Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мамат Айбалаев,
Баткен облусунун экс-губернатору:
"Жер маселесине аралашкандыгы үчүн
А. Мадумаровду дагы
жазалаш керек..."

- Мамат мырза, Баткен облусунун Сох анклавында болгон окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып, окуяны иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Чегара кызматынын жетекчисинин алмашышы дагы окуяга байланыштуу болду окшойт. Айрым саясатчылар болсо, "бийлик окуяны алдын алып, болтурбай койсо болмок" деп жатышат, болтурбай коюуга мүмкүн беле?
- Ток этээрин айтканда, биринчиден: окуяга президентти, өкмөттү күнөөлүү дешке болбойт. Анткени чегара маселеси чегара башчысына, облус маселеси облус жетекчисине жүктөлгөн да. Алар жүктөлгөн милдетти аркалап, татыктуу деңгээлде иш алып барыш керек болчу. Тагыраак айтканда окуяны ушундай абалга алып келбеш керек эле. Бирок алар анткен жок. Экинчиден, чегара маселеси бүгүн эле пайда боло калган маселе эмес. Жыйырма жылдан бери чечилбей келе жатат. Мен чегара маселесинде өзбек бийлигин күнөөлүү дегенден алысмын, бирок өзбек чек арачылары тартипсиз экенин жашыра албайм. Эң өкүнүчтүүсү биз аларга убагында орусча айтканда "адекватный" жооп бере алган эмеспиз. Ошондуктан алар өз билгенин кылып, биздин чегарачыларыбызды, карапайым жөнөкөй атуулдарыбызды барымтага алып, уруп-согуп, керек болсо атып да салып жатышат. Эгер биз алардын өздөрүнө жараша мамиле кылып, чегарабызды бекемдеп алганда азыркыдай көрүнүштөр болбойт болчу. Анын үстүнө Баткен облусу абдан татаал облус. Тажиктердин дагы, өзбектердин дагы айылдары кыргыз айылдары менен чырмалышып алышкан. Аларды бөлүп салууга мүмкүн эмес. Тээ Кокон хандыгынан бери биригип жашап келе жатышат. Союз убагында эч кандай жер талашып, мушташуу деген болчу эмес. Союз таркап, ар ким өз алдынча мамлекет болгондон тартып эле балакеттин баары башталды. Акаев, Бакиев дагы чек араны бекемдей албады. Себеби алар мамлекетти башкарууда алсыз болушту. Акаев мыкты окумуштуу болгону менен, экономиканы түшүнчү эмес да. Түшүнбөгөндүгү үчүн түштүктөгү завод-фабрикалардын көбүн сатып жок кылбадыбы. Бир эле мисалды айтайын түштүктөгү төрт жарым миң адам иштеген кездеме чыгара турган шелк комбинатын Акаев болгону 75 миң доллардын тегерегиндеги каражатка сатып жиберген. Жеке эле Акаев эмес ошол кезде завод-фабрикаларды саткан жетекчилер бүгүнкү күнү деле бийликте жүрүшөт. Кызыл-Кыяда "Абай" деген Ленин заводунун филиалы, Ноокат районунда "Рудник улуу тоо" деген кичи комбинат бар эле, анын баарын сатып жок кылышкан. Бакиев болсо чегараны бекемдемек турсун өзбектер коридор сурап келгенде Тоют ашуусу аркылуу 200 км жерди өзбектерге берип, Баткенди анклавга айлантып ийе жаздаган. Эгер ЖК келишимди жокко чыгарбаганда Баткен анклавга айланмак. Анысы аз келгенсип Адахан Мадумаров дагы мамлекеттик катчы болуп турганда өзүбүздүн эле бир топ жерди тажиктерден 49 жылга ижарага алган. Мамлекеттик катчынын жер маселесин чечүүгө кандай укугу бар? Аны текшерген эч ким жок. Менин оюмча жер маселесине аралашкандыгы үчүн Мадумаровду дагы жазалаш керек болчу.
- Акаевдин учурунда сиз деле Баткен облусунун биринчи губернатору болуп иштедиңиз эле, ошондо чегара боюнча кандай алгылыктуу иштерди жасагансыз?
- Мен бир топ эле иштерди жасадым. Кадамжай районундагы чек арага жакын жайгашкан жолдорду туура чечип койгонума район эли азыркыга чейин ыраазы болуп жүрүшөт. Ошондой эле экономикага дагы абдан катуу басым жасагам. Экономиканы көтөрүү үчүн атайын программам бар эле. Кытайлар менен келишим түзүп, Кытайдан 100 миң ак эчки алып келмей болгом. Ал убакта ак тыбыттын баасы абдан кымбат болуп жаткан болчу. Аны алып келгенде облус эли бат эле байымак. Тилекке каршы мына алып келем деп жатканда Акаев мени кызматтан алып салып, ошону менен ал дагы алынып келинбей калган. Андан тышкары 1000 трактор алып келүү үчүн келишимге кол койдум эле, аным да ишке ашкан эмес. Мен кызматтан кеткенден кийин менден кийинки губернаторлор алардын бирин да ишке ашырган жок. Азыркы губернатор Жеңиш Разаковдун кесиби милиция, кандай иштеп жатат, ага эл өз баасын берсе керек...
- Деги эле өзбек-кыргыз мамилеси боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Өзбек кыргыз мамилеси жакшы эле, бирок, И. Каримов эмненин негизинде суу боюнча согуш чыгып кетиши мүмкүн деп айтты мен түшүнө алган жокмун. Негизи Каримов абдан кыйын киши. Мен ал киши менен 1990-жылы Алма-Атадан жолуккам. А. Масалиев, А. Жумагулов болуп чогу жолугуп, А. Масалиев экөө уруша кеткен эле. Ал окуялар өттү кетти бирок, эң негизгиси биз азыр чегара маселесин эртерээк чечип албасак болбойт. Сох анклавындагы окуя кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат? Эч ким кепилдик бере албайт. Жыл сайын Баткендеги кыргыздар Чүйгө көчүп келип, азыр Чүйдүн Панфилов, Жайыл, Москва райондорунда баткендиктер толуп калды. Алардын жерин болсо коңшу өзбек, тажиктер ээлеп алып, Баткенде күн санап, аталган улуттагы адамдардын саны өсүп жатат, алар көбөйө берсе акыбал мындан да татаалдашып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, облустун шартын тез аранын ичинде оңдоп, чек араларды бекитип, элге үстөк пайызды аз насыяларды берип, инвесторлорду тартып, ишти алга жылдыруу зарыл.
- Чегараны коргош үчүн элге курал бериш керек деп да айттыңыз, элге курал берилсе баш аламандык болуп кетпейби?
- Мамлекет чегараны коргой албаса, жерди тарттырып ийгенден көрө курал бергенден эч коркпош керек. Согменттин жанында өздөрүн "кырк чоро" деп атап алган жигиттер бар. Ошолорго берсе, алар чегараны коргоп алганга дайым даяр. 1999-жылы Баткен окуясында дагы элге, мергенчилерге курал берели десем, Акаев коркуп болбой койгон. Балыкчыда жапжаңы болгон, жүрүп турган 300 танк бар эле, ошонун жүз элүүсүн Баткенге чегарага алып барып жайгаштыралы десем, Акаев андан да корккон. Эгерде ошол танкаларды чек арага алып барып койгондо, бизге азыр эч ким унчуга алмак эмес.
- Азыр ал танкалар кайда?
- Кайда экенин ким билет. Уурдалып, тонолуп жок болсо керек. 9-майда аянтка болгону он чакты эле танка чыкканын көрүп жүрөбүз го.
- Баткенде азыр этникалык абал кандай?
- Абал жакшы эле, өзбек, кыргыз, тажик үч улут тең ынтымакта жашашат. Бирок элди чабыштырып, улуттар аралык жаңжал чыгаргысы келген ички жана сырткы күчтөр дагы жок эмес. Алардан сак болуу зарыл. Жума күндөрү эл намазга топтолгондо этият болуш керек. Анткени намаз убагында маселелер чечилип, ар кандай бузукулук иштер болушу мүмкүн.
- Эгер бийлик сизди губернатор кылса, иштеп берет белеңиз?
- Мен иштеп бергенден качпайм. Жашым болсо жетимиш төрткө келди. Кудайга шүгүр азырынча ал күчтөн тая элекмин. Дагы бир төрт беш жыл мамлекетке иштеп берүүгө кудуретим жетет. Ансыз деле Хайдаркендиктер Айбалаевди губернатор кылгыла деп суранып жатышпайбы.
- Баткендин экономикалык абалын кантип көтөрүү керек деп ойлойсуз ?
- Облустун экономикасын көтөрүү кыйын деле эмес. Кадамжай Сурьма комбинатын, Хайдаркен Сымап комбинатын, Сүлүктүдөгү шахталарды иштетсе эле, Баткен эли мигрант болуп эки жакка агылбай, жыргап жашайт. К. Бакиев Кадамжай Сурьма комбинатын казактарга сатып жиберген. Өткөндө премьер министр барса, алар бир жылда 900 тонна сурьма өндүрөөрүн айтып жатышпайбы. Аталган комбинатты мен жетектеп турганда 900 тонна сурьманы жыйырма беш күндө өндүрчүмүн.
- Жыйырма жыл ЖКнын депутаты болгон экенсиз, азыркы ЖКга кандай баа бересиз?
- Парламенттик башкарууга башынан өтпөш керек болчу. Өткөндөн кийин иштеш керек. Депутаттардын көбү өз ишин ойлогон бизнесмендер болууда. Анын баары өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканы баарыбызга эле маалым. Дагы бир мага жакпаган нерсе, депутаттар фракцияга бөлүнүп алып, айылдагы мектептин деректирине чейин бөлүштүрүп алышты. Бөлүштүрүү министрликтен ылдый түшпөсө туура болмок. Калган кызматкерлерди өкмөт башчы өзү дайындаш керек эле.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев