presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чек ара көйгөйү...
Төрөбай Зулпукаров,
КСДП фракциясынын депутаты, төраганын орун басары:
"Эл бийликке ишенбей калыптыр"

Өткөн жумаларда кыргыз элин түйшөлткөн Баткен облусунун Сох анклавында жайгашкан Өзбекстандын жарандары чек араны бузуп кирип, Кыргызстандын Чарбак айылынын тургундарын ур-токмокко алып, машиналарын талкалап, 30дай адамды барымтага алган чектен чыккан окуя катталган. Бул окуяга байланыштуу ар түрдүү версиялар айтылып, Кыргыз бийлигинин алсыздыгынан коңшулар үстөмдүк кылып, өз билгендерин жасап, эми чектен чыккан жоруктарга бара башташканы тууралуу кеңири сөз болгон. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул окуяга байланыштуу Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзгөн. Төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров жетектеген депутаттык комиссия чырлуу окуянын чыгуу себептерин жеринен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугушуп кайтты. Эмесе сөз башынан болсун.

- Төрөбай мырза, Баткен облусунун Чарбак айылына депутаттык комиссияны жетектеп жеринен таанышып келдиңиз. Абал кандай экен? Эмне көйгөйлөр бар экен?
- Чарбактагы окуя болуп кеткенден кийин, Жогорку Кеңеш 4 кишиден турган депутаттык комиссия түздү. Комиссияны мен жетектеп, Улукбек Кочкоров, Эгемберди Эрматов, Назарали Арипов мүчө болуп киришти. Биз окуя болгон жерге барып, маселе менен жеринен тааныштык. Чынын айтканда, болуп өткөн окуя кечээ же бүгүн эле пайда болгон маселе эмес экен. Эмне үчүн дегенде эгемендүүлүк алган жыйырма эки жылдан бери бул чек ара маселеси эң көйгөйлүү маселе бойдон калып келе жатат. Буга чейин деле жайыт, суу, жер маселесинин айынан чыр чыгып келген. Чек ара маселеси такталып, эбак чечилгенде бүгүнкүдөй чектен тыш чырлуу окуя чыкмак эмес.
Окуя жакында эле 50 жоокерге ылайыкталып ачылган чек ара бөлүгүнөн 2 километрдей жердеги Чарбак айылында орун алды. Жалпысынан 30дай адам жабыркаган. Алардын 11 ооруканага дарыланууга жаткырылып, 10 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
- Чыр эмнеден улам чыкканын так аныктай алдыңыздарбы?
- Жаңы ачылган аскер бөлүгүнө электр зымын тартып бараткан карагайдын төртөө биз тарапка өтүп кетти деген шылтоо менен Сох анклавында жашаган Өзбекстандын жарандары тополоң чыгарган. Ал жерде чек ара жолдун ортосу менен өтөт делиптир. Жолду эки мамлекеттин тең жарандары колдонуп келиптир. Анан зым карагайдын төртөө жолдун аркы өйүзүнө орнотулуп калган. Ошону шылтоолоп чыр чыгарышкан.
- Төрт карагайды шылтоолоп Сох анклавындагы Өзбекстандын жарандарынын Чарбак айылына басып кирип, жарандарыбызды барымтага алып жатканын кандайдыр бир мамлекеттик деңгээлдеги атайын уюштурулган окуя катары баалоого болобу?
- Эми чынын айтсак, бул окуяда көп нерсе жатат. Прессага айтылбай турган жагдайлар арбын. Азыр жумушчу комиссия иликтеп жатат. Ар түрдүү варианттар бар. Эми төрт карагайдын айынан коомчулукту дүрбөткөн чектен чыккан чыр чыгып жаткандан кийин кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик кызыкчылык бар да. Муну баары эле түшүнүп турат. Эгер чек ара маселесин чечпесек, дагы да чырлуу талаш-тартыш чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
- Элдин талабы кандай болду?
- Сох анклавында 60 пайыз чек ара чечилген, 40 пайызы толук такталып бүтө элек экен. Эл ушул чек араны тезирээк тактап, демаркация жана делимитация жүргүзүү зарылдыгы баса белгилешип, жол маселесин чечип берүү талабын коюшту. Учурда Бөжөй, Таян айылдары Сох анклавы жабылгандан бери башка аймактарга каттай албай жатышыптыр. Машина кирип чыкчу жолу жок. Бүгүнкү күндө аталган айылдарга жол салуу маселесине тиешелүү иштер башталды.
Ошондой эле Чарбак айылынын тургундары Өзбекстандан келтирилген материалдык-моралдык чыгымдарды калыбына келтирүү маселесин чечип берүү керектигин талап кылышты. Биздин жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, тиешелүү орган жетекчилери бул маселе боюнча Өзбекстан тарап келтирилген чыгымдарды толук төлөп берерин оозеки убада кылышканын айтышты. Бүгүнкү күндө көзкарандысыз мүлктү баалоочу эксперттер иштеп жатышат.
- Элдин маанайы кандай экен?
- Чек ара азабын жыйырма жылдан бери тартып келе жаткан эл, чек арага болгон буга чейинки бийликтин көңүл коштук мамилесинен чарчашып, бийликке ишенишпей калыптыр. Анан азыркы жаңы бийлик жыйырма жылдан бери топтолуп калган көйгөйлөрдү эки жылдын ичинде эле текши жөнгө салып койгонго мүмкүнчүлүгү жетпейт. Баары өз учуру менен жолго коюлууга тийиш. Буюрса азыркы бийлик чек арага көңүл буруп жатат. Мындан ары чек ара көйгөйү акырындык менен чечилип баштаса керек.
- Эми чек араны тактоо иши жанданып, эки мамлекет демаркация жана делимитация иштерин башташса, биздин жетекчилер талаштуу жерлерди коңшуларга тарттырып жибербей мамлекеттин кызыкчылыгын коргой алабы деген маселе турат. Анткени буга чейин Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселесинде кыргыз элинин ичи ачышып калган жайы бар...
- Талаштуу жерлерди тактоо иши башталганда бул иш менен алектенген комиссия сөзсүз жергиликтүү эл менен тыгыз иш алып барышы абзел. Эл комиссиялар кандай иштеп жатат, кандай сүйлөшүүлөр жүрүп жатат баарынан кабардар болуп турушу зарыл. Ошондо элде күмөндүү пикир пайда болбойт. Анан Бишкекте жылуу-жумшак кабинетте отуруп алып, Баткендин чек арасын чийип отурган комиссияга мен түшүнбөйм.
Эгер талаштуу маселелер чыкса анын баары Жогорку Кеңеште каралып, чечилет. Парламент ратификация кылат. Президент, өкмөт башчы, депутаттар дагы чек ара маселесине кылдат мамиле кылат. Учурда азыркы парламент менен мурунку парламентфтин ортосундагы атмосфера такыр бөлөк.
- Ушул чек араны тактоодо Өзбекстан 1924-27-жылкы картага басым койсо, Кыргызстан 1954-58-жылкы картага таянып жатканы айтылууда. Кайсы жылдагы картага таянуу зарыл деп ойлойсуз?
- Эми кайсы жылдагы карта менен иш алып барыш керек муну тиешелүү кесипкөй адистер караш керек. Кайсы жылдагы карта болсо дагы, кайсы бир жерде пайдалуу болсо, кайсы бир жерде зыяндуу болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бул жагдайды комиссия эске алып, Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келе турган вариантты иштеп чыгып, ошонун негизинде иш жүргүзүш кажет.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??