Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Чаткалдыктар акимине чара көрө албай туру...
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж. Сатыбалдиевге
Кайрылуу кат


Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин "Коррупцияга каршы күрөшүүдө эл дагы бизге жардам берсе" - деген өтүнүчү бар эмес беле. Чаткал районунун акими Акматбек Таласбай уулуна Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан бир нече кылмыш иштери тергелип, сот органдарына өткөрүлүп берилди.
2012 - жылдын август айында Жалал-Абад областындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.К. Торомаматов баштаган областтын жетекчилери келип, Каныш-Кыя, Терек-Сай жана Шекафтар айылдарындагы эл менен болгон жолугушууда "райондун акими эч иш кылбай, райондо стабилдүүлүк сакталбай келүүдө" - деген арыз-армандарын айтышкан. Ага чейин аким А.Таласбай уулу 3,5 ай жумуштан убактылуу бошогондо эл кадимкидей тынч жашап калгандыгын, ал жумушка чыккандан 3 күндөн кийин фирмалардын жолу тосула баштаганын да айтышты. "Бизге тынчтык, районго стабилдүүлүк керек" - деп акимдин жумуштан кетишин талап кылышкан. Ал гана эмес, райондун акимчилигинде иштеген кызматчылар экиге бөлүнүп аппаратта ынтымак жок экендигин областтык өкмөттүн өкүлүнүн жардамчысы Ж.Ш.Эгембердиева келип акимчиликтин аппараты менен жолукканда билдиришкен.
Ал эми, 2012-жылдын 24-октябрында райондун элинин жашоо шарты, кышка карата даярдыгы боюнча эл менен баарлашканы келген Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ж.Сатыбалдиев баш болгон республиканын айрым жетекчилери менен болгон жолугушууда аким А.Таласбай уулунун дагы бир жолу бети ачылды. Чогулушка өзүн жактаган, урук-туугандарын күнү-түнү райондун борборуна алып келип, ал эми жалпы элге билдирген эмес. Суроо берип, сын айткан адамдарды акимдин дежурный адамдары кыйкырып сүйлөтпөй туруп алгандан кийин, "бул чогулушка катышып олтургандар акимдин дежурныйлары, булар сүйлөтпөйт ошондуктан чогулуштан кийин 5 адамды кабыл алыңыз" - деп премьер-министр Ж. Сатыбалдиевден сурандык. Чогулушта башбакан "Чаткалдагы 2 айыл өкмөттүн эли менен иштеше албагандан кийин эмне иш кылып жатасың, сенин үстүңөн өтө көп арыз бар" деп акимге нааразы болгон.
Премьер-министр менен губернатор чогулуштан кийин айткандай эле 5 адамды кабыл алды:
Ошондо эгер "А.Таласбай уулу 10 жылдан ашык айыл өкмөттү, 3 жылга жакын районду башкарып турганда, 1 дарак тигип, ушул даракты көгөрттүм" деп айтса, биз башка суроо бербестен чыгып кетебиз" деп айттык. Азыркы учурда Аким А.Таласбай уулунун үстүнөн Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан бир нече кылмыш иштери тергелип, сот органдарына өткөрүлүп берилди. Бул боюнча райондун прокурору М.Айдарбеков премьер-министр Ж.Сатыбалдиевге айтып, тийиштүү кагаздарын берген. Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев аким А.Таласбай уулунун үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча тийиштүү кагаздарды алгандан кийин, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Торомаматовдун "сенин ой-пикириң кандай" деп сураганда, "Таласбай уулун иштен кетирбесек болбойт, анын тийиштүү кагаздары даяр" - деди. Акматбек Таласбай уулу 2012-жылдын 26-декабрында Жалал-Абад шаардык сотунда боло турган сотко барбай, ооруп жатат деп бюллетень ачтырып алган, бирок айылдык кеңештерде өткөн төрагаларды шайлоо боюнча сессияларга катышып жүрөт. Ошондой эле 2013-жылдын 8-январында боло турган соттук отурумга аким ооругандыгына байланыштуу соттук процесс болгон жок.
2012-жылдын 29-октябрында Жалал-Абад областынын прокуратурасы №8/1-28-12 сандуу каты менен Кыргыз Республикасынын премьер-министринин атына Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы Таласбай уулу Акматбекти ээлеген кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуш берген. Жалал-Абад областынын прокуратурасынын сунушунун негизинде 2012-жылдын 29-октябрында Жалал-Абад областындагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы Таласбай уулу Акматбекти ээлеген кызмат ордунан бошотуу боюнча КР премьер-министри Ж.Сатыбалдиевге кат жолдонгон.
Бирок тийиштүү мөөнөтү келгендигине карабастан бул маселе чечилбей турат. КР Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамында райондун акимдерин жумушка дайындоо жана жумуштан бошотуу КР Премьер-министрине укук берилген.
Бул катка жазылгандарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев, Жалал-Абад областындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Торомаматов өздөрү күбө. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиевдин, Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы Таласбай уулу Акматбекти иштен бошотуу жөнүндөгү Жалал-Абад областтык прокуратуранын жана Жалал-Абад областындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Торомаматовдун сунуштарын кечиктирбестен чечүү жагын талап кылабыз.
Азыркы учурда Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы Таласбай уулу Акматбекке козголгон кылмыш иши Жалал-Абад шаардык сотунда каралганы турат. Чаткал районунун эли мыйзамдуу жана адилеттүү сот чечимин чыдамсыздык менен күтүүдө.

Эшалиев Каныбек,
Кожобеков Ойгонбай,
Карабаева Мавлюдбюбю,
Кадыров Абдылдабек,
Назалов Кылычбек ж.б.





Кулак

Тээ илгери.... Кызалак деген бай болуптур. Малдары короого батпай, малай жумшап, жайыттын мыкты жерлерин ээлеп күтүрөп турган чагы экен. Ошол учурда анын жалгыз карындашы кара таман кедейге турмушка чыгат. Андан Мааке аттуу балалуу болот. Күндөр өтө берет. Мааке алты-жетилерге келип калган чакта атасы оорудан каза болот. Апасы экөө оор турмушка туш келет. Бир күнү айласы кеткен апасы Маакеге кайрылып: "Балам Кызалак таякеңе бар, апам ооруп жатат, саап ичип турганга деп, улактуу эчки сурап кел", - дейт.

Мааке таякесине барат, апасынын айтканын айтат. Эртеси таякеси Маакени кырга ээрчитип чыгат да "Мааке! - көрдүңбү тээ тетиги "как көлдү" - деп сөөмөйү менен көрсөтөт. Бала көрдүм дегенсип баш ийкейт.
"Анда Мааке! - угуп ал, көл толтура сүт болсо да, өрөөн толтура мал болсо да сендей, өмүрүңөрдө жарыбаган кедейдин жетим баласына бок жок. Менин бир эчкимден байып кетмек белеңер", - деп тилдеп кууп ийет.
Апасы агасынын кылыгын угуп, ал дагы көп узабай көз жумат.
Күндөр өтүп жылга айланып, Улуу Октябрь революциясы жеңишке келип, баягы Кызалак кулакка тартылып, мал-мүлкү ортого өтүп сүргүнгө айдалып кетет.
Ошентип ал сүргүндөн келгиче колхоз-совхоздор уюшулуп, жаштар уюму түзүлүп "комсомол" деп аталып, айыл ичи шаңга бөлөнүп элдер иш менен алек, балдар мектепке барып, теңчилик заман келет. Жылдар өтүп баягы жетим Мааке комсомол уюмунун райондук 1-секретары болуп турган кезде таякеси Кызалак сүргүндөн келет. Таякеси Маакенин кызматын угуп, аябай сүйүнүп ага жөнөйт. Эртеси таякеси Маакеге кайрылып "Бирин экин жандык бер, балам, мал курап алайын" - дейт. Мааке таякесинин өткөн жоругун эстеп "Таяке, сизге өрөөн толо мал болсо да бере албайм алар ортонуку" - дейт. Ошондо кетирген каталыгын эстеп эсинен танып Кызалак оо дүйнөгө аттанган дешет көргөн билгендер.
Анын сыңарындай азыркы байлардан жакшылык күтүүгө болобу? Аларга дагы эле жетишпейт. Аларың акчанын күчү менен анча мынча колуңда барлардын жерин, үйүн "культурно" эле тартып алып коюп жайдак калтырып жатпайбы? А түгүл мен да бир байга алданып аз жерден үйдөн айрылып кала жаздагам Кудай сактады, кемпир болбосо.....
Сөздүн кыскасы "Байлык бар жерде калыстык жок" дейт. Булардыбы буларды кулакка тартып байлыгын ортого алып азыр Сибирге эмес тиягы Баткенге, биягы Ак-Талаага сүргүнгө айдаш керек. Колдоруна кетмен күрөк алып жол салышсын, кен казышсын...., чимкириги чыксын, ошондо түшүнөт ак эмгек менен кантип байырын... Негизи "Кулакты" мыйзамдаштырыш керек. Чет өлкөлүк инвесторлорду күтпөй Кулак мыйзамга кирсе көп байлык топтолобу дейм да?....
Укпаган баланы деле кулактан чоюп тарбиялайт го бул бекер жеринен болбосо керек. Онго чейин санай албай, оюнга берилген неберемди кулактан чоюп койсом азыр жүзгө чейин санап калды. Демек Кулак болбосо..., деги эле коррупционерлерден арыла албайбыз. Бул туурулуу иш. Акыры айтаарым "Кулак жана Кулак" кандай дейсиз окурман?!
Темирбек Мамбеталиев,
Бишкек шаары.