presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Көз боемоочулук жолунан...
"Кумтөрдүн" күндөрү менен түндөрү

Адамдар арасындагы же болбосо мамлекеттеги кээ бир туура эмес иштер чындыгын издегени издеген. Бир күн болбосо, дагы бир күнү чындыгы чыга келет, ага чейин кармаш процесси-ошол чындыкты издөө уланып турат. Муну "Кумтөр" маселесине байланыштуу айтканым.
Сөздүн тузун ушул эле жерден айтып салып, анан андан ары улап кетели-кептин чынын айтсак, канадалыктарың бизди-кыргыздарды мына бүгүнкү күнгө чейин сызга олтургузуп келиптир. Ажыкыстанган Акаевдин ак көңүлдүгүнөн, акчага кызыгуусунан пайдаланып, анан да катынынын "деми" менен, еврейлердин кеби менен бу канадалыктарың өздөрүнө олчойгон пайда түшчү, ал эми ак көңүл, берешен, пейли кенен кыргыз элин ырымдаган кылып туруп келишим түзүп алышыптыр да.
Капиталисттик системанын бир белгиси ушул экен, мурун окуп-билгенсип жүрсөк, кийинки жылдары күбө болуп турганыбыз, пайда табуу алдыңкы планда турат экен го! А биз, кыргыздар жаңы эле демократия дегенге эгедер болуп, ошол демократияң асмандан түшкөндөй болуп, аны кайда коерду билбей, кайда катарды билбей, кай жеринен кармап пайдаланарды билбей "жинди" болгонубузду кайдан тандык! Мына ошондо мезгилде окумуштуулугу жакшы, бирок, жигиттиги менен адамгерчилиги өлчөлүү президентке туш болуп шорубуз кайнады го. Анан калса, Майрам деген катыны бар экен, кыргызды кыкка татытпай турду го… Эми бул өтө чоң тарых… Дал ошондой абалда тээ мурун эле изилденип бүткөн, дүйнөдө жетинчи (!) орунду ээлейт деген жардыгы бар Жети-Өгүз районундагы Кумтөр деген сырт жайлоодогу алтын кенин баса калгандар көп болуп, алардын бири "Центерра Голд Инк." компаниясы менен келишим түзүп алар дагы компания түзүп анан алтыныбызды казып турушпайбы.
Биз элдин башын ар кайсы экономикалык маанилер, цифралар жана башка атрибуттары, илимий жана техникалык аталыштары менен башын оорутпай популярдуу кылып окурманга жеткиришибиз парз, ошондуктан кептин жеңилинен тандап баян этишибиз керек, окурмандарыман ушул маселени эске алып коюшун суранам…
Канадалыктар менен келишим түзгөн кезде алтындын бир унциясы азыркы баасына караганда эки эсе арзан эле, демек, азыр эки эсе кымбат. Тигилердин тапкан пайдасы, 14 миллиарддан ашык доллар болуптур, бизге 1,5 млрд доллар бериптир ичинде налог, соцфонд, айлык акы, "Кумтөргө" керектелүүчү техника ж.б. Сөз кыскасы канадалыгың кыргыз канын кактабай соруп турганы! Бул маселе менен кеңири тааныштыруу да биздин милдет болуп жатпайбы.
Кыргызстандыктар канадалыктарга алданып калганын кийин гана түшүнүп олтурат. Бийликтегилер "болору болуптур," деген кыргызчылык-келишүүчүлүк менен туруп келди. Бирок, элдин аң-сезими өстү, укугу менен милдетин ар бир карапайым адам түшүнүп турат. Илгерки социалисттик түзүлүш кезиндегидей кол көтөр десе көтөрүп, түшүр десе түшүрүп турган кез өткөн. Анекдот бар го, "коммунисттер бирөөлөрдү кайсы бир иши үчүн дарга асабыз десе, тигилер жибибизди ала келелиби, же жөн эле келелиби" дептир деген. Жок, азыр элдин аң-сезими мурункудай эмес, Чынгыздын манкуртундай эмес! Демек, "Кумтөр" маселесинин чындыгын билгиси келет, а турсун талап кылат!
Эл өкүлү деген депутаттар элге кызмат кылышы керек. Ошонун аркасында бир катар депутаттар комиссия түзүп "Кумтөрдүн" иштерин изилдеп турганы. Комиссия курамына төмөндөгүлөр кирген: Алтыбаева А.Т. ("Ар-Намыс" фракциясынан, Айтматова Ш.Ч. ("Ата Мекен"), Аманбаева У.А. ("Республика"), Балтабаев Т. ("Ата Мекен"), Жетигенов Б.Ж. ("Ар-Намыс"), Жапаров С.Н. ("Ата Журт"), Сабиров М.Э. ("Республика"), Сакебаев Э. А. (КСДП), Султанов А.Ш. (КСДП), Султанов М. А. ( "Ата Журт"). Комиссиянын төралагына Садыр Жапаров шайланган.
Ошентип, комиссия "Кумтөрдүн" "койнуна" кирип, карапайым адамдардын түшүнүгү жок не бир кылыктарын таап чыкканы.
Ушул жерден айта кетейин, Садыр Жапаров азыркы бийликке оппозиция маанисинде турат эмеспи. Кандай болгон күндө да ал жигит кыргыз элинин алданып жатканына чын дилден күйүп-бышып жанагы комиссиянын ишине жетекчилик кылып, бийликке катуу тийчү ачуу чындыкты алып чыгып жатпайбы! Болуптур, Жапаров Бакиев бийлигине кызмат кылган, ага кимдер гана кызмат кылбаган… президентибиз деле аны менен иштешпеди беле, Кулов деле аны менен "тандемдешпеди" беле, дагынкысы дагы толо… Анан эле Жапаровго "сен эмне үчүн "Кумтөр" маселесин" Бакиев тушунда көтөргөн эмессиң деген күнөө коюлуп жатпайбы. Эй, азыркы "баатырлар", "жоо кеткенден кийин кылычын бокко чапкандар", ал кезде Бакиев деген кутуруп турган, кими да болбосун жанагы Жаныш деген баш кесери менен жайлап таштаганга кудуреттүү болчу. Анан баары унчукпай турса, Садыр Жапаровдун башы оноо бекен?! Бул жагдайды да эске алыш керек. Анан эле ошол Бакиевдин өзүнө кызмат кылып, азыр ага каршы "баатырдыгын" айткан жигитчиликке жатпайт! Ошол кезде Садыр Жапаров коррупцияга каршы агенттиктин жетекчиси болуп, кыргыз телесинен укмуштудай мыйзам бузууларды көрсөтүп турган. Анан ошондой көрсөтүүлөрдүн бири Балыкчыдагы ууланган түтүктөрдү көрсөткөндөн кийин анын көрсөтүүсүн бийлигиң алып салган да агенттикти мамлекеттик кызматка баш ийдирип салган! Бул жагдайды эч ким эсепке алган жок!
Мен билгенден Садыр Жапаров кайсы бир абийирсиз саясий оюндун курмандыгы болуп турат окшойт. Жапаров элди борбордук аянтка чогултуп "Кумтөр" маселесинде кыргыздардын аябагандай алданганын айтам деген да. Анан эле Ташиев досу чыга калып "бийликти басып алат элем" деп кашаадан ашып түшүп жатпайбы. Ага Жапаровдун эч кандай тийешеси жок болчу. Биз дагы тиш кагып калганбыз да, ойлоп койгонбуз, ошондо эле бийликке акаарат айтканы көбөйүп жаткан Жапаровдун тизгинин тартып коюш үчүн Ташиевди атакалатты деп. Бул ой чындыктан кайдан алыс болсун… Жеке менин пикирим ушундай…
Жок, мен Садыр Жапаровду толугу менен колдоп күйүп-бышып жатканым жок, анын аракети жигитчилик деп ойлойм. Эмне, бийликке каршы кеп айтса эле жамандап жатып калышыбыз керекпи?! Жеке мен Садырды көп жылдан бери билем, тиги-муну анализдей алган курч жигиттердин бири. Кийин Бакиевдерге дурус эле кызмат кылды, ошонусу аздап баскан жолун булгап койду окшойт. Бирок, андай жолду баскандар жүрөт го бүгүн деле "ээр" үстүндө…
Демократиянын бир белгиси ошол экен- ким каалаган оюн айтуусуна укугу бар экен. Мына ошол укугунан ажыратпай "Кумтөрдүн" ишин окурманга кеңири түшүндүрүп коелу деп парламент комиссиясынын материалынын ичинен өзөктүүсүн, баалусун тандап туруп окурман журтубузга сунуш кылмай болдук!
Биздин гезиттин баскан жана да басчу жолу ушул- калп айтпайбыз, ушак сүйлөбөйбүз, бийликти карап аңырайбайбыз, негизги милдетибиз - чындыктан тайбайбыз! А сен, окурманым, ошол иште жөлөк болуп тур!
Дагы бир кеп: кези менен кээ бир гезиттерде, өзгөчө жанагы орус тили бар гезиттерде "Кумтөрдүн" кыргыз элине жасаган "эбегейсиз" кызматын баяндаган материалдар жарык көрүп калат. Ошондо мен "эх, дурайын, акчанын күчү" деп түтөп туруп берем… Ушуну да эстей жүргөнүбүз эп!
Баса, мен Садырдын агасы Сабырды көп жылдан бери тааныйм. Бир мүнөз, калпты айтпаган жана да мен деп эл алдына чыгып тантыбаган жигиттердин бири, бир сөз менен айтканда, кыргыздын накта жигити! Эми ошого да бийлик тарабынан кайсы бир каскак иштерди жамап турат деп угам. Эгерде ошол чын болсо, анда наадандык деп билем!
(Уландысы бар)
Баратбай Аракеев






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??