Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"МАНАС" ЖӨНҮНДӨГҮ
ЖЕТИ КИТЕП

Өлкө Президенти А. Атамбаевдин "Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндөгү" (27-январь, 2012-жыл) Жарлыгынан кийин 2012-2013-окуу жылында "Манас таануу" сабагы орто жана атайын орто кесиптик билим берүү мекемелерине, бардык жогорку окуу жайларына өзүнчө предмет катары киргизилип, окутулуп жатат.

Бул билим берүү системасындагы өзүнчө бир тарыхый окуя жана эң сонун саамалык. "Манас таануу" сабагы жаштарыбызды улуу мурасыбыз менен кенен тааныштырууга жана аларды Манас руху менен суугарууга оңтойлуу мүмкүнчүлүк түзмөк. Албетте, көч бара-бара түзөлөрүнө ишенебиз. Бирок азырынча, "Манас таануу" сабагы окуу китептери, окуу куралдары, окуу колдонмолору, окуу хрестоматиялары жагынан кыйынчылыкка учурап жатканы да чындык. Ушундай шартта белгилүү адабиятчы, педагог, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиевдин "Манас таануу" сабагына зарыл болгон ар түрдүү наамдагы 7 китепти үстүбүздөгү жылда бир учурда чыгарышы өзгөчө жаңылык, мыкты атуулдук-окумуштуулук демилге катары кабылданбай койбойт. С.Байгазиевдин "Манас таануунун муктаждыктары үчүн чыгарган китептери төмөндөгүдөй аталышта:

1. "Манас" эпосундагы баланы эркин тарбиялоо философиясы.
2. "Манас" эпосу: тарыхый эстутумга, антимаңкурттук рухка жана мекенчилдикке тарбиялоо.
3. "Манастын" ата-эне жөнүндөгү этнопедагогикалык осуяты.
4. Бала Манастын инсан катары калыптанышында эмгек тарбиясынын ролу.
5. "Манас" эпосундагы өнөр-билим педагогикасы.
6. "Манас" эпосунун биримдик, достук, ынтымак жөнүндөгү улуу идеялары - бүгүнкү жарандык тарбиянын тиреги.
7. Улуу "Манас" - улут тиреги.

Бул китептер эмне мазмунда экендигин, кандай темаларга арналгандыгын китептердин аттарынын өзү эле айтып турат. Жалпылап айтканда, аталган китептерде океандай "Манастын" элдик педагогикасы, жаштардын таалим-тарбиясына негиз боло турган эпостун руханий, адептик-ыймандык жана патриоттук улуу дөөлөттөрү, мекенчилдик идеологиясы жана ата-бабаларыбыздын бала тарбиялоодогу колдонгон усулдары, ыкма-амалдары, педагогикалык-гуманисттик философиясы тууралуу далилдүү жана терең сөз болот. Окурман бул китептерден Манастын кантип Манас болгондугу жөнүндөгү аргументтүү, ынанымдуу ырастоолорго, кеңири масштабдагы ой жүгүртүүлөргө, кызыктуу илимий аңгемеге күбө болот.
Жети китеп педагогиканын, адабияттын, философиянын, культурологиянын ширөөсүнөн бүткөн эмгектер десек жаңылышпайбыз. Профессор С.О.Байгазиев 2010-жылы "Манас таануу" аттуу Министрлик бекиткен окуу китебин да жазып, жогорку окуу жайларына сунуштаган. Yстүбүздөгү жылда "Манас" эпосун мектептерде жана жогорку окуу жайларда окутуунун концепциясын" да түзүп, ал концепция КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында кабыл алынды.
Окумуштуунун "Манаска" арналган 7 китеби "Манас таануу" сабагы үчүн гана эмес, жалпы эле билим берүү системасындагы окуу-тарбия иштери үчүн керектүү курал болорлугунда шек жок. Сөз акырында, бир гана каалоо, автордун каражатына чыккан 7 китепке мамлекет көңүл буруп, көп нускада кайталап чыгарса жакшы болор эле.
Такабай Асанакунов
Абдыбек уулу,
педагогика илимдеринин кандидаты.





КОРРУПЦИЯНЫН
МЕТАСТАЗДАРЫ

Рак болуп ооруган адамга операция жасаганда, кээде метастаздары калып, шишиги кайра өсүп, адамдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Биздин өлкөдө коррупцияга каршы айоосуз күрөш жарыяланып күрөшүмүш болобуз, бирок чын-чынына келгенде метастаздар көбүнчө кесилбей калып жатат.

Паракор министрлер, мародер депутаттар жөнүндө, учурунда баардык ММКларда жакшы эле чуулдатып жаттык эле, азыр болсо алар жыргалдын үстүндө чардап жатышат.
Эми аларга алыбыз жетпегенден кийин, тийишпей эле койолучу. Бүгүн, кыраан чилдеде биздин жашообузга түздөн-түз коркунуч туудуруп жаткан энергетика тармагы жөнүндө кеп кылалы.
Биздин өлкөдө ар бир адам, кыш түшкөндө суук кошо түшөөрүн билет. Бирок биздин премьер-министр ушул жашка келип, кышында суук түшөөрүн билбей калыптыр, аны биз кайдан билет элек, өзү элдин алдына чыгып алып теледен айтып жатпайбы. -Э-э кудай! -деп жакабызды карманып келме келтиргиче болбой, катуу суук түшүп кетип Кыргызстандын элинин басымдуу көпчүлүгү тоңуп өлүп кала жаздады. Ага жаратылыштын катаалдыгы эмес, энергетиктердин шалаакылыгы себеп болду. Суук түшкөндө элдин көбү электр энергиясын жылытканга пайдаланып, эптеп кыштан чыгат эмеспи. Так ошол учурда контроллер деген желмогуздар кычап , светти кыркып, андан калганын веердик өчүрүү деп, өчүрүп, карапайым элди обу жок кыйноого салышат. Контроллерлорду эптеп алдасаң болот, чөнтөгунө бирдеме салып коюп.
Калмамбетовду кантип алдайсың? Эмне болсо эле теледен чыга калып свет арзан болуп, ремонтко жетпей жатат, деп ыйлаактап отурат. Ишенейин десең, электр энергиясын сатуудан жылына он миллиард сомдун тегерегинде акча түшөт экен, анын 40% контроллердон баштап министрине чейин жеп атып, коммерциялык жоготуулар деп аш кылат экен. Мындай таламай схеманы Бакиевдин сүймөнчүгү Ширшов деген куйту еврей ойлоп чыгарып ишке ашырган имиш. Анан азыркы энергетика тармагынын көзүрлөрү түк өзгөртпөстөн пайдаланып жатканы өзүлөрүнүн эле ветерандары зар какшап жатышат. Ишенбейин десең энергетикадагы орто заар эле чиновниктер этаждуу кан сарайларды куруп алып алдына үй-бүлөөнүн пайдалануусундагы он чакты машинени тизип койот.
Эми аны айлыгына алды дейин десең, ал айлык менен ошондой бейиш жашоого жетиш үчүн кеминде миң жыл иштеш керек.
Так ушундай катаал мезгилде, мамлекеттин жонуна бычак сайган "Кыргызгаздын" директору болду. Ушуга чейин биздин газ боюнча казактарга карызыбыз үч миллион доллардын тегерегинде деп дөгүрсүгөн эме бир күнү туруп эле, биздин казактарга карызыбыз кырк миллион доллар деп, суук эң катуу болуп жаткан учурда өнөр жай ишканаларына жана менчик үйлөргө газды бууп салбадыбы. Жыйынтыгында элдин баары электр жылыткычтарга өтүп, чыңалууну көтөрө албаган бир топ трансформатор күйүп кетти. Ал үчүн "Кыргызгаздын" директорун жоопкерчиликке тартмак түгүл "Кыргызгазды" Россиянын "Газпромуна" бир долларга сатып анын директорлугуна баягы эле биздин аттын кашкасындай таанымал баатырыбызды, өлкөнүн жетекчилери түртүп жатыптыр. Ошон үчүн кайран чымыркай кыргыз элим дагы чыдагыла, бул шылуун газдын башында турганда, ошол газдын келиши арсар.
Баяман Омар