presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Үн кошуу…
Жипариса Көчөрбаева,
КРнын эмгек сиңирген артисти…
"Марат Алышпаев: "Султан
Раев болбой жатпайбы" - деп
жооп берген... "

PS:Урматтуу окурмандар, гезитибиздин өткөн сандарында, тактап айтканда 2012-жылдын декабрь айынын башынан баштап, аягына чейин сандан-санга жарыяланган "Маданият жана туризм министрлигиндеги уурдалган миллиондор" аттуу көлөмдүү макала коомчулуктун бир топ кызыгуусун жаратты. Эске салсак, ал макалада: КырДрамда, Опера жана балет театрында Искусство институтунда Улуттук филармонияда, Жаштар театрында, М. Абдыраев атындагы музыкалык окуу жайында, Улуттук тарых музейинде уурдалган 10догон миллион сомдордун баянын кеңири баяндап жазганбыз. Ушул макалага үн кошобуз деген инсандар редакциябызга кайрылып башташты. Алардын алгачкысы Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драм театрында 30 жылдан бери эмгектенип келаткан КРнын эмгек сиңирген артисткасы Жипариса Көчөрбаева эжекебиз.

- Жипариса эже, КырДрамда орун алган коррупция жана ага жол берген директорлор тууралуу жакшы билсеңиз керек. Кепти мына ушундан баштасак...
- Мен Кыргыз улуттук драм театрында 30 жылдан бери эмгектенип келатам. 1991-жылы КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алгам. Көп директорлор менен иштештим. Чынын айтканда, таза жана мыкты иштегендери аз болду. Мен жакшы иштеген директор катары Амангелди Керимбаев деген кишини айта алам. Ал киши абдан принципиалдуу, талапты катуу койгон, тартипти катуу кармаган адам эле. Азыркыдай сахнага арак ичип алып чыккан анча-мынча артисттерге такыр жол берчү эмес. Ал учурда орто билими бар артисти, же жөндөмү жокторду сахнага жолотчу эмес. Андан кийин Мурат Зайнидинов, Акылбек Абдыкалыковдор эки-үч жылдап директор болду. Ал кишилер деле көзгө көрүнө турган деле иштерди аткарыша алган жок. Кийинчерээк Кыргызбай Осмонов театрды он жыл башкарды. Ал киши жеке кызыкчылыгы үчүн жакшы иштегендир, бирок театр үчүн оозго алып айта турган иш жасаган жок. Эми театрдагы коррупция тууралуу айтсак, бул тема өзүнчө эле чоң баян. Чынын айтыш керек, сиздердин гезит маданий мекемелердеги миллиондогон сомдор кандайча уурдалганы, кимдердин катыштыгы бар тууралуу далилдүү макалаларды сандан-санга жарыялап, бир топ адамдардын көзүн ачып койду. Театрда иштеген адамдар: "Театрды маданият министри өзү тендер жарыялап, өзү оңдотуп жатат, театр жетекчилигинин эч тиешеси жок" - деп ойлоп жүрчүбүз да. Көрсө, театр жетекчиси баарын көзөмөлдөп, баары менен келишимди өзү түзүп, ишти өзү каалагандай жүргүзүптүр да. Силер абдан туура жаздыңар, Кыргызстандын көзгө басар улуттук драм театрда миллиондогон сомдор уурдалып кеткен, аны баары билишет. Бирок азырынча уурдалды деп ачык айтылып жаткан 2,5 миллион сом чети гана, муну терең изилдесек, ал суммадан эки эсе көп чыгат. Мен бир нерсени айтып берейин, мындан бир жарым жыл мурда, театрдын директорунун кабинетинде, менин көзүмчө С. Далбаев аксакал М. Алышпаевден: " Сен эмне театрды текшертип туруп өткөрүп алган жоксуң?- деп сураганда, М. Алышпаев "Султан болбой жатпайбы" - деп жооп бергени эсимден кетпейт. Көрсө бардык иштин артында С. Раев турган экен. Театр директорлору ар кайсы курулуш фирмаларына деп которгон каражаттар бүтүндөй С. Раевдин көзөмөлүндө гана которулган. Министрлик тендер өткөрүп, кимге кааласа, кайсыл фирманы тандаса ошону тандашкан. Кимдин жетекчилиги астында иш болгондугу айдан ачык. Ошондуктан иш сотко өтсө, акча каражаттарын жеп кеткен курулуш фирмаларынан сураардан мурда, иш бүткөрүлө электе ким акча каражаттарын котор деп буйрук берсе, ошол адамдарды да жоопко тартса туура болмок.
"Бир уйдун мүйүзү сынса, миңиники зыркырайт" деген макал эске түшөт. Азыр баарынын мүйүздөрү зыркырап, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып турган кездери.
- Мунун баарын ошол кездеги министр Султан Раев менен директор Кыргызбай Осмонов бир команда болуп ишке ашырышкан деген кептер айтылып жүрөт…
- Эң туура айтылган кеп. Мисалы, силер жазгандай, "Стройтехмонтаж" (Осмонов , Раевдер таап келишкен) фирмасы Бишкек шаардык район аралык сотунун чечими боюнча 637708 сом мойнуна түшкөн Токсобаев Ырысбай Жунусович ушул убакка чейин мамлекеттик мекеме алдында бюджеттик каражатты туура эмес колдонгондугу үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпай жана театрдагы ремонттоо иштерин аягына чейин бүтүрбөй келет. Токсобаевдин "мен жалгыз алган эмесмин, баарына бөлүп бергем" дегени чындык болсо керек, аны издеген эч ким деле жок. Ы. Токсобаевдин артында турган адамдардын күчү ушундай экен, баары билмексен, байкамаксан.
Актыга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Тоокеев Сыргак, Кыргыз драма театрынын директорунун орун басары А. Нурманбетов, маданият жана туризм министрлигинин Улуттук маданий борбордун курулуш иштери боюнча башкы инженери Ыбыкеев Нарынбектер кол коюшкан.
Ошондой "Контракшн Элизиум" (директору Ырысбай Токсобаев) театрга 789 482 сом, "АриетД" 812 257 сом, Бишкек шаарынын район аралык Сотунун Аныктамасынын негизинде жогорудагы көрсөтүлгөн 3 (үч) фирма театрга 2 млн 239447 сом карыз экендиги аныкталып, Сот аткаруучуларга бюджеттик каражатты театрдын балансына кайруу жөнүндө милдеттендирилген. Бирок сот аткаруучусу өзүнүн милдетин так аткарбагандыгынанбы же театр жетекчилиги талап койбогондугунанбы бул акча каражаттары театрдын балансына кайтарылган жок.
Андан тышкары, "Элайтик" ЖЧКсы (жетекчиси Богданов. С. ) оңдоо иштеринин көлөмүн 274 849 сомго ашыкча баада жасаган, салыктардын төлөмдөрү боюнча суроолор текшерүү убагында пайда болгон, анткени товардык материалдык баалуулуктарды сатып алганда салык инспекциясынын учетунан өткөн счет-фактуралар театрдын бухгалтериясында жок болуп чыккан. "Интегра-Кей-Джи" фирмасы да ушундай эле жол менен оңдоо иштерин 225 552 сомго "көп" аткарган. Бул эки фирманын тең кожоюндары текшерүүдөн качып, келишкен эмес. Мындай мисалдар ондоп саналат, биз болгону 3-4 гана кыскача сөз кылдык.
- Ырыскул Боронбаев жетектеген Улуттук маданий борбордун маданий мекемелерди оңдоого бөлүнгөн акчага эч тиешеси жок болсо да, өзгөчө көзөмөлгө алып турат деген кеп канчалык деңгээлде чындык?
- Кыргыз Улуттук Маданий Борбору - КРнын Маданият жана туризм министрлигине караштуу ведомстволук мекеме, аны илгертен "детище Раева" деп атап коюшат. Республикадагы бардык маданий иш-чараларды өткөрүү учурунда министрликтин акча каражаттары жана маданий мекемелерди оңдоп-куруу иштерине кеткен акча каражаттары да бүтүндөй ушул борборго аркылуу кетет. Улуттук маданий борбордун капиталдык курулуш бөлүмүнүн башкы инженери Нарынбек Ыбыкеев, директору Рыскул Боромбаев. Каймана аты "министрликтин кошелегу". Ал түгүл маданият жана туризм министрлигине караштуу болгон "Маданият" басмаканасынын иштери да аталган борбор аркылуу иштетилип калган. Бул борбордун кызматкерлери: "Биз маданият жана туризм министрлигине баш ийбейбиз, жетекчибиз башка киши" деп орой сүйлөшөт. Дагы бир кызык нерсе, министрликке алынды деген музыкалык аппаратура С. Раевдин тойлорунда ойноло берип тамтыгы чыкканда, ушул маданий борборго тиешелүү болуп калган.
- Азыркы министр Ибрагим Жунусовго ушундай баш аламандыктар боюнча кайрылдыңыздар беле?
- Ал кишиге кайрылганда эмне, маселени чечип жиберишмек беле? Министрдин мындан башка да, аткара албай жаткан иштери арбын, аны бири - бул: 2012-жылы министрликтин статс -катчылыгына конкурс жарыяланып, андан эң көп баллды Абдыкадыр Султанбаев алган экен. Бирок бүгүнкү күндө министрликтин статс-катчысынын кызматын убактылуу аткаруучусу болуп Нурмамат уулу Нурдөөлөт отурат. Бир кездеги С. Раевдин жардамчысы, ал өзү министрлик кызматтан кетип жатып, мен кайтып министр болуп келгиче өсө бер дегениби, айтор министрликтин эл аралык байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматына коюп кеткен. "Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" демекчи. Бирок Нурдөөлөт мырза квалификациялык нормага туура келбегендиктен статс-секретарлык кызматына (бул орунга жогорку билимдүү, 5 жылдан кем эмес жетекчи болуп иштеген кызматчы сунушталат) конкурстан өткөн эмес. Анда эмнеликтен И. Жунусов аны ушул убакытка чейин статс-катчысынын кызматын аткаруучу кылып кармап отурат? Кыскасы, министрликте укмуш "бардак". Илгери эле ушундай болчу, азыр деле ушундай. Раев министр болуп турганда Маданият башкармалыгын жетектеп турган Эленора Турдубекова деген жакшы кесипкөй адамды эч негисиз эле жумуштан бошотуп, ордуна Марат Алышпаевди алып келип койгон. Бирок Турдубекова министрликти сотко берип, соттон 50 миң сом утуп алган. Айта берсе, ушуга окшогон мисалдар толтура.
- Сиз иштеген театрда интрига күчтүү деп айтылат? Мунун себеби эмнеде?
- Себептери абдан көп да. Негизи артистер жетекчиге түздөн-түз көз каранды болуп жатышпайбы, неге дегенде, жетекчиликтен жакшы ролдорду алсак дейт, там алсак, сыйлык алсак деп умутулушат да. Ошон үчүн көп артистер жетекчи мыйзамды кандай бузуп жатса да, эмне уурдап, эмне алып кетип жатса да, унчукпай кала беришет. Бирок "беш кол тең эмес" дегендей, менин мүнөзүм андайга жол бербейт. Тескери көрүнүштөрдү ичиме ката албайм, чындыкты, адилеттикти издеп, баарын ачык жана бетке айтам. Ошон үчүн жетекчилерге жаман көрүнүп, минтип согушуп жүрөм. М. Алышпаев мага: "Сен 1992-жылдан бери президентке, ЖКга жазып, баарын талкалап жүрүп көнүп калгансың"-дейт. Туура, мен чындыкты издеп көп жерге кайрылдым, бирок талапка ылайык жооп алган жокмун. Мына, театр укмуш болуп оңдолду деп мактанышканы менен азыр кайра үстүбүздөн (гримдөө бөлмөсүнөн) суу агып жатат. Жаным кейип, капиталдык оңдоого бөлүнгөн акчанын максаттуу же максатсыз пайдалганын текшерүү үчүн ИИМге арыз жазгам. Бирок кимдер жегенин жазган эмесмин, силердин гезит кимдер канча жана кантип жегенин далилдер менен жазып чыктыңар. Бирок театр жетекчилиги чындыкты талап кылган мага окшогондорду минтип жаман көрүп жатат. Театр оңдолуп бүткөндөн кийин, анын ачылышына экс-президентибиз Р. Отунбаева келген. Роза Исаковна фойедеги илбиреген, сапаты начар стулдарды кармап көрүп: "ушуну алдыңарбы" деп сурады, уялбай эле "акча жетпей калбадыбы" дешти, "кандайча жетпейт, жетпей жатат дегениңерден улам мен 8 миллион сом бөлүп бербедим беле" -деп жетекчиликти бир каарып өткөн. Бирок анын баары текшерилбей калды, кыязы ал жагын текшертпей коюшту.
Кыскасы, биздин театрды адилеттик жана калыстык жок. Мени бир жолу тендердик комиссияга мүчө кылышты, бирок мен баш тарттым. Анткени, алар баары бир өздөрү каалашкандай кылышарын жакшы билем да. Мына театрдын залын кыпкызыл кылып сырдап коюшту, бул логика жана эреже боюнча туура эмес. Ушундай кемчиликтерди айтсаң, Алышпаев мырза, тим эле укмуш жаман көрөт. Керек болсо сени "жинди" атка кондурат. Ал киши кимдин "психикалык жинди" деп айтканын өзү билет. Жетекчи киши ушунтип айтса болобу? Мен бул боюнча министрге кат жаздым, бирок азырынча жооп ала элекмин. Бул сөз менен жоопко тартылышы керек.
- Алышпаевдин ишмердүүлүгүнө сизге окшоп каршы чыккан канча артист бар?
- Чындыкты билгиси келген артистер көп, бирок анын көбү коркушат. Ачыкка чыккысы келишпейт. Мендей болуп, ачык айтып чыккан Бусурман Одуракеев бар. Элдер ишенбеши мүмкүн, Алышпаев баарын коркутуп алган. Артистер мени менен сүйлөшкөндөн коркушат, алыс качышат. Анткени, директор: "эмнеге сүйлөштүң, ал эмне деди"-деп сурап турат. Анткени ал ар кандай жолдорун таап, акыры кетирип тынат. Мисалы, ал байкуш бир күнү ичет, же дагы бир себептер менен жумушка чыкпай калат. Кыскасы, азыр театрда ушу сыяктуу интрига күчтүү.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??