presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Маек
Боз үй- улуттун наркы
Учурда элди бетине кармап сүйлөгөндөр көп болгону менен эл үчүн чын жүрөгүнөн күйгөндөр аз. Ошондой эл деп күйгөндөрдүн арасында Ак-Суу районунун Кайырма -Арык айылынын тургуну Имашов Саламат бар экенин жакшы билебиз. Ал Караколдо жеке ишкерлик менен алектенип жүрүп, эл турмушунда болуп жаткан ар бир көйгөй үчүн жүрөк оорутуп жашайт. Жакында ал кыргыздын жети боз үйүн бир түндүккө бириктирген символикалуу боз үй ойлоп таап жасаткан экен.

- Саламат, бул боз үйдү эмне максат менен жасап калдыңыз?
- Бул боз үй көп жылдан бери көңүлүмдө жашап жүргөн. Президент Алмазбек Шаршенович быйылкы жылды "Үй бүлө, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы" деп белгилебедиби. Ушу жылга арнап жасадык. Биз ашынып -ташынганыбыздан жасаган жокпуз. Бул боз үй менен жети дубанга бир түндүк деген мааниде, баарыбыздын жолубуз бир, издегенибиз, тутунганыбыз бир болсун деп кыргыздын ынтымагын чагылдыргыбыз келди. Албетте, бул боз-үйдү тигип койсо эле ынтымак келип калбайт. Болгону жакшы ниет кылдык. Негизи кыргыздын боз үйү өзү эле ынтымакты чагылдырып турат эмеспи. Бирок, учурда ынтымактын жоктугунан кандай саясат кылба жыйынтык жок болуп жатат. Мойт акенин
"Ынтымагы бар элдин,
Айсыз кара түндө да
Асманында күн турат.
Ынтымагы жок элдин,
Ачык жарык күндө да
Асманында түн турат" дегени туура экен, ынтымак болбосо эч бир иш алга жылбайт.
- Ынтымак керек деп көп эле айтабыз, бирок ага качан, кантип жетебиз?
- Менимче, ынтымакка келээрден мурун ынтымакты эмне кетирип жатат, ошого маани беришибиз керек. Кыргызда ынтымакты "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" деп салыштырып айтабыз. Ал эми бизге тышкы күчтөр "демократия" деген он жакалуу, жыйырма жеңдүү көйнөк бычып берип койгон. Ары жок элдин акыны көп, багы жок элдин баатыры көп дегендей, азыр колубуздан келгенибиз деле, келбегенибиз деле коом же партия ача коюп лидер болуп, он жаканын бир жакасына башыбызды тыгып өзүбүздү-өзүбүз баатыр кылып алганбыз, ошол жүрөктү оорутуп жатат.
- Бул боз үйдү кайда жасаттыңыз, аны тургузууга канча каражат кетти?
- Боз үйдү Тоң районунун Кызыл-Туу айылынан Мурат деген байке жамааты менен жасашты. Жалпы чыгым 17000 АКШ долларын түздү.
- Аны Бишкекке тиккен турбайсыздарбы. Ал жактагылар кандай кабыл алды?
- Ооба, 31-августка жетишпей калып, 25-сентябрда Бишкек шаарынын күнүнө арнап тиккенбиз. Шаардык бийлик көңүл бурду, бирок маани беришкен жок. Киришти да, нан ооз тийип чыгып кетишти. Чынын айтсак, бул эмгекти кичинекей баладай эле жаратып алып, тарыхта биринчи жасалган боз үй деп, элге, бийлик өкүлдөрүнө мактаналы деп барганбыз. Биз алты күн аянтта турдук. Бийлик жактан эч ким келип маани берген жок. Андан көрө бир митинг болсо, ошого маани бермек экен. Бийликтегилер биздин артыбызда каржылап турган күч бар деп чочулашыптыр. Себеби, андан кийин эле 3-октябрда митинг болбодубу. Ошолордун боз үйү деп түшүнгөн окшойт. Чечип кетебиз деген күнү Маданият министирлигинен Назгүл деген эжеке келип, "Кийин бул идеяны башка элдер биз жасаганбыз деп талашышы мүмкүн, эртерээк каттап алышыбыз керек" деп жалгыз эле чыйпылдап жүрдү. Мен бир партиянын же коомдун мүчөсү болсом, ошо партиянын кадырын көтөрүш үчүн "биздин партия же коом сиз айткан ынтымак жылына ушуну жасап кыйратып салдык" деп А.Атамбаевге чейин барып, жакшы пропагандалап беришмек экен. Мен болсо эч бир партияга мүчө эмесмин. Атамбаевге үнүм да жетпейт.
- Демөөрчүлөргө кайрылган жоксузбу?
- Аны да ойлонуп көрдүм. Демөөрчү болчунун баары саясатта жүргөн адамдар экен. Эртеңки күнү бул боз үй шайлоолордо же саясий акцияларда курал болуп, бир эле партиянын же коомдун боз үйү деген түшүнүккө келип калышпасын деген ой болду. Бир гана Отунчиев Таалай деген байке оюмду түшүнүп акчалай жардам берди.
Эми бул боз үйгө маани берген акчалуу байкелер болсо, эмкисин жакшылап жасатып, тиешелүү деңгээлге жеткизип Кыргызстанда болгон чоң тойлорго тигип, керек болсо чет мамлекеттерге чейин барып "кыргыз өз маданияты менен деле өнүгө алат" деген ойду дүйнөгө даңазаласакпы деген тилегибиз бар. Кыргыз патентке барып автордук укукка арыз жазып койгом.
- Эми эмгегиңизди эмне кыласыз? 17000 доллар оңой акча эмес. Боз үйдү бир тигип чечип койдуңар. Азыркы учурда бир нерсеге акча салаардан мурун пайдасын эсептеп чыгышат го?
- Ал жагын да ойлонуп жатабыз. Бул боз үй ашкана кылганга абдан ылайыктуу. Ичине 80дей киши бир учурда отуруп тамак иче алат. Жайында курорттук сезондо тигип, улуттук ашкана кылып, тыштан келген туристтерге кыргыздын тарыхын, маданиятын, каада-салтын көргөзүп, жалаң кыргыздын тамак-ашын сатсакпы деген оюбуз бар. Ар кандай сунуштар түшүп жатат, "идеяңды сат" дегендер да бар, ойлонуп жатабыз. Экинчи жагынан, күзүндө чоң тойлор болот. Ошондо да тиксек, жети дубандан келген аксакал сый конокторду сыйлаганга эң ыңгайлуу. Быйыл күзүндө мага көп киши телефон чалды, 100 боз үй тигип чоң той берип жатабыз, ортосуна тигип бер дешип. Биз муну мыктылап жасап алып, башка ишти анан баштайлы деп жатабыз. Бул тарыхыбызда биринчи жолу өзгөчө жасалган үй. Бул боз үйдүн баалуулугу, өзгөчөлүгү- жалгыздыгында, орусча айтканда, эксклюзив. Эгер эл арасынан жакшы сунуш-пикирлер болуп калса кабыл алабыз, балким биздин ойду дагы башка жакшы ойлор толуктайт.

Маектешкен
Жумагүл БАРКТАБАСОВА,
"Ысык-Көл кабарлары"







кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??