Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ишенсең койсоң, өзүң бил…
Марат Алышпаев,
Т. Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын директору:
"Жеп кеткен 2,5 миллион
сомубузду ала албай жатабыз..."

- Марат байке, сиз менен бул жолу чыгармачылык тууралуу эмес, театрдагы чууга айланган коррупция, так айтканда театрды оңдоого бөлүнгөн 26 миллион, андан уурдалган миллиондор тууралуу сүйлөшсөк. Бул тууралуу сиз жакшы билесиз, анткени театрдын жарымына жакын оңдоо иштерине сиз көзөмөл кылбадыңызбы?
- Ал акча 2007-жылы бөлүнүп баштаган. Мурунку директор Кыргызбай Осмонов 2009-жылга чейин 16 миллион сомго оңдоо иштерин жүргүзгөн экен. Мен директор болуп келгенден бери 10,5 миллион сомго оңдоо иштерин жүргүздүм.
- Ал 16 миллионго кандай иштер аткарылган да, 10,5 миллионго кандай иштер аткарылды? Салыштырмалуу айтып берсеңиз?
- Мен келгенде, оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу театр жабык экен. Мен келери менен эле кичинекей залды ачтым. Мурун ал бир жылда бир жолу ачылчу экен. Мен келсем, "Стройтехмонтаж" деген фирма, сахнаны жасап жатыптыр. Полду эптеп-септеп, нары-бериге салып бүтүрүп коюшуптур, сахнанын тегерене турган тактайы тегеренбей калыптыр. Анткени өмүрү сахна жасап көрбөгөн фирма эмес экен да. Кыскасы, аткарган иштеринин аты эле бар, заты жок. Ал фирманын кожоюну Ырысбай Токсобаев экен. Мен жактырбай, токтотуп койдум. Эми 16 миллионго эмне иш бүткөнүнө токтолоюн. Театрдын жалпы жылытуу системасы бүткөн. "Ариет-Д" деген фирма светтерди коюптур. Жогоруда айткан Токсобаевдин фирмасы биринчи кабатты жана экинчи кабаттагы гримдөө бөлмөлөрүн оңдогон экен. Жылдын аягында (2010-жылы) текшерүү келди. Алар мага: "Кыргызбайдан текшерип өткөзүп албайсызбы, эмне үчүн анткен жоксуз" - дешти. Мен: "антип өткөзүп албайм. Ага этика жол бербейт. Бир директордун кылганын экинчи директор чукубайт, ал атайын органдар аткара турган иш" дедим. Эсептөө палатасы текшергенден кийин, баягы 16 миллиондон 2 миллион 250 миң сомго жакын максатсыз жумшалган акчаны таап чыкты. Таң калыштуусу, ушу театрды билсе да, билбесе да шымаланып оңдоо иштерине аралашкан "Стройтехмонтаж" менен "Констракшн Элизум" деген эки фирманын тең ээси мен айткан Ырысбай Токсобаев экен. Анын жасаган иштериндеги кемчиликтери үчүн сотко бердим, соттон утуп алдым. Натыйжада "Констракшн Элизум" театрга 888913 сом карыз болуп калгандыгы аныкталды. "Стройтехмонтаж " болсо 665300 сом карыз болду. "Ариет-Дны" да сотко бердим, ал 812100 сом карыз болуп чыкты. Бул карызды бүгүнкү күнгө чейин төлөшө элек. Жалпы жонунан алганда 2 миллион 250 миң сомдон ашык акча өкмөткө түшүш керек болчу. Дайын жок. Мени бир нерсени түшүндүм. Ушуларга окшогон бир топ фирмалар мамлекеттин акчасын жеп кетет экен да, фирмасын жаап коюшат экен. Соттон утканыбызга 1,5 жыл болду. Эч натыйжа жок. Муну мен кайра прокуратура жаздым. Алар кайра ишти милицияга жылдырып койду. Чечилбеген маселе орган мекемелеринин ортосунда өзүнчө эле бир айлампа болуп жүрө берет окшойт деп алдым.
Ал эми 10 миллион сом менен эмнени аткардым. Ачык айтканда, мен кыргыз фирмалары менен иштешкен жокмун. Анткени, кыргыздыкы сураша келсе, таяке-жээн болуп чыга келип, бирде болбосо, бирде "муну минтип кой"- деген суранычтар башталарын билдим. Ушу себептен мен жалаң орус, корей фирмалары менен иштештим. Мисалы, "Азия+" деген фирма, чатырды жапты, биринчи келгенде алар 1300 кв. метр чатырды 2 миллион сом деп келди. Анан тендердин жыйынтыгынан улам 970 миң сомго жетти. Корейлер болсо сахнаны жасады. Баягы "Стройтехмонтаж" жасаганын баарын алып салып, кайра сахна тегерене тургандай, автомат кылып башынан жасады. Өрткө каршы системасын бүтүрдү. Дагы бир орус фирмасы сахнанын көшөгөсүн көтөрө турган механизмдерин жасады. Дагы бир орус аялга бердик, ал залды, биринчи, экинчи кабаттагы фойени толугу менен жасап чыкты. Астанада иштеп жүргөн бир кыргыз бала биринчи, экинчи кабаттагы бөлмөлөрдү алып, жакшы бүтүрүп берди. Бирок ушуга да "Элайтик" кирип кетти. Аны болсо, Нарынбек Ыбыкеев алып келди. Ал киши технадзор эле да. Ал "Ариет-Д" бүтүрбөй кеткен иштерди бүтүрүп берди. Жыйынтыгында биз "Элайтикке" 500 миң сомдон ашык карыз болуп калганбыз. Ал акчаны акча жок, бир жылдан бери бере элекпиз. Бирок жаңы-жылдын алдында бизди ИИМдин коррупцияга каршы бөлүмү да текшерип, "Элайтиктен" аткарган иштеринен 270 миң сом ашыкча көрсөтүлгөнүн таап чыкты. Андан тышкары, Осмоновдун учурунда светтерди жаңылоого 7 миллион сомдой бөлүнүптүр. Аны "Интегра KG" деген фирма жасаган экен, бул фирма да 250 миң сомдой акчаны ашыкча кошуп койгондугу аныкталды. Кыскасы, мындай эсептеп көрсөм, мен 10,5 миллион сомго театрдын 70 пайыз оңдоо иштерин жүргүзүптүрмүн. Анан мен келгенден кийин бир жыл төрт ай дегенде театрды ачтык.
- Сиз 10, 5 миллион менен иштин 70 пайызын бүтүрсөңүз, Кыргызбай Осмонов 16 миллион сом менен болгону 30 пайыз эле иш аткардыбы? Анда ал акчаны бүт эле жеп алган го деген суроо туулат....
- Ошондой болуп жатпайбы. Ал болгону светтерди, жылуулук системасын бүтүрдү. Эң эле кызыгы мен театрды октябрда ачып, жылуулук системасын ишке берсек, трубалардан шорголоп эле суу агып калды. Айрым жерлери, мисалы, фойеники бүт жарылып кетти. Көрсө, алар ысык-сууга муздак суунун трубасын коюп коюптур. Муну "Ариет-Д" жасаган да, ал фирма ушул убакка чейин карматпай качып жүрөт. Андан тышкары аялдардын дааратканасын да жасабай таштап кеткен да. Негизи, ысык суунун трубасы такыр башка болот да, ичинде фальгасы бар. Аны 2012-жылдын күзүндө 300 миң сомдон ашык акчага кайра жасаттык.
- Эки фирманын ээси болгон Ы. Токсобаев театрга 15 миллион сомдон ашык акча карыз болуптур. Ал киши каякта? Же карматпай качып жүрөбү?
- Качпай эле Ошто жүрөт деп угабыз. Бул органдын иши эле, негедир орган жакшы аракет кылбай жатат го. Соттун чечими да аткарылбай турат.
- Жогоруда сиз: "бир директордун ишин экинчи директор чукубайт" деп айтпадыңызбы. Ал маселе боюнча да кол алдыңызда иштеген актриса Жипариса Көчөрбаева бизге берген маегинде театрды Алышпаев Осмоновдон мурунку министр Раевдин көрсөтмөсү боюнча текшерип алган эмес деп ачык айтты эле. Бул чындык да?
- Султан Раевдин тиешеси жок да.
- Раев ошол кезде министр болуп турган да. Осмоновду коргоп ошентип сизге айткандыр да. Себеби арты таза эмес экенин элдин баары эле айтып келишет го.
- Раев Осмоновдун учурунда министр болчу, андан кийин министр болгон жок да. Көчөрбаеванын айткандары эч кандай чындык эмес. Ишенбесеңер ошол эле С. Далбаев баштаган артисттерден сурагыла. Мен кантип ошентип айтайын. Раевсиз эле чыкты да, каржылык мыйзам бузуулары. Менин учурумда бөлүнгөн 8 миллион боюнча Нуркан Турсунбаев арыз жазды, ал арыздын негизинде укмуш текшеришти. Мыйзам бузуу чыккан жок. Андан кийин Каржы кызматы бир ай бою текшерди, алар да табышкан жок. Андан кийин, Көчөрбаева ИИМге жазды, алар да текшеришти. Менден болгону "Элайтик" эле чыкты. Айтор, менин андайым жок. Өзүм жооп берем. Мен так иштегенге аракет кылам.
- Эми театрдын ахыбалын айтсаңыз. Акыркы учурда кандай өзгөрүү болду. Жакшы жылыштар барбы? Же мурунку Осмоновдун кезиндегидей элеби?
- Театр Осмоновдун учурунда башка болчу. Азыр башка. Чоң өзгөрүүлөр бар. Мен салыштырмалуу түрдө сандар менен айтып берейин. Биринчиден Осмонов директор болуп турган акыркы эки жарым жылдын ичинде 141 спектакль койгон. Аны көргөн көрүүчүлөрдүн саны 30 141. Спектаклдерден түшкөн акча жалпысынан 984 110 сом. Атайы эсепке кирген ижара акысы ж.б. кызматтардан 832 286 сомду түзгөн. Ошондо жалпы эсептеп көрсөк, 2,5 жылда 1816 286 миң сом табышкан.
Эми мен башкарып турган эки жарым жылдын ичинде жалпысынан 367 спектакль коюлду. Көрүүчүлөрдүн саны 55 459га жетти. Спектаклдерден чогулган акча 3335154 сомду, ал эми атайын эсепке кирген ижара акы ж.б. кызматтардан 3146010 сомду түздү. Жалпы суммасы 6581164 сом чогулттук. Осмонов 2,5 жылдын ичинде 6 жаңы спектакль койсо, мен 17 жаңы спектакль койдум. Анын баарын атайын эсепке чогулган акчалардын эсебинен койдук. Мамлекет бизге айлык жана коммуналдык кызматтарга акча берет. Калганынын көбүн өзүбүздүн күчүбүз менен коёбуз. Мындан тышкары, театрдын кийим тигүү цехине 3 кийим тигүү машинасын алып бердик. Театрдын карамагында автоунаа жок экен. 376000 сомго бир Мерседес-Бенц унаасын алдык.
Өкмөт кийин 700 миң сом бөлдү. Ага залды кышта жылыта турган, жайда салкындата турган кондиционер алдык. Театрдын сырттагы айнектери бүт сынып калган, ага айнектерди сатып алдык. Жаз келсе, аларды алмаштырып баштайбыз. Андан тышкары, чоң залга жарык бере турган (освещение) жабдыктарга 500 миң доллар сомдой кетет экен. Ага өкмөттүн күчү жетпейт. Ошон үчүн бир жакшы инвесторлорду таап жатабыз. Кореялык бир уюм ушул жылдын ичинде коюп беребиз дешти. Залга жалпысынан 150дөн ашык, прожекторлорду коюшат экен. Бирок биз ал 500 миң доллардын 25 миң долларын өзүбүз көтөрүшүбүз керек экен. Буйруса, ал каражатты табабыз. Буга өкмөт жардам берет го деп ойлоп жатабыз. Ушул иштер аткарылып бүтсө, анда буйруса театр толугу менен капиталдык оңдоодон өттү деп эсептелинет. Бирок сапатсыз жасалып калган иштер, азыр кайра талкаланып калып, жүдөтүп жатат.
- Аларды кайра оңдоого канча каражат сарптадыңыздар?
- Атайын эсептеги акчадан жалпысынан жарым миллиондон ашык акча жумшалды. Кыскасы, акырындык менен баарын иретке келтирип жатабыз. Мына менин кызматтык унаам жок, өзүм жөө жүргөндү жакшы көрөм, ошон үчүн кызматтык унааны жаңы келгенде төрт ай минип, аны да алмаштырып жиберип, анын ордуна гастролго чыкканга ылайыктуу деп бусик алалы деп жатабыз. Эми кызматтык унаага майды аз ичкен машина алайын деген максатыбыз бар.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев