presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Татым…
Жаңы жылдык дасторкон…

Кирип келе жаткан келе жаткан жыл жакшылыктын жылы болсун десеңиз, адегенде эң алгач майрамдык дасторкондон баштаңыз. Дасторконуңуз канчалык бай жасалса, ушул жылы сиздин дасторконуңуз нанга толуп, бардар турмушта күн кечиресиз. Андыктан майрамдык дасторконду жасоодо сараңдыкка жол бербеңиз. Алыңыздын жетишинче, дасторконду кооздоого аракет кылыңыз. Дасторконумду кантип кооздойм деп башыңыз катып жатты беле? Анда биз сизге майрамдык салаттардын бир нечесин сунуш кылабыз.

"Мимоза" салаты
Керектелүүчү азыктар:
Бадыраң- 5 даана, ышталган тоок эти-1 даана, краб таякчалары- 150 грамм, Жумуртка -5 даана, Жүгөрү - 400 грамм
Даярдоо ыкмасы: бадыраң, тооктун этин жана краб таякчаларын узунунан ичке кылып туурап, ага жүгөрүнү кошуп, сууга бышкан жумуртканы да ичке кылып туурап, татымына жараша туз салып, майонез менен аралаштырып коебуз.

"Анар браслети" салаты
Керектелүүчү азыктар: 2 даана кызылча, 1 даана көк пияз, 2 даана картошка, 2 даана сабиз, 200 грамм ышталган тоок эти, 2 даана жумуртка, 2 даана анар, грек жаңгагы, татымына жараша туз, майонез, калемпир.
Даярдоо ыкмасы: кызылча, сабиз, картошка жана жумуртканы сууга кайнатып бышырып алабыз. Бышкан азыктарды өз-өзүнчө кыргычтан өткөрүп алабыз. Андан кийин тооктун этин узунунан ичке кылып туурап, көк пиязды майда туурап суу майга кууруйбуз. Салатты билериктин калыбына окшоштуруу үчүн, тарелканын ортосуна стаканды коебуз да азыктарды бир четинен тарелкага сала баштайбыз.
- Картошка, майонез, - Кызылчанын жарымы, - Сабиз, майонез, - Грек жаңгагы, - Тооктун эти, майонез, - Куурулган пияз, - Жумуртка, майонез, - Тооктун этинин калган бөлүгү, майонез, - Кызылчанын калганын салабыз да үстүн майонез менен калың кылып жаап, анардын даны менен кооздоп коебуз.

"Цезарь" салаты
Керектелүүчү азыктар: колбаса -150грамм, краб таякчалары-150 грамм, жүгөрү -150 грамм, 1 даана бадыраң, сууга бышкан жумуртка 3 даана.
Даярдоо ыкмасы: Колбаса, краб таякчаларын, бадыраң, жумуртканы узунан ичке кылып туурап, даяр болгон азыктарга жүгөрүнү кошуп, татымына жараша туз салып, майонез менен аралаштырып, көк чөптөр менен кооздоп, дасторконго коебуз.


"Аяз ата" салаты
Керектелүүчү азыктар:
Сууга бышырылган күрүч- 1 чыны, Краб таякчасы- 200 грамм, Помидор- 1 даана, Кызыл болгар -2 даана, Туздалган кызыл балык- 200 грамм, Сыр (катуу сортунан)- 100 грамм, Майонез.
Даярдоо ыкмасы: краб таякчаларын, помидорду жана бир кызыл болгарды майда туурап алабыз. Ал эми балыкты төрт бурчтуу кылып туурап, даяр болгон азыктарды бир четинен тарелкага сала баштайбыз.
- күрүч, - краб таякчалары, - помидор жана кызыл болгар, - балык.
Аяз атаны кооздоо үчүн: куру менен жеңин жана баш кийимин кызыл болгардан жасап, жүзүн сырдын ичке кесиндисинен, ал эми эки беттин кызылча менен кооздолгон кызыл балыктын кесиндисинен, мурдун сабиз, чачын жана муруттарын жумуртканын агы менен, көзүн болсо кара тоголок мурч менен жасап койсоңуз, Аяз ата салаты даяр болот.

"Жемиш" салаты
Керектелүүчү азыктар:
- ананас, -кулпунай, -мандарин, -банан, -жүзүм, -алма.
Даярдоо ыкмасы: адегенде жемиштерди таза жууп алабыз. Андан соң, аларды кабыгынан, данынан ажыратып алабыз. Андан кийин азыктардын баарын төрт чарчы кылып туурап, идишке салабыз да йогурт менен аралаштырабыз. Даяр болгон салатты тарелкага салып, дасторконго коебуз. Бул салатты көпкө сактаганга болбойт.
Даярдаган Жаркынай КАДЫРКУЛОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??