presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Осунбек Жамансариев,
"Мекен шейиттери" коомдук кыймылынын төрагасы:
"Апрель окуясында Убактылуу Өкмөттүн күнөөсү жок..."

Өткөн жумада "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева, 7-апрелдеги жүздөгөн адамдын башын жуткан кандуу каргаша менен, 3-октябрдагы Ташиев баштаган "Ата-Журтчу" депутаттардын бийликти басып алууга болгон аракетин салыштырып, туура эмес оюн билдирди деп, "Мекен шейиттери" коомдук кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариев, Шаршеналы уулу Эсен Жолдошевага нааразы экендиктерин айтып чыгышты эле. Көп өтпөй эле, Ж. Жолдошева интернет аркылуу өзүнүн кайрылуусун жолдоп, антип айтпаганын, О. Жамансариев туура эмес түшүнүп алганын билдирген. Бул боюнча биз Осунбек Жамансариевге кайрылып, аныгын уктук...

- Осунбек байке, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты, Жылдызкан Жолдошева боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Ж. Жолдошева 3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасап, камакта жаткан Ташиев, Жапаров, Мамытовдордун соту башталаары менен аларды жактап, жогорудагыдай оюн билдирди. Мен чынын айтсам анын антип айтканына таптакыр түшүнгөн жокмун. Анын пикири эки ача болуп жатат, бүгүн бирди айтса, эртең башканы айтып. Биз "Мекен шейиттери" маалымат жыйынын өткөрөөр алдында Жылдызкан айым мага телефон чалып, "мен антип айткан эмесмин, ошол кезде бийликте турган өкмөт мүчөлөрүн айткам" деди. Мен болсо, анда экөөнү чаташтырбай, тактап айтпайт белеңиз дегем. Көп өтпөй эле, Ж. Жолдошева бизге жооп катары интернетке өзүнүн билдирүүсүн жарыялаган экен. Анда өткөргөн маалымат жыйыныбызды бийликтин буйрутмасы катары баалап, "аялзаты экениме карабай, бардык учурда, бардык жерде өзүмдү коргоп алууга даярмын" дептир. Жылдызкан айымдын 12-жылдагы апрель революциясы менен 2010-жылдын 3-октябрындагы окуяны салыштырганы жалган эмес. Ошондой эле, "калыстык үчүн К. Ташиевдин жанына соттолуучу катары 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштүн катышуучулары дагы отурушу керек"- дегенин Жылдызкан айым өзү деле танбаса керек. Кыскасы Жылдызкан айымдын ошентип айтып, 3-апрелдеги Ташиевдердин бийликти басып алуу аракетин, 7-апрелдеги Бакиевдердин бийликти коргоп, элге ок атуусуна салыштырганы баарыбыздын кыжырыбызды келтирди.

Мадумаров былтыр апрель баатырларын жырткычка теңеп...

- Жеке эле Жолдошева эмес, көп эле саясатчылар апрель баатырларынын арбагына шек келтирип, 7-апрель боюнча ар кандай сөздөрдө айтып келе жатышпайбы. Айрымдар ошол кезде бийликте турган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн жоопко тартыш керек дешет, буга кандай карайсыз?
- Туура, көп эле саясатчылар ошентип, баатырлардын арбагына шек келтирип келе жатышат. Ошол эле Мадумаров былтыр апрель баатырларын жырткычка теңеп, өзүнүн ким экенин көрсөткөн. Ошондой эле быйыл Ж. Жолдошева минтип айтып чыгып жатат. Коомчулукка түшүнүктүү болуш үчүн биз күбө катары болгонун болгондой айтып беришибиз керек. Апрель окуясында Убактылуу Өкмөттүн эч кандай күнөөсү жок. Анткени, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү президент А. Атамбаев баш болуп, 6-апрель күнү эле камакка алынган. Алардын камакка алынганына нааразы болуп эл толкуду. Эл түз эле барып, Ак үйдүн дарбазасынан ашып, бийликти тартып алууга аракет кылган жок. Бийлигин коргоп калыш үчүн Бакиевдер өздөрү элге каршы ок атты. Ал эми Ташиевдер болсо, түз эле Ак үйдүн дарбазасынан ашып, бийликти басып алууга аракет кылышпады. Андыктан, алардын күнөөсү мыйзам алдында далилденип, сот өзүнүн жыйынтыгын чыгарышы керек.

Бийлик апрель окуясына баа бере албай жатат...

- Апрель окуясынын болгонуна үч жылга жакындап калды. Бүгүнкү бийлик окуяга туура баа бере алдыбы?
- Тилекке каршы, апрель окуясы барган сайын актуалдуулугун жоготуп унутта калып баратканын ж ашырууга болбойт. Себеби бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. "Убакыт баарын дарылайт" дегендей, баардык нерсе убакыттын өтүшү менен унутта кала берет. Биз баатырлардын жакындары 7-апрелге өзгөчө баа бергиле деп бийликке какшап эле келе жатабыз. Бирок, бийлик баа бере албай жатат, тактап айтканда, кайдыгер мамиле кылууда. Биз анткиле, минткиле деп андай деле оор талаптарды койгон жокпуз. Болгону бийлик ыкчам, ылдам иш алып барып, эртерээк баасын берсе жакшы болот эле.
- Сот акыйкат чечим чыгарып, күнөөлүүлөр жоопко тартыларына ишенесизби?
- Ачык айтканда сот мынчалык узакка созулбаш керек болчу. Бирок создугуп келе жатат. Себеби, соттор ишти кармап жатып алууда. Башында бир ишти сот он беш күндүн ичинде эле карап бүтүрүп коюп жаткан, азыр болсо бир иш бир айдан ашык убакытка созулуп кетип жатат. Анткени бийлик, сот, айтор, баардыгы тең эле апрель окуясына кайдыгер кароодо.
- Балким, соттун создуктурулушуна кимдир бирөөлөр таасир этип жаткандыр?
- Андай да болушу мүмкүн. Себеби апрель окуясынын аягына чыкпай калышын каалаган күчтөр дагы жок эмес да. Мисалы Акмат Бакиевди качыргандар деле саясий күчтөр болгонун жокко чыгарууга болбойт. Ал тергелип жатканда тергөөчүлөр тиешелүү беренелер менен тергебей, бөлөк беренелер менен тергешкен. Сот болсо эмне кылсын, тергөөчү кандай тергесе, ишти ошондой кылып карайт да. Жыйынтыгында ал сот жообуна тартылбай качып жок болду. Ошондой эле, Д. Үсөнов ж.б. күнөөлүүлөрдүн деле жакындары бүгүнкү бийликте, депутаттардын арасында жок эмес. Алар албетте, апрель окуясына оң баа берилишин каалашпайт. Дагы бир нерсени баса белгилеп айта кетпесем болбос, ошол эле Д. Үсөнов, Бакиевдерди 7-апрелде керек болсо Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү качырганын кантип тана алабыз. Качырбаса, эмне үчүн ошондо кармап кала алышкан эмес? Бул өзүнчө маселе. Эртедир кечтир мунун баары ачыкка чыгып, далилденүүсү зарыл.

Сот 7-апрелге чейин аягына чыгат деген үмүттөмүн...

- Жабырлануучулардын баардыгынын тең эле күткөнү соттун жыйынтыгы болсо керек...
- Албетте, баардыгы тең эле сот жыйынтык чыгарып, Бакиев баштаган күнөөлүүлөр жоопко тартылса, камалса деп күтүп жатышат. Күнүгө менден сурашат, "сот эмне болуп жатат, жыйынтык чыкчудай бекен"- дешип. Жабырлануучулар эле эмес, эл дагы күнөөлүүлөр деги жоопко тартылабы деп сурашчу болду. Кандай болсо дагы, сот аягына чыгып, күнөөлүүлөр жазаланса, биздин дагы көксөөбүз сууп, жеңилдейт элек. Негизи соттор жакшы иштесе бир-эки айдын аралыгында жыйынтык чыкчудай болуп турат. Мен үмүттөнөм, буюрса 7-апрелге чейин сот жыйынтыгын чыгарып, күнөөлүүлөргө өкүмүн угузат го деп.
- Жалпы эле 7-апрелде жабыркаган "Мекен шейиттери" коомдук кыймылынын бүгүнкү бийликке болгон ишеними кандай?
- Баш мыйзамга ылайык бийлик өз милдетин аткарып жаткансыйт. Президент А. Атамбаев колунан келген аракетин көрүп иштеп жатат. Эң оболу президент, өкмөт, парламент баардыгы биригип, экономиканы өнүктүрүүгө басым жасашса жакшы болот эле. Мурдагыдай, жайлоодо жүргөндөй жай баракат жүргөндөн алыс болушса дейт элем. Ал эми "Мекен шейиттери" жеке мен, өзүм, азыркы бийликке ишенем, буюрса жакшы иштеп, жакындарыбыздын каны текке кетпейт деген ишеничтемин.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??