presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



КЕЛЕЧЕКТЕ БИЗДЕН А.КАРПОВДОЙ, Г. КАСПАРОВДОЙ ШАХМАТТЫН ДӨӨ -ШААЛАРЫ ЧЫГААРЫНА ИШЕНЕМ!
Шахмат боюнча чебер, аялдар курамында Бүткүл дүйнөлүк шахмат Олимпиадасынын 8 жолку катышуучусу- Бактыгүл Тиленбаева менен болгон маек.

- Бактыгүл айым, Сиз жана үй-бүлөңүз жөнүндө соңку он беш жыл ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары байма -бай жазып турушту. Көпчүлүккө Сиздин ишмердүүлүгүңүз дагы деле кызыгууну жаратаары шексиз. Шахмат дүйнөсүнө кандайча аралашып калдыңыз? Кимдерди устатым деп эсептейсиз?
- Бардык адамдардын дүйнө таанымы бала чакта көргөн -билгендерине, турмуштун ар кандай жагдайларынан алган өзгөчө таасирлерине байланыштуу эмеспи? Анын сыңары, менин шахматка кызыгуум эң эле эрте башталды. Агам Чолпонбек 5 -класста окуган кезде карындаштарын отургузуп алып, шахмат үйрөтчү. Фигуралар жоголсо, картошкадан жасай коюп, карасы жетпесе, көмүргө ооната калып, оюндун кызыгына батырчу. Кийин 2 -класска келгенимде "Эмгекчил" колхозунан үй -бүлөбүз менен Нарын шаарына көчүп, мен Токтогул атындагы орто мектепте окуп калдым. Шахмат боюнча мектептин мелдеши өтүп, 9 -класстын окуучусу Гүлмира Алымбековадан кийинки 2 -орунду ээлеп, алгачкы ийгилик жараткам. Ал эженин атасы Эдилбек Алымбеков агай мектепте математикадан сабак берчү. Шахмат боюнча ийримди жетектеп, бизди машыктыра баштады. Ошол кезде үй -бүлөлүк жаңжалдын айынан соттолуп, поселениеге чыккан Шишкин (аты эсимде жок) деген орус улутундагы шахматты мыкты билген адам Нарын шаарына келип, Пионерлер үйүндө ийрим ачып, шаардын ар кайсы мектептеринен жөндөмдүү окуучуларды чогултуп, иштей баштады. Балдардын эң кенжеси эле менмин, анан да орус тилине түшүнбөйм. Бир күнү түшүмө шахмат кирди. 3 -жүрүштөгү "жабык" матты көрдүм. Эртеси машыгуу учурунда ошол тапшырманы чыгартып, кантип мат коерубузду бизден сурап калды. А мен түшүмө урунгандыктан, көрсөтүп берсем, мага абдан таң кала карап калды, же мен мурда эле түшүмдө көргөм -деп орусча түшүндүрүп бере албайм. Ошондон соң, мага көбүрөөк көңүл буруп жүрдү. Шаарда көптөгөн турнирлер өткөрүлө баштады. 4 -класска келгенимде окуучулар арасындагы республикалык биринчиликтерге, 7 -класстан баштап, аялдар арасындагы турнирлерге катыша баштадым. Кыргыз эли өтө меймандос келет эмеспизби? Шишкинге ыраазы ата -энелер биринен сала бири талашып, коноктоп, сый көргөзүшчү. Ал тренерибиз аялы арызын алган соң, бошонуп, өз жерине кеткен. Устатым, -деп, агам Чолпонбектен кийин Эдилбек Алымбеков агайымды эсептейм. Кийин агай пенсияга чыгып, Кеминге көчүп кетти. Азыр да көптөгөн окуучуларына шахматтын сырларын ачып, машыктырып жүргөнүн билем. Убакыт, сааты чыкса, буюрса, агайыма жолугуп коеюн,-деп жүрөм.
- Кыргыз шахматынын азыркы абалы, келечеги жөнүндө эмне айта аласыз? Биздин жаш муундардан дүйнөнүн чемпиондору чыгышы мүмкүнбү?
- 2000 -2007 -жылдарда биздин балдарыбыз Азия биринчилигинде сөзсүз медалдар менен жеңиштүү келишээр эле. Кийинки 5 жылда байгелерден куру жалак калдык. Бул көрүнүш ушул аралыкта кимдер федерациянын аткаруу комитетинде кандай иш алпаргандарына жараша болду окшойт. Федерациянын ичинде укмуштай кутумчулук, көрө албастыктар курчуду. Бут тосуулар менен ак жерден каралоолор менин да "шыбагама" тийген кыйын күндөрдү эстегим келбейт...Таланттуу балдарыбыз ошол маалда каржынын жоктугунан эч бир турнирлерге бара албай калышты... Дагы жакшы, Ж.Назаралиев Федерациянын президенти болуп, 3 -4 ай иштесе да, Бүткүл дүйнөлүк Шахмат Федерациясынын президенти К.Н. Илюмжиновду курултайга чакырып, бизде Шахмат Академиясын куруу жөнүндө чоң сөз болгон. Андан бери жаңылбасам, К.Н Илюмжинов Бишкекке 5- 6 жолу келди. Максаты - бизде айтылган долбоорду ишке ашырып, Академия куруу. Акыркы 2 жылда жаш балдардын шахматка тартылуусу абдан көбөйдү. Быйыл май айында Жогорку Кеңештин депутаттары жаш депутат Дастан Бекешовдун демилгеси менен мектептерге шахмат сабагын киргизүү жөнүндө жобо кабыл алышты. Менин сыймыктанганым-Дастан окуучу кезде мен ал мектепте шахматтан тренер элем. Биз азыр ааламдашуунун, техника менен технологиянын өнүккөн кылымында жашап жатабыз. Мурдагыдай сабакты 5ке окуганың жетишсиз. Учурдун талабы: -ыкчам ой жүгүртүп, логикасы күчтүү, өз алдынча чечимдерди кабыл ала билген жана жоопкерчиликтүү инсандар абдан керек! Бул талаптар канааттандырылсын десек, балдардын эмнеге жөндөмү барын байкап, эстетикалык дүйнө таанымын ар тараптан тарбиялап, шахмат ойноону болсо, 5 жаштан баштап эле үйрөтүү зарыл. Азыр ата-энелер ошого түшүнүштү. Бул факт абдан кубандырат. Анткени, сан болсо, атаандаштык, атаандаштыктан сапат пайда болот. Мына, ноябрь айында каникул учурун текке кетирбейлик,- деп, балдардын арасында турнир өткөрдүк. Дүйнөлүк шахмат элитасына кирген чыгаан шахматчылардын бири, биздин Эрнесто Инаркиев 3 жылдан бери 16 жашка чейинки күчтүү делген балдардын арасында Кубок уюштуруп, байгесин өзү чыгарып жүрөт. Ал эми соңку турнирге жаш жеткинчектерден 46 бала катышты. Ошол эле "Алтын түйүн" балдар борборунда да "Биринчи кадам" деп, 2- баскыч менен 8 жашка чейинки жана 8 жаштан улуу балдар 2 группада 50 дөн ашуун өспүрүмдөр катышты. Кубокко кирбей калган, бирок турнирдик тажрыйбалары бар, разрядчы 60 чамалуу балдар да ойношту. Ошондо 200 дөй өспүрүмдөр турнирге тартылды. Мелдешке катыша албай калгандары канча?...Өзүмдүн окуучуларым туурасында айтсам, 6 жашка чейинкилери 10 чакты бала машыгышат. 5 жаштагы Артур Соломко өткөн 2011 -жылы Делиде өткөрүлгөн Азиянын биринчилигинде өзү теңдүү 32 баланын ичинен 3- орунду ээлеп, Кыргызстандын желегин желбиретип келсе, быйыл Шри- Ланкада өткөн Азиянын биринчилигинде 6 жаштагылардын арасында 3 -орунду ээледи. Ушу тапта жаңы жылдын алдында Индияда өтүүчү Азиянын чемпионатына даярдыктар көрүлүп, октябрь айында тандоо жүргүзүлдү. Менин кубанганым, ал жакка бара турган 14 баланын 7 сү менин тарбиялануучуларым! Азыр жакшы натыйжа чыкса экен?!- деп, машыгууларды күчөтүп жаткан учурубуз...
Быйыл жайкы каникул мезгилинде 5 жаштан 10 жашка чейинки 12 баланы РФнын Калмыкиясына алып барып келдим. Мени кубантып, Руслан Съездбеков деген тарбиялануучум 1-орунду алды. Мирлан кызы Азалия өзү 7 жашта болсо да, 10 жаштагы кыздардын арасында 2 -орунду ээледи. Биз барганда алар абдан жакшы тосуп алышты. К.Н.Илюмжинов өз элине ажайып шахмат шаарчасын куруп койгон. Ал жакка кандай гана шахмат корифейлери келишет дейсиз?! Менин окуучуларым да ошондой шахмат Меккесине барып, 1 жума шахмат ойноп, музейлерин кыдырып келишкенине өтө кубанычтуумун жана балдарга чоң дем-күч болду,- деп ойлойм. Окуучуларыма ал жак абдан жакты. Чынында, балдардын өсүшүн кааласак, өз "казанында эле кайната" бербей, ар түрдүү адамдар менен беттештирип туруу керек. Биздин жаш муундарга Кудайым кең келечек берсин! Эгерде жалпыбыз өз салымыбызды кошсок, буюрса, бизден да Анатолий Карповдой, Гарри Каспаровдой шахматтын дөө -шаалары чыгышат!- деп ишенем.
- Бактыгүл айым, Сиз Кыргыз спортунун бир өңүрүн чоюп жүрбөйсүзбү? Өткөн жайдагы Лондон Олимпиадасында бизден барган спортчулардын бири да байгелүү орунга илинбей калышы намысыңызга тийген жокпу?
- Албетте, бардык эле мекендештеримдей чоң -чоң жеңиштерди күткөн элем. Аябай ыза болдум. Бул жыйынтык спортчулардан мурда, мамлекеттик уюштуруу иштери өз деңгээлинде болбогондугунун натыйжасы, -деп түшүнсөк туура болчудай. Шахмат боюнча да балдарыбыз медалсыз кайтышчу эмес, -деп башында айтып кетпедимби? Азыр жаш балдардын арасында Азияны кой, Дүйнөнүн чемпиондору болгон казактар бар. Мисалы: 12 жаштагы Абдумалик Жансая 2 жолу Дүйнөнүн чемпионкасы болгон. Жакында эле Словенияда өткөн Дүйнөнүн биринчилигинде ал кыз 2- орунду алды. Казакстандын Президенти Н.Назарбаев спортко, анын ичинен шахматка абдан чоң көңүл бурат. Бүткүл дүйнөлүк Олимпиадада казак кыздар акыркы 2 турда кытай кыздары менен 2:2 эсебинде тең чыгышып, 4 -орунду ээлешти эле, россиялыктарга 4:0 эсебинде утулгандыктары үчүн кийинки орунга жылышты. Словенияда 8 жаштагы өзбек бала Дүйнөнүн чемпиону болду. Ал былтыр Азиянын чемпиону аталган. Ушул сыяктуу фактылар мени абдан эле ыза кылат. Албетте, казак да, өзбек дагы биз менен тектеш, бир тууган элдер деңизчи? Бирок, бир үй- бүлөдөгү бир туугандар ортосунда да атаандаштык болот эмеспи? Атаандашуу жок, өсүү болбойт.(Менин бул пикиримди көралбастык менен чаташтырбаңыздар). Ошондуктан, 2 жылдан бери чоң максат коюп, аракеттерди көрүп жатабыз. Кудайым буюрса, ушу барышта медалдар менен келебиз,- деген үмүтүм зор. Ниет койсоң, Кудай да жардам берет!- дегенге ишенем.
- Биздин өлкөбүздүн учурда казынасы бош, жардылык жанга батып турганы менен меценаттык иштерди аркалай алуучу капчыктуу ишкерлер көп эмеспи? Чет өлкөлөргө жол тартканда алардан жардамдар барбы?
- Мен өзүм "Мекендештер" Форумуна катышып, көптөгөн ишкерлердин даректерин таап, беш -алтоосуна кат жолдогом. Эч кимисинен жооп болгон жок. Биздеги демөөрчүлөр "Кызыл китепке" кирип кетишкенби? -деп ойлоп калдым. Чынында, мамлекетибиз жарды болсо да, календардык планда болгон турнирлерди каржылайт. Бул жолку барышыбызда ата -энелердин жана табылып калса, демөөрчүлөрдүн каражаттарына эле ишенебиз.
- Карапайым элибиз кара нанга жетпей жүргөн кыйын кездерде кыздарыңызды ар түркүн ийримдерге жетелеп, арбын убактыңызды бөлүп, көп кырдуу өнөргө ээ кылдыңыз эле. Азыр кимиси кандай кесипте, эмне менен алектенишет? Үй -бүлөңүз жөнүндө да айта кетсеңиз?
- Ооба, Союздун тарашы менен элибиздин башынан оңбогондой кыйын учурлар өтпөдүбү?!. Эми деле жашоо жеңилдеп кетти, -деп айта албайм. Албетте, балдарды мажбурлап, таланттуу, өнөрлүү кылууга болбойт. Өздөрүндө идирек, угут, көрөңгө, зээн, анан талыкпаган аракет болуш керек. Азыр балдарымдын кичине кездерин эстеп, убактымды кантип жетиштиргениме өзүм да таң калам. Жалгыз бойлугума карабай, кыздарымды бир эле учурда 3 мектептен окуттум: орто мектеп, "Шубин" атындагы музыкалык жана № 2 - шаардык сүрөт мектептеринде. Кыздарым 4 жашка чыкканда эле "Эстетикалык борбордун" эшигин аттап, абдан көптөгөн ийримдерге катышышты. Ал жер азыр "Балажан" деп аталат. 1996 -жылы Г.Айтиев атындагы Мамлекеттик сүрөт музейиндеги "Русский зал" бөлүмүндө кыздарымдын 86 сүрөтү коюлуп, жекече сүрөт көргөзмөлөрү алгачкы жолу өткөрүлгөн. Анда Бегайым 11, Жаңыл 8 жашта болчу. Ошол эле учурда Бегайым скрипкадан Эл аралык конкурстарга катышып, жеңүүчү болуп жүрдү. Улуу кызым Назик теннисти абдан жакшы өздөштүргөн. Турмуш, шартка жараша аны уланткан жок. Бегайым менен Жаңыл шахмат боюнча өткөрүлгөн дүйнөлүк көптөгөн турнирлерге катышышып, өзү теңдүү балдардын ичинен 1 -2 -орунга чыгып жүрүштү. 2004 - жылы Испанияда өткрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк шахмат Олимпиадасында Жаңыл 1 -орунга чыкты. 3 жолу Кыргызстандын аялдар арасындагы чемпиону болду. Учурда АКШда окуп, иштеп жатат. Назик Улуттук Университеттин механика -математика факультетин ийгиликтүү аяктап, азыр "Юникредит" банкта иштейт. Үй -бүлөлүү, бир уул, бир кызы бар. Бегайым болсо, КРСУну кызыл диплом менен аяктап, учурда ошол окуу жайда сабак берет. Эки уул, бир кыздын энеси. Күйөө балдар жакшы чыкса, өз кызыңдан да ысык болот экен. Замир, Азамат--эки күйөө балам менен тең сыймыктанам. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө балдарымдын бактысын Кудайым кут кылсын! -деп, тилеп келем.
- Жакында өтүүчү чоң мелдеште Теңир колдоп, Кыргызстандын намысына жарап, атын чыгарып, жеңиштүү кайтып келгиле! Жолуңар шыдыр, жолдошуңар Кыдыр болсун! Ата -бабаларыбыздын ыйык рухтары колдосун! Маек бергениңизге ыраазычылык!

Маектешкен
Сапарбаева Айканыш
Керим кызы,
"МАНАС эли" коомунун мүчөсү.





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??