presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыңыр иш кыркы күндө…
Маданият жана туризм министрлигинде уурдалган миллиондор...
Султан Раев менен Керим Тураповдун "долбоору…"
(Башы өткөн сандарда...)
Улуу, демократ акыныбыз Токтогул Сатылганов атабыздын ысымын алып жүргөн улуттук филармония мамлекетибиздин бирден-бир көзгө басар, көп жылдардан бери сыймыктанып келаткан маданий мекеме экенин эч ким тана албайт. Ооба, негизинен бул мекеменин багыты маданий болгону менен, ичинде өтүп келаткан иш-чаралар ар кыл багытта. Алардын арасында чоң саясий иш-чаралар да байма-бай өтүп турат. Филармонияда өткөн андай саясий иш-чаралардын бири 2008-жылы август айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйыны болду. КМШ өлкөлөрүнүн президенттери катышкан бул ШКУга ошол жылы бир нече ай бою катуу даярдык көрүлдү. Натыйжада филармониянын чоң залында президенттердин катышуусундагы чоң жыйын өттү. Ал иш-чарага карата эски бийлик - филармонияны толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүү чечимин кабыл алышып, казынадан миллиондорду бөлгөнү белгилүү.
Ал кезде маданият тармагынын "Кощейи" атка конгон кайран Султан Раев өзү Маданият жана маалымат министри болуп манчыркап турган. Кыргыз эл артисти, "апасынын жапкан нанын" улам сагынган, таланты ташкындаган Керим Турапов филармониянын эки тизгин, бир чылбырын (2000-жылы директор болуп шайланган) 7 жылдан бери бекем кармап, мекеменин ички-тышкы маселелерин ийне-жибине чейин иликтеп, "чычкан акеге кебек алдырбай" турган чагы.
Ошентип филармонияны капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 2007-жылы бюджеттен 56 миллион сом (дагы бир маалыматта 65 миллион сом ) бөлүнөт. Бул чоң акчанын филармонияга "ташкыны катуу суудай агып келиши" министр Раев баш болгон бир катар "чоң кекиртектер " үчүн асмандан тилеген тилектин кокусунан жерден чыга калганындай эле болгон.
Керим Турапов менен Султан Раев көздү күйгүзүп, чөнтөктү ысыткан ал 56 миллион сом менен филармонияны капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жалпы жонунун 15 курулуш фирмасы катыштырган. Ал фирмалардын арасында биздин окурмандарга белгилүү Султан Раевдин кол баласына айланган еврей Сергей Богдановдун "Элайтик " фирмасы да бар.
Жасала турган иштердин долбооруна министр Раев менен директор Турапов кол коюп, бекитишкен. Демек, "бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы" дегендей, ал долбоор бир топ кишилерге пайдалуу, мыкты долбоор болгонун алдыда бирге окуйлу...

Филармониянын 6 миллион сомун кимдер уурдашкан?

56 миллион сомду "бөлүп алып" филармониянын ар кайсы жерин оңдошкон 15 фирманын ишмердүүлүгү ар кандай. Бирөөнүн жеп ичкени анча билинбей, калса, дагы бирөөлөрдүкү оркоюп көрүнүп калган. Бирок алардын жасаган иштери жана короткон акчалары канчалык билинбей калса да, канчалык оркоюп көрүнүп турса да, Раев менен Тураповдун көз алдында, так эсебинде болгонун баамдап билсек болот. Башкалар жедирип, же алданып калышы мүмкүн эле, бирок далайды көргөн "карт бөрүлөр" Раев менен Турапов жедирбейт. Жедирсе да тең бөлүшүшкөн чыгар... Же башка жолун тапкандыр? Же биздики калппы?
Эми кайсы фирмалар канча акча жегенин, так айтканда аткарган иштеринин баасын канчалык ашыкча баалаганына токтололу.
***
Имараттын электр насосторун, өрт өчүрүү системаларын ж.б. иштерди 1 327 964 сомго жасаган, тиешелүү жерден лицензия албаган "ЭСБ" ЖЧКсы 186 миң 971 сомду ашыкча көрсөткөнү аныкталган. Кожоюну Бектуров. К. Жашаган жери Бишкек шаары Осмонкул көчөсү № 28.
***
"ФОРТРЕСС" ЖЧКсы филармониянын (текшере келгенде бул фирманын да лицензиясы жок экени аныкталган) канализациялык иштерди аткарууда 1 369 941 сомго бир катар иштерди аткарган. Максатсыз пайдаланганы, же сол чөнтөккө солонгону 1 649 400 сом. Кожоюну Адылбеков У.Е. Жашаган жери Бишкек шаары. 7-кичирайону. № 39. кв. 4. Киев көчөсү № 93 үйдө жашаган Суракматова Г. Э. да Адылбековдун өнөктөшү болуп эсептелет.
***
Дагы бир лицензиясы жок "БВБ БЛЭСС" ЖЧКсы филармониянын үчүнчү кабатын 5 437 936 сомго капиталдык оңдоодон өткөргөн. Максатсыз пайдаланган акчанын суммасы 422 870 сомду түзгөн.
Бул фирманын кожоюну Мелихов Игорь Владимирович. Россиянын жараны, Белгородс облусунда жашайт экен.
Турапов менен Раев кыргыз фирмалары жок калгансып, бул фирманы жерден түбүнөн таап келишкен экен. Кыязы, Мелихов министр менен директорго жакшы "чотур" чыгарып берсе керек го...
***
Ал эми С. Раевдин эркеси, эч кимден коркпогон "ЭЛАЙТИКтин" кожоюну Богданов менен Турапов жалпысынан 3382034 сомго келишим түзгөн. Ашыкча көрсөтүп жеген акчасы "араң эле" 883 528 сомго жеткен. Мисалы, "отделкалык" иштерден 12 909 сом. Андан тышкары, "Пекин" ресторанына эч кандай келишими жок оңдоо иштерин жүргүзгөн. Жеген акчасы 250 130 сом. Бул Тураповдон алган акча, тактап айтканда мамлекеттики. Кызыгы, Турапов "Пекинге" эмнеге акча бөлдү болду экен, же ал ресторан филармониянын эсебиндеби? Биздин билишибизге караганда, ал ресторан жөн гана ижара акысын төлөйт. Ээси башка. Ал эми дагы бир маалымат боюнча "Пекиндин" кожойкеси Хихиза аттуу айым да Богдановго оңдоо иши үчүн 250 миң сом берген экен.
"Элайтик" электромонтаж иштерин да жасаган. Бирок анын андай иштерди жасоого уруксат кагазы жок болгон. Турапов муну билсе да, көз жумуп койгон.
***
Турапов "СТРОЙТЕХМОНТАЖ" (бул фирманын дагы лицензиясы жок) ЖЧКсынын кожоюну Эшимов. Э. Ж. менен жалпы жонунан 13 702 683 сомго филармониянын бир топ жерине оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жалпысына 7 келишимге кол коюшкан. "Болгону" 1 467 640 сом "сабашка" кылган экен. Мисалы, бул фирма бешинчи кабатты оңдоодо 11 087 сом, балет залынын сантехникалык иштерин жасаганда 69 820 сом, коомдук "сан узелди" жасаганда 310 920 сом, фойе жана чоң залдын "отделка" иштеринен 453 848 сомдун дайыны чыкпай калган. Мындай мисалдарды жазып олтурсак арбын. Эшимовдун жашаган жери Чүй району, Чүй айылы. Береговая 179.
***
"ТИССА" ЖЧКсы 10 даана каналдык кондиционер, 10 даана термостат 30 даана "контактор" ж.б. ушу сыяктуу жабдыктарды Германиядан алып келгендигин өздөрүнүн кагазында көрсөтүшкөн. Бирок бул жабдыктар Германиядан эмес, Ташкенттен алынып келгендиги айтылат. Айтор, ал жабдыктар немистердикиби же өзбектердикиби, айтор түшүнүксүз...
Кыскасы, бул фирмага аталган жабдыктарды алып келүү үчүн 9 682 миң сом, болсо, анын 719 060 сому чөнтөккө кеткен. Кожоюну Муратов Р. Р. Жашаган жери Бишкек шаары. Горький көчөсү №1.
***
Лицензиясы жок "ДОЗ" фирмасына жалпы жонунан 898 290 сом которулган . Анын 681141 сомун максатсыз пайдаланган кожоюну Алибаев. К.Б. Жашаган жери Бишкек шаары. Автосборочный көчөсү.
Филармонияда жасалган оңдоо иштеринен ушундай жолдор уурдалган акча жалпы жонунан 6078086 сомду түзөт. Бул чоң сумма кайсыл фирмалардын жана кайсы чиновниктердин чөнтөгүнө кеткенин жаздык... Кийинки саныбызда филармонияга 56 миллиондон кийин дагы которулган 17 миллион сомдун баянын жана Тураповдун элге анча белгисиз ишмердүүлүгүн иликтөө жүргүзмөкчүбүз...
(Уландысы кийинки санда)
Айбек Шамшыкеев






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??