presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кулагыңа күмүш сырга…
Айгерим Расул кызы, ырчы:
"Жүрөгүмдү
багынта турган мырзага жолуга элекмин"
- Салам Айгерим, жаңы жылың менен! Жаңы жылды кандай тостуң?
- Рахмат, бирге болсун! Жаңы жылды адаттагыдай эле ата-энем, иним, синдим менен үйдө жакшы маанай, күлкү - шаң, аруу тилектер менен тостум. Негедир 2013 - жыл мен үчүн өзгөчө жыл болот окшойт. Анткени жаңы жылды бөтөнчө сезимдер менен тостум. Ал кандай сезим экендигин азырынча жар салбай турайын. Балким, кийин кези келсе айтармын. Азыр өзүмдүн эч кимге ачылбаган сырым боло турсун. Баса, учурдан пайдаланып баардыгыныздарды Жаңы жылыныздар менен куттуктайм! Элиме тынчтык, ынтымак, токчулук, аманчылык каалайм. Кирип келген жылан жылы биз үчүн эң ийгиликтүү жылдардан болсун демекчимин.
- Жаңы жылда кандай белектерге ээ болдуң?
- Жаңы жылда кызыктуу белектер абдан арбын болду. Кызыгы, өзүм күтпөгөн адамдардан эле белек алдым. Бирок кандай белектерди алгандарымды айтпай эле коеюн. Мактангандай болуп калам го.
- Жаңы жылда баарыбыз алдыга жаңы максаттарды коюп, жакшы тилектерди тилейт эмеспизби. 2013- жылы кандай максаттарды ишке ашырайын деп жатасың?
- Чынында алдыга койгон максаттар абдан көп. Адам баласы максатсыз кантип жашасын. Андыктан кирип келген жылы ишке ашыра турган жакшы тилектер арбын. Бирок анын баары канчалык деңгээлде ишке ашат, аны айтуу кыйын. Адам эртеңки күнүнүн кандай болорун билбейт эмеспи. Ошол себептен, максаттар ишке ашканда гана кеп кылалы. Алдын - ала жар салып, ооз көптүрбөй турайын.
- 2012- жыл сен үчүн той жылы болду. Той деп жүрүп чыгармачылыгың аксап калган жокпу?
- Адам бир эле учурда бир нече иштерди жасап, алдына койгон максаттарын ишке ашырса болот. Ооба, 2012- жыл мен үчүн той жылы болду. Бир жыл бою тойлордун көркүн ачсам дагы чыгармачылыгым аксагандай деле болбоду. Тойдо жүрүп деле ыр жаздырып, киного тартылып жаттым. Эң башкысы жасаган эмгегимдин жемишин көрдүм. А чынында тойго эмне жетсин. Дайыма эле элибизде той болуп турса кана.
- Өткөн жылы бир топ тасмаларга тартылып, тасма тартууга да жетиштиң. Быйылкы жылы тасма жаатында кандай иштерди жасаганы жатасың?
- Ооба өткөн жылы "Каргыш", "Братандар- 2", "Жараланган турналар- 2" тасмаларына тартылдым. Бул жылы дагы жаңы тасмаларды тартып, ал тасмаларда ролдорду аткарайын деген ойлор бар. Негизи эле кино жаатында көптөгөн иштелип даяр болгон проекттер бар. Кудай буюрса, алардын баары ишке ашканда көрөсүздүр. Дагы айта турган нерсе, өткөн жылы тарткан тасмаларды кайра кинотеатрлардан элге тартуулаганы жатабыз.
- Мына жаңы тасма тартууну да пландап жатыпсың. Бул жолу кандай жанрдагы тасма тартайын деп жатасың?
- Буга чейин сүйүүнү, достукту чагылдырган, адамды ойго сала турган турмуштун көйгөйлүү маселерин камтыган тасмаларды тарсак, эми элге шаң, күлкү, жакшы маанай тартуулай турган жакшы комедия тарсамбы деп турам. Бул иштин үстүндө дагы изденип, иштешим керек. Тасма тартуунун жолдорун, ыкмаларын аз- аздан өздөштүрүп келе жатам. Кудай буюрса, кийинки тасмалар азыркылардан да мыкты болот деген ишеничтемин.
- Баса, жаңы жыл алдында Даркүл Күйүкова атындагы сыйлыктын ээси болдуң эле. Бул сыйлык сага кандайча берилди. Деги эле өзүңдү татыктуумун деп эсептейсиңби?
- Бул сыйлыкты биздин атактуу, сүйүктүү жазуучубуз Чынгыз Айтматов негиздеген экен. Учурда аталган сыйлык Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин ассамблеясына карайт. Мага сыйлыкты аталган ассамблеянын жетекчиси тарабынан берилди. Жети көркөм тасмада башкы каармандын ролун ойнодум. Өзүм эки тасмага сценарий жазып, режиссер болдум. Ошол эмгегимди баалашкандары үчүн беришти го дейм. Албетте, өзүмдү бул сыйлыкты алууга татыктуумун деп эсептейм. Эгер татыксыз болсом, анда мага эмнеге беришмек эле? Эмгек бааланат, таалада калбайт деген сөзгө толугу менен кошулам. Кандайдыр бир сыйлыкты, наамды алуудан мурда талбай эмгек кылуу керек. Ошондо наам, атак-даңк өзү сени издеп келет.
- Көптөн бери жеке концертиңди бере элесиң. Күйөрмандарың да сагынып калышкандыр. Качан жеке концертиңди бересиң?
- Ооба, жеке концерт бербегениме бир топ болуп калды. Анын да өзүнүн себептери бар. Жаңы ырларды жаздырып, репертуарды жаңылап, жаңы идеялар менен өзгөчөрөөк кылып концерт берсемби деп жүргөм. Учурда жаңы альбомдун үстүндө иштеп жатам. Кудай буюрса, күзүндө жеке концертимди берсемби деген оюм бар. Балким, ага чейин да өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Учуру келгенде көрөбүз да.
- Сахнага жаңы чыккан Айгерим менен азыркы Айгеримдин айрымасы эмнеде?
- Албетте, жаңы сахнага кадам таштаган Айгерим менен азыркы Айгеримдин айрымасы бар. Сахнага жаңы бийлеп чыкканда 3 жашта элем. Баёо, эч нерсе менен иши жок мотурайган неристе болчумун. Андан бери канча жыл алмашты… 15 жашымда ырдап чыктым. Ойлоп көрсөм, ошол жыл аралыгында көп нерсе өзгөрүптүр. Чындыгында баары жакшы жагына. Жаңы сахнага чыкканда ырларым радиолордон кетип жатса, гезиттерден интервью алабыз десе, телекөрсөтүүлөр чакырса аябай сүйүнөт элем. Көрсө, ошондо бардыгы башкача көрүнчү турбайбы. Чынын айтсам, азыр мунун баары кадимкидей эле көрүнөт. Адамдын бактысы атакта, байлыкта, бийликте эмес экендигин түшүндүм. Өз максатыңды ишке ашырып, эл үчүн жакшы иш кылып, ак эмгек менен эле оокат кылсаң, бакыт ошол экен.
- Русландын ырчы, актер болушун колдойсуңбу?
- Албетте колдойм. Анткени ал чындыгында таланттуу жигит. Учурда Кыргыз драмтеатрында 3- курста актерлук чеберчиликтен билим алууда. Мындан сырткары эстрадалык вокалдан сабак алат. Спорт залда машыгат. Кыскасы, бош убактысы жок. Жакында эле "Жараланган турналар- 2" тасмасына башкы каармандын ролун ойноду. Жаман чыккан жок. Русландын актерлук чеберчилиги бар экендигин байкадым. Буюрса, жакында кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт. Азыр ырларын жаздырып, клиптери тартканга даярданып жатабыз. Русландын жаңы ырларын жакында радиолордон угуп, клиптерин телекөрсөтүүдөн көрүп, анан өз бааңыздарды бересиздер. Жеке менин оюмда, Руслан аз убакытта өз күйөрмндарын таап, бат эле жылдыз болот. Анткени Русланда баардыгы бар. Жагымдуу үн, сулуу жүз, ырасында, ал өзгөчө жигит. Ал менин иним болгону үчүн мактап жаткан жокмун. Жакшыны жакшы деп айтыш керек да. Инимди менден жакшы билген адам жок болсо керек. А эл кандай баа берет, аны учурунда көрөбүз.
- Жүрөгүңдүн ээсин таптыңбы?
- Жүрөгүмдүн ээси жок. Көптөр кантип эле сүйгөнү жок болсун деп ойлойт экен. Балким, мени сүйгөндөр, мага арзуусун арнагандар бардыр, бирок менин жүрөгүмдү багынткан мырзага жолуга элекмин. Жактыруу сезимдери болгон. А сүйүүгө кабылган эмесмин.
- Кимден кеңеш сурайсың жана кимдин пикирин олуттуу деп эсептейсиң?
- Ата-энемден, курбумдан кенеш сурайм. Албетте, эң биринчи ата-энемдин пикири олуттуу. Алардын айтканын дайыма угуп, эсептешип турам.

Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??