presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эл өкүлү эмне дейт…
Эгемберди Эрматов, Кыргыз эл акыны, КСДП фракциясынын депутаты:
"Парламенттеги беш партия тең
бийликке баргылары келишет…"
- Эгемберди мырза, жыл аягы болуп, жаңы жылыбыз да жакындап келе жатат. Өтүп бара жаткан 2012-жылы өлкөбүздө ар кандай нерселер болду. Өзгөчө саясатта. Депутат катары саясатта болгон окуялар тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Эң башкысы өлкөбүз тынч болду. Тынчтыктын болушуна президент, өкмөт, парламент кандайдыр бир деңгээлде өз салымдарын кошушту. Көрүп жатабыз го азыр тынчы жок, согуш болгон мамлекеттердин абалы кандай болуп жатканын. Мен депутат болгон эки жыл аралыгында эки жакка көп чыгып, дүйнөдө болуп жаткан окуялар менен жакындан таанышып жатам. Согуш болгон өлкөлөрдү көрүп алып, башкасы болбосо койсун, өлкөбүздө тынчтык эле болсо экен деп ойлойт экенсиң. Тилекке каршы бизде деле Кыргызстандын бүтүндүгүн каалабаган ички жана тышкы күчтөр жок эмес. Учурдан пайдаланып мен аларга айта кетээр элем. Болду токтоткула, кыргыз эли качанкыга чейин эле ушинтип ызы-чуунун үстүндө жүрө беребиз. Эгер андай эле бийликке келгиңер келсе мыйзам жолу менен, шайлоонун негизинде шайлангыла, силерге эч ким каршы эмес.
- Сиз ички күчтөр деп кимдерди айтып жатасыз? Бабанов, Бекназаров өңдүү бийликке таарынган саясатчылар эмеспи?
- Бийликке таарынгандын баары эле ички күчкө айланып жатпайбы. Бул ооруга айланып калды. Кечээ эле кызматта жүрүп, бүгүн кызматтан кетсе, эртең бийликти жамандап чыкмай. Туура оппозиция болушсун, бирок конструктивдүү, маанилүү сунуштарын айткан таза оппозиция болушсун да. Мисалы, биз билебиз. Алардын ким экенин, буга чейин кандай иштерди жасап, элге жаман көрүнгөнүн. Кыскасы мунун аягы жакшылыкка алып барбайт. Эртелеп ойлонуп, баарыбыз жапа тырмак мамлекет үчүн гана иш алып барышыбыз керек. Президент Атамбаев бир жыл аралыгында кандай жакшы иштерди жасады. Ошону көрө албай , айрымдар жумурткадан кыр издеп ар кандай сөздөрдү чыгарып жатышат. Эй туугандар, Акаев менен Бакиевге караганда Атамбаев алда канча жакшы иштерди жасады го. Бакиев карыз кылып кеткен жарым миллион долларды орустар Атамбаевдин кадыры үчүн кечпегенде, сиздердин куру доомат кылып көчөгө кыйкырып чыкканыңыздар үчүн кечтиби? Ойлонолу туугандар. Коррупция деп буга чейин айтып келгенибиз менен коррупция боюнча бир да иш аткарылган эмес. А, бүгүн болсо министрден баштап, коррупция кылган жөнөкөй жаранга чейин сот жообуна тартылып, сурак беришүүдө. Андан тышкары сотторго болгон реформа, жаманбы жакшыбы сот тармагында реформа жүрүп жатат. Буйруса реформанын жыйынтыгын да көрөбүз.
- "Ата-Мекен" партиясы менен "Республика" партиясынын ортосундагы чыр- чатак боюнча да оюңузду уксак…
- Экөөнүн ортосундагы чыр-чатак парламенттик башкаруу болгондон кийин боло турган нерсе. Себеби парламентке беш партия келди. Бешөө тең бийликке баргылары келишет. Жыйынтыгында бийлик талашып биринин артынан бири суу куюп, бирин-бири аңдып жүрүп аягы ушундай болушту. Бир чети ушундай талаш-тартыштар ачык-айкын болуп, эл билип турганы жакшы. Кимдин ким экени билинип, өлкөбүз тазаланат. Ал эми күнөө кимисинде экенин ачык айта албайм, ага сот чекит коёт деп ойлойм. Ошондой эле коалициядан чыгам деген Ф. Кулов боюнча да оюмду айтсам, Кулов кыргыз элинде өзүнүн орду бар адам. Жаш саясатчы эмес. Өлкөбүз эгемендик алгандан бери эле саясатта келе жатат. Ар кайсы бийликтин тушунда ар кандай жогорку кызматтарда иштеди. Бирок өткөндө коалициядан чыгам дегени көпчүлүккө анча жага берген жок. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө дегендей, "Ар-намыс" партиясы бийликте тургандан кийин жогорудагыдай кадамга барбай эле койсо болмок. Анткени азыр ар ким өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлой турган убак эмес да. Баарыбыз биригип мамлекеттин кызыкчылыгын ойлой турган учур.
- Кыргыз эл акыны эмессизби, жеке чыгармачылыгыңыз кандай жаңылыктар болууда?
- Былтыр жети томдук ырлар жыйнагымды чыгарып чыгармачылык кечемди өткөрбөдүм беле. Быйыл болсо журналист болуп иштеп жүргөндө жазган макалаларымдын баарын чогултуп дагы бир китеп чыгарып жатам. Өкүнүчтүүсү китептер жазылбай жатат. Жазылганы менен ал китептер китепканаларга жетпей келүүдө. Өткөндө бул боюнча Улуттук китепканада жыйын өткөрүп, ушул маселени талкууладык. Бирок талкуулаганыбыз менен мамлекет тарабынан көңүл бурулмайын маселе чечилбейт. Анын үстүнө эл дагы китеп окубайт. Жаштардын баары интернет менен эле чектелип, китеп окуу деген унутта калды.
- Быйыл ажыга барып, топуңузга араптардын кызыкканын айттыңыз эле, ушул тууралуу да кыскача айта кетсеңиз?
- Ажыга мен он жыл мурун баргам. Быйыл жубайымды ээрчитип барып келдим. Айрым депутаттар " Эгемберди Эрматов менен Каныбек Осмоналиев, ишин таштап ажыга кетти"- деп айтып чыгышпадыбы. Биз эч кандай ишибизди таштап кеткен жокпуз. ЖКдан атайын уруксат алып барып келдик. Ал эми араптардын топума кызыкканы боюнча айтасам, алар "топуңузду сатыңыз"- деп мени ээрчип алышты. Мен кыргызда баш кийим сатылбасын айтып, түшүндүргөндөн кийин гана "анда кийинки жылы ала келиңиз"- деп заказ беришти.

Маектешкен Мирлан Алымбаев




Өз мамлекетинде өгөйлөнгөн тил өнүкмөк беле?

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева парламенттин пленардык жыйынында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баары кыргыз тилде сүйлөп, иш кагаздарын да кыргыз тилинде жүргүзүүсүн талап кылды. Бул боюнча депутат айым: "Бардык укуктук актылар кыргыз тилинде гана жазылышы керек, өтө зарыл убактарда эле орус тилине которулсун. Түбү кыргызстандыктардын 30 пайызы эмнеге орус тилин билишпейт. Балдар бакчаларынын 20 пайызы эле кыргыз тилинде тарбия берет. Мындай болбошу керек. Биз өзүбүздүн тилди колдошубуз керек. Болбосо ал жоголот. Кыргыз тилин чогу чаран колдонолу десе эле шовинист, улутчул деп чыгышат. Биз башка тилдерге каршы эмеспиз, бирок кыргыз тилин үйрөнүш керек" - деп, күндүн күрөө тамырын айтты. Канткен менен жакшы айтты. Качанкыга чейин Кыргыз мамлекетинде кыргыз тили мамлекеттик деңгээлде колдонулбай кодулана бериш керек? Кимде ким мамлекеттик кызматта иштөөнү кааласа, ал кайсы улуттун өкүлү экенине карабай, кыргыз тилин милдеттүү түрдө билүүгө тийиш. Эгер билбей турган болсо, кызматка алынбоосу шарт.
Мына Россия мамлекеттик кызмат түгүл, мигрант болуп барышкан көчө шыпыргычтар орус тилин, тарыхын милдеттүү түрдө билиш керектиги туурасында мыйзам токуп салышты. Эми аны аткартып жатышат. А бизде болсо жаманды коногу билет болуп, Кыргыз мамлекетинде кыргыз тили өзүбүздүн жарандарыбыз тарабынан өгөйлөнүп, басмырланып жатат. Орус тилдүү маалымат каражаттары кыргыз тилинин беделин көтөрүү зарылдыгы туурасында маселе көтөрүлүп калды дегиче болду, дароо эле орус тилине кысым жасалып жатат, орус тилдүү жарандарды басмырлоо башталды деген шовинисттик ыкмага салып, дароо бет тырмарлыкка өтүшөт да, үйдүн ээсин күнөөлүү кылып ташташат. Муну алар адатка айлантып алышканы көп болду. Мындан улам, мамлекет башындагы биздин эл башкарган төбөлдөрдүн көбү орус тилдүү басылмалар эмне деп жазып жиберишет деп, өз эне тилине коркок билиштик менен, сактанып мамиле жасашат. Кокус кыргыз тили тууралуу жүйөлүү маселе көтөрүп алышса, сөз аягында "менин орус тилине каршылыгым деле жок" деп актанып коюшат. Кыргыз тили туурасында маселе көтөргөнү үчүн бирөө соттотуп, же каматып жибере тургансып...
Ушундай жагдайдан алганда, Урмат Аманбаева эжебиздин кыргыз тилинин кадыр-баркы, аброю үчүн, кыргыз тилинин Кыргыз мамлекетинде мамлекеттик деңгээлде колдонулушу үчүн депутат болуп келгенден бери, орус тилдүү басылмалардын ар кайсыны айтып жаманатты кылганына карабай, тынбай күйүп-бышып маселе көтөрүп келе жатышы алкоого арзырлык экенин белгилеп коюу абзел.
Чынын айтыш керек, өз алдыбызча эгемендүү мамлекет аталгандан бери Кыргыз мамлекетинде кыргыз тили өз деңгээлинде мамлекеттик тил катары колдонулбай көчө тилинен көтөрүлө албай жатышы, расмий иш кагаздарынын баары Конституцияда жазылган расмий тил укугуна ээ орус тилинде жүргүзүлүп келе жатканында экенин танууга болбойт. Ошондон улам, кыргыз тилинин канат бутагы жайылып, тамыры тереңге кетпей, мамлекеттик деңгээлде колдонулбай чөйрөсү тарып жатат. Бир сөз менен айтканда, мамлекеттик иш кагаздарынын кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөндөн кийин, мамлекеттик деңгээлде колдонулушу мүмкүн эмес.
Ал эми кыргыз тилин өнүктүрүү жаатында түзүлгөн Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кыргыздардын көңүлүн жубатуу үчүн түзүлгөндөй. Дегеним, аталган орган атынан башка, кыргыз тилин өнүктүрүп жибергендей укукка деле ээ эмес. Болгон жасаган иш аракети - чоңдордун конференцияларда, жыйындарда сүйлөөчү сөзүнүн текстин жазып берүү, 5-6 жылда бир президенттик шайлоо болгондо президенттикке ат салышкан талапкерлерден сынак алуу, көрнөк-жарнактардын кыргыз тилинде туура жазылышына уруксат берүү. Мындан бөлөк алардын жасай турган иши деле жок. Тактап айтканда, мыйзам түрүндө кеңири укукка ээ эмес. Мамлекеттик тилди сыйлабагандарга карата эч бир чара көрө алышпайт. Административдик жазаны мындай кой, айып пул сала алышпайт. Экинчиден, аталган мекеменин бир жылдык бюджети бир депутатка кетчү каражаттан өп-чап араң ашат. Кыскасы, кыргыз тилин өнүктүрүүдө "аты улук, супарасы курук" десек жарашат.
Ошондуктан, кыргыз тилин өнүктүрүүнүн бирден бир жолу - элди сооротуп президентке караштуу мамлекеттик орган түзүп коюуда эмес, иш кагаздарынын баарын мамлекеттик тилде жүргүзүү болуп эсептелет. Антпесе кыргыз тили мамлекеттик деңгээлде колдонулуп Кыргызстанда жашаган улуттардын орток тилине айланышы кыйын. Анткени муктаждык жаралбаса, башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилин үйрөнүүгө ашыкпайт. Муктаждыктын жоктугунан жыйырма жылдан бери үйрөнгүлөрү келбей жүрүшөт го, окуу куралдары жок, жетишсиз дегенди шылтоолоп. Ал эми ошол эле учурда, англис, кытай, араб жана башка тилдерди окуу куралдарына шылтабай эле өздөрү акча төлөп окуп, үйрөнүп жатышат. Демек, бул жерде кыргыз тилине болгон муктаждык жок болгондуктан, окуп үйрөнүүгө ниеттери жок. Көңүлдөрү чаппайт.
Ток этер жерин айтканда, ушунун баары мамлекет башындагы кыргыз жетекчилеринин кыргыз тилине болгон кайдыгерлигинин кесепети. Эгер, мамлекет башындагылар мамлекеттик иш кагаздарынын баарын, коркок-билиштик кылбай, окуу куралдары жетишпейт деген жок шылтоолорду айтып саясатташтырбай эле, кыргыз тилине өткөрүп коюшса, аны-муну жок деген маселе өзүнөн өзү чечилмек. Тилекке каршы, ага мамлекет жетекчилеринин эрки жетпей жатат. Кыргыз тили үчүн чындап күйүшпөй жатат...

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??