presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Күлкү өмүрдүн мүлкү...
Көмөндөр Абылов,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Мыскыл жана тамашанын" ордун саясатчылардын бири-бирин тытышкан сатиралары басты..."
- Күмөндөр байке, жакында боло турган концертиңиз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
- Жакында, так айтканда, 18-19-20- декабрда Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында "Күмөндөрдүн Күлкүсү" деген ат менен, кезектеги, жекече, автордук концертимди элге тартуулайм деп кызуу даярданып жүргөн кезим.
- Бул концерттин өзгөчөлүгү кандай болмокчу?
- Өзгөчөлүгү, биринчиден: баштан аяк аткарыла турган сатиралар, ырлар, обонунан баштап сөздөрүнө чейин менин калемиме таандык. Кээ бир гана ырларымдын сөздөрү башка акындардыкы болбосо, баары өзүмдүкү. Экинчиден: сатираларымды көптөн бери чогу чыкпай жүргөн Абдылда Иманкулов, Бакыт-Мукул, Адилет Кожобергенов жана "Дем" театр студиясы менен бирдикте аткарам. Ырларымды белгилүү ырчылар аткарышып, Бишкек шаардык мэриясы жана Кыргыз Улуттук консерваториясынын эл аспаптык оркестри коштойт. Булардан сырткары менин ырларым, "Кыргыз руху" фольклордук тобунун, "Эксклюзив" эстрадалык тобунун, жана жакында эле "Фрунзе LIFE" ретро фестивалында баш байгени, "Супер инфо" газетасынын "Жылдын эң мыкты тобу" сыйлыктарын жеңип алган "Чоро" эстрадалык тобунун аткаруусунда жаңырмакчы. Үчүнчүдөн: фонограмма жок. Оркестр баштап бардык топтор: музыканттары жандуу ойношуп, ырчылары жандуу ырдашат. Төртүнчүдөн: программа дээрлик жаңыланды.
- Көпкө чейин концерт койбой, элди сагындырып жүргөнүңүздүн сыры эмнеде?
- Анын сыры мындай: ушул убака чейин, ошол сагынган элдин да, аларды сагынган менин да шартыбыздын жоктугу деп ойлойм. Чечмелеп айтсам: жалаң шайлоолордун машинанын үстүндөгү, базардагы, көчөдөгү, стадиондогу, ипподромдогу бекер концерттерине, ар бир уруунун, ар бир областтын "Ынтымакка келели" деп аталган трайбалисттик концерттерге эл тоюп бүттү. "Мыскыл жана тамашанын" ордун саясатчылардын бири-бирин тытышкан сатиралары басты. Ал аз келгенсип, саясатчылар менен чиновниктер, "Кош жылдыз" демиш болушуп сахна менен телени да бошотпой коюшту. Азыр, ат тезегин кургатпай концерт койгон адам, мүйүздүү болбой эле кулагынан айрылчудай ахыбалдабыз. Менин коллегаларым "Ар бир айдын алтысы" дешип, жакшы эле аракет кылышты. Колдорунан келишинче программаларын жаңыртышып, күндүр-түндүр иштешти. Бирок канчалык жанды үрөп иштеген менен, ай сайын программаны жаңыртуу өтө эле кыйын. Жок эле дегенде чала болуп калат. Анын үстүнө ошол концерттердин ар бирин уюштурууга эле, эмне деген каражат кетет? Эгерде элди ар бир айдын алтынчы күнүнө көндүрүп алышканда, акыбеттери алты эсе кайтмак. Кыскасы куудулдардын мүмкүнчүлүгү болсо да, ай сайын концертке келүүгө элдин мүмкүнчүлүгү жок болуп чыкты. Ай сайын концерттери коюлбай калгандыгынын себеби ушундай. "Ар бир айдын алтысында дебей, Кээ бир айдын алтысында десеңер болмок экен" деп тамашаладым.
- Эл: "Азыркы Мыскыл тамаша, илгерки Мыскыл тамашанын беделин түшүрүп жатат" деп, нааразы. Буга пикириңиз кандай?
- Илгери "Мыскыл жана тамашага" актёрбу, куудулбу, профессионал театрда же филармонияда иштегендер гана катыша алчу. Ал кезде азыркыдай, дамкага чыккан шашкадай болуп, уй кайтарган жеринен түз эле келип, сахнанын төрүнө өтүп кетчү эмес. Азыркы кээ бир куудулдар ал кезде, "Ыр кеседен" башка жерден көрүнчү эмес. "Мыскыл тамаша", адегенде куудулдар режиссёрлор менен иштешип, композитору музыкасын жазып, сүрөтчүсү декорациясын коюп даярдалчу. Алардан тышкары: редактор, ассистент режиссёр, администратор дегендер да, "Мыскыл жана тамашанын" деңгээлине жооп беришчү. Ошол адистердин баары тең профессионалдар болушкан. Ошентсе да "Биз кино режиссёр эмеспиз" деп, алар кино тартышчу эмес. Азыр эки ыр ырдаган ырчы кино тартып жатат. Биз "Мыскыл тамаша" эле эмес, ырдын, музыканын, поэзиянын, кинонун да беделин түшүрүп жатабыз. Ал тургай, сахнага өмүрүндө бир чыкпаган, же бир музыкалык аспап ойной албаган, маданият кызматкерлерине "Маданият мыкты кызматкери", Маданият ишмери" деген наамдар жетпей калганбы... айтор "Эл артисти" деген наам алышып, наамдардын да беделин түшүрүп жатабыз. Кыскасы сахнада эмес, турмушубузда "Эл артист" болгондор көбөйдү. Ал эми, чоңдор аркылуу, акчанын жана башка ооз барбаган эмгек акылардын күчү менен наам алып алышып, анысын эл билип турса да, асмандан түшкөнсүп, уялбагандар андан көп.
- Куудул кесиптештериңиз Борончу менен Тынар казактын куудулдарын чакырып, концерт койгону жатышат. Сиздин да казактар менен алака түзөйүн деген оюңуз барбы? Буга кандай карайсыз?
- Абдан жакшы карайм. Бизге казактардын келе башташы, дегеле быйылкы концерттердин көбөйүшү, элдин акыбалы жакшыра баштаганын, өлкө стабилдүү жолго түшө баштаганын билдирет. Казактар бизге алгачкы жолу келип жаткан жери жок. Токсон жетинчи жылы казактарда тамаша фестивалы болуп, Келдибек байке, Жаныбек, Абдылда, Рахман, Манас, Жамбылдар болуп барып, баш байгесин алып келгенбиз. Ал кезде Борончу куудул боло элек болчу. Тынар төрөлсө төрөлгөндүр, анын адресин да, өзүн да билчү эмеспиз. Алардын көзү өтүп кеткен Мээрман, Туңгушбай, Кудайберген деген куудулдары менен да тааныш болуп иштешип калдык. Рахман уюштурган фестивалга алар да келишкен. Эки миңинчи жылдан баштап, алар менен тыгыз байланыштамын. Ошол жылы "Күлкү кербени" деген тамаша театры ачылып, мен да театрдын мүчөсүмүн. Ошондон бери ал театрдын репертуарынын теңме теңи менин чыгармаларым. Андан башка "Шаншар", "Терсикбай", "Бабыржан шоу", "Такыя менен Мафия", "Базар жок", "Чимкент шоу" деген тамаша театрлары менен да байланышым бар. Аларда да менин чыгармаларым аткарылып жүрөт. Дисктерин алып көрсөңөр болот. Аларда бир жакшы жери сенин чыгармаңды өзүңдөн уруксаат алмайын эч ким аткарбайт жана жакшылап төлөп беришет да, автор экениңди дайыма айтып, жазып турушат. Андан сырткары, Чимкент тамаша театрына спектакль койгом. Алигиче репертуарынан түшпөй ойнолуп жатат. Эки жылдан бери заказ беришип, кино сценарий жазып берип жатам. Бир жылда кеминде үч-төрт жолу барып турам. Быйыл да Чымкентте "Аалам күлкүсү" деген фестиваль болуп, Петросян баш болгон Тажикстан, Каракалпак, Өзбекстан, Кытай, Япония өлкөлөрүнүн куудулдары катышып, ага биз да катышып келдик. Фестивалында биринчи, экинчи деген сыйлыктар коюлбаганы менен, аябай жакшы уюштурулуп, ыраазы болуп келдик. Бизде өзүн - өзү мактагандар казактарды жолдо калтырып баратат. Ар бир кыймылын, баскан-турганын, ити тууганынан өйдө гезит беттерине чыгара беришет. Мен "казактар жөнүндө мактангандай болуп калам" деп, ушул кезге чейин бир да айтчу эмес элем. Эми Борончулардын аларды чакырып жаткандарын, каяка тосоорун, каяка жаткыраарын, аларды кандай ыраазы кылаарын, кимдер спонсорлук кылаарын кечээ Борончунун өзүнөн уктум. Демөөрчүлөр болмоюн казактарды ыраазы кылыш кыйын. Мен да аларды юбилейим болгондо чакырсам деп жүрөм. Бул жолкусунда аларды: "Юбилей болбосо, же фестиваль болбосо, анын үстүнө автордук концертим болсо" деп чакырганым жок. Анткен менен балдарымдын үйлөнүү тойлоруна чакырып, алардыкына барып жүрөм. Буюрса баары, дагы да алдыда.
- Акыркы учурда бизнеске айланган той-топурлар тууралуу эмне айта аласыз? Азыр сезон эмеспи, кээ бир учурда тамада да болуп жүрсөңүз керек...
- Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Кыргызда той боло берсин! Артисттердин негизги тапкан каражат булагы бул - той. Кыргыз жыл бою иштеп тапканын той берип, чачканча шашат. Эси-дарты эле конок тосмой. Өзү жебей, балдарына да бербей, ырыстуу тамагын, ырыстуу жууркан төшөгүн конокко катат. Там салса да, өзү үчүн салбай, коноктор батпай калбасын деп, залын ай талаа кылып , кенен салат. Өзү времянкага жашайт. Себеби бата алсам дейт. Батаны ыйык сезип, ыйык баалайт. Дагы жакшы, кыргыздардын пейилинин кеңдигинен биз үчүн ушундай акча тапчу булак бар. Болбосо, башка өлкөдө, биздикиндей айлык менен артисттер көчөдө калмак.
- Маданият тармагында абдан талашка түшкөн нерселердин бири - бул сыйлык маселеси. Бийлик сизге "Эл артисти" наамын бербесе да, ал наамды эл сизге эчак эле берип койгон десек болот. Өзүңүз бийликке сыйлык берүү тууралуу кайрылып көрдүңүзбү?
- Бул сыйлык көйгөйү жеке эле бизде эмес, баардык тармактарда бар. Мен "эмгек сиңирген артист" наамын токсон үчүнчү жылы эле алганмын. Ошондон бери бийликке кайрыла берсем, эки-үч жолу алмакмын. Өзүң айткандай "Эл артистти" наамын эл мага эчак эле берген чыгаар. Бирок жанагы айтканымдай, ыпылас жолдор менен алгандар, сенден жогору өтүп, сенден өйдө сүйлөп, сага баа берип, сени сындап, ал турмак кээ бири сенин тагдырыңды чечип жатса, албетте нервиңе күч келет. Качан болсо үйдө, телевизор менен урушуп отурам. Гезиттерди улам ыргытып ийип, кайра алып окуп атып аягына араң чыгам.
- Соңку суроо. Үй-бүлөңүздөгү жаңылыктар тууралуу айта кетсеңиз?
- Кудайдын кулагы сүйүнүп, берээрин унутпасын. Өзгөчө кыргыз байлыкты баш менен өлчөйт эмеспизби. Айткандай быйыл башыма баш кошулуп, үч небере көрүп олтурам буюрса. Эки уулумдуку эркек, жээн неберем кыз. Баш аягы төрт неберелүү болдум. Улуу неберем да эркек үчкө чыгайын деп калды, аты Атай. Беркилердин аттарын Эртай, Нуртай деп баарын өзүм койдум. Жээн небереме кудам Мариям деп коюшуптур. Ушуларым аман болсо, балдарым, келиндерим, бир туугандарым аман болсо, апам оорубай маңдайыбызда көпкө болуп, жакшылыгыбызды көрүп турса, менин байлыгым, сыйлыгым, сыймыгым, наамым да ошолор. Эл аман болсун! Журт эсен болсун! Эл бар - биз барбыз. Силер да аман болгула. Ырахмат сиздерге!
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??