presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мамат Айбалаев
Баткен облусунун экс-губернатору:
"Мамлекет чегараны коргой албаса, элге курал бериши керек"

6-8-январдагы Сок анклавындагы өзбек жана кыргыз айыл тургундарынын ортосундагы чатактан кийин баткендиктер облус жетекчилигине Мамат Айбалаевди кайра кайтарып келүүнү талап кылышты.
Ушундай эле пикирлер интернет форумдагы талкууларда да жазылды. Мамат Айбалаев 1999-2003-жылы Баткен облусун жетектеген. Жаңы гана түзүлгөн облуска Мамат Айбалаев Кадамжай сурма комбинатындагы мүдүрлүк кызматынан президент Аскар Акаевдин сунушу менен келет. Бирок 2003-жылы президент менен мамилеси бузулуп, ал губернаторлук кызматтан алынат.
Баткенге жетекчи болуу үчүн тажик, өзбек, кыргыз аксакалдарынын сыйына ээ болуу керек

- Мамат мырза, сиз губернатор кезде өзбек, тажик чегарачылары жолду ачып, какая урмат көрсөтчү экен. Сизден кийинки губернаторлор Аскар Шадиев, Султан Айжигитовду Баткен облусунун бир районунан экинчисине өтүү үчүн коңшу мамлекеттердин чегарачылары өткөрбөй, чатакташкан учурлар болгон. Кечээ журналисттерге маалымат жыйында азыркы облус жетекчиси Жеңиш Раззаков да Фергана районунун акимине кат жазып, сүйлөшө албай келгендигин билдирди. Сиздин коңшулар менен тил табышуудагы сырыңыз эмнеде эле?
- Мен иштеген кезде Тажикстандын да, Өзбекстандын да коңшу облустарында жакшы жетекчилер иштечү. Алар эми азыр алмашып кетишти. Үч тарап аймак тынчтыгына кызыкдар болчу.
Негизинен башкаруу сырым деле жок. Анын баары тажрыйба болсо керек. Мен партиялык тепкичтин ылдыйдан өйдөгө карай, ар бир тепкичин басып өткөнмүн. Эми бул аймакта билесиңер, эң башкысы - сүйлөшүү. Аймакта мамлекеттик орган жетекчилеринен да жергиликтүү аксакалдар чоң роль ойнойт. Ошолор аркылуу көп маселе чечсе болот. Андыктан облус жетекчиси баардык тарапты колдонушу керек. Андан сырткары, мен Баткенде туулуп, өсүп, иштеп ар бир кокту-колотун жакшы билем.
- Сизден кийин иштеген губернаторлордун кимисинин ишине жакшы баа бересиз?
- Мамлекеттик кызматка бизнесмендин келиши туура эмес. Аны тажрыйба да далилдеди. Кийинки губернаторлор бизнестен келип калгандыктан, биртоп иштерди алдыга жылдыра алган жок. Мамлекеттик башкарууда акчалай кирешени гана эмес, башка жактарын эске алып иш жүргүзүү керек. Жумуш орун болсо, ал салык да төлөйт, баласын окутуп, үйбүлөсүн денсоолугун камсыз кылып, биртоп социалдык маселелерди да чечет. Баткен облусунун үч району тең абдан кооптуу, көйгөйлүү райондор.
- Деги эле Баткенди өзүнчө облус кылып түзүү туура чечим болгонбу?
- Ооба, туура чечим болгон. Биз андагы боевиктердин кол салып, мамлекет коопсуздугун туудурган коркунучун айтпай эле коелу. Анткени, облустун стратегиялык коопсуздугу абыдан маанилүү. Бирок үч район мурда Ош облусунун карамагында социалдык-экономикалык жактан артта калып келген. Өзү биздин чоңдордо адаты бар: алар регионго жумуш сапарга барганда облус, район борборунан кайта берет. Айылдардын жашоосу менен таанышпайт. Баткен облус болгондон кийин район борборлоруна барган жетекчилер Өзбекстан, Тажикстандын чегаралары аркылуу өтүп, алыскы райондордун жашоо шартын билип калышты.
- Облус болгондон бери 13 жыл болсо дагы бирок облус дотациялык жана башка маселелери чечилген жок...
- Баткендин экономикалык абалын көтөрүү өтө кыйын эмес. Ал үчүн Кадайжай Сурма комбинатын, Хайдаркен сымап комбинатын, Кызыл-Кыя, Сүлүктүдөгү шахталарды иштетүү жетиштүү. Кадамжай сурма комбинатын К.Бакиев казактарга сатып жиберди. Өткөндө премьер-министр барганда алар бир жылда 900 тонна сурма өндүрөөрүн айтышты. Мен иштеген кезде бир канча сурманы бир айда өндүрчүбүз.
Ал эми Лейлек райондунда Лейлек каналын куруш керек. Каналды куруп, элге жер бөлүп берсе, канча үйбүлө ошол жактан жан багып, эч ким Бишкекке кара жумуш издеп келбей калмак. Мисалы, Лейлектеги Достук, Арка, Кулунду жерлеринен бир сезондо эки жолу түшүм алса болот. Бирок булар суу жагынан Тажикстанга көзкаранды. Тажикстан сууну майда гана берет.
- Аны менен чегарадагы бош калган айылдарга элдин туруктуу жашоосун камсыз кылууга болот...
- Ооба. Мамлекет атайын программа кабыл алып, бир чечимге келиши керек. Түштүк чегараны бекемдейби? Ал үчүн чегарада эл жашашы зарыл. Азыр биздин чегарадагы айылдар бош калып, өзбектер, тажиктер жылып, жерлерди басып алууда. Мамлекеттик программа менен чегарада жашаган элге жарык төлөмдөрү, суу, жер салыгы боюнча жеңилдиктер берилсин. Медициналык жана билим берүү мекемелердин шартын жакшыртыш керек. Аймак стратегиялык мааниге ээ болгондон кийин ушул иштерди бүтүрүү үчүн атайын каражат бөлүнүшү зарыл.

Облустун жоголуп кетүү коркунучу бар

- Фергана өрөөнү калк жыш жайгашкан аймак. Тажикстан менен Өзбекстандын коңшу райондору жылып, жер басып ала берсе, Кыргызстан Баткенди акырындап жоготуп албайбы?
- Андай коркунуч бар. Азыр чегараны айрым жерлерде эл гана коргоп атат. Андыктан мамлекет элге курал бериши керек. Себеби, Өзбекстан менен Тажикстан эч качан элине курал бербейт. Алар өз элинен коркушат. А биздин бийлик чегарадагы айылдардагы айыл өкмөтү, айыл башчылары, аксакал топторунун жоопкерчилиги менен курал таркатса болот. Ошондо өзбектер менен тажиктер кыргыз чегине бир кадам да баспай калат. Булардын куралы бар деген коркунуч пайда болот. Эми муну бүгүнкү кырдаалдан улам айттып атам. Себеби, бийликтин же чегара маселесин чечпей, анда жашаган элди өз көйгөйү менен өзүн калтырышы туура эмес.
Мисалы, Сох анклавынын элинин саны көбөйүп баратат. Алар Кыргызстандын жерине кызыкдар. Малын жаят, суусун колдонот. Биздин элдин кеңпейилдигинен улам, буга чейин аймакта тынчты өкүм сүрүп келген. Мисалы, чегарадагы бир айыл сууну өздөрү жумасына үч күн колдонсо, калган төрт күн өзбектерге агызып турат. "Өзүңөр колдоно бербейсиңерби?" - десем, аксакалдар тынч, ынтымак болобу дешкенден мен "тил табышып жашай бергиле" деп макул болгонмун.
- Сох анклавынын маселесин кантип чечүүгө болот? Ал муртадан эле өзбектерге тийиштүү жерби?
- Ооба, ал Өзбекстандын жери. Бирок ал жерде өзбекстандык тажиктер жашашат. Негизинен мындай аралашып, чийелешип калган жерлер көп. Ошондуктан, үч мамлекет тең отуруп, ынтымакта чечип алышса абдан жакшы болот. Ал эми Сохту айланган кыргыз айылдары үчүн Бөжөй-Согмент-Бел жолун куруш керек. Анын долбоору бар.

Совет мезгилинде, андан кийин да Баткен жерин Тажикстанга сатышты

- Анклавдарды алмашуу менен үч мамлекет чегара маселесин чече алышабы?
- Баардыгы сүйлөшүүгө жараша. Тажикстан ар бир сантиметр жер үчүн да талашат. Алардын түшүнүгү ошондой. Совет мезгилинде биздин жетекчиликтин алсыздыгынан Тажикстанга Баткендин аймагынын үчтөн бири өтүп кеткен. Эгемендиктен кийин дагы биртоп жерлер берилип калды. Мен азыр ал жетекчинин атын атабай эле коеюн, бирок бир күн жерин саткан башчылардын аты ачыкка чыгат. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда Ворух анклавы бар. Чаркуу аркылуу Баткен менен Лейлек байланышып турат. Эгер Баткен менен Лейлекке тажиктерди айланып өткөн жолду курбасак, анда Лейлек дагы бир күнү анклавта калышы ыктымал.
Өзбектер үчүн Сох маанилүү. Бирок алар Бүргөндү үчүн күрөшөт. Ал жерде мунайзат менен газдын Фергана өрөөнүн камсыз кылар запасы бар. Ошондуктан, эки тараптуу келишимге карабай дагы эле Бүргөндү мунайзат базасын "Узтрангаз" Кыргызстанга өткөрүп бербей атат. Баардык тарыхый документтерди көтөрүү менен Бүргөндү Кыргызстанга тиешелүү экенин таксыктаса болот.
- 2000-жылы Бакиев премьер-министр кезинде өзбектерге Сохко коридор берип, ал келишимди сиз ачыкка чыгарып, кийин жокко чыгарылган эле...
- Ооба, өзбектер Сохко өтүү үчүн коридор сурап келишүүдө. К.Бакиев Тоют ашуусу аркылуу 200 км. коридор берген. Өзбекстан ал жерден жол ачып, Сохко түз каттап турмак. Мен Курманбек Бакиев менен барып, ал ашууну көрсөттүм. Аны берсе, Баткен толугу менен анклав болуп калмак. Курманбек Бакиев көрүп эле ынанды. Кайтып келатсак жолдо Өзбекстандын вице-премьер-министри турган экен, К.Бакиев ага токтобой өтүп кетти. Кийин ЖК аркылуу ал келишим жокко чыгартылды.
- Жеңиш Раззаковдун айтымында, Сохтогу акыркы чатак этникалык кагылышууга айланып кетиши ыктымал болчу. Баткенде этникалык конфлик чыгуу коркунучу барбы?
- Жок. Мен андай ойдон алысмын. Себеби, Баткенде үч улуттун эли абдан чаташып жашашат. Өзбектердин жеринде тажиктер, тажик жеринде өзбектер, Кыргызстанда тажиктер жайгашып калган. Тажиктер өзбек жерин коруп, кыргыздар менен согушпайт да. Ошондуктан, ачык кагылыш болбосо да, тымызын жаңжалдар болуп келет. Мына, Сохтогу жаңжал да жекшемби күндөрү башталды. Ал аймакта көбүнчө жума намазга топтолгондо, маселелер талкууланып, анан тапшырма берилет. Ошондуктан, жума, ишемби, жекшемби күндөрү биз күнү-түнү анклавдагы жолдорго күзөт койгонбуз.
- Азыр Баткендеги чегара маселесин чечүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Эгер чакырса барып, сүйлөшүүлөргө катышасызбы?
- Айта турган кеңешимди ал комиссияга кирген кишилерге айттым. Кеңеш сураса качпайм.
- Маегиңизге чоң ракмат!

http://kyr.24.kg/






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??