presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Фракциялардын эң мыктысы кайсы?
Ырынан чыры көп парламент былтыркы жылы бир топ ишти кыйратканын, миңдеген кишилерди жыргатканын айтып, отчетун беришти.
КСДП фракциясы былтыр баш-аягы 39 кезектеги, 9 кезексиз жыйын өткөрүп, 58 маселе карап, 49 мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Социал-демократ депутаттар 8248 жаранды кабыл алып, арманын угушкан.
"Ата-Мекен" фракциясынын депутаттары 69 мыйзам долбоорун сунуштап, анын 42си кабыл алынган. 7409 жаран "Атамекенчи" депутаттардын кабыл алуусунда болгон.
"Республика" фракциясынын депутаттары 72 мыйзам долбоорун сунуштап, анын 33ү кабыл алынган. 5510 жаранды кабыл алышкан.
"Ата-Журт" фракциясындагылар 37 мыйзам долбоорун демилгелеп, 9557 жаранды кабыл алган.
"Ар-Намыс" фракциясы 73 мыйзам долбоорун демилгелеп, анын 27си кабыл алынган. Феликс Куловдун депутаттары 10 513 жаранды жеке кабыл алууга жетишкен.

Кыргызстанда жылыш бар
"Transparency International" эл аралык бейөкмөт уюму өткөн жылдын акырында дүйнөдөгү эң паракор мамлекеттердин кезектеги тизмесин жарыялады. Аталган уюмдун эсебинде Кыргызстан 2011-жылга караганда былтыр паракорчулукка каршы иштиктүү аракеттерди көрүп, 10 орун алдыга жылыптыр. 2011-жылы Кыргызстан тизмеде 164 - орунда болсо, былтыр 154-орунга илинген. Ал эми тизменин алдыңкы жагына адаттагыдай эле Швеция, Сингапур, Швейцария, Австралия, Норвегия, Канада илинген. Эски СССР аймагында өлкөлөрдөн Латвия 48, Грузия 51, Армения 105, Белоруссия 123, Казакстан менен Орусия 133, Азербайжан 139, Украина 144-орунду ээледи.


"Кара-кечеде" тартип жакшы эмес...
Жумгал районундагы айтылуу "Каракечеде" тартип жакшы эмес экени эч кимге жашыруун эмес. Маселен, аталган көмүр кенинде 10дон ашуун ишкана көмүр казышат. Белгилүү болгондой, ал жердеги "Беш-Сары" карьери мамлекеттики, калганы жеке менчик. Ал эми мурунтан кабыл алынган чечим боюнча жеке менчик карьерлер Жумгал районундагы аз камсыз болгон жана жакыр жашаган үй- бүлөлөргө бекер көмүр таратып келишкен. Салтка айланып калган бул иш, быйыл аткарылбай жатканын Жумгалдын: Жумгал совхоз, Жаңы-Арык, Куйручук, Чоң-Дөбө жана Түгөл-Сай айылдарынын тургандары билдирип чыгышты. Бул ишти биринчилерден болуп, "Каракече" , "Шарбон" көмүр ишканаларынын кожоюндары аткаруудан баш тартып жатышканын айтышууда. Кыскасы, көмүрдүн башында турган жумгалдыктар, өзгөчө жакыр үй-бүлөлөр көмүргө жетпей, минтип зарлап турган чагы. Кара-Кечедеги мындай тартипсиздикти губернаторлордун алды болуп макталып жүргөн, мыкты губернатор өз көзөмөлүнө алып коер.


Кытай менен дос болсоң, кЕлтегиңди ала жүр!
Аз күн мурун Өзгөн районундагы Куршаб айылында Кытайдын ТВЕА деген компаниясында иштеген кытай жарандары өздөрү жашаган кафенин жанынан өтүп бараткан Мураталы Сасыков деген жигитти кармап, бир бөлмөгө сүйрөп келип сабап туруп камап салышкан. Андан соң ошол жерден өтүп бараткан Жумабаева Шайыргүл дегенди да кармап камашкан. Жардам сурап телефон чалган уулуна жардам берүүгө келген Мураталынын атасын да сабап салышкан. Ал ал болуп, анан жардамга келген милийсаны кошо сабаптыр, кутурган кытайлыктар. Анан кыргызың турмакпы жоон топ болуп келип кытайлыктарды төпөштөгөн экен, эки кытай реанимацияда жатат дейт. Кайран гана кыргыз!...


7-апрелде тоногондор ачыкка чыгабы?
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин айтымында 2010-жылы 7-апрелдеги талап-тоноочулукту иликтөө боюнча түзүлгөн комиссия өз ишин аяктаган экен. Корутундуга беш депутат кол коюп, "Ата Мекен", "Ар-намыс", КСДП фракцияларынын депутаттарынын өзгөчө ою бар экен. Комиссия "Республика" партиясынын демилгеси менен түзүлүп, СИЗОдо олтурган кылмышка шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү да эске алынган.


Өкмөттүн формасы өзгөрөт, мазмунучу?
Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев: "Өкмөттүн жаңы түзүлүшү Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Өткөн жылдын аягында өкмөт түзүлүшүнүн оптималдуу варианты иштелип чыккан Эми парламент талкуусунан өтүшү керек" -деп билдирди. Өзгөрүү го болот, маселе мазмунунда...


Баскан жолу таза болсо го бир жөн

Жыл соңунда кадимки эле Турсунбек Чынгышев биздин гезитке: "Жапаров өңдөнгөн депутаттарды камаш керек" дегенди айтып турбадыбы. Ошону окуганда оң колум мага баш бербей эле жакамды кармап атпайбы, "тобо-о" деп. Элдир-селдир эси бар деп теңге албай жүрсөм, бу оң колумда адамдык тазалык жөнүндө түшүнүгү бар турбайбы. Ошол колум билет тура, мен да, бүткүл эл да билет:

Турсунбек Чыңгышев Акаевге "жандооч" болуп алып мамлекетибизге коррупция дегенди жайылткандардын бири. Башка майда-барат иштерин айтып не, "Кумтөргө" байланышкан кылыктарын эстесең эле ал кишинин ошол кездеги таза эмес жолу дааналана түшүп жатпайбы.
Мен Садыр Жапаровго жан тарткандай маселем жок, анын күнөөсү болсо, сот аныктап алар, бирок, ал "Кумтөрдүн" кылыктарын изилдеген парламент комиссиясынын башында туруп кыргыз эли үчүн чоң иш жасады. Айта кетейин, биздин гезит ошол комиссиянын жыйынтыгын "Кумтөрдүн" күндөрү менен түндөрү" деген тема менен сандан санга берип жатабыз. Ошентип, аталган комиссия "Кумтөрдүн" биздин жаратылышты аябай эле булгап жатканын даана далилдеп берди, миңдеген тонна уу калдыктары жакынкы келечекте азабыбызды колго берерин айтып коңгуроо кагып олтурат. Канадалыктарың болсо алтынды каалагандай казып, көңүлүнө төп келген сумманы бизге төлөмүш этип келатпайбы… а биз оозубузду ачып олтурабыз. Баса, кезегинде жетекчилер да оозун кенен ачып беришкен. Алар бизге окшоп айласыдан, таң калгандан оозун ачып оңурайып олтуруп калбастан, ошол оозго алтын кунунан кенен-кесири салгыла деп атайылап ачкан эмеспи! Ошол ооздун бирөө Чынгышевдики болсо керек эле…
Дагы момундай кеп бар бирөөнө тыңсынган Чынгышев жөнүндө: "Чынгышев премьер-министр болуп турганда Акаевдин "алтындай" кеңешчиси кадимки жөөт Бирштейндин менчик самолетуна 2 тонна алтынды жүктөп Бермет Акаева экөө бажыдан текшертпей туруп эле Швецарияга жеткирип келишкен экен. Анан ал алтындын 1миллион 900 миң доллар акчасын Кемелбек Нанаев экөө белгисиз жакка чыгарып кетип "адалдашыптыр" деген. Эгерде бул окуя чын болсо, анда аны мамлекетке жасаган чыккынычылык катары бааланыш керек. Ал эми мамлекетке жасаган чыккынчылык үчүн канча убакыт өтсө да жооп берүүгө тийиш… Ошондо Акаев экөө түзүп алган абалга жараштырып: "Азыр жалкоолор менен келесоолор гана жебейт" деген эмеспи!
Кыраан кыргызың "Эчки тууй албай жатып койго арачы", "Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт", "Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт", "Жыртык тешикке күлөт, кыйшык ийрини сөгөт" сыяктуу макалдарды дал ушул Чынгышевге арнап чыгаргандай да болуп кетет экен.
Дегеле кимибиз болбойлу, баскан жолубуздун жаман жакшысына карап сүйлөп жүрсөк, адамдыгыбыз ошондо болор…

Баратбай Аракеев




кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??