presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Улуттарды уруштурсаң соттолосуң!
"Кыргыз республикасынын Кылмыш кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү" киргизүү жөнүндөгү проектти Өкмөт Жогорку Кеңешке жөнөттү. Эгерде ал проект кабыл алынып калса, анда улуттар арасында чагым чыгаргандар үч жылдан беш жылга чейин соттолушу мүмкүн. Бул жакшы, бирок, өз улутубузга жан тартып бир нерселерди айтсак, маселен, "сен оруска, казакка, өзүбекке, кытайга, уйгурга, дунганга, чеченге, азербайжанга…" тил тийгизип жатасың деп "жумурткадан кыр издешпес" бекен?!


Суталинов "ак" экен…

14-январдагы сот жыйынында мамлекеттик коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Мурат Суталинов: "Мен 2010-жылы 7-апрелде саат 20га чейин эле ишти Кеңешбек Дүйшөбаевге өткөзүп бергем. Андан кийин "Альфанын" жарадар жоокерлерин госпиталга жеткирип кайра келсем Ак үйдүн жанында дагы эле атышуу болуп, адамдар өлүп жаткан. Ал кезде президенттин уулу Марат Бакиев, калган жетекчилер да качып кетишкен экен. Мени Роза Отунбаева УКМКнын имаратына алып барып, документтерди жана ачкычтарды Дүйшөбаевге алып берген. Андан соң Отунбаеванын адамдары мени Жибек жолу менен Эркиндик бульварынын кесилишине ташташканда үйүмө кеткем. Качан гана Данияр Үсөновдун үйүн талкалашканда мен үй-бүлөмдүн тагдырынан коркуп качып кеткем" деп билдирди. Анын айтымында анын жигиттери эч кандай курал таштаган эмес, өзүнүн эч кандай күнөөсү жок ж.б. Суталиновдун актанбаганга айласы да жок. Бүтүндөй элге баягыдай "немесин" көрсөтүп кутурган кези өтүп кетпедиби! Баса, Суталинов "Альфада" эч күнөө жок деп жатпайбы. Алар болсо митингчилерди чилче таратабыз деп келген эмеспи. Аны айткысы жок, кайран чекист…


Рысалиевдей жигиттер көп болсо…
Ар дайым кайпактатпай түз айтчу Зарылбек Рысалиев өткөндөгү өкмөттүк жыйында минтип айтты: "Жерүйдү" пайдаланууга берүүнү тескөөчү комиссияга УКМКнын, "Эл аралык "Манас" аэропортунун". "Кыргыз темир жолунун", "Кыргызалтындын" өкүлдөрүн киргизгени жатабыз. Коопсуздук кызматынын кызматкерлери катышкан жерде сөзсүз коррупция болот. Андыктан күч структураларынын өкүлдөрү менен эл өкүлдөрүн конкурстук комиссияга киргизбешибиз керек. Эгерде коопсуздук кызматынын өкүлдөрүн комиссияга киргизсек, анда алар депутаттар менен келише калып коррупциялык жол менен кетет". Рысалиев чын айтты. Мына ушундай жигиттерибиз өкмөт тарапта көп болсо кана, атаганат!


Депардье бизге кызык эместир…
Орустун белгилүү режиссеру Егор Кончаловский бүтүндөй Россияга эркелеп турган Жерар Депардьени катуу шылдыңга алды. Режиссердун айтуусунда Депардье мурунку кыйын артисттен көрүнгөн рекламалык компанияларга сатыла берген адамга айланган. Ал кандай гана рекламалык сунуш болбосун макул боло берет, анткени, ал акчанын кулу болуп калган дейт. Ырас эле, бу Депардье дегениң тамак-аш, көмөч нан, банка-санкаларды рекламалап турганын көп көрүп жатпайбызбы. Мына ошол Депардье 100 миң евро алып Кыргызстанга келип кетиптир деген да кеп кетти. Ал сумманы кайсы келесоо берди экен деп биз таңбыз?!


Аликбек Жекшенкулов кызматтан баш тартты
Жакында Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын ректору Жумагул Сооданбеков кызматтан кетти. Анын ордуна учурда бир топ кишилердин талапкерлиги каралып жатат. Биринчи болуп, экс-министр, белгилүү коомдук ишмер Аликбек Жекшенкуловдуку каралган экен. Бирок Аликбек мырза, бул кызматтан сыпайы гана баш тартыптыр. Кыязы, президент дасыккан дипломатка башка чоң кызмат убада кылса керек. Экинчи талапкер дагы бир экс-министр, коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова. Бул адамдардан тышкары да Нурлан Жээнбаев ж.б. да талапкерлиги каралат деген кептер айтылууда.


Бизге кириллицадан
артыгы жок
Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу кыргыз тили латын тилинде жазууга өтүшү керек дегенди айтып чыкты. Анын оюнда, латынча жазып калсак, анда Эл аралык аренада пайдасы көп болот экен. Ал жакшы. Бирок, эгер латынчага өтсөк эмне деген каражат керек?! Ал каражатты азырынча бюджетибиз көтөрө албайт. Экинчиден, тагдырыбыз орустар менен чырмалышып калгандан кийин бизге кириллицадан өтөрү жок.


"Кудай" айтып турат
Кээде эригип олтурсаң төмөндөгүдөй кабарлардан угуп коюунун деле зыяны жок. Былтыр кыш болбойт деп боорубузду эзген Арстан Алай деген бар. Ошол айтып турганы: "Мага Турция 100 млн доллар акча сунуштап, ошол жакка барып иштөөгө чакырып жатат. Алар мени жаңы Кудай деп эсептеп жатат. Бирок мен андан баш тарттым" деп. Аз мурун бу балээң бир телеканалдан сүйлөп жатат "ракты болтурбай коюунун жолун таптым" деп. Эми анын сөздөрүнө комментарий бериштин өзү сыркоолук го… Токтодук!


Бир ай бою зордуктаптыр
Бишкектеги кудайдан жөө качкан 30 жаштагы бир таксист жол тозгон бир кызды машинасына салып алып, күчкө салып түз эле "Ак-Өргө" жаңы конушундагы үйүнө алып барып бир ай бою зордуктаган экен. Жакында эле кыз ыгын таап качып чыгыптыр. Эми бул аңги тигил жакта канча ай зордукталат, чыдамсыздык менен эсептеп жатышса керек ал жердегилер…


Турсунбек Акун Ташиевди клиникага жаткызды
Кыргызстандын башкы укук коргоочусу Турсунбек Акун камакта жаткан Камчыбек Ташиев менен жолугушуп, аны менен кенен-кесир сүйлөштү. Турсунбек мырзанын айтуусунда Ташиевдин ашказанында жара бар экен, жана ал дарыланып жатыптыр. Ошондой эле укук коргоочунун өтүнүчү менен Ташиев клиникага жаткырылгын.






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??