presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Тарых
Генерал Ысакбек -
легендарлуу аскер башчы
(Башталышы өткөн санда)
Чыгыш Түркстан Республикасынын түзүлүшү

Козголоң уюштуруу аракети СССР аймагы менен карым-катышы мурдатан уланып келген, жана да орус, татар диаспоралары бар Чыгыш Түркстандын батыш жагында -Иле округунда активдүүрөк жүргөн. Мунун бир себеби, Иле округунун борбору эсептелген Кулжа шаарында уйгурлардын улуттук-боштондук идеологиясы кененирек жайылган эле. Ташкенден, Алматыдан уйгур, казак, дунган тилдеринде журнал, гезиттер басып чыгарылып, Шинжаңда легалсыз түрдө таркатылып турган. Ошентип, Кулжадагы уйгур интеллигенциясынын, алдыңкы көзкараштагы жаштарынын кытай бийлигине каршы күрөшүү максатындагы ар кандай коомдук-саясий уюмдарына ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, улуттук эркиндикке үндөө күч алган. 1943-жылы түзүлгөн "Чыгыш Түркстан азаттыгы уюму" ошондой кыймылдардын эң ириси болгон. Ага улуту өзбек Алихан төрө Шакирходжаев, Салихжанбай Бабажан, уйгулар Ахмеджан Касими, Абдыкерим Аббасов, Рахимжан Сабирхаджиев, Абдурауф Махсум, Мухаммаджан Махсум, Мухитдин Канат, Зунун Таипов сыяктуу адамдар мүчө болушкан. Күрөшчүл маанайдагы уйгур, казак жаштары Казакстан, Өзбекстанга жашыруун алынып келип, окуу-тарбиялык даярдыктан өткөрүлгөн.
Ошентип, 1944-жылга келгенде Иле, Алтай округунда куралдуу партизандык топтор да түзүлүп, жер-жерлерде бийлик өкүмдарларына куралдуу каршылык көрсөтө башташат. Олуттуу куралдуу козголоң 1944-жылдын 7-октябрында Нылкы уездинде башталып, уезд борбору көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтөт. Ал эми чечүүчү козголоң 7-ноябрь (СССРде Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү майрамдалып жаткан учур) күнү таң эртең Кулжа шаарында башталып, куралдуу көтөрүлүшчүлөр радиостанцияны, телеграф түйүнүн, округ аскер башкармасынын башкы штабын, округ башкармасынын офисин басып алышат. Округ губернатору Лю-Би-ди атып өлтүрүлөт. Өкмөттүн кытай улутундагы кызматкерлери , аскерлери Кулжанын Айранбаг деген жериндеги аскердик казармага топтолуп, коргонуу-чыңдоолорун орнотууга аргасыз болот. Кулжанын Айранбаг, Ляншаң деген жерлери жана аэодромунан башка аймагы бүт көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтөт. Партизандык кыймыл кенен кулач жайып, кыска убакытта округдун башка аймактарында да кытай бийлигин жоготот.
Мына ушул алгачкы жеңиштерден кийин, 1944-жылы бошотулган территорияда Чыгыш Түркстан Республикасы түзүлгөндүгү жарыяланып, Кулжада анын Убактылуу өкмөтү түзүлөт. Ал өкмөттүн алгачкы жетекчилик курамы Алихан төрө Шакирходжаев, Хакимбек кожо, Рахимхан Сабир ажы, Абдукерим Аббасов, Махаммаджан Махсум, Абулкайыр төрө, Москалев сыяктуу адамдардан турган. Шинжаңга Кыргызстандын Токмок шаарынан кийин эле куугунтукталып өтүп кеткен өзбек, диний аалым, ошол учурда Кулжа шаарынын имамы болгон Алихан төрө Шакирходжаев убактылуу өкмөттүн төрагасы, Хакимбек кожо төраганын орунбасары болуп шайланган.
Бул учурда Ысакбек Кыргызстанда куралып, даярдыктан өткөн өз отряды менен жолдо болчу. Жогоруда баяндалгандай, Түштүк Щинжаңга "Буйгу" жана "Баатыр" отряддары менен жашыруун кирип, улуттук-боштондук үчүн күрөш баштамакчы болгон план өзгөрүлүп кеткен. Ысакбектин аскерлери аттары менен кошо поездге түшүп Казакстандын Коргаш (Хоргос) чегара заставасын көздөй жолго чыгат. Алар 1944-жылдын 16-ноябрында Кулжага жетип келип, ошол замат согушка кирип, көтөрүлүшчүлөр менен биргеликте душман коргонгон Айранбагды курчоого катышкан. Кытай армиясынын чыңдоосу жайгашкан Айранбагды штурмалоо адегенде ийгиликсиз аяктайт. Көтөрүлүшчүлөр чабуулду токтотуп, өз катарын толуктап, күчтөрүн көбөйтүүгө көңүл бурушат. Андан тышкары кытай армиясынын Үрүмчүдөн жардамга келаткан аскер күчтөрүнүн жолун бууп, кесип таштоо зарыл болчу. Анткени Үрүмчү өкмөтү Кулжага ири аскер бөлүктөрүн жардамга жөнөтүп жаткан. Алардын Кулжага жетип келиши көтөрүлүш тагдырын таптакыр башка нукка салып коймок. Ошентип көтөрүлүшчүлөрдүн аскер күчтөрү бир кыйла тартипке келип, Ысакбек Монуев, Иван Полинов сыяктуу генералдардын, советтик аскер кеңешчилеринин командачылыгы астында эми бирдиктүү план менен аракет кыла баштайт. Үрүмчүдөн аскер келе турган жолдорго тосот коюлуп, Суйдун, Чапканжутт, Зинхо, Шихо райондорунда жардамга келаткан кытай аскер күчтөрү тыптыйпыл талкаланат. Бул согуштарга Ысакбек өзү катышып, командачылык кылган.
29-декабрь күнү Ысакбек командачылык кылган көтөрүлүшчү аскерлер Күрөө аскер чебин курчоого алып, анда жашынган гоминдандык аскерлерге багынып берүү боюнча беш пункттан турган талап коет. Анда негизинен курал-жарактарын бузуп-жарбай сак тапшырып, эч кандай ок чыгарбай багынып, сепилден чыгышса бардык аскерлердин өмүрү сакталары айтылган болчу. Бирок, гоминдань бөлүгүнүн ичинде талаш-тартыш болот. Кээ бир командирлери багынууну жактаса, кай бирлери каршы болот. Ошентип белгиленген убакытта багынгандыгын билдирип, сепилден чыга алышпайт. Ошондон кийин Ысакбектин аскерлери Күрөө сепилине чабуул жасап, заматта аны тыйпыл кылып, 1000 ден ашуун душманды жок кылып, курал-жарактарын олжо кылат.
Ошондон кийин 31-январь күнкү чабуулда Айранбагда бекинип жаткан 2000 ден ашуун жоокери бар кытай армиясы артка чегинүүгө мажбур болот. Бирок, биротоло талкаланып, кырылып калуудан коркуп...
(Уландысы
бар)

3-февраль күнү гоминдандык бөлүктүн командачылыгы көтөрүлүшчүлөргө элчилерин жиберип, капитуляцияга макул экендиктерин билдирип, багынып берген.
Бул кезде көтөрүлүшчү күчтөр дале башаламан болчу. Март айында куралдуу күчтөрдү кайра түзүп, тартипке салуу иштери жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасында кыргызстандык эки атайын отряддын базасында атчандар бригадасы түзүлөт. 1-Текес атчандар бригадасы аталган бөлүккө Ысакбек Монуев өзү командачылык кылат. Бригадага кирген 1-Текес атчандар полкунун командирлигине 30-жылдардан баштап Кашкарда Ысакбек менен бирге жүргөн полковник Раззак Мавлянов, ал эми 2-Текес атчандар полкунун командирлигине Ата Мекендик согуштан атайын чакыртылган кыргызстандак офицер Дүйшө Ногойбаев дайындалат.Бул учурда ал "Баатыр" отрядынын командири болчу. Анын мурдагы командири Кутан Торгоев Кулжада кандайдыр каталыктарды кетирген соң, анын ордуна дайындалган.
1945-жылдын январында ЧТРдын убактылуу өкмөтүнүн курамы бир аз өзгөрүп, Ахмеджан Касими өкмөттүн катчылыгына шайланат.

Ысакбек - Улуттук армиянын башкы аскер командачысы

1945-жылдын 3-февралында ЧТР өкмөтү Улуттук регулярдуу армия түзүү боюнча токтом кабыл алат. Ал эми 8-апрелде Улуттук армия түзүлгөндүгү жарыяланып, салтанаттуу жыйын жана аскердик парад болгон. Бул учурда Улуттук армиянын катарында 13 миң жоокер жана офицер бар болчу. Улуттук армиянын башкы командачысы Алихан төрө Шакиржоджаев, ал эми командачысы болуп, генерал лейтенант Иван Полинов шайланат.
И.Полинов Россия империясынын тушунда, 1911-жылы Россиянын Үрүмчүдөгү генералдык консулдугунун конвоюнун командири болуп кызмат кылган. Ал эми жарандык согуштун мезгилинде большевиктерге каршы согушкан генерал А.Дутовдун армиясында жүз башы болгон. Ал жеңилген 1920-жылдан кийин Кытайдын Ганьсу провинциясына кетет. Андан кайра Шинжаңга келет. Ошентип ал Кытай мамлекетинде жашап калып, кытай армиясында аскердик инструктор болуп кызмат кылган. 1933-жылы Ма Чжу-ин баштаган дунгандардын көтөрүлүшүн басууга катышкандан кийин, кытай армиясынын генералы наамы берилген. Ошондой эле кайрадан СССРдин өз адамы катары чалгындоо кызматы менен байланыш түзгөн.1935-1937-жылдары эл өкүлдөрүнүн бүткүл шинжаңдык курултайына катышкан. Аялы совет жараны болгон. Ал эми Шинжаңдагы улуттук көтөрүлүштүн алдында Кулжага барган.
Генерал-майор Ысакбек Монуев командачылык кылган бригаданын эң чоң жеңиши 1945-жылдын сентябрында болгон. Ага чейин Иледеги куралдуу көтөрүлүштү бастырууга жөнөтүлгөн Кытай армиясынын 45-жана 191-жөө аскер дивизиясы Зинхо жана Шихо районуна жете келип, ошол райондордо чыңдоо куруп согушка даярданып жаткан болчу. Ал эми Ысакбектин аскери ашуу ашып, 1945-жылдын июнь айында Ачалы өрөөнүнө түшүп, чабуулга ошол жерден даярдана баштайт. СССР НКГБсына берилген рапорт боюнча, каршы эки тараптын тагдыр чечер кармашы 5-сентябрь күнү башталып, 13-сентябрда ЧТР армиясынын толук жеңиши менен аяктаган. Гоминдандык бөлүктөр толук талкаланып, 2000 дей жоокер, офицерлери кырылып, 2100 адам тирүү колго түшкөн. Ал эми генерал Ысакбектин армиясынан 87 жоокер курман болуп, 205и жараат алып, 16сы дарексиз жоголгон. Чындыгында бул согушта гоминдандык кытай аскерлери күч жагынан кыйла артыкчылык кылат эле. Салгылашка ЧТР армиясынан 3864, а гоминдань армиясынан 4630 аскер катышкан. Көтөрүлүшчүлөрдө 37 миллиметрлик замбиректен бирөө гана болсо, душмандарда андай 4 замбиректен сырткары, 76 миллиметрлик кубаттуулуктагы 4 замбирек жана 3 аскер самолету бар болчу.
Шихо жеңишинен кийин 1945-жылдын 14-октябрында ЧТР өкмөтү Ысакбек Монуевге генерал-лейтенант аскер чинин ыйгарат. Улуттук амиянын курамында дагы айрым өзгөрүштөр болуп, Ысакбек командачылык кылган 1-Текес атчандар бригадасынын базасында дивизия уюштурулуп, анын карамагына А.Батырганиевдин 2-Текес атчандар полку, Майлибеков жетектеген 3-монгол атчандар полку, полковник Д.Ногойбаевдин 2-Текес атчандар бригадасы, Полковник Р.Мавляновдун атчандар полку сыяктуу аскер бөлүктөрү кирип, жаңы дивизиянын командири Ысакбек өзү болот. Ошондон көп өтпөй эле генерал-лейтенант Ысакбек Монуев ЧТРдын аскер министри жана Улуттук армиянын башкы аскер командачысы болуп шайланат. Алихан төрө Шакирходжаев менен генерал-лейтенант Иван Полинов отставкага кетет.
Бул кезде Чыгыш Түркстандын үч округу - Иле, Тарбагатай, Алтай гоминдандык бийликтен толук бошотулуп, бул жерлерде ЧТР убактылуу өкмөтүнүн бийлиги толук орногон болчу. Түзүлгөн биринчи күндөн эле өз туусун ж.б. мамлекеттик символикаларын кабылдап жана өз улуттук валютасын чыгарып, уйгур тилине мамлекттик тил статусун берген ЧТР убактылуу өкмөтү Советтер Союзунун жардамы менен саясий да, социалдык-экономикалык да реформаларды ийгиликтүү жүргүзүп, калың калктын зор колдоосуна ээ болгон. Дегеле, кылымдар бою кытай шовинизминин астында күнкорлукта жашап келген уйгурлар жана казак, дунган, кыргыз, калмак сыяктуу аз сандуу элдер ЧТРден жана ал жүргүзүп жаткан улуттук-боштондук күрөшүнөн көптү үмүттөнүп, ага ишеним артып турган болчу.
Чыгыш Түркстан улуттук армиясынын аскерлери шарттуу түрдө Түштүк фронту, Түндүк фронту, Борбордук фронту деген үч багытка ажыратылып, ушул үч багыт боюнча илгерилеп, али гоминдань бийлиги өкүм жүргүзүп турган Шинжаңдын он округун бошотууга аттанат. Борбордук фронттун аскерлери 1945-жылдын октябрь айында Манас дарыясына жетип, Шинжаңдын расмий борбору Үрүмчүгө 60 километрдей аралык жакындап токтогон. ЧТР Улуттук армиясынын андан аркы жеңишчил согуштук аракеттери күтүлбөгөн жерден токтоп калды.






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??