Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

ИЧ ООРУ

Ж акынкы күндөрдө менин илгерки досум, революционер, өз мекенинин патриоту Асектин үйүнө барып калдым. Барсам жаагына полотенце байлап алып, онтоп отуруптур. Көрсө анын тиши ооруп жаагы шишип кетиптир. Эми өлүмдөн коркпогон, кыраан, керек болсо мыкаачылар эмнеден коркот? Туура тиш доктурдан коркот! Мен аны доктурга алып барып тишин бир жаңсыл кылып берейин десем, караманча кашайып болбой койду. Бирок араң чыккан үнү менен мага айтты:
- Менин тиш оорумду күчөтүп аткан, ич оору болуп жатпайбы.- Ка-ап! Катуудан тиш, жумшактан ич оору дечи эле, экөө бир келсе, досум жан таслим болуп кетпесин деп:
- Досум! Тиш болсо илибой кишиники ооруйт, бирок сенин ичиң ооручу эмес эле го, кайдан жүрүп андай илдетти илип алдың?
- Сен туура түшүн, мендеги ич оору, физиологиялык мүнөздө эмес, бул биздин мекенибиз жана анын келечеги жөнүндө оору.Сен билесиң да мен апрель революциясынын эң активдүү катышуучусу болгом.Анда биз эйфориянын толкунунда жүрүп, басма сөздө, банк ячейкаларынан Бакиев жана анын жакындарына тийиштүү 120 миллион доллардан ашыгыраак акча табылды дегенде көп деле көңүл бурган эмесмин. Эми табылса табылгандыр, убактылуу өкмөттөгү биздин таза, акниет адамдар, ал акчаны туура пайдаланганга акылы жетет деп ойлоптурмун.
Бирок бир күнү телевизордон Атамбаев чыгып, убактылуу өкмөттүн эки министри ошол табылган акчанын бир бөлүгүн бөлүп алганын айтып, өтө кейиди. Анын айткан сөзүнө далил кылып, ошол эки министрдин телефон менен сүйлөшүүсүн бирөө билгизбей жаздырып алган экен, эфирден берди.Бирок тиги куу түлкү министрлер ал акчаны революциянын кызыкчылыгына пайдаландык деп чыгышты. Эми ал эмне деген кызыкчылык, билсе бир кудай билет жана эки шылуун билет.Атамбаев да негедир андан кийин, ал жөнүндө унчукпай калды. Бөлгөндөн арткан акчаларды улуттук банкка салып койдук, кереги тийгенде пайдаланабыз деп коюшту.
- Политика деген кир нерсе, ар кандай окуялар боло берет, анча мынча акчаны, жалындуу революционерлер өөнөп алган экен.А сенин ичиң эмнеге ооруйт, ошого таң калып жатам?
- Эми сен да бир кокуй экенсиң! Азыркы мезгилде бюджеттин тартыштыгы 20 миллиард сомдон ашып турганда, ошол акчаны бюджетке салса, тартыштыкты жарым жартылай азайтып койбойт беле деп, бир билген кишиге кайрылсам:
- Э-эй келесоо! Калган акчаны, тийиштүү кишилер, эчак эле бөлүнүп кеткен.-дейт. Анан кантип ич оорубайт?Уурусу күч болсо, ээси арам өлөт- дегендей, Бакиевдин куйруктары дагы эле бийликте отуруп алып жебегендин баарын, жеп жатса.Бийликке чын эле эл деп ойлогон адамдар келбесе, карапайым элге эле кыйын болуп жатпайбы?
Бул сөздөр мени катуу ойлонтту.Биз алты жыл митингдерде туруп, андан кийин революция жасаганда ушул эле биздин бийликтегилердин көпчүлүгү кандай зыңгыраган таза адамдар эле!Көрсө бийлик колго тийгенде көп кишилер, аны көтөрө албай бузулуп кетет турбайбы.Асек болсо бир нече күндөн кийин мага телефон чалып, тишти жулдурдум деп кабарлады, Бирок ич оору басыла турган эмес дейт.
Баяман Омар




Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт...
Арбактары ыраазы болушсун!
Кыргыз элине ат көтөргүс эмгек өтөп, кыргыз тарыхына ташка тамга баскандай из калтырышкан инсандар арбын. Алардын катарында айтылуу Жумгал жергесинен чыккан Байзак баатыр жана Өмүрзак уулу Куйручук олуя да бар. Бул эки инсан өз кезегинде ата-баладай ээрчишип, элди ынтымакка чакырып, эл ичинен чыккан Телибай тентектерди теске салып, туура жолго үндөп, кара кылды как жарып, жалпы элдин сыймыгы болуп жашашкандыгы жалпыбызга белгилүү. Алардын басып өткөн эмгек жолдору, элге кылган эбегейсиз эмгектери муундан-муунга улуу мурас болуп сакталып келет.
"Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт" демекчи, жакында Жумгал жергесинде жалпы журтту кубанткан жакшы саамаалык болду. Мындан эки-үч жыл мурун Жумгалдын Кайырма айылынан чыккан Байзак баатырдын күмбөзүн Кайрыма (азыр Байзак айылы деп аталат) айылынын тургундары жана ата бала Турускулов Күрүчбек менен Турускулов Жыргалбек өз каражаттарына баатырга жараша турган заңкайган күмбөз тургузушкан. Ал күмбөз Чаекти көздөй бараткан жолдун жээгинде тургандыктан улам, жолдон өткөн жолоочулар баатырга куран багыштап өтүшөт. Ал эми өткөн жылдын соңунда Кызыл-Туу айылында ( азыркы Куйручук айылы) Байзак баатыр өзү таптап, элге тааныткан айтылуу олуя Куйручуктун күмбөзү толугу менен оңдолуп бүттү. Эске сала ктесек, 2011-жылы Соң-Көлдө Куйручук атабыздын 145 - жылдык мааракеси мамлекеттик мааниде белгиленген. Ал мааракеге чогулган (Жумгал элинин аттуу-баштуу инсандары чогултушкан) каражаттан Куйручуктун күмбөзүн оңдоо иши да каралып, бир топ каражат бөлүнгөн эле. Бирок ал каражат күмбөздү толук оңдоого жетпей калып, ал иш аягына чыкпай калган. Жеке ишкер Жумагулов Астарбек агабыз өз чөнтөгүнөн 250 миң сом чыгарып, ишти аягына чыгарды. Азыр Куйручуктун күмбөзүнүн алдына бетондон төрт чарчы аянтча куюлуп, тегереги темир тор менен тосулуп, анын ичине адамдар олтура турган олтургучтар орнотулду. Күмбөзгө чыгып бара турган тепкичтер да талапка ылайык болуп бүттү. Эми олуя атабыздын күмбөзүнө куран окута турган адамдарга ал жерде толугу менен ыңгайлуу шарт түзүлдү. Эмне демекчибиз, улуу инсандарыбыздын арбактары ыраазы болсун! Арбактар үчүн ушундай жакшы иштерди бүтүргөн агаларыбыз ар дайым бар болушсун!

Айбек Шамшыкеев




Нарындан жазган салам кат
Маданиятыбыз тазабы десем, көч башында тура
Өзүм карапайым эле кесиптин ээсимин. Мал доктурмун.
Азыр эс алуудамын. Нарындагы ортончу уулум Канаттыкына келип балдарын каралашып турам. Жолдошум Бишкекке кеткен ден-соолугумду каратып, жаңы жылды ошол жактан тосуп келем деп. Анан бош болгондон кийин эрмегиң эле гезит болот экен. "Фабула" гезитин үзбөй алдырып окуйм. Маданият министрлиндеги миллиондорду жегендерди сандан-санга чыгып жатканын окуп таң калам. Калп эле бирөөнүн заказы го дейин десем фирмалардын аттары, жеген акчанын сому, тыйынына чейин жазып жатышат. Аларды окуп чын экен деп калам. Министр Ибрагим Жунусов сүйлөсө эле бизге өкмөттөн болбогон акча бөлүнөт, ал акча айлыктарына араң жетет деп эле ыйлап-сыктап жүрөт. Көрсө айлыкка эмес алкымдарына кирип жаткан тура. Жанагы Султан Раев, Кыргызбай Осмонов, Керим Турапов ж.б. эмне деген миллиондорду сугунушкан. Эгер калп болсо чырылдап чыгышат эле, тымтырс демек чын экен да. Союз учурунда айылга артист келгенде башкарма мени чакырып "артистерди тос, конокто, узат" деп 1-2 күн жумуштан бошотчу. Ошентип артисттер менен жүрүп аз жерден артист болуп кете жаздагам. Анча-мынча чымын-чиркейлерим барбы маданият жөнүндө көрсөтүүлөрдү, жазгандарды жата калып көрүп, угуп, окуп турам. Ушунча очойто жегендердин бети ачылып жатса дагы маданият кызматкерлери үн катпаганына капа болуп колго калем кармадым. Бакирдин Алиев, Акылбек Абдыкалыков, Чоро Думанаевдер ушу кезге чейин жатаканада жашагандарын окуп аябай жаман болдум эле. Мүмкүн үй алышкандыр. Эгер үй алышса конушуңар кут болсун, жанагы Раев баштагандар жанагы олчойгон акчаларды сол чөнтөккө солобой, артистер үчүн үй куруп беришсе ошол үйдө жашагандар азыр аларга калкан болуп беришмек. Деги эле маданиятты түп тамырынан бери жаңылап өзгөртпөсө болбой калыптыр. 2-3 жыл мурун Воронцовкага барып калып, жолдун оң тарабында талкаланган, тонолгон эки этаж имарат турган, "бул эмне" десем, ушул айылдын маданият үйү дешет. Шаардан 15 км алыстагы маданияттын кебетеси ушул болсо, алыскы айылдагылар аман эле болушсун. Анан дагы кыйраткансып Ибрагим Жунусов сүйлөп коет "маданияты жок элдин, мамлекети жок болот" деп. Айла жоктон ойлоносуң маданиятты башкаргандар тигинтип миллиондоп жеп 2-3төн үй салышып, кымбат машинелерди минишип Чолпон-Атанын тегерегинен үйлөрдү салып алышса, кайдагы маданият, кайдагы мамлекет. Жолдош өкмөт башчы! Буларды текшертип эгерде, ашагандары туура чыкса Эл жазуучусу, Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы наамдарын бүт алдырып, кустуруп соттош керек. Эгер баары чын болсо Султан Раевдин драмаларын ким көрөт, чыгармаларын ким окуйт. Кыргызбай Осмоновду ким ак тилек тоюна тамада кылат. Ой баягы драм театрды соргон жегич тамада болуптур дебейби. Жегени чын болсо, Керим Турапов бир жерге барып "Апасы жапкан нанды сагынып" созолонтуп ырдайт го.
Мен ойлоп жүрчүмүн коррупциядан ушул маданият тармагы эле таза го деп. Көрсө көч башында тура.
Калыбек Ботош уулу, Нарын шаары.