presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Карганбек Самаков,
Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты
"Парламент деле, Өкмөт деле билген жармасын чалып жатат"
- Жакында эле сиз баштаган делегация Францияга барып, ала кийиз, шырдак сыяктуу килемдерибизди ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине каттатып келген экенсиз. Алгач ушул ийгилигиңиз тууралуу айтып берсеңиз...
- Кылымдар бою ойдобу, түздөбү, жайлоодобу, кыштоодобу кыргыз элинин көчмөн турмушунда, кийинки турмушунда жашоо-тиричилигинин ажырагыс бир бөлүгү болуп калган ала кийиз менен шырдагыбыз эмес беле. Эгемендиктен берки 20 жылдан бери 20 миңге жакын ууздарыбыз элибиздин жоголуп бара жаткан кол өнөрчүлүгү деп коңгуроо кагып, ЮНЕСКОнун коргоосуна киргизип алсак деген үмүт тилектери Кудай буйруса ишке ашты. Биринчи кезекте ошол колунан көөрү төгүлгөн ууз эжекелерди куттуктап кетким келет. Бул жеңиш меники эмес, бул жеңиш кыргыз элиники! Кол өнөрчүлөрүбүздүн башында турган CASCARC уюмунун жетекчиси Динара Чочунбаева эжекебизге рахмат айткым келет. ЮНЕСКОдо кызмат кылган кыздарыбыз бар, анын ичинде Солтонгелдиева Сабира үзүрлүү эмгек кылды. "Айгине" деген өкмөттүк эмес уюмдун төрайымы Гулнара Амановага ыраазычылык билдиришибиз керек. Ушул делегацияны өзүм жетектеп Парижге барып келдик. Дагы бир олуттуу жаңылыгыбыз катары быйыл июнь айында Кыргызстан биринчи жолу ЮНЕСКОнун алдындагы материалдык эмес маданий мурастар комитетине мүчө болуп киргенин айта кетпесек болбойт. Ал гана эмес, ошол комитеттин атайын саясий бюросу бар, ошого орун басары болгонбуз. Бул комитетте 24 мамлекет мүчө. Ошолор менен кеңешип - кептешип, бир катар дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен ала кийиз менен шырдакты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынан тизмесине каттатып алдык.
- Бул окуя кол өнөрчү, ууздарыбыз үчүн пайдасы канчалык?
- Дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргенден кийин шырдак, ала кийизди Кыргызстан гана эмес, дүйнө коомчулугу коргоого алат. 146 мамлекет кол койгон "материалдык эмес маданий мурастар" деген атайын конвенция бар. Биз дагы 2006-жылы бул конвенцияга кошулганбыз. Ушул конвенциянын, ЮНЕСКОнун талап-эрежелеринин негизинде каттоого кирген ар бир номинациялар коргоого алынат. ЮНЕСКОнун атайын каржы фонду бар. Мисалы, "тиги же бул өрөөндө оймо-чийменин баланча түрү жок болуп баратат же шырдактын жаңы, мыкты үлгүсүн тигүү боюнча сонун идеяларыбыз бар эле, жардам бергиле" - деп атайын кат менен кайрылышса ошол фонддон акчалай жардам көрсөтүлөт.
- Шырдак менен ала кийиз Кыргызстандын атынан катталып жатканда, башка мамлекеттер тарабынан каршылык көрсөткөндөр болдубу?
- Албетте болду. Бирок биз баарынан алдыга озуп, биринчи болуп каттатып койдук. Мисалы, Кытайдагы кыргыздар же Алтайдагы кыргыздар деле "бул деле биздин кол өнөрчүлүк" - деп чыгышса, Кытайдын же Орусиянын атынан катталып калмак да. Түпкүлүгүбүз бир деп жүргөн түрктөр да, түркмөндөр, казактар, каракалпактар, өзбектер деле биздики деп жүрүшөт. Ушундай талаш-тартыштын баарын четке кагууга туура келди.
- 2009-жылы Манас эпосу Кытай Эл республикасынын атынан ЮНЕСКОго каттоого алынып калбады беле. "Манас кыргыздыкы" деп сиз катуу чуркап жүрдүңүз эле. Бул маселенин тагдыры кандай болуп жатат?
- Эми бул маселе эки жылдан бери элибиздин абдан көкөй кескен маселеси болбодубу. Эл-журттун, коомчулуктун колдоосу менен бир катар саясий жүрүштөрдү жасадык. Кыргызстанда материалдык эмес маданий мурастар боюнча атайын эксперттик топ түзүлгөн. Жетекчиси мен болом. Эки жылдан бери үзүрлүү иштедик. ЮНЕСКОнун бизге койгон талаптарынын баарын аткардык, "номинациялык файл" дегени бар, ошондогу ар бир пунктун аткардык. Кээ бир жерлери боюнча анча-мынча толуктоолор керек деп артка жиберишкен. Кудай буйруса 15-январга чейин жиберебиз. Эң негизгиси 2013-жылы ноябрь айында, "Манас үчилтиги" деп Кыргызстандын номинациясын карашат. Биз биротоло Манас, Семетей, Сейтек үч эпосту тең каттатып салалы деген максатыбыз бар. Кудай буйруса эли-журтубузда тынчтык болуп турса, дипломатиялык иш-аракеттерибиз жемиштүү болуп Манас үчилтигин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизебиз деген тилегибиз бар. Албетте бул үчүн абдан көп иштерди кылып жатабыз. Ар бир барганыбызда жок эле дегенде ондон ашык мамлекеттин ЮНЕСКОдогу элчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. "Темене тартып төө алат" - деген кыргызда жакшы сөз бар го, анын сыңары эмгегибиздин акыбети кайтып, утабыз го деген чоң үмүтүбүз бар.
- Ар бир барып келгениңизге оңой эмес акча кетип жатса керек. Мамлекет тарабынан колдоо болуп жатабы?
- Мамлекеттен ачыгын айтайын колдоо болгон жок. Бюджетибизде 20 миллиард сомдон ашык таңсыздык болуп жатса, мамлекеттин оозун карап отурганыбыз туура эмес. Кыргызстанды сүйөм, Мекенимдин патриотумун деген ар бир атуул өзүнүн чын жүрөгү менен элге кызмат кылыш керек. Мага деле досторум суроо берип калышат "ушунча каражатыңды жумшап жатканыңды кандай түшүнсө болот?"-деп сурап калышат. Кудайга шүгүр беш балам бар. Мен деле балдарым өз элинде, бакубат, экономикасы өнүккөн мамлекетте жашаса деп тилек кылам. Муну эми ар ким ар кандай түшүнөт. Кээ бири саясат менен байланыштырышат. Дагы бирөө башкача ойлойт. Бирок мен нукура патриоттуулук деп түшүнөм. Бул мактаныч же орустар айтмакчы "высокопарный" сөздөр эмес. Тагдыр бешенеме ушундай кылып буйруп койгон экен, эки жакты каранып отурбай шак эле атка миндим да, чапкылап жөнөдүм. Ар бир кыргыз жигити деле алдына ушундай милдет тагылса ойлонбостон алдыга чыкмак деп ишенем.
- Сыр болбосо баш аягы канча каражатыңыз кетти?
- Көп эле кетет. Европадагы жашоо-турмуштун баары евро менен да. Биздеги бир сомдук оокат ал жерде 1 евро. Бир евроң бизче 60 сомдун тегереги. Анын үстүнө Франция эң кымбат мамлекеттин бири да. Бирок каражаттын кеткени башка маселе эмес, эң башкысы иштин жыйынтыгы.
- Эми саясаттан азын-оолак кеп кылсак. Өткөндө "Кумтөрдүн 86 миллион доллары кайда?" - деген маселени көтөрүп чыктыңыз. Бул эмне болгон акчалар?
- 2003-жылы Кумтөр толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөн да. Бирок кандайдыр бир себептер менен ошол кездеги вице-премьер-министрлер, мамлекеттик мүлк министрлигинин жетекчилери баары биригип, атайын долбоор даярдап, президентке кол койдуруп Өкмөттүн токтомун чыгарып, Кумтөрдү 86 миллион канадалык долларга "Центеррага" сатып жиберишкен. Ошол кездеги келишим 6 жылдан кийин 2009-жылы ратификация болгон. Анан мен ошол маселени көтөрүп чыктым. "Кумтөрдү го сатып ийдиңер, 86 миллион доллар кайда?"-деген суроону койдум. Бул акчаны билгени бар, билбегени бар, ошондуктан атайын суроо салганым ошол болчу. 86 миллион доллар деген оңой акча эмес да. Каржы министрлиги кат менен жооп беребиз дешкен, күтүп жатабыз.
- Жазга жуук азыркы парламент таркайт дегенди депутаттар өздөрү эле айтып жатат. Коомчулукта да парламентке карата пикир анча жакшы эмес...
- Бул да болсо турмуштун агымы болсо керек. Тышкы саясатыбызда ички-тышкы карыздарыбызды жоюп, инвестициялык долбоорлорду көтөрүп алып ары-бери чапкылап жүргөн жалгыз эле президент болуп жатат. Ошол кишинин бетке чабаар, түз жүргөн мүнөзү менен Кыргызстанда бир топ жакшы иштер жасалганы турат. Калгандары деле чуркамыш этип жүрөт, бирок көрүнүктүү, омоктуу бир иши көрүнбөй турат. Албетте буга түркүн себептер бар. Жумуштан айрылып калса эле тууган-туушканын көтөрүп, митинг кылган сасык саясатчыларыбыз дагы деле бар. Ал эми биздин өлкөгө кызыгып жаткан инвесторлор Кыргызстандан саат сайын эмес, мүнөт сайын кабар алып турушат. Митинг, пикеттерди көргөндө алардын ою да бузулат. Эки революцияны баштан өткөрдүк, өндүрүш өнүгө элек, инвестициялык климат эми-эми телчигип келе жатат. Элдин турмушу жакшыра элек. Айылдан баштап Ак үйгө чейинки саясаттын аренасы дал ушул парламентте болгондуктан элдин бүтүндөй көңүлү Жогорку Кеңешке бурулган. Ошол себептен ар кандай пикирлер да айтылып атат. Мисалы, мен ЖК азыр тарап кетсе деле макулмун. Бирок биз парламенттик мамлекет болгонубузга эки эле жыл болду. Азыр парламентти тарката турган болсок бюджетибиздин жыртыгы дагы чоюлат. 20 миллиард дефицит парламенттик жаңы шайлоонун аркасында эки эсе көбөйөт. Ошондуктан бул парламент жакшы иши мененби, жаман иши мененби ар кандай чабуулдарга туруштук берип, кийинки чакырылыштагы парламентке накта Конституциянын негизинде, ыр-чыры жок өткөзүп бере турган болсо, Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүп кетишине эң чоң тепкич болуп бермек. Аны баары эле түшүнүп турат.
- Президент болгон бийликти колуна топтоп, бийликти узурпациялап алды деген саясатчыларга кошуласызбы?
- Мен бул пикирге такыр кошула албайм. Мына 25-ноябрда шайлоо болуп, жыйынтыгы эми гана чыгарылып жатат. Эгер президент бийликти бир колго топтоп алган болсо, эртең менен тогузда телефон чалып, "токтоткула, жапкыла" - десе ошондо эле жыйынтыгын чыгарып салышпайт беле. "Демократия деген ушул, өзүңөр шайладыңар, өзүңөр жыйынтыгын чыгаргыла" - деп кийлигишпей турат го. Парламент билген жармасын чалып жатат, Өкмөт деле өзү каалагандай ишин кылып жатат.
Маектешкен
Эрнис БАЛБАКОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??