Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ауу Азике, 16 миллион кайда?
"Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар" - демекчи айтылуу "революция бульдозери" Азимбек Бекназаровдо катылып жаткан сырлардын дагы далайын биле элек окшойбуз. Эл оозунда айтыла калып жүрүүчү "Азикең мынча алыптыр, түкүнчө алыптыр" деген кептердин коллекциясына кечээ жакында дагы бир кызыктуу кеп кошулду. 2010-жылдын апрель окуясынан кийин Ак үйдү коргоп, сактап калган патриот жигиттердин башын бириктирген "Элдик кайрат" деп аталган уюмдун өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп, Ак үйдүн бухгалтериясынан 16 млн сом табылып, ал Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров башында турган комиссияга өткөрүлүп берилгенин айтышты. Аталган уюмдун мүчөсү М.Мамбетакунов "Ак үйдөн табылган сейфте 11 млн сом, 52 миң доллар, 52 миң беларусь рубли, орус рубли 44470, 25 миң евро,1230 чех кронасы табылып, атайын түзүлгөн комиссияга өткөрүлүп берилген. Чет элдик акчаларды сомго которгондо 16 млн сомду түзгөн. Ал комиссияны А.Бекназаров башкарган. Комиссияга Каржы министрлигинин, башкы прокуратуранын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, Ак үйдү кайтарган балдардан дагы киргизилген. Баары кол коюп, акчаны алып кетишкен. Акчаны алып жатышканда Бекназаров "расписка" жазып берген. Анын көчүрмөсүн "Элдик кайраттын" жетекчилери Тагай Мамбетов жана Мелис Аралбаевдер алышкан. Кийинчерээк анын көчүрмөсүн Аралбаевден сурасак, ал жооп бербей койду. Бизди азыр ошол 16 млн сомду жеп алды деп күнөөлөп, каралап жатышат. Ал акчаларга биздин тиешебиз жок. Аны Бекназаров алган, ал ушу күнгө чейин отчет бере элек" - дешти. Айтор апрелдеги окуялардан кийин аябай байыды делинип аткан Азикеңдин ак экенине ишенгендердин саны мүнөт санап азайып барат. "Кийинки революция качан болот, качан Азикеңдин акчасы жок калганда" - деген тамаша кеп бекеринен айтылбаса керек да.


"Ар-Намыстын" депутаты "Ар-Намысчы" министрди алып түшкөнү калды
Учурдагы Каржы министри Ольга Лаврова деле жыргатпай калды көрүнөт. Өткөн жылдын акырында өлкө бюджети боюнча депутаттардын берген элементардык суроолоруна так жооп бере албай такалып жатканынан көпчүлүктүн көңүлү кайт болгон. Бул министр айымга элдин гана эмес, эл өкүлдөрүнүн дагы нааразычылыгы күч болуп турат. 15-январь күнү "Бюджеттик Кодекс" тууралуу мыйзам долбоору каралмакчы болуп, бирок мамлекет үчүн мааниси опол-тоодой болгон талкууга министр Лаврова баш, орун басары Кожошев төш болуп кол шилтеп, парламентке басып келгенге жарашкан жок. Каржы министринин ишке болгон мындай шалаакылыгына жаны кашайган эл өкүлү Каныбек Осмоналиев Ольга Лаврованы кызматтан кетирүү боюнча башбаканга атайын кат жолдомой болду. "Ар-Намысчы" депутаттын "Ар-Намыстын" атынан шайланган министрге ачык чабуулга өткөнүнө караганда окуя Лаврованын отставкасы менен аяктайт окшойт. Анын үстүнө Ак үй менен Көк үйдө Ольга айымдын ишине ичи чыкпагандардын саны да күн сайын арбып баратканы белгилүү. Депутаттын кеби эбепке себеп болуп берет көрүнөт.


Өкмөт отставкага кетсин!
Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн отставкага чыгарабыз деп турганы. Ага себеп ушул болуптур: Баткен облусундагы Сох анклавында болгон окуяны талкуулоого премьер-министр келбей коюптур. Бул туурасында парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Токон Мамытов билдирген. Ал эми саясий баяндамачы Марс Сариев премьердин келбей калгандыгын "ал маанилүү иштерден бошобой калган болсо керек дейт, болбосо мындай маанилүү талкуудан калмак эмес, депутаттар эмоцияга алдырып жатат" деп баян этти.


Жээнбеков ишсиз калды

Мурдагы күнү башбакан Жантөрө Сатыбалдиев өзү жетектеп кеткен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясын түп орду менен жоюп салды. Мындай чечим бул дирекциянын мындан кийинки ишмердүүлүгү максатка ылайык келбей калгандыктан кабыл алыныптыр. Мамлекет бюджетинен жана чет элдик донорлор тарабынан миллиондогон акчалар агып туруучу бул дирекциянын ишин мындан ары Өкмөткө караштуу Курулуш жана аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик кызматы көзөмөлдөмөкчү. Сатыбалдиевден кийин бул май-талкан мансапты ээлеп калган Жусупжан Жээнбеков кызматсыз калды.


Акматалиевдин акылына ким муктаж?

Кыргызстандын азыркыдай кейиштүү абалына биринчилерден болуп Аскар Акаев жана анын командасындагы аткаминерлери айыптуу экени айтпасак деле түшүнүктүү го. Акаевдин ошондой аткошчуларынын арасында ИИМдин муруңку министри Темирбек Акматалиев да бар. Убагында Акаевдин аялы, бала-чакасы Кыргызстанды талап-тоноп жатканда үн ката албаган Темикең chalkan.kg сайтына акылдуу ойлорун ортого салып, атактуу орус философу Николай Чернышевскийчесинен "Эмне кылыш керек?" деген суроону коюп алып, Кыргызстан экономикасы эмне себептен өнүгө албай жатканына сереп салыптыр. Омоктуу ойлорунда кеп жок деңизчи, бирок убагында бийликте отуруп өлкөбүзгө бир тыйын пайда келтирбегенден кийин, ач көз Акаевдерди кой дегенге жарабагандан кийин, "жоо кеткен соң кылычыңды бокко чап" болуп, түштөн кийин акыл айтканда не пайда?


Дүйшөбаевдин дүрбөлөңү

УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев чек ара аймактарындагы коопсуздук маселесине арналган тегерек столдо Борбордук Азиянын эртеңкиси, Кыргызстандын келечеги тууралуу божомол кептерин айтып, көзү ачыктык кылды.
Апрель окуясынан кийин өлкөбүздүн башкы чекисти болуп эки жылга чукул иштеп калган Кеңешбек мырзанын айтымында 2013-2014-жылдар аралыгында Борбордук Азия аймагында кагылышуулар болуп, согуш оту тутанып кетиши мүмкүн экен. "Биздин аймак ири державалардын саясий оюн жүргүзүүчү талаасына айланды. Биз Орусия, Кытай, Америка үчүн топко айландык. Эгер өлкө бийлиги чечкиндүү кадамдарга барбаса, кыргызстандыктар өзүнө келип, улут биримдигин ойлобосо Кыргызстандын келечеги өтө тумандуу болуп турат. Оюн күндөн-күнгө күч алып бара жатат. 50 жылдан кийин кыргыз тили, анын артынан Кыргызстан жок болуп кетет деген божомолдор чын болуп калышы мүмкүн" - деди. "Күлгөндүн билгени бар" -демекчи, мындай дүрбөлөңдүү кепти бир топ жыл күч органдарын жетектеген Дүйшөбаев эмес, Нурлан Мотуев же Назарбек Нышановдор айтса кол шилтеп коет элек...


Чечендер Азис Батукаевди эркиндикке чыгарып кетишеби?
16 жылга кесилип Нарындын түрмөсүндө "эс алып" жаткан мыйзамдагы ууру Батукаев Азисти Чеченстандын криминал дүйнөсүндөгү "туугандары" эптеп чыгарып Чеченстанга алып кетүүгө катуу аракет кылып жатканы бир топ убакыттан бери айтылып келген. Жакынкы күндөрү алардын бул максаты ишке ашканы турат деген кайрадан коомчулукта кызуу талкууга түштү. Бул маалыматты тактоо иретинде ИИМ экс-министри, азыр Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевге кайрылдык. "Бул маселе бүгүн эле чыга калган жери жок. Чечендер Батукаевди Нарындагы түрмөдөн чыгарып кетүү аракетин беш-алты жылдан бери көрүп келатышат. Бир нече жолу катуу аракет кылшканы менен, анысынан натыйжа чыккан эмес. Мейли, аракет кыла беришсин, бирок биз ага жол бербейбиз". Закең мына ушундайча жооп узатты. Бирок Батукаевди чыгаруу операциясына саясаттагы таасирдүү адамдар да өз жардамын жең ичинде көрсөтүп жатышыптыр деген да имиш кептер тарады. Неси болсо да, сак болгулачы! Кокус, Батукаев качып кетип, уят болуп жүрбөйлү.


Чек арага зым тартабыз
"Чагылган "чарк" этмейин, мужук чокунбайт" дейт орустар, кыргызың деле ошол… Баткендеги чек ара чатагынан кийин парламент тарабынан барган депутаттык топ болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып келгенден кийин Жогорку Кеңеш Баткен облусунун чек арасын чыңдоого 50 млн сомду бөлдүрмөй болду. Ал каражатка чек ара зымдары тартылат. Буга чейин чек аранын 60%ти такталган, ал эми калган 40%ти талаш болуп турат. Эми ошол такталбаган жерден алдатып тынбасак болду. "Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, баарын сүйлөшүү жолу менен бүтүрүү керек, ачууга алдырбоо керек, башка улуттун кадырын сыйлаш керек" сыяктуу "мизи жок" куралдарыбыз менен кай жерге чейин жетер экенбиз…


Эки аңги камакта
Илгери Дарвин атабыз адамдар маймылдан жаралган деп айткан эмеспи. Маймыл деген айбан да… Бүгүнкү күнү адамдар четинен кайра айбанга айланып баратат окшоду… Аз күн мурун түн ичинде Бишкектин дал ортосундагы Абдумомунов көчөсүндө сейилдеп келе жаткан кыз менен жигитти эки айбан токтотуп, жигитин сабап, телефонун тартып алып, кызды зордуктап салышкан. Оңдой берди болуп ошол тушта Свердлов раймилиция өкүлдөрү көзөмөлдө жүргөн экен, тиги эки айбан дароо колго түшүрүлгөн. Алардын бири 19-жаштагы Сокулук районунун тургуну, жанындагысы 21 жаштагы таанышы экен. Азыр алардын аңгилиги көчүгүнөн чыгып жаткан учуру болсо керек…


Ташбаевдин күнөөсү көппү?
Максим Бакиев бүтүндөй бир мамлекеттин байлыгын ээлеп алып көөп турганда анын жөлөгү менен таягы болуп турган, кийин мамлекеттик геология агенттигинин деректири кызматын аркалаган Учкунбек Ташбаевге дагы бир ирет кылмыш иши козголду. 2012-жылын 15-июнунда лицензиялык милдеттенмелерди аткарбаганына карабастан ОсОО "Кутессай Майнинг" компаниясынын лицензиясын 2014-жылдын 31-декабрына чейин узартып берген. Ташбаевдин бул өзүм билемдиги "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген кылмыш беренесине барып такалат экен.
"ФАБУЛА" ПРЕСС