presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Көрөңгө
Чыңгыз Айтматов:
"Айыл академиясынын" энөөлүгү
Жамбыл шаарындагы зооветеринардык техникумда окуп жүргөн кезим. Күндөгү лекциялар менен катар практикалык сабактар дагы эриш-аркак өтөт. "Коневодство", "Овцеводство" деген сабактар менен кошо башка төрт-түлүк мал куруп калгансып, "Ослеводствого" (эшек таануу) өттүк. Алгач эшек деген эмне, ушуну да мал деп маани берип, сабакка киргизгенин айтсаңызчы деп күлүп койгонбуз. Кийин биз ойлогондой болбой чыкты. Эки кулагы шалпайып, айкыргандын баарын эшек дегенибиз менен, анын да атамзамандан тартып келаткан теги, түрү, түсү, дагы өз ара өзгөчөлүгү бар экенине көңүл бурдук. Окутуучубуздун улуту орус, согуш учурунда Ленинград курчоосунда калып, Казакстанга көчүп келген, өтө билимдүү, катаал, ары улгайыңкы адам эле. Практикалык сабак өткөрүүгө техникумдун кошумча чарбасында эшек жок. Ошондуктан профессор студенттерди Жамбылдын "Ат чабар" мал базарына алып барар эле. Шаардын чет-жакаларындагы айылдардан, ирегелеш кыргыздын Таласынан мал айдап келип сата тургандар ишемби, жекшемби күндөрү опур-топур болуп эле жатыша турган. Сатуучу менен аларманды табыштырып, араларында жылмаңдаган далдалчылар жүрүшөт. Бир ирет базардын так ортосундагы чымын талап турган көк эшектин жанына келип токтодук.
- Студент Айтматов, бул эшектин кайсы түрү? Кана, айта башта!-деп көз айнеги жаркылдаган профессор бир топ студенттердин ичинен мени сурап калбаспы.
- Бул макулук алгач Африка менен Азия аймагында пайда болгон. Азыр Сирияда, Кашмирде, Тибетте, Түркмөнстанда, Өзбекстанда, Казакстан менен Кыргызстанда жана Монголияда көп кездешет. Буларды негизинен колго үйрөтүп, жумушка көлүк катары пайдаланышат. Мына өзүңөр көрүп тургандай, эшектер башка малдардан кулагынын узундугу менен айрымаланышат. Тирсегине түшкөн ичке куйругу да бар. Кодигин он эки ай көтөрөт, - дей бергенимде алиги, байболгур, көк эшектин ээсин да тааный кеттим. Айылдагы Досаалы жездем менен Карагыз апамдын коңшусу. Эшекке карап сайрап турган мени көрүп, ал таңдана карайт. Уялганымдан жерге кирип кете жаздадым. Такыр үнүм чыкпай мукактана түштүм. Муну сезе койчу профессорбу?
- Студент Айтматов неге токтолдуң? Сабакты уланта бер. Көк эшектин башка эшектерге караганда дагы кандай айрымачылыктары бар? - деп ансайын такып сурай баштады. Кысылганымдан чекемден тер чыбырчыктай түштү.
Алиги аксакал Шекерге барары менен:
- Ой, Төрөкулдун баласы Жамбылда эшектин окуусун окуйт экен. Өз көзүм менен көрдүм. Мугалими менен кошо байлануу турган менин эшегимдин алдына кирип, анын чыккан тегинен баштап, укум-тукумун, жети атасын түгөлдөй санап берди эле, баланын сөзүнө мен эмес, көк эшегим дагы ыраазы болду окшойт, - деп бүткүл айылга күлкү кылып жайып жибериптир.
Кыркынчы жылдардын аяк ченинде айылда сот, прокурор, милиционер кесибиндегилердин кадыр-баркы өтө зор эле.
Милициядан байың болсун,
Индийский чайың болсун, - деген келекелүү ырды да ошол кездегилер чыгарган.
Мени эл кадырлаган, ары сыртыңдан сүрдөп турган окуунун бирине кирген чыгаар, өсүп жетилсе, бир тутканы кармап, ошентип бешенесине жазылса, эл катарына кошулуп кетер, - деп четте окуп жүргөнүмдү айылдаштарыма сыймыктанып, келген сайын колундагы анча-мынча тыйын-тыпыр, курут-майынан аянбаган Карагыз апам менен жездем муну угушканда, же күлүшөрүн, же ыйлашарын билишпей дал болушат.
Кийин айылга дем алышка келгенимде Карагыз апам:
- Бу журт сени эшектин окуусун окуп жүрөт дешет го. Бул эмне деген кеп, каралдым ай? Башка окуу түгөнүп алдыбы? Андай эле эшекти окугуң келсе, айылда эшектен көп нерсе жок го, - дегени көңүлү иренжип.
Мени азамат болсо экен деп тилеп жүргөн кайран ак көңүл апам менен жездемдин алдында кантип актанарымды билбей, кысылганым күнү бүгүнкүгө чейин эсимден кетпейт.
Бул да "айыл академиясынын" энөөлүгү менен баеолугун толуктап турган көрүнүштөрдүн бири.
(Ч.Айтматов менен
М.Шахановдун "Аскада калган аңчынын ыйы" китебинен алынды.)


Тазаланып
жатабызбы?..

Бир ай мурда туулган күнү белгиленген улуу жазуучубуздун бул эскерме- аңгемесине тереңирек назар салсаңыз, андан "айыл академиясынын" тек, энөөлүгү менен баелугу эмес, көралбастыгы, ичтардыгы сыяктуу арсыз сапаттары башбагып турат. Эгер ардактуу Чыкебиздин ал коңшусу көөдөнүндө анча-мынча адамгерчилик, жапакечтик, адилеттүүлүк сезими бар киши болсо, жетим өсүп жетилген өз тууганына шаардан жолукканына жетине албай, аны айылына таптакыр башка маанайда баяндап бармак. Жок, антпеди. Анын көкүрөгүн "бул эмне, менден, менин балдарыман кыйын болуп кетиптирби" дегендей ичкүйдүлүк, көралбастык пас сезимдер тырмалап турду. Боорун жерден эми көтөрүп, элге аралаша баштаган бала Чыңгыз убагында анын арсыз ушагынын айынан кандай өксүгөндүгү элестетип көрүңүз... Айылдаш тууганынын кара мүртөздүгүнө таарынып эле тим болбой, эчен ирет ичтен кекенгендир... Бирок улуу талантын ээси болгон Айтматов ошол касиетине ылайык айкөл да, алпейим да адам болгон эмеспи. Кийин аны жөн гана айыл элинин энөөлүгү менен баелугуна жоруп эскерип жатат.
Атаганат, мындай көралбастык сапаттар ошондогу шекерлик бирөө сыяктуу бирин-экин адамдарга гана тиешелүү көрүнүш болсо эмне? Өкүнүчтүү, өзүбүздү өзүбүз канчалык мактап, төш каккылаганыбыз менен, мындай арсыз сапаттар кыргыздын канына сиңген улуттук мүнөз, өзгөчөлүгүнүн курамына кирет. Ошонун айынан улут кандай гана кыйчалыш тарыхый кырдаалдарга кабылбады?! Ага кайра эле Чыңгыз Айтматовдун өзү мисал. Ал жазуучу катары колго калем кармап, кыргыз адабиятынын босогосун аттаганда кандай гана тоскоолдуктарга, каршылыкка учурабады?! Ооба, ал чыгармаларын орус тилинде жаза албаганда өз кыргызындагы эле Көралбастык, Ичтардык деген "оппоненттери" эки-бурдап, бир жутуп, жексендемек. Кыргызды ааламга тааныткан Чыңгыз чыкмак эмес.
"Элүү жылда -эл жаңы" дейт. Кыргыз эли, кыргыз коому мезгилдин агымына жараша жаңырып жатабы деги? Жаңырса, жылан жыл сайын эски тонун чечип таштаган сыяктуу, көралбастык, ичтардык, аксымдык адат-сапаттарынан арылып, дили - пейлин тазалап жатабы, же..?
Жыл жаңырган сайын ушундай ойлор келет...
Абдувахаб Мониев






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??