presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Тарых
Генерал Ысакбек -
легендарлуу аскер башчы

| Башы өткөн санда |

...3-февраль күнү гоминдандык бөлүктүн командачылыгы көтөрүлүшчүлөргө элчилерин жиберип, капитуляцияга макул экендиктерин билдирип, багынып берген.
Бул кезде көтөрүлүшчү күчтөр дале башаламан болчу. Март айында куралдуу күчтөрдү кайра түзүп, тартипке салуу иштери жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасында кыргызстандык эки атайын отряддын базасында атчандар бригадасы түзүлөт. 1-Текес атчандар бригадасы аталган бөлүккө Ысакбек Монуев өзү командачылык кылат. Бригадага кирген 1-Текес атчандар полкунун командирлигине 30-жылдардан баштап Кашкарда Ысакбек менен бирге жүргөн полковник Раззак Мавлянов, ал эми 2-Текес атчандар полкунун командирлигине Ата Мекендик согуштан атайын чакыртылган кыргызстандак офицер Дүйшө Ногойбаев дайындалат.Бул учурда ал "Баатыр" отрядынын командири болчу. Анын мурдагы командири Кутан Торгоев Кулжада кандайдыр каталыктарды кетирген соң, анын ордуна дайындалган.
1945-жылдын январында ЧТРдын убактылуу өкмөтүнүн курамы бир аз өзгөрүп, Ахмеджан Касими өкмөттүн катчылыгына шайланат.

Ысакбек - Улуттук армиянын башкы аскер командачысы

1945-жылдын 3-февралында ЧТР өкмөтү Улуттук регулярдуу армия түзүү боюнча токтом кабыл алат. Ал эми 8-апрелде Улуттук армия түзүлгөндүгү жарыяланып, салтанаттуу жыйын жана аскердик парад болгон. Бул учурда Улуттук армиянын катарында 13 миң жоокер жана офицер бар болчу. Улуттук армиянын башкы командачысы Алихан төрө Шакиржоджаев, ал эми командачысы болуп, генерал лейтенант Иван Полинов шайланат.
И.Полинов Россия империясынын тушунда, 1911-жылы Россиянын Үрүмчүдөгү генералдык консулдугунун конвоюнун командири болуп кызмат кылган. Ал эми жарандык согуштун мезгилинде большевиктерге каршы согушкан генерал А.Дутовдун армиясында жүз башы болгон. Ал жеңилген 1920-жылдан кийин Кытайдын Ганьсу провинциясына кетет. Андан кайра Шинжаңга келет. Ошентип ал Кытай мамлекетинде жашап калып, кытай армиясында аскердик инструктор болуп кызмат кылган. 1933-жылы Ма Чжу-ин баштаган дунгандардын көтөрүлүшүн басууга катышкандан кийин, кытай армиясынын генералы наамы берилген. Ошондой эле кайрадан СССРдин өз адамы катары чалгындоо кызматы менен байланыш түзгөн.1935-1937-жылдары эл өкүлдөрүнүн бүткүл шинжаңдык курултайына катышкан. Аялы совет жараны болгон. Ал эми Шинжаңдагы улуттук көтөрүлүштүн алдында Кулжага барган.
Генерал-майор Ысакбек Монуев командачылык кылган бригаданын эң чоң жеңиши 1945-жылдын сентябрында болгон. Ага чейин Иледеги куралдуу көтөрүлүштү бастырууга жөнөтүлгөн Кытай армиясынын 45-жана 191-жөө аскер дивизиясы Зинхо жана Шихо районуна жете келип, ошол райондордо чыңдоо куруп согушка даярданып жаткан болчу. Ал эми Ысакбектин аскери ашуу ашып, 1945-жылдын июнь айында Ачалы өрөөнүнө түшүп, чабуулга ошол жерден даярдана баштайт. СССР НКГБсына берилген рапорт боюнча, каршы эки тараптын тагдыр чечер кармашы 5-сентябрь күнү башталып, 13-сентябрда ЧТР армиясынын толук жеңиши менен аяктаган. Гоминдандык бөлүктөр толук талкаланып, 2000 дей жоокер, офицерлери кырылып, 2100 адам тирүү колго түшкөн. Ал эми генерал Ысакбектин армиясынан 87 жоокер курман болуп, 205и жараат алып, 16сы дарексиз жоголгон. Чындыгында бул согушта гоминдандык кытай аскерлери күч жагынан кыйла артыкчылык кылат эле. Салгылашка ЧТР армиясынан 3864, а гоминдань армиясынан 4630 аскер катышкан. Көтөрүлүшчүлөрдө 37 миллиметрлик замбиректен бирөө гана болсо, душмандарда андай 4 замбиректен сырткары, 76 миллиметрлик кубаттуулуктагы 4 замбирек жана 3 аскер самолету бар болчу.
Шихо жеңишинен кийин 1945-жылдын 14-октябрында ЧТР өкмөтү Ысакбек Монуевге генерал-лейтенант аскер чинин ыйгарат. Улуттук амиянын курамында дагы айрым өзгөрүштөр болуп, Ысакбек командачылык кылган 1-Текес атчандар бригадасынын базасында дивизия уюштурулуп, анын карамагына А.Батырганиевдин 2-Текес атчандар полку, Майлибеков жетектеген 3-монгол атчандар полку, полковник Д.Ногойбаевдин 2-Текес атчандар бригадасы, Полковник Р.Мавляновдун атчандар полку сыяктуу аскер бөлүктөрү кирип, жаңы дивизиянын командири Ысакбек өзү болот. Ошондон көп өтпөй эле генерал-лейтенант Ысакбек Монуев ЧТРдын аскер министри жана Улуттук армиянын башкы аскер командачысы болуп шайланат. Алихан төрө Шакирходжаев менен генерал-лейтенант Иван Полинов отставкага кетет.
Бул кезде Чыгыш Түркстандын үч округу - Иле, Тарбагатай, Алтай гоминдандык бийликтен толук бошотулуп, бул жерлерде ЧТР убактылуу өкмөтүнүн бийлиги толук орногон болчу. Түзүлгөн биринчи күндөн эле өз туусун ж.б. мамлекеттик символикаларын кабылдап жана өз улуттук валютасын чыгарып, уйгур тилине мамлекттик тил статусун берген ЧТР убактылуу өкмөтү Советтер Союзунун жардамы менен саясий да, социалдык-экономикалык да реформаларды ийгиликтүү жүргүзүп, калың калктын зор колдоосуна ээ болгон. Дегеле, кылымдар бою кытай шовинизминин астында күнкорлукта жашап келген уйгурлар жана казак, дунган, кыргыз, калмак сыяктуу аз сандуу элдер ЧТРден жана ал жүргүзүп жаткан улуттук-боштондук күрөшүнөн көптү үмүттөнүп, ага ишеним артып турган болчу.
Чыгыш Түркстан улуттук армиясынын аскерлери шарттуу түрдө Түштүк фронту, Түндүк фронту, Борбордук фронту деген үч багытка ажыратылып, ушул үч багыт боюнча илгерилеп, али гоминдань бийлиги өкүм жүргүзүп турган Шинжаңдын он округун бошотууга аттанат.
| Уландысы бар |







Борбордук фронттун аскерлери 1945-жылдын октябрь айында Манас дарыясына жетип, Шинжаңдын расмий борбору Үрүмчүгө 60 километрдей аралык жакындап токтогон. ЧТР Улуттук армиясынын андан аркы жеңишчил согуштук аракеттери күтүлбөгөн жерден токтоп калды.
Ы.Монуевдин "Буйгу" отрядынын катарында өзүнүн Кытайдан качып өткөн алыс-жакын туугандарынан Көккөз ( азан чакырылгандагы аты - Нурмамат) Кадырбердиев, Орозмамат Шананов, Жумабай Чодоев, Молой Эшбаев ж. б. бир топ жигиттер болгон. Ж.Чодоев жана атчан эскадрон командири М.Эшбаев 1945-жылдын февралында Чапкан-Жуттагы салгылашууда курман болгон. Ал эми Ысакбектин бир тууган абасынын уулу, лейтенант, эскадрон командири, гоминдапнчылар менен болгон согушта алдыңкы сапта жүргөн Көккөз Кадырбердиев жана генералдын дагы бир бир тууган абасы Калыкбердинин небереси Орозмамат Шанановдор ЧТРдин медалы менен сыйланып, 1946-жылкы келишимден кийин Кыргызстанга кайтып келген.
Шинжаңдын боштондугу үчүн согушта кыргызстандык жоокерлерден Термечик Байсымаков, Байжан Канатов, Жоро Бабажанов, Чогонбай Токомбаев, Муса Ордобаев, Арап Момунов, өмүралы Саскеев, Нооман Ризаев, Умар Мамаев, Базар Сыдыков, Бейше Алапаев, Айдар Сармамбетов, Кадыр Тайлаковдордун өмүрү кыйылган.

Тынчтык келишим

Ошол октябрь айынын ортосунда Борбордук Кытай бийлиги чыгыш Түркстан көтөрүлүшчүлөрүнө Шинжаңдагы куралдуу жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү сунушун койду. Чындыгында мындай чечим Москвада, Вашингтондо жана Лондондо туруп, дүйнөнүн өздөрүнчө бөлүштүргөн дүйнөлүк "оюнчулардын" лөктөрүнүн кеңешмесинде чечилип калган болчу. Ошондуктан ЧТР жетекчилери ал сүйлөшүүгө аргасыз макул болуп, чабуулдарын токтотууга аргасыз болгон. Ошентип Үрүмчүдө ЧТР убактылуу өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Борбордук Кытайдын жана Шинжаң провинциалдык өкмөтүнүн өкүлдөрүнүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр башталат. ЧТР улуттук армиясынын чабуулу токтотулат. Эки тараптын тынчтык сүйлөшүүсүндө ЧТРдын делегациясын Ахмеджан Касими (адегенде Рахимхан Сабир ажы) жетектеген. Кытай тарабынан гоминдандык армиянын саясий башкармалыгынын башчысы, генерал Жан-Жи-жун, ал эми козголоңчу Үч аймак өкмөтүнүн атынан Ахмеджан Касими башчылык кылган тараптар эки жарым ай бою ары тартышып, бери тартышып, акыры 1946-жылдын 2-январында 11 пункттан турган келишимге кол коюшат. Бул келишимде Шинжаңда коалициялык өкмөт түзүү, Чыгыш Түркстанда улуттук теңдикти орнотуу, жергиликтүү бийлик жетекчилерин элдик шайлоо менен аныктоо, улуттук (жалаң мусулмандардан турган) аскер бөлүктөрүн калтыруу сыяктуу бир топ демократиялык саясий реформалар айтылган болчу. Келишимдеги айрым жагдайлар дагы да кошумча келишим менен аныктала тургандыгы белгиленген. Ошондуктан 11 пункттук келишимди аткаруу артка жылдырылып, сүйлөшүүлөр улантыла берген.
Дал ошол кошумча келишим боюнча талаш-тартыштар жүрүп жаткан кезеде, 1946-жылы апрелде генерал Ысакбек жанына бир эскадрон аскер (экскадрон командири Молдоташ) алып, СССР аркылуу Түштүк Шинжаңга өтүп, аердеги Таш-Коргон көңтөрүшүн оожалдырууга киришет. (Түштүк Шинжаң Кытай бийлигинин колунда тургандыктан, Таш-Коргонго Тажикстан же Кыргызстан чегарасы аркылуу гана кирүүгө мүмкүн болчу.) Таш-Коргон козголоңу 1945-жылдын 10-августуна советтик чалгындоо кызматынын даярдыгынан өткөн жергиликтүү партизандар тарабынан башталат. Алардын жетекчилери Карванша, Тайирбек, Маметайса Айберди, Абылкасым сыяктуу кыргыз, тажик, уйгур, өзбек адамдар болгон. ( Таш-Коргон аймагында тажиктер да жашайт.) Куралдуу көтөрүлүшчүлөр тездик менен чабуул коюп, округ борборун басып алат. Кытай аскерлери, өкмөт адамдары, полиция кызматкерлери артка чегинип, качат. Ошону менен көтөрүлүшчүлөр жергиликтүү элдин колдоосуна ээ болуп, катарын калыңдатып, андан ары аракет кылып, Таш-Коргон аймагынын бүт айыл-кыштактарын гоминданчылардан тазалоого киришет. Албетте, уюштуруу, жетектөө иштеринин чачкындыгынан улам, алардын чабуулу ар дайым эле ийгилитүү боло берген эмес. Кээде жеңилишке учурап, ал тургай бир бөлүгүнөн 27 адам бирдей гоминдандык аскерлердин колуна түшүп калган учур дагы болгон. Ошентсе да көтөрүлүшчүлөр кыска убакытта округдун негизги жерлерин ээлеп, ал жерде жаңы бийлик түзүмдөштүрүп, өз адамдарын башчы кылып коюуга жетишишет.
Козголоңдун жүрүшү кыйынчылык, тоскоолдуктарга туш келип турган кезде Ысакбек Таш-Коргонго келип, козголоңдун чачкын ишин тартипке салат. Башаламан куралдуу күчтөрдү бириктирип, Улуттук армиянын бирдиктүү аскер бөлүктөрү катары түзүп чыгат. Көтөрүлүшчүлөрдүн куралдуу күчтөрү эки бригадага ажыратылып, аскер саны 5500 гө жеткен. Ушундайча тартипке келгенден кийин ЧТРдин улуттук армиясынын бир бөлүгү эсептелген Таш-Коргон көтөрүлүшчүлөрү Таш-Коргон округун гоминдандык бийликтен дээрлик тазалап, андан ары Кашкар округуна карай жылуу аракеттери пландаштырыла баштаган эле.
Бирок, бул учурда Үрүмчүдө ЧТР жетекчилиги менен кытай өкмөтүнүн ортосунда тынчтык сүйлөшүү жүрүп жаткан болчу. Башкы аскер командачы Ысакбек Монуев Таш-Коргон козголоңун дал учурда оожалдыруу менен, Үрүмчүдө жүрүп жаткан Шинжаң маселесин тынчтык жол менен жайгаруу сүйлөшүүсүнө сүр көрсөтүп, Кытай бийлигин дагы да чегинүүлөргө түртүүнү болжогон.





"Кумтөрдүн" күндөрү
менен түндөрү
| Башы өткөн санда |

Ушул эле дата Инвестициялык келишимдин күчүнө киришинин датасы болуп көрсөтүлгөн, ага ылайык "Центерра Голд Инк" "Кумтөр" долбооруна каражат жумшоо үчүн инвестору болуп чыга келген (бир катар инвестициялык жеңилдиктер менен), ал каражат "Кыргызалтын" ААКга таандык болгон "Кумтор Голд Компанинин" жөнөкөй акцияларына алмашылган. Активдерди баалоонун жыйынтыгында үлүштүк катышуусу төмөнкүдөй болгон:
- "Кыргызалтын" ААКда 33,3 % (18 789 717 акция) ага кошулуп "Камеко Голддун" баасы 11 млн АКШ доллары болгон акцияларынын 2 % (1 338 776) өлчөмүндө опционду сатып алуу укугу
- "Камеко" корпорациясынын 57,00 % (38149 071 акциясы)
Бул учурда кайра структуралоонун критерийлери жөнүндө маселесин кароо керек жана КРнын 33 % болгон үлүшүн түшүнүп алуу керек. 2003-жылдын 16 майында түзүлгөн Корутундудан көрүнүп тургандай, "сунуш кылынган кайра структуралоонун адилеттүүлүгүн" карап чыккан CutfieldFreeman&Co компаниясы тарабынан, бул маселе "Камеко" корпорациясы берген гана материалдар менен отчеттордун негизинде талданып чыккан. Бул жерде "Кумтөр" кениндеги жана "Бороо" (Монголия) кениндеги накталай акчанын моделин "Камеко" компаниясы таптакыр көрсөткөн эмес. CutfieldFreeman&Co компаниясы булмаалыматтарга көз каранды эмес же башкача текшерүү жүргүзгөн эмес жана алардын тактыгы жана/же толуктугу үчүн өзүнө жоопкерчилик алган эмес. Бул компания "Кумтор", "КОК", "КГК", "Камеко" и "Кумтор Маунтинге" өзүнчө техникалык, коммерциялык, бухгалтердик же укуктук аудит жүргүзгөн эмес. Бул компания келип иштеген кезде Долбоордогу "Кыргызалтындын" үлүшү 66 %ды, "Камеконун" үлүшү болсо 33 %ды түзгөн. "Камеко" сунуш кылган кайра структуралоонун натыйжасында "Кыргызалтын" "Кумтөр" кениндеги өзүнүн менчик үлүшүн жарым жылда бир 2008-жылга чейин төлөнүүчү өзгөрүлбөгөн 4 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү акыга алмашуу менен "Камеко" компаниясына, "Камеко" ага "Бороо" жана "Кумтөрдү" өткөрүп берген, жаңы уюшулган "Центерра" компаниясына роялти төлөмүн жана катышуу үлүшүн кайра кароо менен өткөрүп берген.
Ошонда да Корутундуда мындай деп жазылган: "тилекке каршы, "Камеко" моделдери кайра структуралоону изилдөө максаты үчүн даярдалган эмес, алсак, үчүнчү жактын пайдалануусу үчүн ылайыкталган эмес. "Камеко" мунун натыйжасында анын моделдерин "Кумтөр" жана "Бороо" үчүн алтынга болгон баанын бир унцияга 250дөн 390 АКШ долларына чейинки диапазонунда трактовкалоого макул болгон", б.а эсептей келгенде үлүш аркылуу алтынга болгон баанын ставкасы белгиленет жана эсеп мындай ставкалар болгондо гана туура болот. Тараптар негиз катары 1 унция 310 АКШ доллары болгон бааны алган. Корутунду 2003-жылдын мартында түзүлгөн, ошого карата кыймылдын диапазону да түзүлгөн
Бирок ушул эле корутундуда жүргүзүлгөн анализдердин натыйжасы алтынга болгон баанын узак мөөнөттүү экендигинен абдан көз каранды болору көрсөтүлөт... Ушуга байланыштуу эмненин негизинде үлүштөрдүн 33 % - 67 % катышынын адилеттүүлүгү жөнүндө оң баа берилгени белгисиз, анткени эсеп алтынга болгон баанын узак мөөнөттүү болгондугуна карата жүргүзүлбөстөн, 2003-жылы белгилүү бир ставка менен өзгөртүүсүз калтырылган. Ошентсе да корутундуда, 2003-жылдан 2008-жылга чейин алтынга болгон баанын узак мөөнөттүү өзгөрүшү деп 350 АКШ долларына чейин өзгөргөнүн эсептөө толук мүмкүн, жана, эгер алтындын баасы унциясы 350 АКШ долларынан АШПАГАНДА, "Кыргызалтын" менен Өкмөт кайра структуралоодон кийин 33 % менен да пайдалуураак абалда калат эле деп көрсөтүлөт. Алтындын унцияга болгон баасынын кыймылынын анализи төмөндө салыштыруу үчүн берилет.
| Уландысы бар |






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??