Өзөк...
Тилим өлсө, менин тирүүлүгүм курусун!
Улутту улут кылган тил. Бул тапталган, бирок, ыйык чындык! Тили жоголсо улут кошо жоголот. Ушул жагдайдан алганда биздин кыргыз тили мамлекеттик эсептелгени менен, ал маани оозеки жүзүндө калып, иш жүзүндө өз ролун аткара албай жатат. Канткенде кыргыз тили мамлекеттик деңгээлде колдонулуп, кадыр-баркы артат деген маселе күндүн күрөө тамыры болуп турат. Андыктан кыргыз тилине бүгүн кам көрүлбөсө, эртең кеч болуп калышы толук мүмкүн. Мындан улам, айрым патриот эл өкүлдөрүбүз кыргыз тилинин беделин көтөрүп, муктаждыгын арттыруу максатында мамлекеттик жетекчи кызматтарда иштеген аткаминерлер милдеттүү түрдө кыргыз тилин билүүсү керектиги туурасында мыйзам долбоорун кабыл алышты. Бирок мындай улут камын ойлогон жакшы кадамга айрымдар каршы чыгып, баягы эле адам укугу бузулат деген тарпы чыккан шылтоону айтып чыгышты. Өкүндүргөнү мындай сөздү айтып жаткандар кыргыздар. Буга байланыштуу аттуу-баштуу инсандарыбыздын пикирин угуп көрдүк.

Рыскелди Момбеков
"Учкун" акционердик коомунун генералдык директору:
- Анткени, аталган мыйзам долбоору иштелип жатканда мен дагы анын демилгечилеринин бири катары өз салымымды кошком. Дегеле, ушундай мыйзам учурунда кабыл алынганда, улуттук тилибиз ушунчалык кордукту көрмөк эмес болчу. Кыргыз эли Кыргызстан деген мамлекетти түптөгөндөн кийин, алардын эне тили аталган мамлекеттин эң негизги камкордугу болушу керек да. Андыктан, азыркы мыйзамды кабыл алып беришкен депутаттарыбызга алкыш гана айтышыбыз керек. Ал эми, мамлекеттик деген макамы бар Манастын тилине каршы чыккандарды айкөл атабыздын арбагына койсок, аша чапкандык болбос го дейм. Учурдан пайдаланып айтып кетейин, жанагы кол топтойм деп коркутуп жаткандарга, "улутчул аталган коркунучтуу эмес, улутсуз калган коркунучтуу" деп. Уялбай эле айтышыбыз керек, учурда ушул мыйзамга Урмат айым эмес, улут муктаж болуп тургандыгын. Элибиз эгемендүү болгондон кийин, эмне үчүн эне тилибиз эгемендүү болбош керек. Дегеле, кыргыз деген улут ушул мамлекетте жашаган бардык улуттардын башын бириктирген титулдук улут болгондон кийин, кыргыз тили дагы бардык тилдерди бириктирген тил болушу кажет.

Урмат Аманбаева,
"Республика" фракциясынын депутаты:
- Каршы чыккандарга түшүнүү менен эле карайм. Себеби, ар ким өз оюн айтканга укугу бар. Ошол каршы чыккандар мыйзам долбоорун туура эмес түшүнүп алышты же кандайдыр бир кызыкчылык менен атайын бурмалап коомчулукка жеткирип атышат. Мыйзам долбоору эч кандай расмий тилдүүлөргө терс таасирин тийгизип, укугун басмырлабайт. Болгону жогорку мамлекеттик кызматка келе тургандар мамлекеттик тилди билүүсү зарыл. Мыйзамга каршы чыгып жаткан чакан топ, "жалпы расмий тилдүүлөргө айып салат" деп абдан туура эмес маалымат таратышууда. Ал айып салуу жагы көчөдөгү илинген көрнөк-жарнактарга багытталган. Бул мыйзам мурда эле кабыл алынса дагы аткарылбай келген. Мисалы, көрнөк жарнактар алгач мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурларда башка тилдерге которулат деп көрсөтүлгөн. Бирок бул мыйзам аткарылган жок. Ошол себептүү тил мыйзамы бузулган учурда ага айып салуу жагын карап жатабыз.
Айрым каршы чыккандар расмий (орус) тилинин статусун алганы жатат деп жатышыптыр, ал туура эмес. Бул мыйзам долбоору мамлекеттик тилге гана кам көрүү болуп саналат.

Чолпон Түмөнбаева,
Мамлекеттик тил комиссиясынын убактылуу жетекчиси:
- Урмат Аманбаева, Надира Нарматова, Курмантаев Абдиев, Бөдөш Мамыровалар иштеп чыккан мамлекеттик тил боюнча мыйзамга Роза Акназарова, Элмира Иманалива сыяктуу айрым эл өкүлдөрүнүн каршы чыкканын көрүп таң калдым. Аларга эмне мамлекеттик тил керек эмеспи? Биз качанкыга чейин эле тилибизди басмырлап жүрө беришибиз керек? Эгер биз тилибизге ушундай кайдыгер мамиле жасай турган болсок анда бизди келечек муун кечирбейт. Мисалы, Өзбекстан, Казакстанды алалы тилге кандай жылуу мамиле жасап жатышат. Ошондуктан, биз дагы тилге болгон мамилебизди өзгөртүп, жогорудагы депутаттарыбыздын мыйзам долбоорун күчүнө киргизишибиз зарыл. Тилди билбегендер аракет кылып үйрөнүп алышсын.

Баратбай Аракеев,
Саясий баяндамачы:
- Сенин бул сурамжылоо ишиң кыкка татыбай турган иш. Анткени, сенин колуңда тилди көтөрүп таштачу бийлик рычагдары жок, сеники карандай, куру сөз бойдон калат. Президент чогулушунда, парламент чогулушунда, өкмөт чогулушунда жалаң кыргыздар олтуруп алып орусча сайрап жатса, кыргыз тили балээнин өнүкмөкпү?! Өгүнү Путин өзүнүн жактоочулары менен жолугушканда: "орусту орус кылган тили" деди го. А бир "кыргызды кыргыз кылган тили" десек бүттү, орус тилдүүлөр бизди "улутчул" деп жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чабат. Айтарым ушул: кыргыз тили жок болуу жолунда.

Курмантай Абдиев,
"Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
- Быйыл Малайзиянын экс-премьер министри Махатхир Мохамад иш сапары менен Кыргызстанга келип, ал айтат. "Мен бийликке келгенде Малайзиядагы калктын 50 пайызын малайзиялыктар, 30 пайызын кытайлар калган 20 пайызын башка улуттагылар түзчү. Бирок элдин баары кытай тилинде сүйлөшчү. Мен бийликке келдим дагы тил маселесине абдан көңүл буруп, аз убакыттын ичинде калктын 90 пайызын өз тилинде, тактап айтканда малай тилинде сүйлөттүм"- деп. Биз дагы ошондой тилге болгон мамилебизди өзгөртүп, мамлекеттик деңгээлде иш алып барышыбыз керек болуп турат. Болбосо келечекте тилибизден айрылып, улутубузду жоготуп алышыбыз да толук мүмкүн. Өткөндө депутат Урмат Аманбаева болуп даярдаган тил боюнча мыйзам долбоорубузга ачык эле айтайын бийликтеги КСДП фракциясы менен "Ар-Намыс" фракциясы каршы болушту, аларга эмне тилдин кереги жокпу? Кыскасы мен тилге болгон иш аракетимди токтотпойм. Бут тоскондор тозо беришсин.


Азимжан Ибраимов,
Мамлекеттик тил комиссиясынын экс-жетекчиси:
- Мындай сунушту бийликке биз мурда да бергенбиз. Бирок колдоого ээ болгон эмес. Принцибинде мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билүүгө милдеттүү. Дал ошондуктан ал улуттук тилден мамлекеттик тил статусуна көтөрүлгөн. Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары өзүнүн улуттук саясатын жалтактабай, кылчактабай жүргүзүүгө тийиш. Бул жагынан коңшу Казакстан, Балтика боюндагы өлкөлөр алда канча алдыга кетишти. Нигилисттер (ылдыйбаштар) менен улут душмандары, кыргыз тилин билбегендер ар качан өлкөнү ушул жагынан артка тартып келишкен. Эми да ушундай нерселер улана берет. Өзгөчө провокация жасаган ички душман, сырткы душмандар чыгат. Ошондо биздин мамлекет башчылар коркуп кетип артка кетенчиктей беришкен. Андыктан мен мамлекеттик тил саясатын ырааттуу жүргүзүү, кыргыз тилинин баалуулугун башка улуттарга далилдей, көргөзө билүү, ушундан улам зарылчылык туудуруу аркылуу жүргүзгөн туура. Кыскасы буга чейин жыргатып иштебеген декларативдүү мамлекеттик тил мыйзамы мындан ары да иштеп кетээрине көзүм жетпейт. Анткени бизде бул мыйзамды аткаруунун механизмдери толук иштелип чыга элек. Айып тарттырууну үлгү катары депутаттардын өзүнөн баштаган туура. Ал эми жогорку жетекчилик, саясий кызматтагылар бул талапты былк этпестен аткарууга милдеттүү. Тил саясатынын Россия менен достук кызматташтыгыбыз, Кыргызстандагы кыргыз эмес этностордун кызыкчылыктары менен эч тиешеси жок. Ошол эле Россияда В.Путин тарабынан азыр улуттук саясат күчөтүлүүдө. Мамлекеттик кызматкерлер тургай, мигранттардан орус тилин, маданиятын билүү талап кылынып жатпайбы. Ким аларды күнөөлөөдө. Россия, орус коомчулугу муну кубаттап колдоого алышты.

Турусбек Маразыков,
филология илимдеринин доктору, профессор:
- Тил маселесин көтөрүп жаткан депутаттардын демилгеси колдоого алаарлык. Негизи эне-тилдин мамлекеттик статус алышына каршы болгон кандайдыр бир күчтөр жок эмес. Ошолордун таасиринен улам бүгүнкү күнү да аталган мыйзамга каршылыктар болуп атат. Кыргыз тилин билбеген тажрыйбалуу адистер иштей албай калат деген болбогон сөз. Ким болбосун эне-тилин билип туруп, элине кызмат кылышы керек. "Эне-тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт" деген кеп бекеринен айтылган эмес да. Эне-тилин билбей туруп, элге кызмат кылуу мүмкүн эмес.

Сыртбай Мусаев,
Кыргыз-тилин колдоо жана өнүктүрүү саясий партиясынын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор:
- Негизгиси мыйзамдын автору Урмат Аманбаевага рахмат! Курсагын чандайтып, сөзүнөн башка касиети жок эркек депутаттарга караганда алда канча чоң иш жасады. Кыргыз тилин билбеген кызматкерлер мамлекеттик ишке иштегенге укуксуз деген мыйзам илгери эле кабыл алынган. Бирок, Акаев менен Бакиевге окшогон кайдыгер жетекчилерибиздин айынан аталган мыйзам иштеген эмес. Эми тил мыйзамын депутаттар кыңк дебестен колдоп бериши керек. Угуп калдым Токон Мамытовго окшогон "киргиз" депутаттар каршы чыгышты деп.

Даярдаган
Мирлан Алымбаев