presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



ТАРЫХЫЙ ОКШОШТУКТАР

Илгери илгери Ортоазиялык хандар коммунисттик партиянын республикалык комитетинин биринчи секретары деп аталчу. Так ошол учурда Кыргызстанда айлакер хан болгон экен. Бир күнү күзгүдөн өзүн караса, чачын ак аралап калыптыр дейт. Аны көрүп хан айтат:

- Атаңдын көрүү! Карылык кууп жеткен го?-деп катуу ойлонот. Ойлонуп-ойлонуп, аягында желдеттерине тоонун башынан бир койчуну кармап келүүгө буюрат. Айткандай койчуну кармап келип хандыкта мааниси боюнча хандан кийин экинчи орунда турган кызматка отургузуп койот. Эми ал койчунун үч класс эле билими болсо керек, бирок чындыгын айтканда даярдап келген кагаздарга кол коюп туруш үчүн билимдин деле кереги жок болчу.
Ошентип койчу өзүнүн тагына отуруп жумуш баштайын деп жатса, секретаршасы кирип келет:
- Таксыр эмне буюрасыз, мен жазып алайын - деп. Койчу болсо секретарша кыздын сулуулугун көрүп эс учун жоготуп коюптур. Мындайча айтканда биринчи көргөндө эле махабат оту дүбүрттөп күйүп-жанып кетиптир. Эми аны да түшүнсө болот да? Өзүнүн аялы; бийик тоодо күнгө күйүп негрдей капкара болуп, узун-туурасы бирдей болсо, анан эле ай десе ай, күн десе күндөй болгон бир нерсе келип бирдемени сурап жатса кантип сүйбөйсүң да, эмнени сүйлөйсүң. Секретарша болсо көптү көргөн эме окшойт, ситуацияны туура баамдап, көзүн жымыңдатып коюптур. Ошондон кийин койчу жумушун да унутуптур, үй-бүлөсүн да унутуптур, эртеден кечке секретаршасын чакырып алып карап отура берчи экен, ал эмне кааласа ошонун баарын аткарып. Акыр аягы чыдабай кетип бир күнү аны тоонун башына ала качып кетип, үйлөнүп алыптыр. Ушул азыркы мезгилге чейин анын сүйүүсү таркабай, жаңы аялы менен аябай бактылуу жашап жүрөт деп угуп калабыз. Зато хан ал чабанга салыштырганда, даанышман, акылдуу элдин атасы катары өзүн көрсөтүп, өлөр өлгүчө хандыктан түшкөн жок дейт.
Андан бери далай жылдар өтүп кетти. Бийликке акылман, эл дегенде ичкен ашын таштаган кыйын адам келди. Бирок хандар эми президент деп аталчу болду. Так талаш дагы эле токтобой, күчөп туруп алды. Ошондо хан тарыхты эстеп, хандан кийинки экинчи орунга, тактап айтканда премьер-министрликке: билими тайкыраак, кагазсыз сүйлөй албаган, андан тышкары тантыктыгы да бар, кодогой кишини түртүп салыптыр. Бирок чындыкты айтыш керек, өзүнүн жумушун жакшы эле аткарып жүргөн дейт. Каргашадай болуп ШККУнун премьер-министрлеринин саммити Бишкекте жүрүп калбайбы. Биздин премьер айла жок саммитти башкарууну колго алып, келген делегацияларга салам айтып кол чаптырып жаткан, бир маалда эле монгол делегациясына салам айтып келе жатып монгол премьеринин фамилиясы татаалырак экен аны окуй албай муунуп туруп калыптыр. Ошентип эки-үч мүнөт кыйналып, аягында чыдабай :
- Э-э жараткан кудай, фамилиясы татаал, окулбаган элди эмнеге жараттың экен?- деп жерге түкүрүнүп ийген экен. Монголдордун премьерине ал сөздү которуп бергенде, ал жинденип-Азыр президентке чалып, Чыңгыз хандын тукумдары, кыргыздарга согуш ачып, кырабыз-деп чыгыптыр. Ошондо улуу өлкөлөрдүн: Кытай менен Россиянын өкүлдөрү арачыга түшүп, монголдун экинчи кыргынынан бизди сактап калыптыр.
Биздин президент болсо, дагы бир балээ болуп кете электе, өзү сындуу бойлуу жана дагы оратор болсо да илибой фамилияны шар айтчу мурунку эле премьерди кайра алып келсемби деп ойлонуп жатат дейт.

Баяман Омар





Ыйманың, пейилиң кайда кетти, кыргызым?

Жаңы жылдын алдында көчөдөгү карды күрөп жатсам, неберем Малик кыйкырып калды. Ата телефонго деп. Үйгө кирип 2-3 минуттан кийин эшикке чыксам кар күрөгөн күрөгүм жок. Маңдайкы орус кемпир "Койгула, десем болбой эки кыргыз бала көтөрүп кетти" - дейт.

Ой алардын кыргыз экенин кайдан билдиң десем. Бирөөнүн башында ак калпак анан кеттик, кеттик деп кыргызча сүйлөшүп жатышпайбы дейт жарыктык. Ошондо тээ 70 жылдарда бир жеңемдин айткан күлкүлүү окуясы эске түштү. Кыр-Таш деген жайлоодо элек октябрь айынын башы болуп калган. Анан жакага түшөбүз, мына түшөбүз деп жатканда эле күндүн ырайы бузулуп кар жаап кирсе боло. Малыбызды тосо албай калдык. Жылкыдан уй өтүп, уйдан кой өтүп куюлушкан боюнча жакага түшүп кетишти. Өзүбүз чатырды чечип үч атка жүктөп малдын артынан Өрдөштүн башына түшүп бардык. Эки-үч күндөн кийин эсиме келсем асканын боорундагы арчага илип койгон чоң баштык сүзмөм бир чоң ириктин карынын куйган Сары майым калып калыптыр. Абышкама айтсам, Эй аныңды эмдигиче ит-куш тытып кетпедиби деп барбай койду. Эртеси кечке маал дүпүрөшүп эки-үч атчан балдар келип калышты. "Сүйүнчү жеңе" мергенчиликке барган элек журтта калган сүзмөңүз менен карын майыңызды ала түштүк дешип карагылачы ошол кездеги кыргыздын пейилин. Азыр эмне болот эле?
Жакында жакын аяшыбыздыкына барып калдык Көлгө. Кеңешкан менен учурашып, көрүшүп, өбүшүп чай-пай ичип эшикке чыкканда эле аяшыбыз буркурап-боздоп ыйлап кирсе боло. Көрсө колуң сынган уурулар ашканасынын артын бузуп түн ортосунда апасынан белек катары калган эки казанын, флягасын, эски кытайдан келген жез самоорун, кыпчуур, калагына чейин уурдап кетишиптир. Апасы Дале 80ден ашып каза болгон. А кишиге жанагы казан-аяктарды анын апасы белекке таштаган экен. Демек ал казандар бир кылымдан ашык жашаган оокаттар да. Колуң сыңгырлар казандарды лом менен талкалап жакынкы шаардагы темир-тезек өткөргөн жерге өткөрүшкөн экен. Кеңешкан казандарын кулагынан тааныптыр. Көрсө апасы Кеңеш менден белек катары ушуларды жоготпой урун, эгерде аш-тойлорго берип калсаң кулактарында момундай белги бар деп көрсөтүп кеткен экен. Уурулар кармалып Кеңешканга уурулардын ата-энелери Кытайдын эки казанын, флягасын, самоорун сатып беришкен экен. Самооруна бир жыл өтпөй түбүнөн суу тамчылап калды дейт. А казандарычы? Десем, казаны менен кара жерге кирсин түптөрү тешилчүдөй болуп турушат калбырдай болуп деп каткырат байкушум. Мына эгемен алгандан кийинки элимдин ыйманы менен пейили. Нарынга концерт койгону жөнөп калдык, ал кезде филармониянын директору ыраматылык Данияр Назарматов эле. Ошол кезде филармонияга эки жапжаңы автоклуб келген. Директор Асанкул Шаршеновду чакырып "Асаке, Нарынга мобул жаңы машинанын бирөөсүн минип баргыла номурун эки-үч күндө артыңардан берип жиберебиз" деп бизди узатты. Нарынга жетип мейманканадан орун алганы кирип чыккыча машинебиздин эки капталындагы калдайган күзгүлөрүн уурдап кетишиптир. Төлөбек Итигулов капаланып деги эмне болгон заман болгон кирип чыккыча ушинтип жатышат, жарым саат кармалсак машинени көтөрүп кетишет го десе ошол жерде турган бир шүмшүк айтып жатпайбы. Эй байке, эчтеке эмес. Мас болумуш этип бактын түбүнө ары карап жата калсаңыз өзүңүзгө билгизбей азыркылар көтөнүңүздү оюп кетет десе боло. Чын айтат илгери кыргызымдын эт бышкан жерде казаны, чай кайнаган жерде самоору, отун жарган жерде балта-чоту калып той бүткөндөн кийин эки-үч күндө эсине келип жыйнаштырчу эле го. Улуу-кичүүбүз бийликтегилер, саясатчылар жалпы акылыбызга келип ыйман менен пейилибизди жапа тырмак оңдобосок жакында оңолобуз деген сөз бок сөз болуп калды.
Келдибек Ниязов






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??