Мындай мыктылар турга нда бейпилбиз, топукпуз

Азырынча жакшы салт болуп турат: гезиттер, ар кандай маалымат каражаттары жыл аягында ар кайсы кесиптеги мыкты адамдарын эл менен бирдикте тандап элге жар салат. "Фабула" да окурман менен кеңешип туруп жыл мыктысы номинациясына 23 адамды тандадык. Анан 28-декабрь күнү борборубуздагы "Баласагын" ресторанына номинанттарды чакырып дипломун берип, чай-пайга тойгузуп, эзиле маектештик. Сыйлыктарды тапшырып жакшы сөзүн айтсын деп атактуу эки баатырды-Мамбет Мамакеев менен Миталип Мамытов аксакалдарыбызды, академик Абдылдажан Акматалиевди, Филология илимдеринин доктору Советбек Байгазиевди, Эл акыны Анатай Өмүркановду, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бөкөнбөй Боркеевди, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Алтынбек Сапаралиевди чакырганбыз. Салтанаттын аягында батаны Улукман Мамбет Аталык берди, биз ушундай ат коюп алганбыз а кишиге.
Эмесе, ошол салтанаттан тартылган фоторепортаж назарыңыздарда.


кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"