Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Акылбек Түмөнбаев,
"Кыргыз улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору:
"Мамлекет долбоордун
жүрүшүндө ар бир жарандын
жеке кызыкчылыгын эске алды..."
- Акылбек мырза, алгач окурмандарга, түштүктөгү "Датка" подстанциясынын долбоору боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берсеңиз?
- Бул долбоор 2011-жылы 30-августта президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен башталган. 208 миллион доллар баасындагы, бир жарым жылда бүтө турган долбоор болуп эсептелинген. Каражат Кытайдын "Инексим" банкынан 20 жылдык мөөнөткө арзандатылган пайыз менен алынды. Тартыла турган электр зымдардын жалпы узундугу: 256, 5 чакырым (км) жана 220 кВ чыңалуусунда. 500 кВ чыңалуусундагы "Датка" көмөк чордону Базар-Коргон районунун Акман айылынын үстүндө жайгашкан. Азыркы убакта биздин түштүк региондорубуз Токтогул жана Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Курган ГЭСтеринен чыккан электр энергияны түз ала алышпайт, анткени электр энергиянын көпчүлүгү Өзбекистандын "Лочин" деген подстанциясына, андан башка да подстанцияларына барып, анан кайра бизге келет. Буйруса, бул иш бүтсө, өзүбүздүн электр энергиябыз толугу менен "Датка " көмөк чордонуна келип , ошол жерден 220 кВ чыңалуусундагы электр зымдары аркылуу Жалал-Абад, Ош , Баткен облустарында жайгашкан бөлүштүрүүчү көмөк чордондорго барат дагы андан ары элибизге жетет.
- Бул мааниси өтө зор, татаал иштин жүрүшүндө ар кандай кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болуп жатса керек да?
- Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Анткени бул долбоор өзү келишим боюнча 1 жарым жылда бүтө турган болсо, ал убакыттын 7-8 айы кыш мезгили болуп, эки жолу кыш мезгилине туура келип калды. Өзгөчө, кар түшкөн, тоңголок, суук убак, иштин жүрүшүнө бир топ эле тоскоолдук кылып коёт экен. Мисалы, кар калың түшкөндө, Иркештам-Ош жолунда көчкү жүрүп жол жабылган учурлар болуп жатты, кытайдан техникалык жабдыктар кечирээк келип долбоор бир айдан ашык убакыт кечигип башталды. Андан тышкары, Кытайдан 1000ге жакын жумушчу келип 2012 жылдын эрте жазында ишти башташмак, алардын визалары да убагында ачылбай кармалып февраль, март айларынан кийин келишти. Кыскасы, 2012-жылдын апрель айынын аягында иш толук кандуу башталды десек болот. Ал убакта жазгы талаа жумуштары башталып, кээ бир айдоо жерлердин менчик ээлери күзгү түшүмдү алгандан кийин электр мамычаларын орнотууга уруксаттарын беришти. Бүгүнкү күндө "Датка" көмөк чордонунда 500 кВ чыңалуусундагы ачык бөлүштүрүү түйүнүндө электр жабдыктарын орнотуу аяктап келатат, ишке киргизүү жана наладка иштери 80 пайызга аткарылып бүтүп калды. Ал эми 220 кВ чыңалуусундагы түйүндө электр жабдуулары жана ишке киргизүү, наладка иштери өткөн жылдын 16-декабрында бүткөн. Ошондуктан биз 22-декабрда 220 кВ чыңалуусундагы "Кристалл-Датка" электр линиясы аркылуу "Датка" көмөк чордонуна электро энергиясын берели дегенбиз, бирок аны кошуу үчүн, "Ташкөмүр-Кристалл" деген 220 кВ чыңалуусундагы электр линиясын өчүрө алган жокпуз, анткени ошол учурда бир топ суук болуп жаткан. Эгер өчүрсөк, анда республика боюнча 300-400 мегаватт электр энергиясын пайдаланууга чектөө киргизүүгө туура келмек. Ошон үчүн, аны өчүрбөй жылуураак болгуча күтүп калдык. Кудай буйруса, баары жакшы болсо, 22 январдан кийин "Датка" подстанциясына 220 кВ жогорку чыңалуусунда электр энергиясын ишке беребиз. Андан кийин, калганын кезеги менен ишке бере беребиз.
- 8-январда Өзгөндө Кытай жарандары менен жергиликтүү тургундарынын келишпестиги, түз айтканда мушташы бул долбоордун аткарылышына терс таасирин тийгизбей койбосо керек?
- Тийгизген жок деп айта албайбыз. Андай терс көрүнүш биздин ишибизге бир топ эле тоскоолдук жаратып койду. Ошол чатак болгон жерде баш аягы 120 Кытай жараны "электр мамычаларын" монтаждап иштеп жатышкан. Ал окуяны учурда күч органдары өздөрү иликтеп жатышат. Негизи, чатакты өтө күчөтпөй басып калууга жергиликтүү бийлик бир топ жакшы аракеттерди көрдү. Эки күндөн кийин, ал жердеги аксакалдар чогулуп, ынтымакка келип, жарашуу иш-чарасы болду. Кыскасы, ал чатак эки мамлекеттин мамилесине терс таасирин калтырбайт деп ойлойм. Азыр жалпысынан 608 Кытай жараны тиешелүү жерлерде иштеп жатышат. Буйруса, долбоор апрель айында толугу менен бүтүп калат. Жыйынтыктап айтканда, ушул чоң долбоор бүтсө, анда биздин түштүк региондорубуз өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергияны, өзүбүздүн электр зымдарыбыз аркылуу түз ала алышат.
- Эң жакшы. Эми "Датка-Кемин" долбоору боюнча кандай жаңылык айтасыз. Иштин башталышы кандай болууда? Кандай көйгөйлөр бар?
- Бул долбоор дагы президенттин демилгеси. Долбоордун баасы, 389 миллион, 795 миң долларды түзөт. Биздин Өкмөт Кытайдын жогоруда айткан "Инексим" банкынан алган. Мөөнөтү 20 жыл, үстөгү 2 пайыз. Былтыр 1- августта Кеминдин Чолок айылында долбоордун жана подстанциясынын куруу ишинин башталыш аземине Президент А.Атамбаев өзү катышкан. Азыр иш жаңы гана башталды. Жакында эле бул долбоордун жол-картасынын алдына ала түзүмүн макулдашып бекитип бердик. Куруу иштери болсо, март-апрелден башталганы турат.
Дагы бир жакшы жаңылык айта кетейин. Ушул долбоордун алкагында Кытайлык кесиптештерибиз Бишкектин үстүндөгү "Аларча" подстанциясына алдын ала кыштын алдында эки автотрансформатор алып келишти, натыйжада ал подстанциядагы 125 мВА кубаттуулугундагы автотрансформаторлор, биздин ААК "Кыргызстан улуттук электр тармактарынын" күчү менен 200 мВА кубаттуулукка алмаштырылды. Мындайча айтканда, подстанциянын кубаттуулугун жогорулатып Бишкекти электр энергиясы менен камсыздоону көбөйттүк десек болот. Буйруса, бул да өзүнчө бир жакшы иштердин бири болуп калды.
Ал эми "Датка-Кемин" долбоорунун бүтүшү 2015-жыл 30-августка белгиленген. Бирок кытайлар ага жеткизбей бүтүп беребиз деген убадасын берип жатышат.
- Бул долбоорду аткарууда канча адам иштейт. Аны канчасы кытай жарандары, канчасы кыргыздар болот?
- Жалпы жонунан 1500 жумуш орундары түзүлөт деп күтүлүп жатат. 15 пайызга чейин биздин мекендештерибиз болот, калганы келишим боюнча Кытай жарандары иштейт. Негизи бул абдан чоң долбоор. Мисалы, подстанция Кемин Чолок айылында болсо, 500 кВ жогорку өткөргүчтөгү электр зымдарынын (жалпы долбоор боюнча) 44 пайызы жол-карта боюнча Кочкор-Жумгал райондорунун аймагынан өтөт. Географиялык шартка жараша кээ бир айылдарда атайы өндүрүштүк курулуш базалар болот. Дагы бир нерсени белгилеп айта кетейин, мурунку жол-карта боюнча, долбоордогу электр линиясы Камбарата -1 ГЭСинен алысыраак өтмөк (тоону айланып өтмөк) эле, эми жогорку өткөргүчтөгү электр зымдары Камбар-Ата- 2, Камбар-Ата-1 ГЭСтеринин жанынан өтөт. Себеп дегенде, кийин бул ГЭСтер курулуп бүткөндө, электр энергиянын кубаттуулугун ушул жогорку өткөргүчтөгү электр зымдарына кошууга ыңгайлуу болорун эске алдык. Эгерде 2014-жылы Камбар-Ата 2нин экинчи агрегаты ишке берилсе, анда анын электр кубаттуулугу дароо эле ушул электр зымдарына кошулуп калат. Долбоор толугу менен бүткөндө, мамлекетибиздин түштүгүнөн түндүгүнө электр энергиябызды жеткирүүдө Казакстанга, Өзбекстанга болгон көз карандылыктан чыгабыз. Тактап айтканда, өзүбүздүн ГЭСтер иштеп чыккан электр энергияны куруп жаткан жогорку 500 кВ чыңалуудагы электр зымдары аркылуу түз алып калабыз.
- Курулуп жаткан подстанциялардын, жалпы эле электр жабдыктарынын, аткарылып жаткан иштин сапатын жогору деп айтууга болобу?
- Бул долборду ишке ашырып жаткан Кытайдын ТВЕА деген эң чоң компаниясы. Ал дүйнөдөгү 2-3 орунда турган белгилүү компаниялардын бири. Андыктан, аткарылган иштин сапаты, электр жабдыктары талапка жооп берет деп ишенимдүү эле айтсак болот. Анткени, ар тараптуу жакшы жетишкендиктери болбосо, аталган компания дүйнө боюнча алдыңкы орунга чыкпайт эле да, кытай өкмөтү сунуштабайт эле. Биздин атайы жумушчу топ долбоордун алкагында Кытайга барып, заводдордон чыгып жаткан электр жабдыктардын даярдалышын, сапатын көрүшүп, сыноолоруна катышып сапаттуулугу боюнча протоколдорго кол коюп келип жатышат.
- Ар бир жерде жеке кызыкчылык деген бар эмеспи. Сурайлы дегенибиз, долбоордун аткарылышында аздыр-көптөр коррупциялык көрүнүштөр да орун алып жатса керек, же..?
- Бул долбоор президенттин жеке көзөмөлүндө. Ошондуктан аткарылып жаткан иш коррупциялык көрүнүштөн алыс деп ишенимдүү айтсам болот. Анткени долбоордун келишимине кол койгонго чейин депутаттар, министрлер баш болгон чоң комиссия иштеген. Жеке кызыкчылык деп айтып калдыңыз, мамлекет долбоордун жүрүшүндө ар бир жарандын жеке кызыкчылыгын эске алды. Тактап айтканда, айрым "электр мамычалар" элдердин менчик жерлерине жана дыйкандардын жер үлүштөрүнө тургузулду. Ошон үчүн мыйзам чегинде биз ал жердин баасына жараша компенсация төлөп берип жатабыз, ал эми айыл өкмөттөрү жаңы жер үлүштөрүн беришти. 2011-2012 жылдары "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ишканасы тарабынан 10 млн. сомдун тегерегинде компенсациялык акча каражаты берилди.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев