presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Коррупцияланышкан Бишкек архитектурасы, майып бала жана сырдуу "крышалар"…

Кыргызстанда калыс, жалпыга тең караган, акыйкат бийлик өкүм сүрүп жатат дегенибиз менен мамлекетте баягыдай эле коррупция, зордук, акчалуулардын өзүм билемдиги бийлеп жатканы турмуш чындыгы болуп калды. Айрыкча, биздеги "крыша" деген түшүнүк мурункудан дагы күчөп, бийликтегилер өз кишилерин керек болсо адам өмүрүн кыйган кылмышкерлерди деле "сүттөн ак" кылып актап алышканын көрүп, билип эле жатпайбызбы. Төмөндөгү маек дагы мамлекеттик кызматтардын шалаакылыгы менен ачкөздүгүнүн айынан жаштайынан майып болуп калган чырактай өспүрүм бала, жоопкерчиликтен качкан күнөөлүүлөр, баласынын келечегин ойлоно берип оорулуу болгон ата-эне тууралуу болмокчу. Чындыкты убагында коомчулукка жеткирбесек, кыргыздын келечеги кыйрап бара жатпайбы. Жүрөк өйүткөн көйгөй туурасында Сейит Байтеректов кеп салып берди…

- Сейит байке, окуяны башынан баштайлы. Эки жылдан ашуун убакыттан бери мыйзамды да, сотторду да тоготпогон ээнбаштар менен алышып келе жатам дедиңиз?
- Бул окуянын башы тээ 2009-жылга барып такалат. Мен эл катары эле Бишкек шаарынын Горький жана Пудовкин көчөлөрү кесилишкен тараптагы Ала-Тоо туюк көчөсүндө жакшынакай жашап келгенбиз. Күндөрдүн биринде сол тараптагы кошунабыз Переверзев Александр Валентинович деген киши эски үйдү бузуп, жаңы курулуш баштай турган болду. Башында бизге кайрылып, ал жерге эки кабаттуу үй сала тургандыгын убада кылып, менден жана дагы экинчи тарабындагы кошунабыздан уруксат сурап кайрылды. Биз эки кабаттуу там салса, бизге деле анчалык зыяны жок деп кол коюп бердик. Ал тил каттар азыр менде сакталуу турат. Бирок, ал адегенде эле 5 сотых участоктун ичин котлован кылып казып, участок менен толтура үй куруп баштады. Көрсө ал бизге тил кат жаздырып алган соң, өзүм билемдикке салып төрт кабат там куруп кириптир. Биз муну кийин түшүнүп отурабыз. Ошону менен Переверзев бардык тарабынан мыйзамдарга, ченемдерге туура келбеген төрт кабаттуу, көп батирлүү үйдү салды дагы, 7 адамга жети батирин сатып жиберди. Мына карап көргүлө, анын бийиктиги 20 метрге жеткен үйүнүн дубалдары менин үйүмөн болгону 60 сантиметр аралыкта курулду. Бул деген өрт коопсуздугуна туура келбеген аралык. Адистердин айтымында мындай учурда көп кабаттуу үйдүн дубалдары бери дегенде 3-4 метрге алыс болуусу кажет экен. Мындай айтканда, эгер кокус мунун үйүнөн өрт чыга турган болсо, биздин үй толугу менен өрттүн алдында калаары шексиз. Экинчиден, эгер катуураак жер силкинүү орун алса, биздин үй анын урандысынын алдында калаары да шексиз. Биз куруп жатканда эле канча жолу эскерттик, болушпады. Далай жолу курулуш материалдары биздин эшиктин алдына кулап түшүп, коркунуч жараткан. Эң аягында мына ушул Переверзевдин эч кимди тоготпогон ээн баштыгынан улам менин уулум үч жашында майып болуп отурат.
- Кандайча? Кененирээк айтып берсеңиз?
- Башында эле дөөгүрсүгөн Переверзев курулуш иштерин эч кандай коопсуздук эрежелерисиз баштаган эле. Анын дубал куймалары, курулуш шаймандары далай ирээт биздин үйгө ыргып түшүп, үйдүн чатырын сындырган учурлар болгон. Биз канча ирээт "жок дегенде биз жакты тосуп коюп курулушуңду уланта бер, бирде болбосо бирде бирөөбүздү майып кылбасын" деп айттык, болбоду. Кийин, 2010-жылдын 30-майында эртең мененки саат ондор чамасында биздин дарбазанын каалгасынан жаңы эле көчөгө баш бакан үч жаштагы уулум Ильязды Переверзевдин курулушчулары биздин дарбазага жакын бош жөлөп койгон оор дарбазасы басып калат. Азыркыдай үлбүрөгөн эмес, илгерки калың темирден болгон оор дарбаза артынан кулаганда балам жүзү менен жер кучактап жыгылат. Так ошол жер Переверзевдин кум, шагыл, цемент аралаштыргандан калган калдыктары жаткан жер экен. Балабыздын маңдайы ташка тийип, эсинен танат. Жубайым, кайним, чоң уулум болуп араң дегенде оор темирди көтөрүп, Ильязды сууруп алышат. Ошону менен аны реанимацияга көтөрө чуркап, врачтардын жардамы менен араң аман алып калдык. Бирок, өкүнүчтүүсү уулубуз үч жашында майып болуп калды. Анткени анын маңдайындагы баш сөөгү сынып, учурда да чекесинде 4 сантиметр радиустагы сөөгү жок, мээни тери гана жаап, бүлкүлдөп турат. Врачтар болсо бул сөөктүн ордун жабууга азырынча эч бир өлкөнүн медицинасы макул болбостугун, качан гана бала 24 жаштан өтүп, баш сөөктүн өсүшү токтогондо гана металл же пластик менен жабууга мүмкүнчүлүк бардыгын айтышууда.
- Демек, баланын майып болушуна Переверзевдин түздөн-түз күнөөсү бар экен да. Ал муну мойнуна алып, жардам бердиби?
- Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Биз эртең менен жылдырып, жөлөп коюп, кечинде жаап кетип жатышкан дарбазасына чейин көрсөтүп, "муну байлап койгула" дегенбиз. Алар уккан эмес да. Бала реанимацияда жатып калганда ал эки колун бооруна алып, бизден кечирим сурап, "дары-дармегин бүт мойнума алайын, кошуна болсок, кечиришели, мен уулуңар толук айыкканга чейин бардык чыгымды көтөрөйүн" деп жалдырап турган. Ал тургай жакын жердеги нотариуска барып, тил кат жаздырып бергенге чейин барган. Бирок, кийинчерээк эле тескери сүйлөп, "балаңар айыкпадыбы, болду мен эч кандай жардам бере албайм" деп баштады. Балабыз болсо баш сөөгү ачык жүрсө кантип айыгат, майып деген каттоодо турса, ар бир алты ай сайын дарыланып жатса кантип айыкты дейбиз? Чынын айталы, биз ушул балабыздын айынан ишкерлигибизди токтоттук, апасы экөөбүз тең ооруга чалдыктык. Ошондон бери басса-турса артынан калбай, "кокус жыгылып кетеби, балдардын колу тийип кетеби" деп саксактап келе жатабыз. Анткени, бала бакчалар да уулубуздун маңдайын көрүп туруп эле, алгандан баш тартышты. Жоопкерчиликти эч ким алгысы келбейт да. Ошону менен, Переверзев менен соттошуп келе жатабыз, анын жогору жакта колдогондору күчтүү экен, бизди да, сотторду да теңине албай, "Куда хотите, обращайтесь, мои люди решает такие вопросы на месте, сидя по телефону" деп, бизди коркутуп келе жатат. Айтор, өзүбүздүн элде, өзүбүздүн жерде туруп, бир оруска келеке болдук. Ал эми анын биздин үйгө минип алган көп батирлүү тамынын салынышына да Бишкек шаарынын архитектура жана курулуш тармагына жооп бергендердин күнөөсү тоодой экендигинде эч шегибиз жок. Анткени, биз жашаган жер жеке сектор, анын үстүнө туюк, тар көчө. Ушундай жерге көп кабаттуу тамды эрежелерди сактабай салганга ким уруксат берди?
- Бул боюнча тиешелүү жерлерге кайрылдыңызбы?
- Какпаган каалгабыз деле калган жок. Баардыгы тең эле а дегенде арызды кабыл алып, текшерип, "мыйзамсыз курулуш" деп башташат. Бирок, Переверзевдин өзү айткан "крышалары" көзөмөл тараптарды бат эле тескери буруп, алар ар кайсы шылтоолорду айтып, бул курулушту унуткаруунун аракетинде болууда. Алардын бетине кармаганы эле, "Переверзев адегенде 2 кабаттуу үй салыптыр, анан кийин аны кошуналардын уруксаты менен төрт кабат кылып кайра куруптур" деген шылтоо. Көрсө, Переверзев аркы кошунанын 2 кабат тамга макулдук берген тил катын кийин өзү бурмалап, төрт кабат деп жазып алыптыр. Кыскасы, менин үй бүлөмө арылгыс арман алып келип, уулумду жаштайынан майып кылган, коңшулардын баардыгына ыңгайсыздык алып келип, мыйзамсыз курулуш тургузган Переверзевге деги кимдин алы жетээрин, Кыргызстанда эгер бийликтин бар экени чын болсо мындай ашынган алдамчы, ээн баш адамдарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартчу күн болобу билгим келет. Адистер болсо бул жер көп кабаттуу курулушка ылайык эместигин, эгер курулуш түшө турган болсо ал үчүн атайын канализация, газ түтүгү жана суу каналдары алыстан тартылып келиши керектигин, ага коңшулардын макулдугу камтылышы керектигин айтып жатышканы менен Бишкек шаардык архитектура жана курулуш боюнча башкы башкармалыгы кашайып, Переверзевдин сөзүн сүйлөп жатканын коомчулук да билсин, уксун деп айтып жатам.
Маектешкен
Алмаз Темирбек уулу





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??