керек болсо, жаңысын кабыл алып, айтор анын да реформасын көп кечиктирбей бүтүрүп берүү биздин башкы милдеттердин бири. Бир сөз менен айтканда иликтөө институтун өркүндөтүп, алардын да көз карандысыздыгын бекемдеп беришибиз керек. Мисалы, милициянын начальниги тергөөчүгө тапшырма бере албагандай жобо иштелип чыгышы керек. Анткени иликтөө сапаты жакшы болсо, сот чечими да жакшы болгонго жол ачылат. Керек болсо, иликтөө жакшы болсо, иш сотко жетпей эле, ошол иликтөөнүн деңгээлинде деле бүтүшү мүмкүн. Андан тышкары, эксперттик базаны өркүндөтүү боюнча тиешелүү иштерди баштайбыз. Анткени экспертизага да көп нерсе көз караанды.
- Силердин комитет КРнын Акыйкатчысы менен түздөн-түз иш алып барат эмеспи. Айтайын дегеним, жакында эле Турсунбек Акунду экинчи мөөнөткө шайладыңыздар. Чынында коомчулук; "Т. Акундан башка киши калбай калгансып, ал кишини" деп көп жактырган жок. Чынында Акундан артык талапкер жок болдубу?
- Жок болду деп так кесе айта албайм. Биринчиден мен комитеттин төрагасы катары тигил же, бул талапкерге тартууга укугум жок. Негизи бизде Акыйкатчыны тандоо боюнча такталган жоболор жок. Ошон үчүн биз канча талапкер болсо, ошонун баарын парламентке алып чыктык. Муну түшүнбөгөн айрым депутаттар "силердин комитет, иликтеп туруп бир талапкерди алып чыгышы керек эле" деген дооматты айтышты. Эгер бирөөнү алып чыксак, анда бир топ чыр болмок. Ал эми Т. Акундун тандалышы биринчи кезекте анын ишмердүүлүгү, жасаган эмгеги эске алынды. Бир катар кемчиликтери болсо да, 20 жылдан бери адам укуктары боюнча иштеп жүрөт. Мисалы, Баткендеги окуяда башын канжыгага байлап туткунга түшкөндөрдү бошотуу боюнча террористтер менен сүйлөшүүгө барды. Андан кийин, революцияларда, митингдерде таяк жеп жүрдү, Акыйкатчы болгондон бери адам укуктарына арналган Эл аралык конференцияларды уюштуруп жүрдү. Бул жагынан алганда, башкаларга салыштырмалуу тажрыйбасы бар. Кемчилигин айтсак, көп учурда жеңил-желпи болуп, эмоцияга алдырып, майда-баратка аралашып кетмейи бар экени айтылып келет. Бул сапат негизи Акыйкатчыга анча жараша бербеген сапат деп эсептейм. Мындай кемчиликтерине карабастан тандоого татыды. Ал киши, эл арасында айтылып келаткан кемчиликтерин жоюуга аракет кылышы зарыл.
- Эми чек ара маселеси боюнча сүйлөшсөк. Жаңы-Жыл жаңырары менен Сохто абдан оор кырдаал түзүлүп, анын кесепти эмдигиче жоюлбай турат. ал жердеги мекендештерибиздин укуктары көз көрүнө тебеленди. Бул боюнча парламент кандай чара (мыйзамдуу жагынан) көрөт?
- Эми чек ара маселеси бир гана мыйзамдар менен чечилип кетпейт. Бул маселени комплекстүү чечишибиз керек. Чынында чек араны чечүүгө убакыт жетти. Анткени бийликтин системасы алмашты да. Жакынкы убакытта, Сохко постторубузду коюп, талаптагыдай иштерди аткарабыз. Чек ара маселесинде Сохтогудай кырдаал түзүлгөн учурда, Өзбекстан бизге кандай кысым көрсөтөт? Мунун тамыры тереңде. Бирок ошондой болсо да, ачык, аны эл билет, азыр темир жолду тосууга барып, поезддерди токтотуп жатышат. Бирок мындай көйгөйдү чечүүгө жол бар. Буйруса, Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу салынганы турат. Экинчиси, Кыргызстан Өзбекстанга электр энергия жактан көз караанды. Бул маселе "Датка-Кемин" подстанциясы курулуп бүтсө, чечилет. Ал эми газ маселесин болсо Россиянын "Газпрому" менен бирге чечүү боюнча иштер башталды. Айтор, биздин ушундай көйгөйлүү муктаждыктарды чечүүгө жолдор бар. Бир аз убакыт гана керек. Мен бир нерсени ачык айта кетейин. Өзбекстан биздин Камбар-Атаны, Нарын каскаддарын курабыз дегенибизге каршы. Анткени биз ал пландарыбызды ишке ашырсак, анда алар суудан өксүп калышы толук мүмкүн. Бул биздин колубуздагы эң башкы көзүрүбүз болот. Ошондуктан алар ушул маселеге кысым көрсөтүү үчүн Сохто чектен чыккан окуяларга орун беришти деген кептердин да кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар.
Негизи кандай болгон күндө да чек ара маселесин чечпесек анда биздин эгемендүүлүгүбүзгө шек кете берет да. Андайга жол бербеш үчүн, башка долбоорлорду убактылуу токтото туруп, чек ара көйгөйүн чечүүгө канча каражат талап кылынса, ошончо каражатты аябастан бөлүшүбүз керек.
- Кумтөр боюнча өкмөттүн комиссиясы өз жыйынтыгын чыгарды. Эми иш жүзүндө кандай чара көрүлөт? Мамлекетке пайда болобу? Же бул жолу да кагаз жүзүндө калабы?
- Кагаз жүзүндө калбайт. Анткени, өкмөт биринчи жолу профессионалдык түрдө комиссиянын жыйынтыгын чыгарды. Мен да бул комиссиянын мүчөсү болдум. Буйруса, жыйынтык жакшы. Баарыбыз колдоого алып жатабыз. Мисалы, бул комиссия: келишимди жокко чыгарып, С. Жапаровдор чакыргандай басып алалы деген ураан таштаган жок. Биринчи кезекте Кумтөрдү 20 жылдан бери иштетип жаткан Канаданын компаниясы кандай жолдор менен иштегенин, канча алтын казганын, биздин мамлекетке кандай зыян келтиргенин юридикалык өтө так иликтеп чыкты. Кумтөр негизи 2007-жылы эле бизге 67 пайыз менен өтмөк да, биз өзүбүз башкарып, өзүбүз иштетмекпиз. Бирок андайга атайын жол беришпей, 2003-жылы мыйзамдарды, келишимдерди өзгөртүп, өз кызыкчылыгында иштетип келишти. Натыйжада биз 67 пайыздын ордуна 33 пайыз менен олтуруп калдык. Биз эми соттошсоңор, соттошобуз деп жатабыз. Бирок сотко чейин ушунча жылдардан бери мыйзамсыз иштетип келгениңер боюнча суроолорго жооп бергиле. Болбосо, келишимди кайра түзөлү. Ага да көнбөсөңөр анда, келишимди жокко чыгарып, башка бир башкаруучу компания иштете берет, соттошолу деп жатабыз. Буга эмне дешет, көрөбүз да.
- Эми бул ишке аша турган нерсеби? Саясий эркибиз жетеби?
- Ишке ашат. Буга азыр бир да депутат каршы болбойт. Мен ойлоп жатам, биз соттук ишке жетпей, канадалык компания менен сүйлөшөбүз. Ортодо эч кандай күч болбойт. Бул жолу саясий эркибиз жетет. Эгер сүйлөшпөйбүз дешсе, анда биз соттошууга даярбыз. Мен бир нерсени айта кетейин, Кумтөрдү ушул ахыбалга алып келген мурунку премьер-министрлер, министрлер, депутаттар бар. Мына ошолордун күнөөсүнө жараша соттошубуз керек. Ушул эле маселени Канаданын бийлигине коюшубуз абзел. Алар да аферисттик жол менен биздин мамлекетке чоң зыян кылган адамдарын мыйзам чегинде жазалашсын.
- Соңку суроо болсун. Парламент жакында эле тил боюнча жакшы бир мыйзам иштеп чыкты. Бирок ага башка улуттардан мурун кыргыздар өздөрү каршы чыгып жатышат. Тил маселеси да адам укугуна кирет эмеспи. Бул боюнча сиздин пикир кандай?
- Менин оюмча, бул мыйзамга каршы чыккандар аз. Демек, тил мыйзамы парламентте колдоо табат деген ишеничтемин. Бирок биз глобалдык дүйнөдө турабыз. Курмантай Абдиев "мыйзамдарды кыргыз тилинде жазабыз" деп айтып баштады. Мен айтып жатам, ага эртерээк. Анткени көп багыттар боюнча, мисалы, экономикалык, юридикалык терминдердин так котормосу жок да.
- Эмне үчүн эрте? Бул эчак бышып жетилген маселелердин бири десем жаңылышпасам керек?
- Канча убакыт керек экенин так айта албайм. Бирок 3 жылбы, 5 жылбы атайын программа түзүшүбүз керек . Анан ошол программа боюнча кетишибиз абзел. Мисалы, өзбектер Өзбекстанда жалаң өзбекче сүйлөшөт, тажиктер да ошондой. Демек азамат! Бирок алар өз өлкөсүнөн чыкканда, катуу айтканда "мал" болуп калат. Биздин мекендештер болсо, алардан алда канча айырмаланып, Россияда болобу, башка жакта болобу тил маселесинде артыкчылыгын көрсөтүп жатышат. Менин айтайын дегеним, өзүбүздүн эне-тил менен бирдикте башка тилдерди да ала жүрүшүбүз мезгилдин талабы болуп турат.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев