presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чек ара көйгөйү...
Токон Мамытов, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
"Кудайга ишенип, кыймылдабай жата
берсек жерибизден ажырап калабыз"
- Токон Болотбекович, мына жакында Баткен облусунун Чарбак айылына Сох анклавындагы Өзбекстандын тажик тектүү жарандары чек араны бузуп кирип, жергиликтүү тургундарды ур-токмокко алып, отуздай адамды барымтага алып кетип, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында араң бошотту. Чектен чыккан мындай жосунсуз жорукка кандай баа берет элеңиз?
- Чындыгында буга дейре деле чек ара тилкелеринде чыр-чатактар болуп келген. Башкача айтканда жайыт, суу талаш маселелеринин айынан жаз-жай айларында кышка дейре майда жаңжалдар чыгып турчу. Бирок Чарбакта болгон окуя чектен тыш, акылга сыйбай турган көрүнүш болду. Башка мамлекеттин жарандары топтолуп алып, эгемендүү өлкөнүн аймагына кирип, бир айылдын элин ур-токмокко алып, 30дан ашык адамды барымтага өз аймагына алып кирип кеткени өтө жосунсуз кылмыштуу жорук болду десек жарашат. Өзбекстан бийлиги бул окуянын күнөөкөрлөрүн таап, жазага тартып, эл аралык мыйзамдын алкагында бизге маалымат бериши зарыл. Биздин өкмөт дагы бул жагдайга байланыштуу тиешелүү комиссия түзүп, баарын ийне-жибине дейре иликтеп, мындан ары Чарбактагы окуяга окшогон терс көрүнүштөргө жол берилбеши үчүн кандай чараларды көрүү керектигин изилдеп чыгышы абзел. Өзгөчө ИИМ, МУКК, Чек ара кызматы биргелешип, Чарбактагы окуянын артында кимдер турган, ким уюштурган деген суроонун башын ачышы керек.
- Сох анклавындагы Өзбекстандын жарандары жогору жактан тукуруу болбосо, өз алдыларынча Кыргызстандын Чарбак айылына кирип, электр зым карагайларын кулатып, машиналарды талкалап, элдерди барымтага алган кылмыштуу тобокелдикке барбайт болчу деген маалыматтар айтылды. Сиз буга кандай карайт элеңиз?
- Мен Фергана же Ташкент тукурду дегенден алысмын. Анткени Сох анклавынын ичиндеги абал Өзбекстандын да көйгөй жаратып жатат. Себеби, бир топ кылмыштуу топтордун издери Сохко келип такалган көрүнүш арбын. Мындан улам, эл аралык мыйзамдарды сактап маселени биргелешип чечүү зарыл. Антпесе, кооптуу жагдай жарала берет. Анан кырдаал оорлошуп кете турган болсо, Кыргызстанда туруксуздук болуп турушун каалаган үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. Сох менен Чарбактагы окуяда да кайсы бир деңгээлде үчүнчү күчтөрдүн тиешеси болушу толук ыктымал.
- Үчүнчү күч болгондо кимдер?
- Ошол эле, диний-экстремисттик, террористтик уюмдар, наркозат мафиясы, бийликтен ажыраган күчтөр болушу мүмкүн.
- Эл аралык мыйзамдарды сактап, маселени биргелешип чечели деген Кыргызстандын өтүнүчүнө Өзбекстан бийлиги ар дайым тоготпогон, өзүм билемдик мамиле жасаарын эксперт-аналитиктер какшап келе жатат. Анан ушундай шартта кантип бир пикирге келүүгө болот?
- Ачык айтыш керек, эки мамлекеттин делегациясы жолугушканда эки тарап бири-биринин сунуштарын, талаптарын анализге алып, байкоо салып турат. Маселе канчалык акыйкат коюлуп жатат? Жетиштүү далилдер барбы? Өз позицияларында бекем турушабы деген нерселерге көңүл бурулат. Анан болсо болду, болбосо жок, бир ооз айтып коёлу деген нерсе болбош керек. Тилекке каршы, биздин жетекчилерде ушул бир ооз айтып көрөлү эмне дешет болду экен деген көрүнүш бар. Айтылган, коюлган маселелерди талап кылуу деген жок. Өзбекстан бийлиги биздин жетекчилердин мындай олку-солку позициясын көргөндөн кийин, жаманды коногу билет болуп, теңине албай, тоготпогон мамиле жасап жатканы ошондон. Буга өзүбүз күнөөлүбүз. Эгер биз дипломатиялык саясатты кылдат жүргүзүп, талапты туура далилдүү коюп, анын жообун ар бир жолугушуу сайын сурап, талап кылып турсак, алар дагы эсептешкенге мажбур болот. Анан күңк-мыңк этип, конкреттүү талап кыла албай маңкалана берсек бизди эч ким тоготпойт.
- Сиз айткандай, Чарбактагы окуяга байланыштуу Кыргызстан бийлиги кыңк-мыңк этпей, кандай конкреттүү талаптарды коюш керек?
- Мына Баткен облусунун прокурору чек араны бузуп, Чарбак айылынын тургундарын ур-токмокко алып, барымтага алган окуяга дароо кылмыш ишин козгоду. Мурдагы прокурорлорго окшоп Чек ара кызматы, МУККы, ИИМ кандай маалымат берет деп күтүп отурган жок. Эми бул ишти акыр аягына чейин тыкыр изилдеп, так далилдерди тиркеп, Башкы прокуратурага өткөрсө, анан Башкы прокуратура Өзбекстандын Башкы прокуратурасына жөнөтүп, Минск конвенциясынын негизинде күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну катуу талап кылышы керек. Мындай окуя экинчи кайталанбаш үчүн, күнөөкөрлөр сөзсүз жооп берүүгө тийиш.
- Сох анклавда жашаган өзбек жарандарынын Чарбакка ээн-эркин басып кирип, каалаганын кылып жатышы, мамлекетибиздин алсыздыгын билдирип жатат десек болобу?
- Эң биринчи укуктук жактан алганда эл аралык мыйзамдарды, чек ара мыйзамын бузуу болуп саналат. Моралдык жактан алганда, албетте, өтө одоно жагымсыз окуя болуп кетти. Эми муну менен биз кыргыздар да Сохко барып басып алгыла дегенге болбойт. Болору болгондон кийин, баарын мыйзамдын алкагында чечип, талап кылышыбыз керек. Чек араны тактамайынча чыр-чатактар боло берет. Андыктан эки өлкөнүн өкмөтү ийри отуруп, түз кеңешип, чек араны тез арада тактап, аныктап макулдашууга жетиши абзел. Ал эми Кыргызстан алсыздык кылып жатат десек менимче туура болбой калат. Баары сүйлөшүүлөргө жараша чечилүүгө тийиш. Дипломатиялык саясатты мыкты жүргүзүүбүз кажет. Кудайга ишенип, кыймылдабай жата берсек жерибизден ажырап калабыз.
- Ачык эле айталычы, коомчулукта Кыргызстан аскердик жактан алсыз болгондуктан коңшулардын басмырлоосуна тушугуп жатат деген пикирлер күч. Сиз буга кошуласызбы?
- Тиги өлкөнүн баланча самолёту, түкүнчө танкы бар, биздин армия алардан алсыз кылат деген туура эмес. Самолёту, танкасы, ракетасы бар армияны, техникалык жактан начар, бирок духу күчтүү армия жеңип коёрун тарых эчак тастыктаган. Буга мисалдар көп. Кайсы армиянын духу күчтүү болсо, ошол армия жеңет. Экинчи, албетте, техника болушу керек.
Түз эле айтайын, кыргыз духу күчтүү эл. Кийинки эле 2010-жылкы 7-апрель окуясы буга ачык далил. Учурда коңшу мамлекеттер эле эмес, бир канча чет өлкөлөр кыргыз элинин рухун изилдөөгө кайрадан киришти. Кыргыз эли жөн жеринен эле канчалаган согуш, кыйынчылыкты башынан өткөрүп, тарыхтын татаал сыноосунан сынбай, жок болуп кетпей, бүгүнкү күнгө жеткен жок. Кыргыз эч качан бирөөгө барып кол салбай, бирөөнү басып алам дебейт, бирок бизге катылган ким болсо да катыгын берет. Мен муну билем.
- Эми тактала элек талаштуу участкаларды тактоодо Кыргыз бийлиги өз позициясында бекем тура алабы? Анткени буга дейре Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз элинин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргой албай, Үзөңгү-Кууш, Каркыраны коңшуларга тарттырып жиберди деген дооматтар айтылып, элибиздин ичи ачышып калган жайы бар...
- Чек араны бөлгөндө мен баланча пайызды алам деп көгөрүп тура берген болбойт. Эл аралык практикада ошондой. Бирин-бири түшүнүү аркылуу чечиш керек. Эгер бул менин чоң атамдын арыгы болчу, ушул жерден кетпейм деп тоң моюндук кыла бергенде чек ара маселеси эч качан чечилбейт. Демек, негизги маселе, биздин жетекчилер чек ара бөлүшүүдө канчалык деңгээлде Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгын коргой алды дегенде турат. Андыктан чек араны тактоодо тарыхты казып, Ташкент, Москва, Санкт-Петербург, Пекиндин архивдеринен далилдүү фактыларды топтоп, анан алардын алдына таштап коюш керек, мына булар биздин жер деп. Анан курулай эле ооз жүзүндө бул жер биздин жер деп талаша берсек маселе чечилбейт.
- Ушул чек араны эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары эле тактап койгондо кыйла жеңил болот беле?
- Ырасында, чек ара маселеси, анын көйгөйлөрү бүгүн эле жарала калган жок. Ачык айтканда Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тарта бүгүнкү күнгө дейре жыйырма жылдан бери чечилбей келе жаткан эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири, чек ара маселеси экени талашсыз.
Союз таркаганда эгемендүүлүк алган мамлекеттер үч маселени биринчи чечишкен. Биринчиси, саясий көз карандысыздык. Экинчиси, союздук республикаларга тиешелүү экономикалык өнөр-жай, чарбалык, транспорттук объектилерди өздөрүнө алып калуу маселесин чечишкен. Үчүнчүдөн, чек ара маселесин чечип башташкан. Ошол кезде биздин коңшу өлкөлөр бизге чек араны эртелеп тактап чечип алуу зарылдыгын айтып кайрылышкан. Бирок ошол кездеги бийлик бул маселеге тиешелүү көңүл бурган жок. Саясий көз карандысыздык боюнча декларация кабыл алдык. Анча-мынча экономикага байланыштуу маселелерди чечимиш болдук. Бирок дагы да болсо Кыргызстандын жеринде жайгашкан башка мамлекеттер пайдаланып келген объектилерди, башкача айтканда, Бүргөндү, Чоң-Кара-Калча сыяктуу нефти чыккан жерлерде жайгашкан нефти-газ хранилищелерин жана башка бир топ объектилерди, ошондой эле башка өлкөлөрдө жайгашкан Кыргызстанга тиешелүү делген объектилерди өзүбүзгө алуу маселеси жолго коюлган жок. Ал эми чек ара маселесинде болсо такыр эле көңүл коштук өкүм сүрдү. Президент, өкмөт, парламент бул иштин аягына чыгаралы дешкен жок. Бийликтин мындай кайдыгерлиги таң каларлык нерсе да.
- Эски эки бийликтин тушунда чек арага жакшы көңүл бурулган эмес дейли, азыркы учурдагы абал кандай?
- Жаңы бийлик келген алгачкы жылдары июнь окуясы, парламенттик-президенттик шайлоо болуп чек арага көңүл бурулган жок. 2012-жылдан бери карай гана чек арага көңүл бурулду. Парламент чек арага байланыштуу мыйзам кабыл алды. Президент Чек ара кызматын МУККдан бөлүп өзүнчө түз президентке баш ийген мамлекеттик орган кылып түздү. Ошондой эле, Америкага, Россияга, Евросоюзга Кыргызстандын чек ара кызматына материалдык, техникалык жактан жардам берүү өтүнүчү менен кайралып жатат. Өкмөт тарабынан чек арачылардын маянасы жогорулатылды. Экономикалык оор кырдаалга карабастан өкмөт чек арачыларды колдоо зарылдыгын туюп 340 миллион сом тапты. Буюрса чек ара көйгөйүн чечүүгө акыркы жылы жакшы маани берилип жатат. Бийлик көңүл бурса эле маселе чечилип баштайт.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??