Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

КСДП менен "Замандаштын" заманы башталды
Жергиликтүү кеңештерде орун тапкан партиялардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыгып баратат. 25 шаардын дээрлик бардыгында тең шайлоодо алдыга озуп чыккан КСДП, "Замандаш" баш болгон партиялардын өктөм үнү менен көпчүлүк коалициясы куралууда. Негизги шаарлар: Бишкекте КСДП, "Замандаш", "Ата-Мекен", Баткенде КСДП, "Замандаш", "Ата-Мекен", Нарында КСДП, "Замандаш", "Мекен Ынтымагы", "Ак-Шумкар", Таласта 31 мандаттын 15ин алган "Республика" оппозицияда калып, КСДП, "Замандаш", "Ата-Мекен", "Ак-Шумкар" бирикти. Борбордо саясий көз карашы эки ача кеткен КСДП менен "Ата-Журттун" Жалал-Абад шаарында жылдызы келишип, көпчүлүк мандатка ээ болгон "Өнүгүү" партиясы оппозиция арабасын тартмай болду. Дал ушундай эле көрүнүш Майлы-Суу шаарында да орун алып, итче ыркырашып жаткан "Республика" менен "Ата-Мекен" партиялары коалициялык азчылыкты түзүштү. Мэрлерди шайлоо иш - чарасы 28-январдан 3-февралга чейин өтөт.


Депутаттардын ишин
караган сот алмашат...
"Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытов баштаган адамдардын соту белгисиз мөөнөткө токтотулду. Буга 10 - январь күнү аталган депутаттардын ишин карап баштаган судья Абдуразак Боронбаевге адвокаттардын буга чейин депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртпөй койгонун айтып, ишти калыс териштиришинен күмөн санап ишенбөөчүлүк билдиргени себеп болгон. Мындан улам, судья айыпталуучулардын адвокаттарынын ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчүн канааттандырып, жаңы башталган сот иши токтотулду. Эми мыйзам боюнча 10 күндүн ичинде эч кандай доо арыз болбосо Биринчи май райондук сотунун төрагасы ишти башка судьяга өткөрүп бериши керек. Кийинки сот процессинин мөөнөтү андан кийин такталат.
Белгилей кетчү жагдай, сот болуп жаткан учурда Биринчи май райондук сотунун жанында камактагы депутаттардын жүздөй жакындары нааразычылык акцияга чыгып, камалгандардын баары акталып, тезинен бошотулушун талап кылышты. Сот иши убактылуу токтотулган соң митингчилер да тарап кетти. Бул учурда милиция кызматкерлери соттун имаратын катуу кайтарып турду.
Ал эми "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев өзүнө коюлуп жаткан айыптарды толугу менен четке кагарын, сот адилет чечим чыгарат деп ишенип жатканын, болбосо элге кайрыларын билдирди. Учурда дагы эле дарыланып жатканын, ден-соолугу дурус болуп калганын айтты.

"Дастанды" Орусиянын ишканасы 264 миң долларга алдап кетти

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Дастан" заводун жабдуу менен камсыздай турган Орусиянын ишканасына байланыштуу көз боёмоочулук беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ага ылайык, "Сириус" ишканасы 264 миң долларга жабдуу алып келүү милдетин алган. Бул каражат аталган ишкананын банктагы эсебине которулганы менен бирок бүгүнкү күнгө чейин жабдуулар жөнөтүлгөн эмес. "Дастан" өз күчү менен бул ишкананы издеп, бирок таба албай койгондуктан УКМКга кайрылган. Азыр кыргыз-орус атайын кызматтары биргелешип издеп жатат. Козголгон кылмыш иш боюча тергеп-иликтөө уланууда.
"Дастан" жалпысынан суу астында жүрүүчү кемелер үчүн куралдарды - торпедолорду чыгарат. Ишкана мурунку жылы 1 млрд. 139 млн. сомдук товар өндүргөн. Продукциясын негизинен Индия, Орусия жана башка өлкөлөргө заказ менен сатат.
Кыргыз өкмөтү былтыр "Дастан" менчиктештирилерин билдирген. Буга чейин расмий Москва кыргыз тараптын советтик доордогу 190 миллион доллар карызын жоюу үчүн "Дастан" заводунун 75 пайыздан кем эмес акциясын талап кылып, бирок Бишкек ага көнбөй келген.

Бабанов
отставкага кетет
Өмүрбек Бабанов башбакан болуп, кадыры артып турганда кошоматка кой сойгондор былтыр апрелде шахмат федерациясынын президенттигине шайлашкан. Шахматтык эмес, саясий жүрүштөрдөн башы адашып жаткан Өмүрбек мырза 26-январь күнү федерация президенттигинен өз эрки менен баш тартмакчы болууда. Негизи эле бийликтеги чиновниктерге, биттин ичегисине кан куйган бизнесмендерге ушундай спорттук федерацияларды жетектетип коймой адатыбыздын айынан кыргыз спорту өлөсөлүү абалдан өйдө боло албай өбөктөп жатпайбы.


Айткуловдун айласын табышабы?
Кыргызстанда аттуу-баштуулар сот жообуна тартыла баштагандан бери атактуу адвокаттардын ити чөп жеп, иши жүрүшө баштады. Баа-баркы миллиондор менен ченелген ошондой барктуу жактоочулардын бири Икрамидин Айткуловдун адвокаттык лицензиясын алуу боюнча Адилет министрлигинин атайын комиссиясы эртең өз чечимин чыгарганы турат. Биз билгенден Икрамидин Айткулов Акмат Бакиев сызга отургузган бизнесмен Касым Исмановдун, атактуу крим аталык Камчы Көлбаевдин, абактагы депутат Камчыбек Ташиевдин жана мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун адвокаты.


Чотбаев чочутту го...
Калк арасындагы кадыры бийик аскер генералдарыбыздын бири Абдыгул Чотбаев Сохтогу жаңжал боюнча оюн ортого салып, окуянын түпкү себебине үңүлдү. "Ислам Каримовдун айткан кептерин, Кыргызстанга болгон негативдүү мамилесин байкап көрсөк, Сохтогу анклавынын айланасындагы чатак менен байланышы бардай сезилет. Бул аракеттер балким Кыргызстанда ГЭСтердин курулушуна каршылык кылуу максатында жасалышы мүмкүн. Өзбекстандын Кыргызстандын бир бөлүгү жайгашкан Фергана өрөөнүнө карата алыска кетчү пландары бар экенин жокко чыгарууга болбойт" - деген кебин айтты. Алыска кетчү планы болгондо кандай план болду экен? Кыйла жыл кыргыз армиясынын бир бурчун чоюп келген генерал Чотбаев оюна келгенин сүйлөп койгон жеңил-желпи саясатчылардан эмес эле...


Чектен чыккан чек ара маселеси...

ӨЗ ЖЕРИНДЕ КОР БОЛГОН КАЙРАН КЫРГЫЗЫМ!

Кыргызстанда эгемендүүлүктү алган 20 жылдан бери чечилбеген чек ара маселеси "Чубактын кунундай чубалжып" келет. Кыргыз эли буга көнүп да бүткөндөй, көнбөскө да айла жок. Ишенген бийлик болсо, чек ара маселесин жөнгө салмак тургай, өзү жүдөп турса кайдан? Мына, жаңы гана жылан жылы боору менен босогодон боортоктоп сойлоп, өтүп-өтө элек кезде, алыскы Баткендеги Сох анклавында чек ара ызы-чуусу дагы кайталанып, жалпы коомчулукту козутуп, тынчын алып турган кез. Бул окуяны айрым мекендештерибиз өзбек туугандарыбыздын кыргыздарга кылган кезектеги кыянатчылыгы катар баалашса, айрымдары биздин бийликтин шалаакылыгы жана жаңы-жылдык эс алууда жайбаракат жаткан элге тартуулаган эстен кеткис эбегейсиз "белеги" катары баалашты. Эки пикирге тең кошулууга жөндүү жүйөөлөр бар. Анткени, эки тарапта тең күнөө бар.
Эске салсак, декабрь айында кыргыз өкмөтүнүн токтому менен Сох анклавын жанындагы Чарбак айылына чек ара тозоту ачылган эле. Ал тозотуна кыргыз чек арачылары 5-январь күнү электр линиясын тартуу үчүн, мамыларды орното баштаганда, Хушаяр айылынын тургундары каршылык көрсөтүп, нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Эшиктен келип, төр меники деп талашкан өлөрман хушаярлыктарды кыргыз чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарганда тарап кетишкен. Бирок хушаярлыктар 7-январь күнү кайрадан топтошуп, тозотко электр зымын алып келген мамыларды омкоруп, жолдон өтүп бараткан Кыргызстандын эки автоунаасын токтотуп, унааларды талкалап, айдоочуларды ур-тепкиге алышкан. Окуяны жөнгө сала коймокчу болуп барган Баткендин Кыштут айыл өкмөтүнүн аймактык милиция кызматкерин да сабашып, автоунаасын талкалашкан. Жалпы жонунан хушаярлыктар Кыргызстанга тиешелүү 7 автоунааны талкалашып, 34 адамды Хушаярдын ооруканасында бир сутка бою барымтага алып, кармап турушкан. 34 адамдын жарымы аялдар жана жаш балдар болгон. Ал эми барымтадагы эркектер оңбогондой сабоо жешип, учурда 10дон ашыгы ооруканада дарыланышууда. Ушинтип кайран кыргыздар, өз жеринде бөтөн элге кор болушууда.

Мамлекет ичиндеги "мамлекеттер"

Кыргызстандын түштүк аймагында жалпы жонунан: Сох, Шахимардан, Чоң-Кара, Халмион, Ворух, Карагач аттуу алты анклав бар. Тарыхка кайрылсак, бул жерлер кыргыздын жерлери болгон. Бирок биздин эл бийлеген тың чыкма аталарыбыз, агаларыбыз жогоруда аталган жерлерди, коңшу мамлекеттерге белек кылып тартуулап жиберишкен. Алардын бири, кадимки Абдыкадыр Орозбеков өзбек туугандар менен жайбаракат чайлашып олтуруп, өзбектер бир чети кошомат кылып, бир чети сынамакка Шахимарданды сурап койсо, кайран берешен агабыз бир ооз сөзү менен берип койгон экен. Ошол бойдон бейиштин жериндей болгон, кайран Шахимардан Өзбекстандын менчигинде калып калган. Орозбековдун өз элине кылган бир опол тоодой эмгеги ушул. Дагы бир нерсени эске сала кетели, ал кезде мындай болот деп ойлошкон да эмес, ушу себептен улам казак, өзбек, тажик, кыргыз жерлери аралашып, Москванын күчү менен "сеники, меники" дешпей эле жашап келишкен. Бирок ошентсе да, патриоттук сезим деген биринчи орунда болушу зарыл эле го.
Сох анклавы да ушундай жолдордун бири менен Өзбекстанды менчигине өтүп кеткен. Учурда Сохто 60 миңден ашуун эл жашайт. Бирок анын 90 пайызы тажиктер. Жогоруда аттары аталган анклавдарда жашаган коңшу туугандар жергиликтүү элге (кыргыздарга) көп учурда кыр көрсөтүп, кысмакка алып келишкени эч кимге жашыруун эмес. Кыскасы, мамлекет ичиндеги өзүнчө бир мамлекетке айлангысы келген мамлекеттер анклавдар кыргызга жакшы көз караш менен карашкан эмес. Демек, мыйзамга такап, катуу чара көрбөсөк, мунун аягы жакшылыкка алып барбас. Бирок...

Бийликтин чара колдонгонунан качан майнап чыгат?
Не дегенде кыргыз бийлиги чек ара маселесиндеги көкөйгө көк таштай тийген көйгөйлөрдү чече албай, ар дайым алсыздыгын көрсөтүп келатканын беш жаштагы бала да билет. Бул жолу деле анчалык элге жага турган, чара колдонуп, жакшы жыйынтыкка жетишип жиберген жок. Сөз менен ар нерсени айтышкан болду. Маселен, Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков: "Сохтогу келишпестик улут аралык мүнөздө орун алып, Баткен облусун эле эмес, башка аймактарда жашаган элдердин да тынчын алды. Биз жабылган чек араларды ачабыз, бирок Сохтун коопсуздугуна жооп бербейбиз" деген мааниде сүйлөсө, Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, бул окуяны угуп алып, "шымын булгап" койгонбу, айтор, окуя бүтүп, болору болуп, боёсу кангандан кийин гана үн катымыш этти. "Күнөөлүүлөрдү табабыз, соттойбуз, Өзбекстандын прокуратурасына материалдар жөнөтүлдү" -деген дагы далай сөздөр менен элди жубаткан болду. Өзбекстанга эле кыргыз тарап жөнөткөн материалдар майдай жагып турат дейсизби, алар тескерисинче мойнуна албай, кыргыз тарапка оодарып: "хушаярдын тургандарын кыргыз чек арачылары атты, бир нече адамдар жарадар болушту" -деген такталбаган нерселерди айтып, маалыматтык чабуулга өтүштү. Бирок кыргыз тарапка бул боюнча далилдүү материалдарды бере элек, же мындайча айтканда азырынча андай материалдарды (эгер чындап эле бар болгон болсо) берүүдөн баш тарып турушат.
Кыскасы, кыргыз бийлиги "чара көрөбүз, маселени чечебиз" дегени менен, чара да көрө албай, маселени да чече албай, жүдөгөндөн жүдөп келет. Ансайын, "жамандыгыңды билип алдым, жайытыңа кирип алдым" дегендей, биздин жерди анклав кылып ээлеп алышкан өзбек туугандар менен, тажик туугандар ушинтип "өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип" турган чагы. Бир сөз менен айтканда, бийлик чечкиндүү кадамга барып, жыйырма жылдан бери бүтпөй келген чек араларыбыздагы делимитация, демаркация маселесин аягына чыгарып, чек аралардагы чекти тактоо ишин тез арада бүтүрүп, чек ара кызматкерлеринин кызматтык жана жашоо шарттын жакшыртуу зарыл! Андан соң, биздин жерди менчиктеп алганы аз келгенсип, кез-кези менен кыр көрсөтүп жатышкан анклавдагы "туугандарыбызга" ар дайым туура жолду көрсөтүп туруубуз шарт. Антпесек алардын жайына койсок, ушинтип "бекер концерт" көрсөтө- беришери турган иш. Неге дегенде эртең мындай окуя орун албайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Акырындай айтарыбыз, айланайын аткаминерлер: чек ара маселесине терең көңүл буруп, чечкиндүү болуп, коңшулар менен тең ата сүйлөшкүлөчү, бай болгурлар, ансыз деле байсыңар го...
Айбек Шамшыкеев