Повесть...
Баратбай АРАКЕЕВ
"Мен сага өлүм
алып келем"
Сүйүнтбектин тоо арасындагы айылында жашаган туугандар эл катары жашап келет. Кыйналган күндөрү алардын кээ бири Бишкекке чейин Сүйүнтбекти издеп келип жардам алып, болбосо бир ишин бүтүрүп кетет, анын жардамы менен. Кийин Сүйүнтбек мындай иштерден аябай жадады. Эми алардан кадимкидей качат, айылдаштары да анын жадаганын билип аздан келишет...
Сүйүнтбек менен анча жакын эмес бир инилери боло турган. Он сегизге чыгып-чыкпай үйлөнүп, келинчеги экөөнө берилген "алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын" деген тилектин бала басканы дурус ишке ашып, келинчеги жылда бирден төрөбатып отузга чыгалек неме он балалуу болуп, артын мал баспай карандай түйшүк басып оокаты өтпөй бала-чакасы кийимге гана эмес, кара нанга жетпей турган абалга жетти. Мурда бул айылда аз иччү, төрт-беш жылдан бери эрди-катын эриш аркак ичип калган, улуу-кичүү бөлүнбөй ичип калган. Ичемди издемей жок. Ушул чакан айылда манталаңдаган төрт келин бар, облборбордон спирт ташыйт. Анысы арзан. Карызга каалашыңча берет. Кошуп иччү суу белен. Ана эмесе, каалашынча ичет. Жанагы Сүйүнтбектин мындайыраак иниси, аты Жолду, жакшы ичип кетти. Чакыртып ичкенден аңдып ичкен деңгээлге бат эле жетти...
Бир күнү Жолду чогуу жүрчү Матен деген досу менен айыл өкмөтүнүн алдынан өтүп баратат эле, анын башчысы ошол жерде турган экен бир-экөө менен, чакырып калды:
- Эй, Жолду бери бас.
Жолду өзү кичипейил элпек болгону менен ичине бирдеме барганда кыялы чатагына айланып кежир болуп кетмейи бар эле:
- Эмне?! - деп басар-басмаксан болуп араң келди.
- Эй, кыспуруш, ушу сен ичкенди качан токтотосуң ыя?! - деди айыл өкмөтү акыл айткан болуп, - жериңди айдат дебедим беле?!
Жолдунун ичинде биртоп болчу, беркинин айтканы жинине катуу тийип турду, оройлонду:
- Эмне трактирим жок болсо катыным менен айдайт белем, же акчадан жок, же майдан жок болсо мага кайсы тракторист айдап берет.
- Ичкенге тапкан, айдатканга деле таппайсыңбы?! - деп айыл өкмөт жекирейин деди эле, тиги анын сөзүн бүтүрткөн жок:
- Сен таап бер, сен айыл өкмөтүсүңбү, тапканга милдеттүүсүң, - деп өзүнөн он жаштай улуу немени селейте айтып таштады. Дагы улады күйгүлтүк сөзүн: -Сүйүнтбек байкеме айтсам ишиңден кол жууп жүрбө!
- Сенин Сүйүнтбегиңде бекен кызматтын баары, - деди жини кайнаган айыл өкмөт, -экөөңдү тең урганым жок. Эмне, Сүйүнтбектен башканын баары талаада калыппы. - Эми айыл өкмөт өтө катуу айтып алды. Ачуусу менен оңбогондой кеп айтып алганын сезди. Анткени бу айыл өкмөт укмуштуудай коркок, ошонун айынан кошоматчы неме эле. Далай малын чачып жатып ушул ишке орношкон. Падыша менен өтө жакын министр жердешине катуу сөз айтып алганына өкүнүп турду эле Жолду аны билип тургансып айтып турду:
- Сүйүнтбек акем келсин, анан эмне күндү көрөр экенсиң!
Эми айыл өкмөт үн катпай калды. Жолдуну утурлай тосуп мындай жетеледи:
- Ай үкөм, сен эмне тамашаны түшүнбөй калгансыңбы, ыя? Билсең сен экөөбүз Сүкөм экөөбүз аркылуу ага-ини болуп кетебиз. Дегеним Сүкөм менин сыйлаган адамым. Бир сырдуу, бир кырдуу теңтуштардан да болуп кетебиз. -Муну калп айтты. Экөө эч качан теңтуш болгон эмес. Бу неме ал министрге жакындай албай жүрбөйбү.
- Сүйүн акем менен кабарлашып калсаңыз, айтып коюңузчу жерлерин иштете албай атыптыр деп.
- Айтам, - деди айыл өкмөт, -жакында барып келем Сүкөмө. - Байкоостон ушинтип калп айтып салды. Барам деген ойду мына эми ойлоп жатпайбы.
Чын эле эки күндөн кийин айыл өкмөт айылдаштарынын биртоп арыз-армандарын, өтүнүчтөрүн акчасына кошуп алып, өзүнөн да арбын акча чыгарып жөнөп калды. Анткени, райондун акими бир ирет тилдеп кеткен: "Сени эл шайлаганы менен мына мен түшүртөм" деп. Түшүртсө түшүртүп салат. Бул башка жактан келген аким бизди аябай кемсинтип жатат, министриңерге таянбагыла деп айткан деп жалааны жакшы жапмай болду айыл өкмөт. Анан Сүйүнтбекке аны айтып, даярдап койгон бир тутам акчаны берсе достошуп кайтпайбы.
Айыл өкмөт бир сутка дегенде Бишкекке жетип эртеси Сүйүнтбек иштеген министрликке барса эшик тоскондор киргизбей койушту, анын үстүнө Сүйүнтбек иште жок эле. Бу эпеңдей шектүү баскан немени министрликтин коопсуздук кызматында кызмат кылган бир жигит көрүп шек ала түштү. Эпеңдеп эки жагын каранат, кез-кези менен төшүн баса ички чөнтөктөгү бир нерсесин барбы дегендей текшере калат. Көчөнүн наркы тарабындагы калың бакты бойлой кеткен тротуарда наркы-терки басат, бак ичине кирип чөпкө көчүк басып кайра турат. Жанагы коопсуздук кызматынын жигити имараттын ичинде туруп тигинден көз албайт. Уламдан улам шектүү болуп баратат. Министрге кол салуу даярдалып жатканын угуп катуу көзөмөл жүргүзүш керек дегенди күн аттап угуп жаткан бу жаш жигит эрдик көрсөтүүнүн алдында турду. Бу министрди "аңдып" жаткан немени тапанчасы менен колго түшүрүп бир көзгө көрүнсө, экинчиден колунда оңбогондой дүнүйөсү бар министр бери дегенде бир машине мингизиши да ажеп эмес. Ошого даяр болуп бул жаш жигит өзүн Жеймс Бонддон кем көрбөй, улам-улам сол капталындагы тапанчасын акырын кармалап койот. Тигине тиги айылдан келген адамга окшомуш болууга аракет кылган киллер көкчөптөгү ордунан туруп төшүн басып анданы тапанчасын кармалап көзүн бу жактан албай наркы-терки басымыш этет. Министр келип машинеден түшөрү менен жетип келип басып-басып алып шуу койот...