presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Криминал баш көтөрдү...

Эсиңерде болсо Бакиевдин бийлиги тушунда буйрутма адам өлтүрүүлөрдүн саны өсүп, кылмышкерлер эч кимди көзгө илбей, чаламандын чак түшүндө эле көз тазаламай иштерин жүргүзүп, изин жашырып кетчү. "Тигини атып кетиптир, муну өлтүрүп кетиптир" -деген кептерге кулагыбыз кадимкидей каныгып, таң калбай деле калганбыз. Кийин ИИМ башчылыгына өз ишин мыкты билгендер келип, криминалды кирчү жерине киргизе баштагандан бери мындай чуулгандуу чуулардан алыс болуп, өлкөбүз кадимкидей тынчый түшкөн.

Бирок акыркы эки айдан бери, тагыраагы милициянын генерал-майору Зарылбек Рысалиев ИИМ башчылыгынан кеткенден бери буйрутма адам өлтүрүү деген балээ кайрадан башталып, кечээ жакында Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн полковниги Толкунбек Шоноевду мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Шоноев окко учканга чейин эки ай мурун, 15 - ноябрь күнү ИИМге караштуу Аскердик госпиталдын врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор Асанбек Шаршенов дагы үйүнүн алдынан жүрөгүнө ок жеп, оо дүйнөгө сапар алган. Азыркы министр Шамил Атахановдун кара мышыгы барбы же ишин жөндөй албай жатабы, айтор Рысалиевдин тушунда өкүм сүргөн тынчтык бузулуп, кылмышкерлер баш көтөрө баштады. Бүтүндөй өлкөгө чуу салган бул окуяны президент өз көзөмөлүнө алаарын айтып, кылмыштуулукка каршы күрөш бир мүнөткө дагы токтобостугун жар салды. Ажонун ачуусу келип жатканда Атаханов кантмек эле? Кылмышка шектүү деп мурда талап-тоноочулук менен соттолгон, 1988-жылкы Жылдызбек Карамбаев аттуу адамдын кармалганын кабарлап, ал айтылуу алайлык Алмамбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экендигин дагы кошумчалады. Бул маалыматтын деле азырынча чын-бышыгы тактала элек. Дагы бир маалыматтарда Түштүк аймагындагы кримдүйнөнү көзөмөлдөйт делинген "Дженго" каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов башкы буйрукчу экендиги айтылууда. Бирок айрым маалымат булактарында Карамбаев кармалбай эле УКМКга өз эрки менен баргандыгы жарыяланды. Бул жагы да табышмактуу болуп турат. Кандай болгон күндө дагы Атаханов бул кылмыштын бетин ачуу үчүн жан алы калбай тер агызып иштеши керек же болбосо кызматын тапшырышы керек.
Маркум Толкунбек Шоноев 24-февралда 36 жашка чыкмак. Мында эки жума мурун полковник чинин тагынган. 1998-жылы ИИМдин Бишкектеги жогорку мектебин аяктап, Алай райондук, Ош шаардык ИИБде опер болуп иштеп баштаган. 2003-жылы Ош ШИИБинин мүлктүк кылмыштарды ачуу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 2006-жылы Ош ШИИБинин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүм башчысы болуп иштеген, ошол эле жылы Ички иштер министрлигинин улук оперлигине которулган.
2009-жылдан тарта Ички иштер министрлигинин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын жетекчиси, 2011-жылдан тарта министрликтин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеп келаткан.
Кызматтагы жетишкендиктери үчүн "Эрдик" медалы, 3-даражадагы "Азамат" медалы, "ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын" мааракелик медалы, Макаров ок атуучу өздүк тапанчасы жана башка бир катар төш белгилер менен сыйланган. Артында 34 жаштагы жубайы, 3 кыз, 2 уулу калды. Калк кызматында жүрүп каза тапкан маркумдун үй - бүлөсүнө КРнын Президенти 100 миң, Ош шаардык мэриясы 100 миң, ИИМ 100 миң сом бөлүп берди. "Фабула" гезитинин эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтат.
Тиленбек Азык.
Сүрөттөрү: azattyk.kg




Шаршенбек
жүрөт шапар тээп...
Былтыр коррупцияга каршы күрөш катуулаганда атактуу алкомагнат, Кыргызстандагы арак заводдорунун "атасы" - "Аю" фирмасынын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримовдун дагы мамлекет казынасына миллиондогон сом зыян келтиргендиги айтылып, УКМКнын алдындагы аты сүрдүү атактуу Антикоррупциялык кызмат иш козгогонун билебиз. Шаштысы кеткен Шаки мурдагы министрлердин бирин орто салып, ошол кездеги ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиевге миллион доллар сунуштап, терс жооп алганын да уккан жайыбыз бар. Коррупцияга каршы күрөш солгундай түшкөнбү же Шакинин самандай сапырылган акчасы таасир эттиби айтор, акыркы убактарда бул окуя унутта калып барат. Ал эми Шаки байкебиз 100 миңдеген жашылбайын чачып, Спорт сарайда жаңы жылдык кечелерин өткөрүп, шапар тээп жүрөт.


Исанын ордуна Атайды алып барсакпы?
Ордо калаанын азыркы мэри Иса Өмүркуловдун ишине ичи чыкпагандардын алдыңкы катарында экс-президент Роза Отунбаеванын көкүрөк күчүгү Атай Садыбакасов да бар. Өлкөбүздүн жүзү болгон Бишкегибиздин кейпи кетип турганына жаны кейиген Атай "мэрия качан кыймылдайт" деп күтүп отурбай эки жылдан бери жоро-жолдоштору менен шаарды оңдоого өз салымын кошконго аракет кылып жүрөт. Былтыр Бишкектин чок ортосундагы Токтогул-Эркиндик көчөлөрүнүн жыртык-тешигин бүтөйм деп калак-күрөгүн көтөрүп чыгып, сөзүнө туруп бир топ жерди жамап ийгенге да жетишкен. Балакайдын бул аракетин мэриядагылар жактырбай, "техникалык жактан сапатсыз, жөн гана убаракерчилик" -деп ач - айкырыкты салышкан. Кечээ жакында дагы Атай Жаш Гвардия сейил багындагы баатырлар аллеясына светоид лампаларын өз демилгеси менен орнотуп таштады эле, мында да "мыйзамга жана мамлекеттик стандартка туура келбейт" -деп Өмүркуловдун кол астындагылар чырылдап чыгышты. "Шаар бийлиги кайсы бир Кытай компаниясы менен сүйлөшүп, сейил багына панар орнотмок экен, а мен алардан озуп, инвесторлорду үркүтүп ийипмин. Мен орноткон панарлар мыйзамга туура келбесе, аларды алып салам. Шаарыбызда караңгы көчөлөр толтура" - деп Атай азырынча айтканынан кайтпай турат. "Өздөрү жасабайт, жасаганды көрө албайт" - деген кеп Иса жана анын командасына дал келип тургандай.


Азикең өзү камалабы?
Акаев, Бакиев бийлиги менен аянбай кармашып, аларга жантыгынан жата калып кызмат кылгандарды жеп ийчүдөй жектеп келген Азимбек Бекназаров бүгүн аларга жактоочу болуп, чындык деп чыркырамыш этип жүрөт. 3-октябрдагы окуя боюнча соттолуп жаткан Ташиев, Жапаров, Мамытовдордун жактоочусу катары сотко катышып жаткан Азикең "Бийлик бул үч депутатты эртерээк эле соттоп ийгиси келип жатат, бирок алардын ою ишке ашпайт" - деди. Үч депутаттын 3-октябрдагы аракеттерин эч ким көрбөй, укпай калса бир жөн эле, чаламандын чак түшүндө болгон окуяны дүйнө эли көрдү го. Азикең аларды кантип ак дегени турат? Же апрель окуясынан кийин чакалап төгүп алган абийирин, ата-журтчулардын аркасы менен чогулткусу келип турабы? Баса, Ак үйдү басып кирмекчи болгон үчөө үчүн Чолпонбайча төшүн тосуп аткан Жылдыз Жолдошеванын "биринчи 2005-2010-жылдары төңкөрүш жасагандар камалсын" -деген кебин Азикең кандай кабыл алды болду экен?


Эл өкүлдөрү эски унааларга каршы чыкты
ЖК депутаттары эскилиги жеткен унааларды борбор калаада айдоого тыюу салабыз деп чыгышты. Демилгенин автору Эсенгул Исаков "Учурда жаш балдардан тартып кары адамдарга чейин аллергия болуп ооругандар көбөйдү. Алар дал ушул автоунаалар бөлүп чыгарган уулу газдын кесепетинен болуп жатат. Шаар ичинде көк түтүн бөлүп чыгарган советтер союзу учурундагы эски машиналарды байма-бай айдап жүрүшөт. Ага МАИ кызматкерлери да маани берип койбойт. Мындай унааларды шаар ичинде айдоого тыюу салуу керек" - деди. Албетте ден соолук керек дечи, бирок депутаттардыкындай жылтыраган унаага жете албаган миңдеген жарандарыбыз токолдун балдарындай болуп, борборго кире албай томсоруп калышабы?




кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??