presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кадам ушул…
Өткөндөгү баатырдык. Ашкере интернационализм менен гуманизм
Кыргыз элинин өтөгөн жолу узак, анткени, ал эң байыркы элдердин бири экен. Өз тарыхында кыргыздар кидандар (каракытайлар), уйгурлар, наймандар, кытайлар, ар кайсы монгол уруулары, калмактар ж.б. эл менен чабышып, бирде жеңсе, экинчисинде жеңилип, кээде экиге бөлүнө качып-конгон учурлары да болгон. Тарыхчылардын изилдөөлөрүндө, уламыштарда, анан да эпостордо кыргыз элинин баатырдыгы жакшы чагылдырылган. Мына ошол баатырдыгы кээ бир изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде аша чаба бааланса, эпостордо болсо, белгилүү да, кыргызга тең келчү эл бу жаратканда дегеле болгон эмес, биягын тиякка, тиягын биякка жыга чаап кете берген да!

Ал эми тарыхтын чынынан калпысак, бир дагы эл түбөлүк баатыр болуп жеңе берген эмес да, монголдорду эстеңиз, арабдарды эстеңиз, анан калса варварларды эстеңиз ж.б. Анын сыңары жогоруда айтылгандай кыргыз эли бирде жеңип, бирде жеңилип кылым улап келди. Негизи биздин эл намыстуу, баатыр, аны менен кошо айкөл эл болгон өңдөнбөйбү. Эми деле "карала каптын кагынчыгы" сыпатында көрүнө калат го ошол сапаттар… көрүнө гана калып жаткандай!
Кыргыз элин асмандата көтөрө чапкан ой-пикирлер, эмгектер арбын. Ооба, элинин патриоту болгонго не жетсин, бирок, ашкере көтөрө чаап салсаң өзүң да, элиң да өңгө-жатка уят болор. Укканым бар эле Асан Жакшылыкков "кыргыздын 50 миң жылдык тарыхы бар"(!) дейт экен. Дегеле адамзат тарыхы мынча жыл болуп айтылбайт! Таланттуу жазуучу Орозбек Айтымбетов, айланайы-ын, жөн адам чыдап окугус килейген- килейген томдуктарды жазбадыбы "Кара кыргыз" деген ат коюп. Окумак кайда, "мыкаачы окумуштуулар" эле окубаса… барактап көрсөң, бу жарык дүйнөдө биринчи кыргыз жаралган жана да бүт дүйнөнү каптап кеткен, адамзат тарыхы кыргыздан башталат сымал?!
Биздин айта турганыбыз ушул болуп турат: болуптур, кыргыз кезегинде аябагандай Улуу калк болуптур, баарынын ташын-талкан чыгарган экен ж.б. Бирок, ошол баатырдыгы тарыхтын, тебелендисинде дебейинчи, барактарында калып жатпайбы, ошол баатырдык, ошол кыйындык бизге келип жыгылып-туруп жаткан абалыбызда жөлөк болуп бере албай жатпайбы! Сенин кечээки кыйындыгың бүгүнкү бечаралыгыбызга жардамы тийбей жатпайбы! Элди-жерди тээ дил тереңинени нукура сүйүп, ошого жараша аракети кылуунун ордуна көрдүйнөнүн туткунунда калдык, экиге-үчкө…онго бөлүнүп турабыз, коррупция дегенге алдырып койдук. Бири-бирибиз менен тытышып жатканды башка улуттар шылдыңдай карап турушат.
Элибиздин мурунку тарыхы талашты көп жаратып таштайт, кийинки эле тарыхын алсак, анда жалаң эле эзүүдө келиптир: Кокон хандыгы бир эзсе, падышачылык Россия экинчи жагынан эзген. Анан Россиянын ошол эзүүсү социалисттик революциядан кийин "маданий" эзүүгө айланган турбайбы. Жок, социалисттик революциянын кыргыз элине алып келген прогрессивдүү жагын таптакыр танбашыбыз керек. Эмне калппы: ошол кезде элибиз түгөлү менен сабатсыз экен, молдодон билим алгандар азыркынын кандидаты болсо, чоң молдодон билим алгандар докторудур, ал эми тээтиги Казандан окуп келгени болсо, академиги болор… Ошол социалисттик революциядан кийин бүтүндөй кыргызың "ликбезден" өтүп турду. Бара-бара кат тааныган маселе экинчи планда калып, терең билимдин артынан түшүү башталды. Анан аз жылдан кийин кыргыз эли билимдүү элдердин катарына кошулду. Объективдүүлүктөн тайбай, өзүбүзгө жан тартпай айтсак, бу биздин эл илим менен билимге жакын болот экен, бир нерсени бат эле кабыл алып "семичкедей чагып" жиберет экен! Бу жагынан канча мактансак да чындыктан тайбаспыз!
Ал ал болуп, кийин СССР дегендин ичинде он беш бир туугандын бири болуп турдук, агабыз орус болду, калгандары менен эгиз болдук, тегиз болдук. Конституциябызда СССР граждандары бирдей укукта деп жазылганы менен "агабыз" орустун чоору менен бийлеп турдук, антпеске чара жок болчу, орус шовинизми күчтүү эле да, улутуңа тартып бир нерсе айсаң, өлүм жыттанып турчу да… СССРиң тарап он беш республика өз алдынча жашоого өттү, аны эгемендик, эркиндик, демократия дедик. Прибалтика өлкөлөрүнө, белгилүү деңгээлде Кавказдын ары жагындагы республикаларга, Украина менен Белоруссияга эгемендик чындап эле келип турган болсо, бизге формасы жагынан эле келебесе, мазмуну баягы бойдон калды. Дале болсо "улуу орус элинин" таманында жүргөн болобуз. Буга көп себеп бар, азын санап коелу: биринчиден, биз орустарга жогору карап сүйлөй албай көнүп калыппыз, ал адатты жараткан жетекчилерибиз болду, экинчиден, экономикалык жактан эркиндигиң жок болгондон кийин, моралдык эркиндигиң кара курсактын камын көрө албайт экен, бу жагынан дагы Россияга көз каранды болуп турабыз, үчүнчүдөн, тээ кылымдар мурун баатыр болгонубуз менен кийинки кыргыздар, бөтөнчө жетекчилер баатыр эмес болуп чыкты, төртүнчүдөн, биз "интернационализм", "гуманизм", "гендер саясаты", "толеранттуулук" дегенди жол-жобосу менен, ыгы менен пайдала албай койдук. "Интернационализм" деп жатып башка улуттарды төбөгө чыгарып салганбыз, "гуманизм" деп кандай гана баш кесер болбосун эркелетип алабыз, "гендер саясаты" деп кутурган катындар тобун пайда кылып алдык, "толеранттуулук" деп кайдагы бир аты-жыты белгисиз, зыяндуу дин өкүлдөрүн көбөйтүп жатабыз! Коомубуздун бузулуп баратканы, анан да башка улуттарга өйдө карай албай турганыбыздын кээ бир себептери ушулар.
Интернационализм идеясы Париж коммунасынан кийин катуу кеткен окшобойбу. Ал идея бизге келип жеткенде биртоп калыптанып калган идея эле. Биз анын маңызын терең түшүнбөстөн, "интернационализм" дегендин өзүн башка улуттарга кенедей да тийчү болбо, алар эмне десе баарын жаса, эркелет, керек болсо төрүңдү бер… сыяктуу бүтүм менен кабыл алган турбайбызбы куураган жаныбыз! Четтен бирөө келсе берерге ашыбызды таппай кала турган сапатыбыз жакшы, ал сапат "Манаста" да жакшы айтылат. Алмамбеттин келгенин эсте. Бирок, өзүңө, бүлөңө шам-шум этерге да бирдеме калтыр да…
Ак көңүл болгонго, кечиримдүү болгонго, айкөл болгонго не жетсин. Бирок, анын чеги болуу керек. Ашкере жакшылыктын да зыяндуу жагы болот. Элибиздеги "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер", "Таш менен урганды аш менен ур" деген сыяктуу ашкере кеткен макалдар бар. Бул маанини биздин мурунку, кийинки жетекчилер чын көрүп түз мааниде түшүнүп келгендей да сезилип кетет. Эгерде бир кыргыз оруска бир нерсе десинчи жетекчилер баса калат оруска болушуп. Ал боорукерлигинен эмес, коркоктугунан, музоо кезинде сүзүлүп калгандан.
Аз күн мурун Өзгөндүн Куршабында кытайдан келген немелер жөн жерден чатак чыгарышты, кыргызың жөн жерден таяк жеди. Кытай элчилиги "мындан ары биздин жарандар силердин мыйзамды сактагандай кылабыз" деп ооз учунан айткан болду, биздин жерге келгенден кийин айтпаса деле түшүнүктүү да мыйзамыбызга баш ийиши керек. Эгерде Кытай мамлекети бизди сыйласа, анда бул жакка жиберилип жаткан жарандарга биздин салт-санаадан, анча-мынча тилден да үйрөтүшү керек эле. Андай болгон эмес. Карабайсызбы, телефон уурдап алгансың деп шектенген немени басып жыгылып, анын атасын кошо кордоп… бул дагы биздин жамандыгыбыз. Ырас, кытайлыктар "Датка-Кемин" электр линиясын куруп бизге жардам берип жатканы жакшы, бирок, жергиликтүү элди сыйлоого милдеттүү. Биздин эл болсо четтен келгенге эч качан тийиштик кылбайт.
Өзбектин Сох анклавында жашагандар болсо кыргыздарды барымтага алып, көгала койдой тепкилеп, машиналарды, электр мамыларын талкалап салышты. Биздин жетекчилик болсо "сүйлөшүү жолу менен маселени чечебиз" деп жедеп тамтыгы калбай калган сөздү айтып бүжүрөп олтурат. Өзбек тарапка нота жиберүүдөн да коркот! Россия Кыргызстанга 1 миллиард 100 млн доллар аскердик жардам беребиз деп убада кылып жатпайбы. Мына ошол сумманын көбүн чек ара аскерлерине жумшаш керек. Бизге башка аскердин деле кереги жок, бирок, чек ара аскерлери сөзсүз керек. Ал аскерлерди гвардия сыяктуу тандалма деңгээлине жеткизүү кечиктирилгис милдет болуусу зарыл. Тамак жетпегендей болгон балдарды эмес, бойлуу, күчтүү, аны менен бирге билимдүү жигиттерден алыш керек. Чекарачылардын айлыгын көбөйтүп жатканы да жакшы болуп жатат.
Эгемендик алдык деген жылдан бери эстеп көрсөк кыргыздардын өзбектер менен, дунгандар менен, уйгурлар менен, кытайлар менен, чечендер менен ж.б. улуттар менен чоң, кичине кагылышуулары болуптур. Эгерде биз намыстуу болсок, бири-бирибиз менен аябай ынтымакта болсок, жалаң эле дүнүйөнүн артынан куубай патриоттук сезимди да унутта калтырбасак, билимибиз менен, акылыбыз менен, талбаган эмгегибиз менен башка улуттарды таңдантып турсак бизге ким тийишмек. Көп маселе өзүбүздө. Азыр болсо, ылжыраган маанайыбызды, тытышкан абалыбызды, дүнүйөгө тойбогон ниетибизди көргөн башка улуттар карап турат беле… тебелеп-тепсейт да!
Баратбай Аракеев






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??