Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Атахановдун кадамы, Жаныштын адамы...

Баскан жолго баян...

Атамбаевдин аркасы менен багы ачылып, кыска убакыттын ичинде таасирдүү чиновниктердин катарына кантип кошулуп калганын өзү да анча элес албай калган Шамил Атаханов деген ысым кандуу 7-апрелге чейин кыргыз коомчулугуна анча деле белгилүү эмес болчу. Бул адамдын багы ошол элдик революциядан кийин ачылды. Ачылмак тургай, вулкан болуп атылды десек да жарашат. Эмесе, учурдагы ИИМ министринин басып өткөн жолунан, коомчулуктун ичи чыкпаган ишмердүүлүгүнөн аздыр- көптүр баян кылалы...
Атаханов 1971-жылы Фрунзедеги Политехникалык институттун "автомат жана теле-механик" факультетин, 1986-жылы Москвадан ИИМдин академиясынын Эл аралык "укук таануу" факультетин бүтүргөн. Андан кийин, Бизнес мектебинде да билим алып, бизнес кылуунун сырларын үйрөнгөн.
Эмгек жолун инженер-электрик болуп иштөөдөн баштаган. 1973-86-жылдардын аралыгында комсомолдук жана партиялык кызматтарда иштеген. 1986-87-жылдары ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмүндө иштеп, милиция кызматындагы ишмердүүлүгүн баштаган. 1988-91-жылдары (ал ортодо бир жыл күч тармагынан четтеп граждандык иште да иштейт ) ИИМдин Фрунзе шаарынын башкармалыгын жетектеген.
Ушуну менен Шамил аксакалдын ИИМдеги ишмердүүлүгү токтоп, граждандык кызматка өтөт. 1991-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз-түрк биргелешкен "Интер Бишкек" аттуу ишкананын башкы директору болуп, бир ордунда козголбой олтурган. 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин жогору жактагылардын тилин таап Бишкек мээринин биринчи вице-мэри болуп дайындалып, бул кызматта 3-4 ай гана иштейт. Вице-мэрликтен кетери менен жогоруда сөз болгон " Интер Бишкектеги" ишин улантып, аны кайрадан 2010-жылга чейин жетектеген. Ошондо Атаханов бул ишкананы баш аягы 20 жылга жакын башкарган экен.
Бир уул, бир кыздын атасы. Уулу Данияр бизнес менен алектенет. Кызы Диляра Италияда жашайт экен. Шамил аксакалдын бир кемчилиги ушунча болуп кыргыз тилин билбейт.

Бизнес жана "Хаят"...

Атаханов мырза Москвадан Бизнес мектепти да бекеринен бүтпөгөндүгүн анын, бизнестеги ийри ийгиликтеринен улам билсе болот. Ал 1990-жылдары Кыргызстанда алгачкылардан болуп, "Кыргызстан" пенсиялык фондун түзүп чыккан. Айтмакчы, жанагы Кыргызстандагы 150 партиянын ичинде Атахановдун "Пенсионерлердин партиясы" деген аталыштагы аты бар, заты жок партиясы да бар. Ал бул партияны бир топ жыл жетектеген. Көп тармактуу бизнес менен шугулданып чоң-чоң ийгиликтерге жетишип, тез эле капчыгы калың адамдардын катарынан орун алган. Анын бир мисалы катары борбор шаарыбыздын чок ортосунда турган "Хаят" мейманканасынын 20 пайыз акциясына ээлик кылууга жетишкенин айтсак жетиштүү болоор.
Атаханов Атамбаев менен дал ушул чоң бизнестин чордонунда кайнап жүргөн кезинде таанышып, жеке мамиле түзгөнгө жетишкен дешет. Бирок Атамбаевдин партиясына 2010-жылдын апрель окуясынан кийин гана мүчө болуп киргенин жогоруда айттык. Ак жүрөк, ишенчээк, жана достукка бекем Алмаз Шаршенович Атахановду мурда түшүнө кирбеген чоң кызматтарга көтөрүп, эң ишенимдүү кишилеринин бирине айлантып алды. Мунун да бир катар себептери бар. Бир себеби - бул: Атаханов Өзгөн районунда туулган. Аялы татар улутунун кызы. Ал эми биздин биричи ханайымбыз да татар улутунун кызы. Балким мына ушул аксиома ал экөөнүн ортодогу ишенимин, бекемдеп турган чыгар...

Карыганда багы ачылып...

2010-жылы эси жок эски бийлик кулагандан кийин, эски досу Алмазбек Атамбаевдин короосуна кирип, КСДП партиясына мүчө болду. Анткени оомат кимге оогонун сезди да. Ал кездеги болочок ажого эмнелерди убада кылганын ким билет, айтор шайлоодо КСДПнын тизмесинин алдына илинип, депутаттык мандатка жетет. Бирок ал депутаттыкты тандабай, аткаруу кызматына ыктап, күч тармагында өзүн же элди жыргата турган деле чоң тажрыйбасы жок болсо да, Өкмөттүн күч тармагын көзөмөлдөгөн вице - премьер -министри болуп чыга келип, коомчулуктун оозун ачырат. Ошентип, туура пайгамбар жашынан тарта (63 жаш) ушу күнгө чейин, карылыктын өзү күтпөгөн бактылуу доорун сүрүп келет. Бактылуу доо канчага созулар экен? Айла жок, тааныш күчтүү, байлыгы мол, бирок ишке анча жөндөмү жок болсо да, эптеп өз милдетин аткарымыш этип, бул кызматтан көптүн бири болуп бир жыл иштеди.
2011-жылдын 5-декабрында УКМКнын төрүнө өтүп, төрө мүнөздүү төрага болуп, бир жылга жакын иштеп да көрдү. Бирок, ажо Атамбаевдин ишеничин анча актай албады. Себеби, жалпыга маалым болгондой, УКМКнын ишин жакшыртып, аброюн көтөргөн жок. Тескерисинче, анын тушунда УКМКнын жер төлөөсүнөн сырдуу жагдайда асылып өлгөн МАИ кызматкеринин өлүгү, ага нааразы болгон Бишкек МАИсинин митинги сындуу жагымсыз иштер орун алды. Мындай иштер аз келгенсип, ал Атаханов Алмаз Эсенжанович аттуу инисин УКМКга караштуу Чек ара кызматынын (ал кезде УКМКга карачу) каржы жагын тейлетип койгон дешет. Кыскасы, мамлекеттик кызыкчылыкка караганда, жеке кызыкчылык жогорку ролду ойногону байкалат.
Ажо чекисттик жөндөмү жок Атаханов ушундай өзүм билемдиктерине, кемчиликтерине карабастан, саясий оюндардын курмандыгына айланып, кызматтан кеткен Зарылбек Рысалиевдин ордуна Ички иштер министри кылды. Буга нааразы болуп, таңгалбаган киши калбады, Атаханов өзү да таңгалганы менен, ал бул кызматка биринчи күндөн тартып эле "заказ" аткаруу үчүн келгенин коомчулукка ачык көрсөтүп койду.
ИИМ интриганын борбору болуп калды...

Ошентип, милициянын полковниги 65 жаштагы Атаханов аксакал өткөн жылдын октябрь айынан бери ИИМди жетектеп олтурат. Эреже боюнча 60тан өткөн, пенсионер аксакал күч тармагына министр болууга укугу жок эле. Бирок ошентсе да колдогону күчтүү болсо, мыйзам, эреже деген улук нерселер биринчи эмес, арткы маселе болуп кала берет турбайбы.
Эмнеси болсо да, аксакалдын адамдык көз карашы, кулк-мүнөзү башкачабы, айтор ИИМ учурда интриганын борбору болуп эле жатып калды. Мунун эч ким жокко чыгара албайт. ИИМдеги интригалар өлкө башчысынан тартып, жөнөкөй жарандарды да кайдыгер калтырбай, тынчын алып турган кези.
Биринчиси, атамекенчи депутаттардын 2010-жылдагы 6-7-апрелиндеги талап-тоноочулукка тиешеси бар экени аныкталып, ачыкка чыгып калган ишти, кан буугандай токтотуп, кыскартып салды. Коомчулук эл өкүлдөрүнүн чыныгы жүзүн эми көрөбүз деп кубанып турганда, аны түшүнбөгөн аксакал министр элдин бетине муздак суу сээп жибергендей эле кылды. Мына анын элге кылган биринчи "жакшылыгы". Жогоруда сөз болгондой аткарылган " спец заказдарынын" эң алгачкысы дал ушул.
Экинчиси: акыркы учурдагы ИИМдеги акылга сыйбаган кадрдык өзгөрүүлөр. Аксакал министрдин бир чоң кемчилиги кадр саясатын оңдуу жүргүзө албагандыгы, кадр тандаганды билбестиги. Кыязы, акыры жүрүп аны ушул кемчилиги кызматтан кол жуудурат өңдөнүп калды.
Маселен, ал кызматка келгенден ушул күнгө чейин ИИМдин көйгөйү жана кемчиликтери менен алектенгендей деле болгон жок. Тескерисинче, кадр саясаты менен алпурушуп, тагыраагы өзүнө команда топтоо ишине катуу киришти. Анын бул "ыйык" планына Өкмөттүн күч структурасы боюнча координатору, Бакиев тушундагы ИИМдин орун басары, Жаныш Бакиевдин жакын досу Жеңиш (каймана аты Кычан Жакыпов) Жакыпов деген дагы бир "чоң азамат" түздөн-түз жардам берип турары жалпыга маалым. Акыркы учурда Атаханов менен Жакыпов экөө биригип алып, ИИМде ушуга чейин мыкты иштеп келген кызматкерлерди четинен тазалап, алардын ордуна өздөрүнүн кишиси делип эсептелген бир кезектеги Жаныш Бакиевдин жакын досторун кызматка алып жатканын айтпай коюуга болбойт. Эми Атахановдун жүргүзгөн кадрдык саясаты тууралуу бир аз кененирээк кеп кылалы.

Атаханов - Рахманов согушу, же министрдин калпы...

Шамил аксакалдын топтогон командасына бир көз чаптырып өтөлү. Ал "чү" дегенде эле, өзүнөн күчтүү кадрлар менен иштеше албагандыгын сезип, генерал Мелис Турганбаевдин кетишин колдоого алып, анын ордуна ИИМде анчалык баркы жок Болот Абакиров аттуу Жаныш Бакиевдин жан досун олтургузду. Болот мырзанын бул кызматка келишин ИИМдин жамааты, өзгөчө өзү тейлей турган Кылмыштуулук менен күрөшүү жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жалпы жамааты колдогон жок, тескерисинче, иштеше албай тургандыгын да ачык айтып чыгышкан эле. Жаныштын жакыны деп эсептелип жүргөн дагы бир Дмитрий Фёдоров деген азаматты өзүнө кеңешчи кылды. Өздүк курам менен иштөө башкармалыгынын башчысы Венера Табалдиеваны да эч негизсиз кызматтан алып, анын ордуна өз кишисин дайындады.
Ал эми Ички коопсуздук кызматынын башчысы Айтмамат Рахмановду кызматтан кандайча алганы, экөөнүн ортосундагы тиреш, жалпы коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган бир чоң окуя болуп калды. Бул боюнча такталып-такталбаган ар кандай кептер айтылды. Ушу себептен улам, бул темага кенен токтолуп, окурмандарга негизги чындыкты айтып коюну эп көрдүк.
Рахманов бул кызматта 2010-жылдан бери иштеп келатканы белгилүү. Рахмановго чейин Жаныш Бакиевдин дагы бир жакыны Камалов Сайпидин иштеп келген. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгында улук опер кызматкери болуп иштеп турган кезде, Жаныш акеси министрликке алып келип, Түндүк региону боюнча башкармалыктын башчысы кылып койгон. Чынында Камалов өмүр бою Ошто иштеген адам, түндүктү тейлемек тургай, түндүк тууралуу жетиштүү түшүнүгү да жок. Шаарды билбейт, көп учурда адашып да кетерин аны жакындан билгендер күлүп сөз кылып жүрүшөт. Ошентип, ал апрель окуясына чейин эски бийликтин "ак кызматында" жүргөн. Революциядан кийин кызматтагы кемчилиги үчүн ээлеген кызматынан кол жууган. Мыйзам боюнча сотко кызматтан кеткенден кийин эки айдын ичинде кайрылышы керек эле. Бирок ал Рысалиевдин тушунда унчукпай олтуруп, Атаханов келгени жанданып сотко "кызматтан негизсиз кетирген" деген доомат менен, тактап айтканда 2 жыл 8 ай өткөндөн кийин гана кайрылган. Сот Камаловдун пайдасына 20-ноябрь күнү чечим чыгарып берген экен. Ушундан улам ал соттон "срочно" утуп алгандыгын себеп кылып, Атахановдун кийлигишүүсү менен талапка ылайык иштеп жаткан Рахмановду кызматтан алдырып, мурунку кызмат ордуна келүүгө аракет кылгандыгы өткөндө ачыкка чыкты. Демек, соттун чечими да туура эмес чыккан. Эгер Атаханов мыйзамды жакшы билсе, мына ушуну эске алмак. Анын үстүнө Камаловдун тушунда Ички коопсуздук кызматы деп аталчу, кийин Рахмановдун тушунда бул кызмат Ички коопсуздук башкы башкармалыгы болуп аталып, кеңейтилип, жамааты да көбөйгөн. Демек, кызмат чоңойтулуп өзгөртүлгөндөн кийин Камалов мыйзам боюнча мурунку кызматка келе турган болсо, Рахмановдун орун басары болуп келмек. Бул жерде да катачылык кеткен.
Бирок анын бул максаты оңой менен ишке аша койгон жок. Себеп дегенде, Ички коопсуздук кызматынын жалпы жамааты Камаловго каршы чыгып, министрге өз нааразычылыгын билдиришкен. Министр буга карабастан Рахмановду чакырып, Камаловду өздүк курам менен тааныштырууну буйрук кылат. Рахманов Камаловду жамаатка ээрчитип келген учурда, жамаат нааразычылыгын күчөтүп, Камалов менен иштеше албастыгын билдирип, мурун иштеп турган учурдагы кемчилигин, кесипкөй кызматкерлердин баарын негизсиз кызматтан алгандыгын, ишти жакшы жөнгө салбай, өз билемдиги менен иштегенин ачык айтышат. Бирок министр жамааттын бир да пикирин эске албай, Камаловго жан тартып буйрукту "кыңк" этпей аткарууну буйрук кылат. Залдан ИИМдин Атаханов баштаган жетекчилиги кеткенден кийин, жаалданган жамааттан корккон Камалов качып кеткен. 40 жакын адам Камалов менен көзмө-көз сүйлөшүүнү уланталы деп турса, анын минтип качып кетиши жамааттын ого бетер кыжырдануусун жараткан. Кийинки күнү Камалов кызматка келген эмес, министрдин биринчи орун басары Рахмановду чакырат. Рахманов келген учурда Камалов жумушка келбегени аныкталат. Аны күткөн Рахманов ИИМдин имаратына чыгып кетет. Саат экиде Рахмановду кайра чакырышат. Бирок ал келген учурда жамаат Камаловго ишеним көрсөтпөй, каршылык көрсөтүп турган болот. Кыскасы, ушундай көрүнүш эки-үч күнгө созулат. Айласы куруган, Камалов жамаат кабыл албай койгондон кийин, арыз жазып кызматка иштебей тургандыгын билдирет. Бирок...

СОБРды ким чакырган?

Кийинки күнү да, Рахманов министрдин биринчи орун басарынын буйругу менен кызматтык иш кагаздарды жаңы жетекчиге өткөрүү үчүн келген учурда Камалов кызматтык бөлмөдө жок болгон. Бир канча убакыт өткөндөн кийин министр орун басарын, бир-эки башкармалыктын башчыларын жана эки кеңешчисин жана Камаловду ээрчитип, (ИИМдин имаратынын экинчи кабатындагы кызматтык бөлмөгө ) келет. Ал жерге чогула түшкөн Ички коопсуздук кызматынын бир нече кызматкерлерин, Рахмановду баш кылып "буйрукту аткарган жоксуңар" деп ыгы жок зекип, бир каарып өтөт. Андан кийин жинденген министр Тергөө тобун чакырып, тергөө иштерин жүргүзүп, Рахмановго буйрукту аткарбагандыгы үчүн кылмыш козгоо тапшырмасын берет. Негизинен бул окуя ушундайча өнүккөн. А, Атаханов болсо сакалдуу башы менен журналисттерге: " Рахманов буйрукту аткарбай, иш бөлмөсүн бошотуп бербей, СОБРды чакырып ызы-чуу кылды, ага ушул мыйзамсыз иши үчүн кылмыш козгодук " деген маалымат берип, Рахмановду №1 кылмышкер кылып көрсөткөн. Бирок Рахманов министрге жооп кылып, өз чындыгын айтып, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөздү. Биз Рахманов менен Атахановдун тирешин терең иликтеп көрсөк, ал жерге СОБРды Атаханов айткандай Рахманов эмес, министр өзү чакырган экен. Бирок СОБР келип эле кетип калган. Анткени ал жерде эч кандай ызы-чуу болгон эмес. Кыскасы, ал жерде министр айткандай эшикти бекитип алмай, эшик сынмай деген көрүнүштөр орун алган эмес. Кыязы, министр бул ишти СОБР аркылуу бүтүрөм десе керек. Же анын бул ыкмасы Рахмановду коомчулукка жаман көрсөтүп, өз кадры Камаловду кызматка эртерээк орноштуруунун бир амалы беле? Айтор, аксакалдын мындай "фантазиясына" түшүнүп болбойт. Же анын бул кадамы карылыктын белгисиби, неге дегенде 65 жаш биздин заманда оңой эмес жаш да. Бир сөз менен айтканда, ушундай бир кичинекей маселени оңдуу чече албаган Атахановдон эмнени күтсө болот? ИИМдеги реформаныбы? Же кезектеги ушул өңдөнгөн жеке кызыкчылыктагы интриганыбы?
Сөздү жыйынтыктап айтсак, Атаханов Рахмановду баш кылып,40 жакын (Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери) кызматкерге кылмыш козгоо үчүн Башкы прокуратурага кайрылган. Бирок анын кайрылуусу негизсиз болгон. Рахманов баштаган 40 адам эч кандай мыйзам бузушпагандыгы үчүн прокуратура кылмыш козгоодон баш тарткандыгы айтылат. Ушундан улам, министр учурда бул боюнча эч нерсе кыла албай уят болуп турган чагы дешет. Анын мындай осолдук иштери өзүн министрлик кызматта көпкө иштетпей, отставкага кетирет окшойт.
Айбек Шамшыкеев