presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Абдылдажан Акматалиев:
"Жаңы жылды Сизсиз тостук быйыл да…"
- Жаңы жылда ар бир адам жакшы тилектерге, максаттарга умтулат эмеспи, анын сыңарындай жаңы жыл да жеке турмуштук жана чыгармачылык ийгилик менен коштолушун каалап кетейин өзүңө.
- Ниетиңе, тилегиңе рахмат! Сага жана жалпы эле окурмандарга да жаңы жыл акжолтой жыл болсун! Жаңы жылды тоскондон кийин түшүмө Чыңгыз агай кириптир. Өтө кабатырланып жатыптыр, балким арбагына жакшы мамиле кылбай жатсак керек. Көпкө чейин уктай албай бушайман болдум.

Жаңы Жылды тосуп баары көңүлдүү,
Бир-бирине каалап узак өмүрдү.
Ошолордун арасынан табалбай, -
Сизсиз өткөн супсак күндөр төгүнбү?!.

Заман катаал, заман татаал чынында,
Сүйлөп келем Сиз жөнүндө жыйында.
Жан дүйнөбүз орду толгус бөксөрүп, -
Жаңы жылды Сизсиз тостук быйыл да.

- Жаңы жылды кандай ой-максаттар менен баштап олтурасың, оболу ошол суроону берейинчи?..
- Ар бир жылга кандайдыр бир иштерди пландаштырасың, албетте! Бирок, ар бир нерсенин өзүнүн сааты, кудай буюрган күнү болот.
Кайрадан сөздү Чыңгыз агайдан баштайын деп турам. Түшүнөсүң да!
Ойлоп келем… ойдон Сизге жолугам,
Жан дүйнөмдүн дарысы жок - ооругам.
Таш эстелик койбосом да койкойтуп, -
Жазып келем… келгени ошол колуман - деп жүрчү элем. Бирок, тагдыр деген тагдыр экен, менин тагдырыма Чыңгыз агайдын эстелигин коюу парзы жүктөлгөн экен. Демек, мен илимий иштеримде, ыр саптарымда жана эстеликтерде Чыңгыз агайдын жаркын элесин калтырганга колуман келишинче аракет кылам. Бул менин күйөрмандык озуйпам. Окурмандар да мени колдоп турат деген ишенимдемин.
Өткөндө Чыңгыз агайдын эстелигин өзүбүздүн институтка койбодук беле, эми ошондой ишти дагы жандандырып, эстеликтин ачылыштарын эки-үч агартуу мекемелерине койсокпу деген ойду ишке ашырсам деп турамын.
- Кайда коюлмакчы?! Айкелчи ким? Каражаттарды кайдан таптың? Качан коюлмакчы? - деген суроолор мыйзам ченемдүү берилет эмеспи!..
- Айкелдин автору - Жолдош Бусурманкулов, институтка да эстеликти бекер коюп берген кеңпейил, берешен жигит. Каражатты эстеликтин материалдарын алуу үчүн символдук түрдө Эл аралык Айтматов клубунун лауреаттары жана Коомдук Айтматов академиясынын академиктери чогултушту, а айкелчи бул жолу да бекер иштеп берди. Мындай жигиттерге ыраазы болушубуз керек жана рахмат айтабыз. Айкелдин жаңы турган турпаты 160 см, Чыңгыз агайга бул эстелик да аябай окшошуп турат. 1993-жылы менин демилгем менен шаардык №1-китепкана "Чыңгыз Айтматовдун китептеринин китепканасы" деп аталган эле, айкелди ошол китепканага 15-январда коёлу деп жатабыз.
- Анан…
- Дагы бир эстеликти "Себаттын" Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк эркек балдар лицейине коёлу деген сунушту мекеменин Генералдык директору, Айтматов клубунун лауреаты Орхан Инандыга айтсам дароо макул болду. Башкасын билбейм, Чыңгыз агайдын ысымы берилген кайсы бир формадагы мекемелер жазуучунун эстелигин, бюстун шарттарына жараша койсо ашыкча болбойт. И, баса, Чыңгыз агай бүткөн жогорку окуу жайы - азыркы агрардык академия бар эмеспи, анын ректору, корреспондент-мүчө, профессор Рыспек Нургазиев да бул идеяны колдоп жатат. Ошондой эле борборубузда № 11 мектеп бар, жазуучунун 70 жылдыгында ысымы берилген.
- Агайың жөнүндө ыр саптарыңды жазып жатасыңбы?
- Атайын жазуу жок, жан дүйнө түйшөлгөндө ойлор чыгып калып жатат. Кечээ мындай ыр жаздым:

Тагдырыма тагдыр келип оңтойлуу,
Жүзүңүздөн өпкөн элем көп жолу.
Ошончолук Сиз сүйдүңүз маңдайдан, -
Бешенеме жалбырттатып отторду.

Мээримиңиз Жан дүйнөмө аралап,
Тереңдикте - түпкүр жерде пааналап.
Бешенемден Сиз калтырган из издейм, -
Таш эстелик окугансып ай-айлап.

Каалагансыз өмүр, бакыт-жакшылык,
Жан дүйнөңүз күндөй болуп чачылып.
Сиз бар кезде жашоо турчу көрктөнүп, -
"Айланайын" деген сөздөн ачылып.

Кайра окуйм... кайра сөздөр табылат,
Ойлор келет... маани берет жаңылап.
Бешенемди жуусам дагы ал кетпейт, -
Өмүр бою коштоп жүрөт, жаңырат.

- Эң башкы маселе - Ата-Бейит жайы кандай болуп жатат?
- Аалам турат Өзүңүздү сагынып,
Эл көп келет Ата-Бейит агылып.
Бийлик тарап уктап калган өңдөнөт, -
Эстеликти койсокпу дейм жабылып…
- деп жазган элем үч-төрт жыл мурун. Айтматовдун шаарга эстелиги Убактылуу Өкмөттү Алмазбек Шаршенович Атамбаев башкарып турганда коюлду. Кубандык. Сүйүндүк. Өзүң айткандай, баардык окурмандар Ата-Бейитке тынчсызданып жатышат. Эмне кылуу керек? Мен өзүмдүн пикиримди үч-төрт жылдан бери ачык-айкын байма-бай айтып келе жатам. Азыр Өкмөттү каражат бер деп кыйнай берүүнүн зарылдыгы жок. Мындай учурда Өкмөт, шаар мэри үй-бүлөсүн, бизди чакырып, бир пикирге келүүсү керек. Ата-Бейит комплекси мамлекеттик жер, ал жерге ар ким өзүнчө оюна эмне келсе коё берсе болбойт, ошондуктан Ата-Бейитке эстелик коюу маселеси боюнча жер маселесин гана Айтматов фондусуна, клубуна Токтом менен чечип берип коюшса эле маселе болбойт эле. Болбосо, Өкмөт, шаар мэри менен Айтматов фондусу каражатты чогуу бөлүштүрүп чыгаралы деген бүтүмгө келүүсү керек. Бул маселе тез арада чечилиши зарыл. Быйыл жазуучуга 85 жыл толот. "Артка чегинүүгө жол жок, артыбызда Москва" дегендей, мындан ары күтүүгө убакыт жок, чыгармалары 180 тилге которулган дүйнө эли карап турат. "Манас" эпосунун 1000 жылдыгында дүйнөгө бир сыймыктандык эле, эми Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын өз деңгээлинде эл аралык масштабда өткөрүп, экинчи жолу дүйнөнү дүңгүрөтүү мүмкүнчүлүгү келип турат, аракет кылалы!
Маектешкен
Баратбай АРАКЕЕВ

































кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??