presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ырдын чыры...
Мирлан Алыкулов, обончу, аткаруучу:
"Автордук укугумду тебелегени үчүн, ырчыны сотко берем..."
- Мирлан мырза, Мирлан Баеков атуу ырчы менен чырдашып жатканыңды угуп калдык, эмне болуп чырдашып жүрөсүңөр?
- Эми экөөбүздүн чырдашканыбыздын себеби мындай. Мирлан Баеков ырдап чыккан "Кызыл өрүк" деген ырдын сөзү, обону мага таандык. Менин негизи элүүдөн ашык ырларым бар. Баардыгынын тең сөзү обонун өзүм жараткам. "Кызыл өрүк" ошол ырларымдын бири. Мирлан Баеков экөөбүз кафеде бирге иштеп, ал "Кызыл өрүк" деген ырыңды мага бер, мен ырдап чыгайын" дегенинен берип койгом. Ага чейин М. Баеков, Дордойдо дөңгөлөк сатып оокат кылчу. Аталган ырды жаңыдан ырдап чыгып жатканда ырдын автору, Мирлан Алыкулов деп менин атымды атап эле жүрчү, кийин мен Ошко гастролдоп кетсем, "Супер Инфо" гезитине интервью берип, "мен Россияда жүрүп, бир кызды сүйүп калып, ошого арнап чыгаргам"- деп айтыптыр. Мен гезиттин редакциясына барып, журналисттерди тактап жазбайсыңарбы десем, журналисттер кой десе керек, М. Баеков гезит аркылуу менден кечирим сурап, "жакында болчу жеке концертимде сага атайын "сюрприз" даярдап жатам, буюрса ошол "сюрпризиме" күбө болосуң," дегенинен макул деп тынчып калгам. Көп өтпөй эле жеке концерттин берип, "сюрприз"- эмес, "Кызыл өрүктү" ырдаганда ушул ырдан автору бул деп менин атымды атап да койгонго жараган эмес. "Аккордеон алып берем, ыраазы кылам"- деди эле анысын да аткарган жок. Ошондуктан, мен, автордук укугумду коргоп, мыйзамдын негизинде чечишейин деп аны сотко берип жатам. Жакында эле, Кыргыз патент мамлекеттик ишканасынан автордук укугумду коргогон күбөлүк алдым.
- Ал күбөлүктү буга чейин алсаң болмок беле?
- Буга чейин деле алсам болмок, бирок паспортум жок ала албай келгем. Анын үстүнө мындай болуп кетээрин кайдан билдим. Мирлан Баековду мындай кадамга барат деп ойлогон эмесмин да.
- "Кызыл өрүктү" казактар казакчага которуп алып, ырдап жатышканын билебиз, алар сенден уруксаат алышты беле?
- Менин байкем М Баековго "Кызыл өрүк" казактарда хит болуп жатыптыр, бизди ырды которгон автор чакырды, жаңы жылдан кийин барып жолугабыз" деп айтып коюптур, аны уккан М. Баеков, Өктөм деген аранжировка жасаган жигиттен казак жигиттин номерин алып, аны менен байланышып, "ырдын автору мен болом" деп андан 500 доллар алган экен. Менимче андан деле көп алса керек, мага 500 доллар эле алдым деп койду. Казактар болсо, жакында эле ырдын автору мен экенимди билишип, Назарбаевдин тууган кызынын туулган күнүн өткөзүп жаткан экен, "ырдын автору сен турбайсыңбы" дешип мени чакырышты. Барып сыйын көрүп, катышып келдим. Ошондой эле, аз күн мурун Мирлан Баеков, "Супер-Инфо" гезитине интервью берип, мени дагы жамандаптыр. Гезиттин редакциясына барып, жооп кайтарайын десем, жазган журналист "редактордон уруксаат алайын" деп болбой койду. Көрсө ал Бурул деген журналист, Мирлан Баековдун аялынын курбусу экен. Ошондуктан, аталган гезит, Мирлан Баековдун пикирин ачык чагылдырып жатат. Кыскасы мен жогоруда айтканындай, автордук укугумду тебелегени үчүн, Мирлан Баековду сотко берем.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев




"Кумтөрдүн" күндөрү
менен түндөрү
| Башы өткөн санда |
Комплекстин курулушу пландаштырылган 36 айдын ордуна 29 айга созулган. Алтын чыгаруучу фабрика календарлык графикте көрсөтүлгөн мөөнөттө - 1996-жылдын 17-декабрында ишке кирген, алтындын биринчи калдыгы 1996-жылдын 31-декабрында алынган, фабрика толук долбоордук күчүнө кирген жана 80 пайыз алтынды түзгөн "Доре" эритмесин коммерциялык өндүрүү 1997-жылдын 1-майынан башталган.
1992-жылдын 4-декабрындагы Генералдык келишим жана "Кумтөр" долбоорун башкаруу боюнча биргелешкен ишмердик жөнүндө Келишимдин 3.1-пункту боюнча "Кумтөр" долбоору 2007-жылдын 10-майынан тартып Кыргыз Өкмөтүнүн башкаруусуна өтүүсү керек эле. 2002-жылдан алтындын баасы көтөрүлүп баштаган жана 2003-жылдын 31-декабрында канада тарап кокустан "Кумтөр" долбоорун кайра структуралоону "сунуш кылган". Центеррадагы жалгыз активи - "Кумтөр" кени болгон жана ошол бойдон калууда. "Камеко" компаниясынын сунушунда активдердин жана тараптардын үлүшүнүн баасын аныктоо критерийлери каралган эмес, болгону кайра структуралоонун принциптери гана саналып өткөн.
Кайра структуралоо сунушун баалоодо "Стандард-Банк" (Улуу Британия), ошондой эле кайра структуралоо программасына изилдөө жүргүзүү үчүн Дүйнөлүк Банк чакырган жана дайындаган Густавсон Инк (Gustavson Inc) катышкан. Мында 2007-жылдын 05-октябрындагы Эсептөө палатасынын аудитордук отчетунда белгиленгендей, "Центерра Голдду" салыштырмалуу баалоодо "Стандард-Банктын" өкүлдөрү өз корутундусун "Центерра" өзү берген маалыматтарга гана таянып чыгарган, бул баалоонун объективдүүлүгүнө шек келтирет жана акциялар бөлүгүн акыйкатсыз жана активдердин чыныгы көрсөткүчтөрүнө дал келбейт деп эсептөөгө негиз берет . Бул "Центерра Голддун" гана эмес, КРга зыян келтирип жасаган ишинин акысына 3 461,4 канада долларын алган "Стандард-Банктын" да өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги болуп эсептелет.
1992-жылдагы Келишимдин күчүн токтотуп, Структураны кайрадан кароо жөнүндө Келишим 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кумтөр" долбоору боюнча өзүнүн активин "Центерра Голд" Инк компаниясына өткөрүп берген. "Кумтор Оперейтинг Компани" компаниясы "Центерранын" структуралык бир бөлүгү болуп калган. "Кыргызалтын" ААК 33 % акцияга гана ээ болуп турганда, "Камеконун" курамында 67 % акциясы бар жаңы ачык "Центерра Голд Инк" компаниясы уюшулган. Кантсе да Эсептөө палатасынын 2007-жылдын 02-октябрындагы Отчетунан көрүнүп тургандай, "Центерра Голд" компаниясындагы кыргыз тарабынын үлүшү33 %дын ордуна 41,93 %дан 62 %га чейинки диапазондо болушу керек эле.
2003-жылдын 20-июнунда КР ЖК Мыйзамчыгаруу жыйыны "Камеко корпорейшндин сунушу боюнча Кумтөралтын долбоорун кайра структуралоо жөнүндө" № 1232-II токтомун чыгарган. Токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Камеко" канада компаниясы менен, 1992-жылдын 10-январына карата алдын ала эсептелген запасы 516 тоннаны түзгөн Кумтөр алтын кени чыккан жерди иштеп чыгуу жөнүндө Генералдык келишимине кол койгон. "Кумтөр-1" долбоорунун курулушуна (316 тонна запастардын бөлүгү ачык түрдө иштелип чыккан), техникалык-экономикалык негиздердин (ТЭН) эсеби боюнча 276 млн АКШ долларынын ордуна, 452 млн АКШ доллары кеткен.
"Кумтөр-1" долбоору боюнча кендин курулушу 1996-жылдын аягында аяктаган; 1997-жылдан 2002-жылга чейин 115,8 тонна алтын алынган. 2003-жылдын 1-январына карата ачуу үчүн запастары иштелип чыккан ТЭН-95 боюнча 130 тоннаны, жаңы программа боюнча 97 тоннаны түзгөн. Алтыны бар кенди казуу долбоордук күчүнөн озуп жана, натыйжада, кен чыккан жердин иштөө мөөнөтүн 6-8 жылга кыскартылып, интенсивдүү жүргүзүлгөн. Азыркы учурда, долбоордун 2014-жылы аякташы белгиленгенине карабай, иштетип бүтүү 2008-жылы аякташы күтүлүүдө.
Жогоруда келтирилгендердин негизинде КР ЖК төмөнкүлөрдү белгилеген:
- Генералдык келишимдин шарттары Кыргыз тарабына карата, Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин XII чакырылышында түзүлгөн, республикадагы алтын өндүрүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча иштеген депутаттык комиссия белгилегендей, башынан эле эффективдүү болгон эмес.
- Кыргыз тарап үчүн долбоордун пайдалуу болбошуна Генералдык келишимди түзүүдө жол берилген - бул, металлды эмес, дивиденддерди бөлүштүрүү, анан да "Кумтор Голд Компани" биргелешкен ишкананы башкарууда Кыргыз тараптын ачык эле четте калуусу. Кен чыккан жерди иштетүү жана ишкананын финансылык ишмердиги Генералдык келишимге ылайык толугу менен "Камеконун" туунду фирмасына - "Кумтор Оперейтинг Компаниге" өткөрүлүп берилген.
- 2002-жылдын сентябрында "Камеко" компаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Кумтөралтын" долбоорун кайра структуралоо жөнүндө сунушу менен кайрылган. Бул сунушту карап чыкканда, "Камеко" компаниясы Кыргыз тарабынын кызыкчылыгын көздөгөн кайра структуралоонун финансылык жана укуктук маселелерин жетишсиз иштеп чыкканы көрүнүп турат.
Ушуга байланыштуу КР ЖК Мыйзамчыгаруу жыйыны токтом кылган:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Камеко Корпорейшн" канада корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" кени боюнча Генералдык келишимге жана "Кумтөр" долбоорунун ТЭНине өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен гана киргизилсин;
- 2003-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Кумтор Голд Компани" биргелешкен ишканасынын, ал иштеген убакыт ичиндеги, ишмердиги жөнүндө толук маалымат алынып берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Н. Т. Танаев 2003-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамчыгаруу жыйынынын парламенттик угууларында кабыл алынган сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтсүн.
Бирок КР ЖК МЖ көрсөтмөсүн бузуп, 2003-жылдын 31-декабрындагы № 835 Токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, анын премьер-министри Н. Танаевдин аты менен өз алдынча, КР Өкмөтүнүн жыйынын өткөрбөстөн туруп, "Кумтөралтын" долбоорунун кайра структураланышын жактыруу жөнүндө чечим кабыл алат.

| Уландысы бар |



Ушул эле дата Инвестициялык келишимдин күчүнө киришинин датасы болуп көрсөтүлгөн, ага ылайык "Центерра Голд Инк" "Кумтөр" долбооруна каражат жумшоо үчүн инвестору болуп чыга келген (бир катар инвестициялык жеңилдиктер менен), ал каражат "Кыргызалтын" ААКга таандык болгон "Кумтор Голд Компанинин" жөнөкөй акцияларына алмашылган. Активдерди баалоонун жыйынтыгында үлүштүк катышуусу төмөнкүдөй болгон:
- "Кыргызалтын" ААКда 33,3 % (18 789 717 акция) ага кошулуп "Камеко Голддун" баасы 11 млн АКШ доллары болгон акцияларынын 2 % (1 338 776) өлчөмүндө опционду сатып алуу укугу
- "Камеко" корпорациясынын 57,00 % (38149 071 акциясы)
Бул учурда кайра структуралоонун критерийлери жөнүндө маселесин кароо керек жана КРнын 33 % болгон үлүшүн түшүнүп алуу керек. 2003-жылдын 16 майында түзүлгөн Корутундудан көрүнүп тургандай, "сунуш кылынган кайра структуралоонун адилеттүүлүгүн" карап чыккан CutfieldFreeman&Co компаниясы тарабынан, бул маселе "Камеко" корпорациясы берген гана материалдар менен отчеттордун негизинде талданып чыккан. Бул жерде "Кумтөр" кениндеги жана "Бороо" (Монголия) кениндеги накталай акчанын моделин "Камеко" компаниясы таптакыр көрсөткөн эмес. CutfieldFreeman&Co компаниясы булмаалыматтарга көз каранды эмес же башкача текшерүү жүргүзгөн эмес жана алардын тактыгы жана/же толуктугу үчүн өзүнө жоопкерчилик алган эмес. Бул компания "Кумтор", "КОК", "КГК", "Камеко" и "Кумтор Маунтинге" өзүнчө техникалык, коммерциялык, бухгалтердик же укуктук аудит жүргүзгөн эмес. Бул компания келип иштеген кезде Долбоордогу "Кыргызалтындын" үлүшү 66 %ды, "Камеконун" үлүшү болсо 33 %ды түзгөн. "Камеко" сунуш кылган кайра структуралоонун натыйжасында "Кыргызалтын" "Кумтөр" кениндеги өзүнүн менчик үлүшүн жарым жылда бир 2008-жылга чейин төлөнүүчү өзгөрүлбөгөн 4 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү акыга алмашуу менен "Камеко" компаниясына, "Камеко" ага "Бороо" жана "Кумтөрдү" өткөрүп берген, жаңы уюшулган "Центерра" компаниясына роялти төлөмүн жана катышуу үлүшүн кайра кароо менен өткөрүп берген.
Ошонда да Корутундуда мындай деп жазылган: "тилекке каршы, "Камеко" моделдери кайра структуралоону изилдөө максаты үчүн даярдалган эмес, алсак, үчүнчү жактын пайдалануусу үчүн ылайыкталган эмес. "Камеко" мунун натыйжасында анын моделдерин "Кумтөр" жана "Бороо" үчүн алтынга болгон баанын бир унцияга 250дөн 390 АКШ долларына чейинки диапазонунда трактовкалоого макул болгон", б.а эсептей келгенде үлүш аркылуу алтынга болгон баанын ставкасы белгиленет жана эсеп мындай ставкалар болгондо гана туура болот. Тараптар негиз катары 1 унция 310 АКШ доллары болгон бааны алган. Корутунду 2003-жылдын мартында түзүлгөн, ошого карата кыймылдын диапазону да түзүлгөн
Бирок ушул эле корутундуда жүргүзүлгөн анализдердин натыйжасы алтынга болгон баанын узак мөөнөттүү экендигинен абдан көз каранды болору көрсөтүлөт... Ушуга байланыштуу эмненин негизинде үлүштөрдүн 33 % - 67 % катышынын адилеттүүлүгү жөнүндө оң баа берилгени белгисиз, анткени эсеп алтынга болгон баанын узак мөөнөттүү болгондугуна карата жүргүзүлбөстөн, 2003-жылы белгилүү бир ставка менен өзгөртүүсүз калтырылган. Ошентсе да корутундуда, 2003-жылдан 2008-жылга чейин алтынга болгон баанын узак мөөнөттүү өзгөрүшү деп 350 АКШ долларына чейин өзгөргөнүн эсептөө толук мүмкүн, жана, эгер алтындын баасы унциясы 350 АКШ долларынан АШПАГАНДА, "Кыргызалтын" менен Өкмөт кайра структуралоодон кийин 33 % менен да пайдалуураак абалда калат эле деп көрсөтүлөт. Алтындын унцияга болгон баасынын кыймылынын анализи төмөндө салыштыруу үчүн берилет.





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??