Аскар Салымбеков:
"Биримдиги, ынтымагы бекем Кыргыз уруусун түзсө сонун болбойбу"
- Аскар, мамлекетибиз тыпырайган чакан мамлекет, адамга эмне керек болсо баары бар, анан эле эмне үчүн турмушубузда жетишпегендиктер көп болуп жатат?
- Биздин кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алганда, алдыбызда жакшынакай мүмкүнчүлүктөр ачылган болчу. Акаев илимдүү, билимдүү, демократиялуу көз караштагы адам деп колдогонбуз. 1993-жылдагы Конституциябызды азыр карап көрсөк жакшынакай эле Конституция экен. Анда бийлик бутактарынын укуктары чектелген. Кийин президентибиз пендечиликке алдырып, тегерегиндеги кошоматчыларына азгырылып, Конституцияны өз очогуна күл тартып жамачылады, ошол тескери кеткен кадамы эмдигиче чейин терс таасирин көрсөтүп жатат. Кийин бийлике келген Бакиев Акаевдин тескери иштерин оңдойм деп келген. Өзүнүн кланы менен оңдобош тургай андан аша туура эмес иштерди жасашты. Булар Конституциябызды жамаачылашты. Дал ошонун негизинде мамлекетибиз кандайдыр бир эрежеси жок мамлекетке айланып тынды. Ошол жылдары элдин баары эмгек менен алектенүүнүн ордуна, саясат менен алек болуп калышты. Үстөккө-босток шайлоолор, референдумдар, кадрдык чакчелекей… мына ошонун баары экономикабызды экинчи планга калтырып турду. Анын негизинде элибиз туура эмес саясатты таңуулаган адамдардын артынан ээрчип кеткендей болду. Жанагы, орустар айтмакчы "саясат курсак тойгузбайт да" деген кептин калети жок эмеспи.
- Адамзат, анын ичинде кыргыз баласы үмүт менен жашайт, ошондо биздин мамлекет качан баягы Акаев айткан Швецария болот?
- Адам үмүтү эч качан үзүлбөйт, адам өмүр бою үмүт менен жашап келет. Мен да эл катары Акаевге да, Бакиевге да, кийинки бийликтеги Отунбаевага да үмүттөнүп келгем, азыркы Атамбаевге да үмүтүм чоң. Кеп үмүттүн ордунан чыгышында экен, журт башына туруп жанагы эл күткөн, Сиз экөөбүз күткөн үмүттү турмушка ашыруу таптакыр башка маселе экен. Маселенин баары убада менен ал убаданын аткарылышына турбайбы. Сөз менен иштин шайкеш келиши мурдагы бийликтегилердин жетекчилик практикасында ишке ашпай калды. Кыргызстандын ар тараптуу потенциялы Швецариядан ашса ашат, кем калбайт. Бир эле мисал, "Кумтөр" кенин коррупцияга алдырбай туура келишим түзгөндө миллиарддаган доллар казынабызга түшүп турбайт беле. Мындай мисалдар толтура.
Эми жакында туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы элге сунушталды. Бул беш жылга эсептелген документ менен шашпай таанышып чыктым, бардык тармактар камтылыптыр, жакшылыкка бара турган жолубуз көрүнүп тургандай. Ошондо 2017-жылы байлыгыбыз эки эсе көбөйөт экен. Бул аябай жакшы. Эми маселе ал пландын аткарылышында.
- Жакшы пландардын жыйырма жыл ичинде канчасы түзүлдү. Азыркы өзүң айткан план мурункулардай убаданын чегинен аша албай калбайбы?
- Бул план мурункулардай куру сөз-куру документ болбош үчүн, бул иш-чарага кыргыздын тагдырын ойлогон бардык адамдар, биринчи иретте, бюджеттен айлык алып олтурган чиновниктер өзүнүн жоопкерчилигин сезип, бүгүнтөн, мына азыртан баштап аталган иш-чараны аткарууга таза дил менен киришүүсү зарыл. Бул иштин аткарылышын президент, премьер-министр, парламент катуу көзөмөлгө алышы керек. Дагы бир суроо туулат: азыркы биздин чиновниктер ушул олуттуу иш-чараны аткара алабы, же аткара албайбы, маселе ошондо. "Кадр баарын чечет" деген маани бар эмеспи, менин жеке оюмда биздин азыркы чиновниктерибиздин көпчүлүгүнүн деңгээли төмөн. Ошондуктан кадрларды билимдүү, атуулдук сезимдери күчтүү, ар бир тармак боюнча профессионал, өздөрүнүн мамлекетин оңдойм деген идеясы бар жаштар менен толукташыбыз керек. Ал үчүн ошондой балдарды тандап алуучу кандайдыр бир топ керек.
- Ошондо кандай топ болот?
- Байкасаңыз биздин коомдо жакшы идеялары бар адамдарыбыз көп. Айрыкча жаштардын арасында. Ошол идеялары, демилгелери бар жаштарды таап, бир борборго топтоп, анан жанагы стратегия-планды ишке ашырганга жарап бергендей даярдашыбыз керек. Ушулар жакынкы келечекте жалаң эле саясий оюндар менен алек болгондордун ордуна келип, ошол саясий оюндарды токтотуусу керек. Бул балдар биринчи планга биздин экономикалык өнүгүүнү, социалдык маселелерди чечүүнү коет деп ойлойм.
- Менин оюмча, бийликтин бүгүнкүдөй үчкө бөлүнүшү бизге-кыргыздарга жарашпагандай сезилет. Ушу жөнүндө оюңду айтсаң?
- Кыргызстанга демократия келгени жыйырма эле жыл болду. Жаңы иштердин баары эле кыйынчылыктар менен өтөт. Демократия деген баягы Черчиль айткандай : "Башкаруунун эң жаман системасы- демократия. Бирок, адамзат андан жакшыны ойлоп таба элек" эмеспи. Анын сыңары демократия деле турмушту төгөрөгү төп келгендей мыктылап койбойт экен, аны колдоно билиш керек… Азыркы биздин бийлик системасы бийлик бутактарын тең салмакташтырып тургандай сезилет. Тең салмак эмне үчүн келип жатат, анткени, мурунку президенттерден оозубузду күйдүрүп эки жолу революция жасап жибербедикпи… Бирок, парламенттик республика болгонубуз менен, парламенттин ичинде партиялардын ашкере күрөшү коомубузга терс таасирин тийгизип жатат. Саясий элитабыз коомду алдыга сүрөгөндүн ордуна, ыплас технологияларды колдонуп, ич ара саясий оюндар менен алек болуп жатат, азыркы демократияга кедергисин тийгизип жатат, ошонун айынан калың эл нааразы. Менин оюмча, булар эси барда этегин жыйып, тегерек столго олтуруп алып ынтымакка келип, элибиздин жашоосун алдыга тартууну биринчи планга койбосо, парламентти таратуу маселеси курч коюлуп калышы мүмкүн.
- Аскар, өткөн парламенттик шайлоодо отуздай партия катышты. Ал эми биздеги партиялардын саны жүз ашуун. Ойлоп коем, эмне үчүн бизде жанагы Америка, Германия, Англия, болбосо, Япониядагыдай үч-төрт эле партиянын тегерегине бирикпейбиз деп?
- Эми ал дароо келчү көрүнүш эмес. Ошол жолго келебиз деген ойдомун, көч бара-бара түздөлөт деп айтылат эмеспи. Карап көрсөңүз, мына ошол парламенттик жана жергиликтүү шайлооордо алты-жети партия эле ат салышып жатат, калгандары "нөл" менен "бир" проценттин тегерегинде турганы. Келечекте ошол партиялар ирилеше баштайт. Дагы бир айтарым, жанагы уруу-урууга бөлгөн саясатчылар да ирилешип биримдиги, ынтымагы бекем "Кыргыз уруусун" түзсө сонун болбойбу.
- Оозуңа май, Аскар. Парламентте коррупционерлер, ал турсун кылмыш дүйнөсү менен байланышы барлар бар деген "чуу" бар да, алар эмненин жардамы менен парламентке кирип алышкан?
- Азыркы парламентибиз кийинки революциядан кийин келбедиби, жаңы Конституциядан кийин. Анан талапкерлерди тандоого убакыт аз болуп калды. Талапкерлердин тизмеси ылганган жок, алар акчанын, тааныш-билиштин жардамы менен тандалып калган.
- Кийинки шайлоодо жогорудагыдай жаза басуулар болбойбу? Дале болсо азыркы олтургандар кайра келет деп ойлойм?
- Эмдиги шайлоо мурунку шайлоодо кетирилген кемчиликтерди кайталабаганга аракеттенет. Кийинки парламенттин курамы азыркы курамдан сапат жагынан бир топ жогору болот… Бирок, бир коркунуч бар-азыркы кээ бир депутаттардын жүрүм-туруму бирөөлөрдүн алардай болбойм деген пикирин жаратып жатса, кай бирине ошолордой болгусу келген ойду алып келип жатат… Жаштарга айтарым: азыр Кыргызстаныбызды таза ою, таза дили бар адамдар оңдой алат, ошондуктан силер таза дилиңер менен, ыйык делген сезимиңер менен кызмат өтөгүлө, ошондо баарыбыз күткөн жакшылык келип берет.
Маектешкен
Баратбай Аракеев