Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул болду…
Мамлекетим, артың ды кылчая карачы…

Адам баласы ушундай экен, баскан жолун кайра-кайра кылчая карап, кубанчу жеринен кубанып, кабак түйчүсү болсо, ошентип… айтор, өткөндү унутта калтырбайт экен, андан сабак алат экен, келечекке кеткен жолунда жаза баспаш үчүн… Мамлекет деле ошол жолдо болот, анткени мамлекет дегениңдин өзү адамдардан турат эмеспи…

Ошентип, Кыргызстан деген бою кенедей болгону менен үмүттүү ою кээси менен асмандын башына чыгып кетчү мамлекет 2012-жылды кантип басып өттү дегенди чогуу-чаран азын санап, эстеп койгонубуз турмуштун туура жолу болот.
Бу кыргыз баласы өткөнүн да, келечегин да жаман жактан баа бербейт, ошол маани кыргыздын өзөгүндө, өтөгөн жолунда… кайран кыргызың, өзүн айыкпас оору басып, өмүрүнүн акыркы демин тартып жатса да "жакшы элемин" дегени ошондон калбайбы! Мына ушул өңүттөн алганда өткөн жыл жаман болгон жок, жаманын жакшы жеңип турду, карасынан агы көп болду, элибиз аман, жерибиз аман- башкы маани ушунда! Жыл аяктар маалында газыбыз жетпей, электр энергиясы жетпей тоңуп турганыбызды эсепке алсак деле тирүүлүк, жакшылык жеңип турбайбы…
Адам баласы жеткен цивилизациянын бир белгиси-чоң мамлекеттер кичине мамлекеттерди кемсинтпейт, "уруп-сокпойт", чоңу да, кичинеси да эл аралык мамилелерде бирдей укукта, баары чогулуп тең укугу менен БУУда сүйлөшүп турушат… Кыргызстандын эл аралык абалы өткөн жылы жаман болгон жок, баалоого туура келсе "төрт" деген бааны чапчый жыгылды окшойт. Биринчи иретте, Бакиев тушунда сууй түшкөн Россия менен болгон мамиле калыбына келди, калыбынан жакшылык жагына ооп да турду окшойт. Россия биртоп карызыбызды кечип, Камбар-Ата-1ди, анан да майда электростанцияларыбызды куруп бермей болду, иш кетти… Албетте, ал бизге боору ооруп эле жардам берип жаткан жок, Кыргызстан Борбордук Азияда ээлеген жери боюча стратегиялык зор мааниге ээ тура, андыктан биз менен жакшы болуп, аскер базасын орнотууга жандалбас кылган Америка менен Россиянын ортосундагы "империялык кармаш"болуп турганы. Орустардын Канттагы, америкалыктардын "Манастагы" аскер базаларынын бири калышы керек. Кимдики калса, Борбордук Азияны "ээлөө" боюнча утуш ошонуку болот эмеспи. Азырынча орустар аз-аздан утуп баратканы. Анткени, 2014-жылы Американын базасы Кыргызстандан кетиши керек деп президент Алмазбек Атамбаев Россия жетекчилигине сөз берип турат. Бизге Россия менен мыкты байланыш түзгөндөн башка арга жок. Антипатия менен симпатияны жыйыштырып салып обьективдүү болууга аракет кылып "мээ чагып" көрсөк, Турцияга, Кытайга, Казакстанга, Өзбекстанга ж.б. мамлекеттерге караганда Россия бизге карата ишенимдүү мамлекет. Анан дагы бизге экономикалык жактан жардам бергиси келсе, ресурстары эзели түгөнгүс. Жыл соңунда Атамбаев журналисттер менен жолукканда "Кошунаны тандабайт, бирок, бизге Кытай менен кошуна мамлекет болгонубуз аябай жакшы болуптур" маанисинде айтпадыбы. Туура дечи, Кытай бизге жардамын берип келет… Бирок, маселенин негизи анда эмес, алар менен өтө эле ысык болуп эзилише кетип, кайсы бир жылы анын кучагында куушурулуп, болбосо, тебелендисинде калбасак болгону. Кытайда бирден ашык бала күтпөсө да миллиондоп көбөйүп жатканы, жер болсо көбөйбөйт экен, жаратылыш ресурстары азайгандан азаят, миллиарддаган элге тамак-аш керек экен, анан өз жери тардык кылат, коңшу өлкөлөргө турист болуп келип кетпей турчу кез салтка айланат, айланып барат… Баарынан коркунучтуусу- "Кытайда төрөткө болгон чектөөлөр алынып салынат" деген да кеп кетти. Эгер андай болсо, кытайлыктар он-он беш жыл аралыгында бүт дүйнөнү каптап кетиши бар! Айтор, аз убакыт болсо да кытайлардын арасында "эрип" кетпей кыргыз болуп жашаганыбыз оңдур… Кытай темир жол салып берет деп шапке, папкесин асманга ыргытып кубангандар да арбын, бирок, кытайлар ал жолду бизге эмес, өздөрүнө салып жатканын жакшы аңдабай адыраңдап жатабыз…
Өткөн жылда экономикалык өсүү 1%ти түзүптүр дебатышат. Биздин экономиканын абалын эске алып, анан анын 1%ке өскөнүн эсептеп жиберсек айласыздан күлкү келчү иш эмеспи! Кепти улап жүрөк оорутпайлы. Биз эмес, Евробиримдиктеги Греция, Испания, Португалия сыяктуу мамлекеттердин экономикасы эңшерилип, Германия менен Францияга жүгүн артып турганда биз эмне болуп калыппыз деп өзүбүздү жооткотуп коелу…Анан да көп жылдан бери "Кумтөргө" алдатып келген "кең пейилдигибизди" таштайлы дегендей ишарат кылдык окшойт былтыр…
Экономикабызды өлө-сөлү абалга жеткизген эң башкы "күнөөкөр" коррупция экендигин баарыбыз жаттап да бүттүк. Биздин кенедей Кыргызстан коррупцияга ушунчалык баткан экен, ал көрүнүш жашообуздун өзөгүн да түзүп калыптыр, коррупцияга чалынбаган бир дагы чоң, кичине кызматкер жок экен. Бул трагедиянын өзү да!
Президент Атамбаев коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы катуу күрөш ачабыз деп бүт аракетин кылды. Ал тарапта биртоп иш аткарылды. "Жалаң эле чабактар кармалат, акулалары качан жооп берет?!"деген кеп аябагандай көп айтылып турду эле, мен дегендерден да кармалып камалды. Анан алар акчасын таратып, элди митингдерге чыгартып "бул деген саясий заказ" деген жедеп былжырап, чирип бүткөн калканычты көтөрө чаап жатпадыбы. Э айланайындар, бир эле адамдын арам жол менен табылган жыйырмага чукул үй-жайы болсо, кымбат машиналарынан дагы да толгону болсо, килейген соода түйүндөрү, ишканалары болсо, анан ага да тойбой элдин байлыгын жегенин улантса, аны ким дейбиз?! Коррупционер дейбиз да! Бул жерде ага "саясий заказды" суутуп коюппу, андан айланат бекен?!
Карапайым адамдар кимдин ким экенин жакшы билип туруп эле, азгантай акчага алданып, азгырылып митингдерге чыккан учур көп болуп жатканы да жанагы "эл бузулду" деген тыянакты чыгарып жатпайбы. Кызыгы, митингге чыгып берем деп азыр эле акча алган неме да "эл бузулду" деп айтып жатканы. Эмне заман болуп баратат деги?!
Мына ошол коррупцияга каршы күрөштө ИИМ министри Зарылбек Рысалиев кол учунан эмес, "птичка" үчүн эмес, жан-дили менен иштеп турду. Биздин кийинки коомдо андай иштегендер жакпайт эмеспи, Рысалиевге туш-туштан чабуулга өтүштү, анын баскан жолунан кынтык издеп жанталашып турушту. Бирок, орчундуу эч нерсе таба алышкан жок, ушак болсо жакшы таратылды. Бу кан дегенден кайра тартпачу жигит коррупционерин да, криминалын да "кынына киргизип" турду эле парламенти баш болуп, калгандары төш болуп кызматынан алып тынышты. Дал ушул жерде президент Атамбаевге түшүнө албай калгандар көп болду. Өзүнө таза кызмат кылган, накта профессионал жана да милдетин так аткарган, кадимкидей эле баатыр жигитин эмнеге кызматтан кетирди?! Бул суроонун так жообу жок болуп турат. Анын ордуна кызматынан кыйындыгы көрүнбөгөн отставкадагы полковник Шамил Атахановду милийса министри кылып салганы кызык болду. "Атаханов татар, президенттин аялы да татар" деп жыландын башын кылтыйткандар да бар. Бирөө айтат "президентти мындан ары бойдоктордон шайлаш керек" деп… Былтыркы жылы коррупционерлер деле, криминалы деле эл катары өмүрүн өтөп турду…
Кезеги келгенде айта кетели, президент кызматына олтурары менен Жантөрө Сатыбалдиевди аппарат башчысы кылып алды. Ошондо элдин көбү чалкасынан кеткен. Анткени, Сатыбалдиев көп кызматтын "башын жеген", аны менен кошо акчасын да жеген деген имиши көп эле да. Кийин Сатыбалдиев өкмөт башына келгенде баш чайкабаган адам жок! Бир суроо туулат, жаш, энергиясы мол жана да экономиканы жакшы өздөштүрүп алган, эң негизгиси бир дем менен иштеп жаткан Өмүрбек Бабановду эмне үчүн кызматтан кетиришти? Анын баары жеке адамдар кармашынын жыйынтыгы болуп калды. Андай залакадан кутулуш да кыйын тура… Анан да Сатыбалдиевге караганда жаш да, таза да, иш билги да Темир Сариев, Тайырбек Сарпашев, Аалы Карашев сыяктуу жигиттер деле бар эмеспи премьерликке жарап берчү…
Парламенттин иши чеке жылыткан жок, "парламент мындай болбошу керек" деген бааны алды. Бир фракцияга кирген эки партиянын катуу кармашы эле эмнеден кабар берет?! Бул парламент кылдырап "өмүрүн" өтөмөй болду окшойт…
Узаткан жылда элибизде тынчтык болду, улуттук араздашуулар катталган жок. Башка улуттар жөн турса кыргызың эч кимге тийиштик кылбайт, ал сапат анын менталитетинде бар. Андай болсо да жанагы "интернационализм" дегенди ширма кылып алып кыргызыңды басынтып турчу майда-барат, бирок, кыргыз жүрөгүн оорутчу көрүнүштөр да болду. Ушуну кантип тандык "интернационализм" деген неме ондогон жылдар бою кыргыз элин эзип келет. Кыргыздын кайсы бир салтын, баса белгилеп коелу, жакшы салтын көтөрүп чыксак эле орусуң баштаган башка улуттарга биз улутчул болуп көрүнөбүз. Алар кыныгып бүткөн, биз деген алардын эби менен болуп, жолу менен басышыбыз керек, жат десе жатып, тур десе ыргып туруп маңкурттук жолдо болушубуз керек… Баягы эле тил маселесин айталы да. Тилибизди мамлекеттик дедик да талаага таштадык. Мамлекеттик болгондон кийин мамлекеттеги иш-чаранын баары кыргыз тилинде өтүшү зарыл. Кээде күйбөгөн жериң күл болуп кетет: өкмөт кешешмесинде же дагы бир үлкөн жерде бүтүндөй кыргыздар олтурат да орусча "кептешип-кепшеп" жатканы. Ушул жөндүүбү?! Тилибизди өнүктүрөлү, өрчүтөлү, Кыргызстанда жашагандар кыргыз тилин үйрөнүп алсын десең бүттү, балээге калдың, качып кутулбасаң кутула албайсың. Жанагы оозуна келгенди оттогон орус гезиттер дароо чуу чыгарат "улутчулдук" башталды деп. Бул жерде жашаган орус тилдүүлөрдүн жана алардын гезиттеринин бири дагы Кыргызстандын тагдырын ойлоп да койбойт, урганы жок, ошол орустар айтмакчы "моя хата с краю" дейт да турат, кытмыр күлүп. Кыргызды алдап алтынга тунуп турган канадалыктарды мактапөжактагандарын кантесиң?! Биздин жерди тебелеп, биздин ырыскыдан жеп-ичип кыргыздан алда-канча жакшы жашаган башка улуттар кыргызыңа түкүрүп да койбойт! Анткени, биз тээ башынан эле былжырап-ылжырап бергенбиз, төрүбүздү тебелетип таштаганбыз! Усубалиев аксакал орус тилин экинчи эне тилибиз деп, бизди кыңк эттирбей экинчи энелүү кылган! Дит койсо кыргыз тилин оңой эле үйрөнүп алат экен, көрүп жүрбөйбүзбү бизге бир-эки жылга келген америкалыктар, япондор ж.б. чет элдиктер тилибизди бат эле өздөштүрүп, керек болсо ырдап, комузда кол ойнотуп жатат. А бу орус дегениң жүздөгөн жылдар бою ырыскыбызга ортоктош болуп келет да тил үйрөн десе, "жаназабызды окуп" таштаганга чейин барганы турбайбы! А биздин жетекчилер болсо, ал иште кыкка жарабай да турганы…Ушундайда дайым эске келет да турат: Эстония, Латвия, Литва мамлекеттери тээ СССР кезинде эле тилине тил тийгиздирген эмес, эми болсо ал жерде жашаган бардык улуттар титулдук улуттун тилин семичкедей чагат. Улуттун тилин билбесең ишке да алынбайсың. Аларды да орус тарап тебелеп-тепсейин деди эле, моюн беришкен жок, улуттук намысы накта экен, биздикиндей жасалма эмес! Жок, биз башка улуттарга ыдык көрсөтпөшүбүз керек, өзүбүздүн мыкты салт-санаа менен, ыйманы куюлган мүнөзүбүз менен, мыкты билимибиз менен, ак эмгегибиз менен, акыры келип айкөлдүгүбүз менен… башка улуттарга "сокку" уруп турушубуз керек. Башка жолдун кереги да жок. Белгилей кетели, Путиндин демилгеси менен Россияга иш издеп баргандар орус тилин билиш керек, андан кадимкидей эле экзамен тапшырат. …Кыргызстанда кылым жашап тилибизден жийиркенип тургандардарга айла жок экен да.
… Өткөн жылы мамлекетибиздеги маданият маселеси өз жолу менен кылдырады. Ал жолдо маданиятыбызды кантип өнүктүрүү керек жөнүндө кеп аз болуп, көбүнчө "мага баланча наам бербей жатат, юбилейимди өткөзбөй жатат, орден такпай жатат, баланча министр менен деректир маданиятка бөлүнгөн акчадан жеп койгон"… сыяктуу наалымайлар басымдуу айтылып келет… "Эй, сен деген ошол наамга татыктуу эмессиң!" деп катуу айткан бирөө жок. Же тигилер билбейт, өздөрүнүн татыксыз экенин. Жазып келатпайбызбы, айтылып келатпайбы, алтымышка, жетимишке, сексенге чыкканын күч кылып, юбилей өткөзгүлө, наам, сыйлык бергиле деп тургандардын саны арбыды. Муну кайсы логикага алпарып такадык?! Бир билгенибиз ушул-ал деген абийирсиздик! Эгерде эмгеги бүтүндөй кыргызга сиңген, элинин накта таланттары эсептелген Кайыргүл Сартбаева, Бексултан Жакиев, Кубатбек Жусубалиев, Кеңеш Жусупов, Сардарбек Жумалиев, Шайлообек Дүйшеев, Марат Алышбаев, Дүйшөн Байдөбөтов, Жолболду Алыбаев, Эрмек Мойдунов, Алтынбек Сапаралиев, Шахра Талипова, Асылбек Өзүбеков сыяктуу биртопторго баары жарашат, бийлик дагы көтөрүш керек, эли дагы бөпөлөш керек. Анан аларга тең келбегендер жөн турганы жакшы…
Дагы бир маселени айта кетели: Чынгыз Айтматов кыргыздын даңкын дүйнөгө жакшы таратты, кенедей кыргыз улутунун өкүлү катары дүйнөдөгү эң бир мыкты жазуучу болуп турганы ар кимибизди сыймыктандырып келет. Ал дүйнөдөн өткөндө, көбүбүз талаада калгандай абалда да болгонбуз… Чыкебиз тирүү кезинде гениалдуу чыгармаларды жаратуу менен бирге элинин, бийликтин, бүт дүйнө элдеринин сыйында болду, эмне сыйлык болсо, баарын алды. Ал эч качан кор болгон жок, кай бийлик болсо да төрүндө болду. Анан эле кээси менен кеп чыгып калат Чынгыз Айтматов кор болуп жатат… баланча-бастан деген. Эмне болуп кор болуп жатат? Эстелиги тургузулбайбы. Эстелигин тургузуу кечиксе эле кор болуп калабы? Бийлик карабай жатат дейт, эмне бийлик аны менен кошо жатышы керекпи?!. Эмне үчүн бийлик эле карашы керек?! Бала-чакасы турат, ошолор тургузбайбы эстелик дегенди. Чыкебиздин артында миллиондогон доллар калгандыр, ошондон сарпташпайбы жанагы бала-чакасы, өзүнүкүн өзүнө коротсо ашык кетеби?!
Рыспай Абдыкадыров да мыкты обондору менен, өзүнүн аппак дили менен бүтүндөй кыргыз элине аңыз болгон, болуп келет. Анан эле "Рыспай кордук көргөн, тиги, бу…" деген былжырак кеп айтылып калат. Мен Рыспай аке менен Бөкөнбай аркылуу таанышкам, он жылдан ашуун ага үкө болуп жүрдүм, аны жакшы билем. Наамды эле кеч алганы болбосо, Рыспай аке эч качан кор болгон эмес, эркелеп жүрүп эле өтүп кетти… Азыркы кээ бир көзү тирүү эле жазуучулар, композиторлор, обончулар, ырчылар ж.б. "мен кор болуп" турам деп эле бийликке "өлүгүн артат". Ошондой айбанчылыкты токтотушубуз керек! Талантың болсо, ошол талантыңан жаралган эмгегиңди эл жактырып жабыша калып окуп, көрүп, угуп турса сени бийлик да, эл дагы кор кылбайт. Анан эле "эт менен челдин ортосундагы" чыгармачылыгын талант катары карап, ошол абал менен күч кыла берген болбойт. Кор болгон деп Улуу акын раматылык Какен Алмазбековду айтса болот!
…Улуттук телеканалыбыз өткөн жылда спорт жагынан мыкты жетишкендиктер болду деп кайсы бир аз маанилүү жеңиштерди санаган болот. Жылдын спорттук окуясы болгон Лондондогу олимпиадада кыргыз спортчулары аябагандай уят болгонун айткысы жок. Биздин спортчулар бир медалы жок келишти го! Бул абалга эч ким жооп бербеди!
Камчыбек Ташиевдин парламент кашаасынан секирип түшүшү, "вор в законе" деген аты бар Камчы Көлбаевдин камалышы, Токтогул ГЭСиндеги бир агрегаттын иштен чыгышы… сыяктуу окуялар күндөлүк окуяга окшоп өттү…
Президент институту, парламент, өкмөт мамлекеттик иште синхрондуу кадам таштай алган жок, антмек турсун Крыловдун бир тамсилине мисал да болуп бере ала тургандай абалда болду окшойт…
Кандай болгон күндө да мамлекетибиз дагы бир бейпил жылын өткөздү. Быйылкы жыл былтыркыга караганда алда-канча жемиштүү болор: экономикабыз көтөрүлөт, инвестиция тынымсыз келет, маданиятыбыз жанданат, тилибиз керекке жарап берет, чет элге агылгандардын саны азаят, билимдүү жаштарыбыздын саны арбыйт, чек арабыз бекемделет… сыяктуу береке-жакшылыгы куюлган үмүт жанат да турат…анан эмей!
Баратбай Аракеев